АЖАЛБЫ ЖЕ АК ХАЛАТЧАНДАР КҮНӨӨЛҮҮБҮ?

№506 13-июль-19-июль, 2012-ж.


Редакциябызга ак халатчандарга нааразы экендигин айтып, көз жашын көлдөткөн апа келди. Көрсө, ал 17 жаштагы алмончоктой болгон уулу Дамир Хусеиновдон дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ажырап, аза күтүп кала берген экен.

Маркумдун апасы Зууракан Эралиева: «УУЛУМ ЖАКЫНДА 18ГЕ ТОЛМОК...»
– Өзүбүздүн жердигибиз Сокулуктан, бирок 20 жылдан бери Бишкекте турабыз. 2 уул, 1 кыздын энесимин. Дамир тун балам болгондуктан, өзгөчө жакшы көрчүмүн. Өзү да акылдуу, токтоо бала болчу. №99-кесиптик лицейдин 2-курсун аяктап жаткан. 18 жашка чыгарына аз калган. Мурда-кийин бир жери ооруп, төшөккө жатып калган эмес. Жакшынакай эле окуусун улантып жаткан.
23-июнь күнү эртең менен балам турганда эле башы айланып, кусуп баштады. Салат жеп алып ууланып калдыбы деп ойлодум. Анткени кечинде экөөбүз үйдөн жашылчадан жасалып сакталган салатты ачып жеген элек. Өзүм медицина кызматкери болгондуктан, кускандан кийин уулумдун ашказанын жууп, тамчылатма дары (капельница) койдум. Ушундан кийин балам уктап калды. Анан кечки жетилерде ойгонуп эле дагы шарылдата кусту. Мен коркуп кетип, саат жети жарымдарда «Тез жардам» чакырдым. Ал тогуздарда келди. Үйдө эч ким жок, анын үстүнө кичинекей балам бар эле. Дамирге «сен азыр булар менен ооруканага бара бер. Кокустан бир нерсе болуп калса, мага телефон чалып кой, такси менен бара калам. Эгер жаткырабыз дешсе жата бер, эртең менен барам» деп алар менен кошо жибердим. Анткени ал учурда баламдын абалы түзүк эле болчу.
Кайра-кайра телефон чалсам, ал улам «ооруканадамын, врач мени көрө элек» деп жатты. Түнкү он бирлерге жакын дагы чалсам, «азыр, апа» деп коюп койду. Анан кызымдын жумуштан келе турган маалы болуп калып, аны тосуп келейин деп сыртка чыгып кайра келсем, саат 11:30дарда эле Дамир такси менен үйгө келип калыптыр. «Эмне болду?» десем, «апа, врач көргөн деле жок. Көзүмө экөө көрүнүп, ала чакмактанып жатканын айтсам, «эртең жакшы болуп кетет» деп айтты» деди. «Азыр өзүңдү кандай сезип жатасың?» десем, «жакшы эле, апа, бирок курсагым бир аз ачкандай болуп жатат» дегенинен чай менен самса бердим. Андан соң уктайм дегенинен төшөгүн салып берип, жаттык. Таңга маал ойгонсом, дагы кусуп жаткан экен. «Эмне болду?» десем, булдуруктап жакшы сүйлөй албай койду. «Тез жардам» чакырып, саат 09:30дарда Бишкек шаарындагы Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан жугуштуу оорулар ооруканасына жөнөдүк.

«ООР АБАЛДА ЭКЕНИН КӨРҮШСӨ ДА, ВРАЧТАР ШАШЫШКАН ЖОК»
– Кабылдамасында үч бейтап бар экен. Менин балам кабылдамага киргенде эле кушеткага сулк жатты. Ошол боюнча эч бир врач кирген да жок, «Тез жардамдын» врачтары мени киргизбей коюшту.
20 мүнөттөн кийин «Тез жардамдын» врачы келип «балаңыздын жанына барсаңыз» деп калды. Балам окшуп, аябай кыйналып жаткан экен. Ошол жерде иштегендер баланын оор абалда экенин көрүп турушса да, шашпастан анализ алышып, таржымалын толтуруп башташты. «Баланы жаткырып коюп, анан толтурсаңар, мен деле айтып берем, тамчылатма дары коё бербейсиңерби?» десем, «азыр алып барабыз» дешти камырабай. Кайра «врачка алып барыңыз» дешти.
