«МЕЙЛИ КИЧИНЕКЕЙ БОЛСУН, БИРОК КЫРГЫЗ УЧАК ЧЫГАРА АЛАТ»

№506 13-июль-19-июль, 2012-ж.


Акыркы жылдары митингчилердин парадын көрө берип, калкыбыз тажап калганы анык. Эл жагымдуу өзгөрүүлөргө суусап турган ушундай учурда «маанай көтөрө турган жаңылыгым бар» деп Союзбек Салиев мырза босогобузду аттады. «Эмне жаңылык?» десек, көрсө, өлкөбүздө учак чыгарылып жатыптыр. Ошентип, Кант шаарына жол тартып, ал жакта куралып жаткан учактарды көрүп, бул жаңылыкты сиздер менен да бөлүшүүнү туура көрдүк.

СКАЙРЕЙНЖЕР УЧАГЫ МҮНӨЗДӨМӨ

  • Салмагы жана көлөмү чакан, эки кишилик бул учак төмөнкү максаттарда колдонууга ылайыкталып чыгарылган:
  • Учкучтарды учууга окутуп-үйрөтүүгө;
  • Спорттук мелдештерге катышууга;
  • Маршруттук учууларга;
  • Асмандан жердеги иштерге көзөмөл жүргүзүүгө;
  • Токойлорду жана жапайы жаныбарларды коргоого;
  • Жүргүнчүнү же жүктү ташууга;
  • Абадан жерди сүрөткө тартууга;
  • Табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча иш-чараларда байкоо жүргүзүүгө;
  • Айыл чарбасында дары себүүдө.

АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:

  • Шамалдын агымын колдонуп уча алат. Бул күйүүчү майды үнөмдөөгө шарт түзөт.
  • Чоң канаттарын каалаган учурда чечип, жыйыштырып коюуга мүмкүн.
  • Канатынын сапаты “10” деп эсептелет. Мисалы, 1 чакырым бийиктикте болсоңуз, кыймылдаткычын иштетпестен 10 чакырым жерге чейин учуп барууга мүмкүн дегенди түшүндүрөт. Бул эң жакшы көрсөткүч деп эсептелет.
  • Кыймылдаткыч иштен чыгып, авариялык абал жаралса, парашюттун жардамы менен учак да, адамдар да жерге түшүрүлөт.
  • Аккумулятордун кызматын кадимки мотоциклдин аккумулятору аткарат.
  • Салмагы жеңил.
  • Чыгымды аз талап кылат.

КЕМЧИЛИКТЕРИ:

  • Аба ырайы бузулган убакта учууга болбойт (катуу шамал, жаан-чачында).
  • 4 чакырым бийиктиктен жогору учууга болбойт. Себеби учак толугу менен аба өткөрбөөчү жабдуу менен жабдылган эмес.

Учкуч Союзбек Салиев: «СУПЕР-ИНФО» МЕНЕН БИРГЕ УЧАБЫЗ»
– Мен кесибим боюнча учкучмун. Учурда «Valor Air» авиакомпаниясында экинчи учкуч болуп эмгектенем. Жети жылдан бери ушул тармактамын. Мына ушундан улам авиация тармагын Кыргызстанда жайылтуу үчүн достор жана пикирлештер менен биригип, каражат чогултуп, тетиктерди сатып алдык. Аларды өз колубуз менен кураштырып жатабыз. Бирок коопсуздук үчүн кылдаттык керек. Кудай буюрса, август айында учакты курап бүтөбүз. Алгач текшерүү сынагынан өткөрүп, андан соң асманга учурабыз. Алгач учканда «Супер-Инфо» гезитинин кызматкерлери менен кошо учуп, сиздер аркылуу элибизге кабарлайбыз. Бул учак мейли кичинекей болсун, мейли жөнөкөй болсун, бирок кыргыз деле учак чыгара алат.

«ЖАКЫНДА АВИАКЛУБ АЧЫЛАТ»
– Негизги максатыбыз – авиацияга кызыккан жарандарыбыздын башын бириктирүү. Авиацияны элге жакындатууга болгон алгачкы кадамды таштадык. Себеби миңдеген жаш балдар учууну кыялданышат. Ушул себептүү жакынкы аралыкта авиаклуб ачалы деп турабыз. Учурда эки учак бар. Буюрса, дагы каражат таап, учактын санын көбөйтөбүз.

«УЧУУГА УРУКСАТ АЛУУ КЕРЕК»
– Буюрса, кураштырып бүткөн­дөн кийин учууга уруксат алабыз. «Кыргызаэронавигация» ишканасынан канча бийиктикте жана кайсы багыттарда учууга болорун тактап, андан соң гана ишке киришебиз.

«УЧАК ЖӨНҮНДӨ...»
– Скайрейнжер (Skyranger) учагы алгач Францияда иштелип чыккан. Учурда Украинада франциялык технологиянын негизинде аталган учактын тетиктери чыгарылып жатат. Тетиктердин бардыгы Украинадан алынды. Мындан да жакшы учактар бар, бирок капчыкка карап ушуну алдык. Учактын каркасынын баасы 8600 еврону түздү. Ал эми кыймылдаткычына Субару, БМВ, Ротекс үлгүсүндөгү авиациялык кыймылдаткычтар жана квадроциклдики да колдонулат. Булардын баасы ар түрдүү. Капчыкка карап сатып алса болот.

КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ
Кыймылдаткыч 4 цилиндрлүү жана күчү 100 аттын күчүнө барабар. Жалпысынан 450 килограммга чейинки жүктү көтөрүүгө ылайыкташкан. Саатына 14 литр күйүүчү май сарптайт. Кадимки автоунааларга куюлуучу «98» үлгүсүндөгү бензин колдонулат. Бактын көлөмү 40 литр.

СЫРТКЫ ТҮЗҮЛҮШҮ
Учактын сырткы жабдыгы шамалга туруштук бере ала турган атайын аба өткөрбөөчү полиэтилен материалынан даярдалган. Муну каркаска жаап, бышык, калың жип менен бекем тартып байлап коюшат. Учак абаны жирегенге оңой болушу үчүн жумуртка формасында жасалган.

КАНАТЫ
Канаттарынын узундугу 3 метр 85 сантиметрди түзөт. Канатын чечип жыйнап коюуга болот.

УЧАК ПАРАСЫ (ВИНТ)
Учакты алдыга жылдыруучу негизги бөлүктөрдүн бири. Бул өзүнүн айлануусу менен абаны кесип өтүп, анын басымына таянып учакты алдыга сүйрөйт.

ШАССИСИ
450 килограмм салмакты көтөрүүгө ылайыкталып жасалган. Дөңгөлөктөрү да ушул шассиге бекитилип, токтотуу системи рулга бекитилген трос аркылуу ишке ашат.

КАРКАСЫ
Учактын узундугу 5 метр 65 сантиметр. Каркасы учак белгиленген жүктү көтөрүүгө туруштук бере алгыдай, ошол эле учурда учактын өзүнүн салмагын азайтуу үчүн алюминийден даярдалган.

КАБИНАНЫН ЭШИГИ, ТЕРЕЗЕСИ
Эшиги жогору карай ачылат. Эшик менен терезеси жеңил, сынбай тургандай болушу үчүн атайын органикалык айнектен (полимерден даярдалган) жасалган.

Ылдамдыгы. Саатына 120-165 чакырым ылдамдыкта учат.
Салмагы. Учактын өзүнүн салмагы 262 килограмм. Ал эми мындан сырткары 80 килограммдык эки адамды жана 124 килограмм кошумча жүктү көтөрө алат. Эгер адамдардын салмагы жеңилирээк же оорураак болсо, анда кошумча жүктүн салмагын өзгөртүү зарыл. Себеби жүк менен учактын салмагын бирге эсептегенде, бардыгы 450 килограммга чейин гана болушу зарыл.
Учуп, конуу. Учак асманга көтөрүлүүсү үчүн узундугу 280-300 метрлик, ал эми жерге конуусуна 350-400 метрлик жер тилкеси талап кылынат. Салмагы жеңил болгондугуна байланыштуу асфальт тилкенин кажети жок. Кадимки шибер чөптө, беде өскөн аянтта деле учуп, кайра коно алат.

КЫЗЫКТУУ

  • 1927-жылы биринчи жолу Кыргызстандын аймагына финн улутундагы Теодор Суопио «Ю-13» учагы менен конгон.
  • Кыргызстанда алгачкы учак майданы 1933-жылы Фрунзе шаарынын четинде курулган. Анда айыл чарба тармагындагы иштер үчүн колдонууга 3 даана «У-2» учагы болгон.
  • 1933-жылдын октябрь айында 2 адамдан турган топ «У-2» учагы менен алгачкы жолу Күнгөй Ала-Тоосунун жана Кыргыз Ала-Тоосунун кыркаларын 3500 метр бийиктиктен ашып өтүшкөн. Муну менен алар азыркы Бишкек-Балыкчы-Каракол аба каттамын ачышкан. Ошондой эле Бишкек-Ташкент-Алматы каттамы да ишке киргизилген.
  • 1933-жылдын 7-октябрында гезиттерде “Биринчи рейс” деген аталыштагы макалалар жарык көргөн. Бүгүнкү күндө аталган дата Кыргызстанда Жарандык авиация күнү деп белгиленет.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg



Мейли кичинекей болсун, бирок кыргыз учак чыгара алат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(50)
18.07.2012. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз! Торолгондон бери мындай кубанычтуу жанылык уга элекмин KG жонундо
18.07.2012. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бирок тетиктери да озубуздон чыкса жакшы болмок
SUPER.KG видео
18.07.2012. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кыргызым жалкоолонбосо колунан баары келет.
18.07.2012. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиз азаматсыз, жакшы тилек, жарым ырыс. Ишинизге ийгилик!!!! Келечекте авияциянын лидери, куру онор жайдын лидири болушунузга тилектешмин. Бизнес кичинекей ой, максаттан жаралат эмеспи. Сизди коруп коп жарандар ойлонор «а мен эмне кылдым?» деп.
18.07.2012. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урааа,бизден самолет чыгып атат,кубанычтамын
19.07.2012. 06:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун жаңылык экен! Кол чабалы!
19.07.2012. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
balli iwinizge iigilik
19.07.2012. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына ушуну жанылык десе болот. Браво ийгилик каалайм
20.07.2012. 06:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пирл харборду эстеп кеттим,кандай сонун кино э! корбогондор коргуло.
20.07.2012. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Браво!!!!!! Саюзбек Салиевич!!!!! Бул-ийгилигиздин биринчи гана тепкичи болсун!!!
21.07.2012. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ого онугобуз деген