Өзү баса албай кыйналып турган баланы врачтын бөлмөсүнө алып бардык. Анын бөлмөсүнө киргенде да шайы оогон балам керебетине жатып калды. Врач эмне ичип, эмне жегенинин баарын сурап туруп алды. Аларды айтып бердим. Анан «1229 сом акча төлөйсүңөр» дегенинен мен «бала – студент, ОМСи бар, мен өзүм деле медикмин, бул кандай болот?» десем, «анда эртең башкы врач менен өзүңүз сүйлөшүңүз» деп койду. Кайра баланы биринчи кирген жакка алып келип клизма жасашты. Ошондо Дамир бир аз өзүнө келип, отуруп калды. Мен кыздарга «баланы бөлүмгө эртерээк жибербейсиңерби, кыйналып жатат» десем, ары басып, бери басып туруп алышты. Биз кабылдамага 09:30да келсек, бөлүмгө 12:30да гана жиберди. Ошончо убакыт кабылдамада кармашты.
Врач «ботулизм» деп диагноз коюп, баланы каталка менен бөлүмгө алып баргыла деген эле. Медайымдар болсо «ой, жакын эле жерде, жөө эле алып барабыз» дешти. Оорулуулар жата турган имарат бир топ эле алыс экен. Эптеп бөлүмгө жеттик. Барсак «орун жок» дешип коридорго жаткырышты. Тамчылатма дары коюшпай, ары-бери басышып, мен улам-улам айткандан кийин гана коюшту. Анан баламдын атасы келди. Ошол учурда самын-сумун алып келе коёюн деп сыртка чыксам, реанимациянын врачтары келишиптир да, ашказанын жууйбуз дешип зонт салышыптыр. Анан мурунунан тамактандырабыз деп түтүк киргизишсе, балам чыдабай аны жулуп салыптыр. Реанимациянын врачтары «жулуп салды» деп ошо бойдон кетип калышыптыр.
Ошол жерде Айнура Ормошева деген медайым бала кыйналып жатса, кыймылдап да койгон жок. Анын жардамчысы жаш кыз экен, тамчылатма дарыны коё албай, баламдын колунун эки-үч жерин тешип жиберди. Анан колунан ала коюп өзүм койдум. Ушул учурда балага дары кетпей калыптыр. Мен улам-улам барып «чоң кыз, жардам берип койчу, врачты чакыртчы» десем, «уюлдук телефон менен чакырып койдум, азыр келет» деди. Анысы эки сааттан кийин келди. Балага зонт коюп, уктатуучу ийне сайды, ал шалдырап уктап калды. Анан медайым келип «азыр бала ойгонгондо клизма жасайбыз, сиз памперс алып келе калыңыз» деди. Жолдошумду да ага чейин бульонго жөнөтүшкөн. Памперске чыгып кайра келгиче жолдошум да келип калган экен. Баланы карасам, кан тамырынын кагышы аябай жайлап калыптыр. «Пульсу жок го?!» деп медайымга кыйкырдым. Ал «бар эле!» деп кетип калды. Анан барып реанимациянын врачтарын чакырыптыр. Алар 10 мүнөткө жетпей келишти да, баланы көрүп эле медайымга «буга чейин кимди күттүңөр? Эмнеге бизди чакырган жоксуңар?» деп кыйкырышты. Баланы носилкага салып,реанимацияга баргыча балам үзүлүп кете берди...
Эскерте кетчү нерсе, эже бул тууралуу укук коргоо кызматкерлерине арыз менен кайрылган эмес. Себеби арыз жазса, уулун кайрадан казып алышып, экспертизадан өткөрүүгө туура келет. Тынч жаткан уулун козгоп, аны сойдурууга эненин дити барбай, арманын редакцияга айтып келген экен.

«ДАМИР ЖҮРӨГҮ ТОКТОП КӨЗ ЖУМДУ»
Биз бул окуянын чоо-жайын тактоо максатында Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бардык. Ошол күнү нөөмөттө болгон врач Элизабетта Чупрининаны чогуу иштешкендеринен сураштырсак, эмгек өргүүсүнө чыкканын айтышты. Ал эми башкы врач Айткулуев Нарынбек мырза буларды айтып берди: "Илимий маалыматтарда так жазылгандай, ботулизм (азык-түлүктөн дененин уулануусу) менен ооругандардын 20-25 пайызы өлүмгө учурайт. Бул ооруга кабылгандардын организминдеги уу кадимки жыландын уусунан 375 миң эсе уулуу келет. Анан ботулизмден адамды сактап калса болот деген кепилдик жок. Дамир Хусеиновду сактап калууга мүмкүн болбой калды. Нөөмөттөгү врач 11:30да, 14:30да барганда баланын дем алуусу жакшы эле экен. Анан 18:30да барганда абалы оорлоп, реанимацияга жетпей калган. Ботулизмде жүрөгү токтоп калуу сейрек кездешет".
Анан бала каза болгон бөлүмгө келип медайым Айнура Ормошевага жолуктук. Ал: "Ошол күнү балага болушунча эле жардам көрсөттүм. Тилекке каршы, каза болуп калды. Мен баланын оор акыбалда экенин көрүп, нөөмөттөгү врачка беш жолу чалдым анан ал келди",- деди.
Ал эми реанимациянын врачтары бизге маалымат берүүдөн баш тартышты.
Мына, окурман! Эненин көз жашын көрүп унчукпай тура албайт экенсиң. Кантсе да жүрөктө "бала өз ажалы менен өлдүбү же ак халатчандар күнөөлүүбү?" деген суроо кала берди.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Ажалбы же ак халатчандар күнөөлүүбү?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(87)
SUPER.KG видео
18.07.2012. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ee kudai sakta, jatkan jeri jailuu bolsuun, ne deybiz soty tigil jaktan e4 kimdi sottop kynoosyn moinuna aldyrtpasa,vra4y e4 kim daarylap jyrgatpasa, kaira oltyryp jatywsa, elibiz biz emi ne kylabyz
SUPER.KG видео
18.07.2012. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uwu ak4any olgondo 4ontogybyzgo sala ketpeibiz go,
SUPER.KG видео
18.07.2012. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына ак халатчан менен кызыл шапкадан кудайым сактасын дегендин дагы бир мааниси!!!!!
18.07.2012. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нөөмөттөгү врачка беш жолу чалдым анан ал келди",- деди. munu kanday tushunso bolot? daana kyrgyzcha..
18.07.2012. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апасы ошол биринчи куну уйундо калып ооруп жаткан баласын озун жонотуп жибербей озу да кошо барса болот эле, может ошондо "убагында" алдын алып калат эле. а врачтар болсо аман эле болушсун, халатынын чонтогуно акча салсан карайт болбосо карабайт, эми "а" дейбиз "бу" дейбиз баланын жаткан жери жайлуу болсун...
18.07.2012. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ya ne ponela etot glavra4 ... ili kak ego sprashivaut po4emu paren umer On raskazyvaet pro boleztn.
Pust vra4i Otorbaev, Orvusheva i 4uprinina tak je uvidyat smtrt svoih detey! Pust ih pokoraet BOG!!!
18.07.2012. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
medsestra infekcionnoy bolnice daje normalno pervuyu pomosh okozat ne mogut elementarnyh veshey neznaut kuda na4alstvo smotrit?? DA 4TO TAM NA4ALSTVO ONI SAMI TOJE tupye im tolko dengi nujny! Kuda je smotryat deputaty??!!!
18.07.2012. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
A na lice medcestry Ormushevoy tak i napisano.. YA tupaya!! Pust ona vsyu jizn ne vedaet s4astya!!Balanyn ubaly uktatpasyn!!1 Imenno ona vinovata v smerti moego brata!! Ya ho4u 4toby ona tak je uvidela smert svoih detey!! 4to by ona tak je prilivala slezu tak kak ih shas prolivaet moya mama!!1
18.07.2012. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
, Сабыр кылыныз.Аганыздын жаны жанната болсун.Кудайга коюнуз,жараткан баарын коруп турат.Озу жазалайт.
18.07.2012. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде больница кызматкерлери копкон убак кийимине акчана карап мамиле кылат. Оздору да ушундай какшап калсын. Бул адамдардын устунон караган эч ким жок, аман эле болушсун башка соз жок. Каргыштан коркпойт го биздин ишенген инсандарыбыз.
18.07.2012. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыркы убакта бизде негизи эле врачтардын шалаакылыгы кобуроок кездешчу болду.
18.07.2012. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достор карап корсок врачка эле куноо коюп жатасынар тура бир тараптан кунолу болушу мумкун.Бирок баары Алладан ажылы жеткен эгер омру болгондо бир себеб болуп жашап кетмек.Апасына терен кайгы айту менен сабыр кылыныз Аллах сабыр кылучулар менен бирге.Баарыбыз эртеби кеч барабыз сабыр кылалы достор.
18.07.2012. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш эне журогу, ушул акмак врачтарга ишенип, сыздаган.
Сабыр кылыныз дейт элем..

Так ушул баладай болуп мен да ооругам билемин оз тажрыйбамда, ары барып кайра келгенмин, ошондо доктурларга ишенсек азыр тируу басып журот белем, кумон. Кыргызчалап сактап калышкан, бактым бар экен.
18.07.2012. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Vrachtardyn bilimi joktugu jana oz iwin tak chana tez atkaralbagandygy.....jatkan jeri jailuu bolsun
19.07.2012. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Vra4tar bara-bara adamga kaydiger mamile jasap baratywat, bawka olkonun oorukanasyna barsan, baardygyn kozomoldop, aktivnyi boluwat. Azyrky vra4tardyn VRA4 degen aty ele bar.
SUPER.KG видео
19.07.2012. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч бир ата энеге баласына топурак салган кунду буйрубасын!!Жараткандын рахматы болсун балага.
20.07.2012. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо,тамактын уусун жыландын уусунан алда канча кучтуурок болушун билбептирмин...
20.07.2012. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ejege aitarym sabyr kylynyz kynoolyylor oz jazasyn alat degen oidomun a markumdun jatkan jeri jailuu bolsun
20.07.2012. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол учун айтатго болница менен милициядан сактасын деп.
20.07.2012. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭХ ЖАМАН ЭЛЕ БОЛУПТУР. КУДАЙ ОЗУ САКТАСЫН, ЧЫНДЫГЫНДА АДИЛЕТТУУ ИШТЕСЕ ЖАКШЫ БОЛМОК ВРАЧТАР.ЖАТКАН ЖЕРИ ЖАЙЛУУ БОЛСУН.
20.07.2012. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушулар оорукана дегенге кантип кирет,ак халатты уялбай кантип киет, кайдигерлик,кайдигерлик
21.07.2012. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызчылык кылып коомп койду жаткан жайы жайлуу болсун! Энеби же медикпи? Эне болсо сыздайт да албетте, медик болсо экспертиза кылдырат эле, башка эненин да башына мындай туйшук тушпосун учун. Акырет бар, Алланын элчиси Мухаммед С.А.В.!
SUPER.KG видео
21.07.2012. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтарга соз жок, бир баарына эмес дечи, копчулугуно. Медсестралардын кээ бироосу денкеип турушса, кээ бироосу укол, капельница койгонду билишпейт. Мен неврологияда жатканда, медсестранын айынан колдорубуздан тамтык калган эмес.Бир укол алабыз деп беш алты жертбизди тешкилетип. Дагы бир случай, медсестра капельницаларды адаштырып коюп алып, бир апа олойун деп аран калган. давлениеси которулуп атса кайра давлениени которчу капельницаны коюп салып. Апа да жакшы байкап калып, же болбосо..........
SUPER.KG видео
21.07.2012. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун жаш баланын.
SUPER.KG видео
21.07.2012. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Минздравтан катуу контроль керек адамдык касиетин жоготкон "ак халатчан" акмактарга!!!
21.07.2012. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жерин жайлуу болсун. Алла Таалам бейиштин торунон орун берсин! инш Аллах!
SUPER.KG видео
21.07.2012. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар нермке создорду жазып жатабыз врачтар жонундо апа байкуш деле медицина кызматкери экенго бири бирин тушунушсо болмок бул жерде айбандык мамиле кылынган тообо
22.07.2012. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
деги эле ушул больницадан коп ызы чуу чыгат. вравчтар анча мынчаларды тоготпой калса керек да. менин эки уч таанышым баргандан кийин эле аман болсун дегенбиз., ага караганда аптекадагы кыздар жакшы билет.
SUPER.KG видео
23.07.2012. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Менимче ак халатчандер куноолуу!!!
25.07.2012. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сразу еле провыватетип койушса болмокда.
25.03.2013. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мдааа азыр бардык эле врачтар адам зомби болуп калса деле кабинетттеринде беседа кылып отуруп калыптыр. образованныйларды иштетпей какой та сел саяктарды принимайтетип элдерди жакында мумия кылышат.
Медиа-портал
16.05.2015. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркы врачтарга козуго пул корунуп калган только чондорду гана карайт бизге окшогон карапайым адамдар жалдырап олуп кете берет
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: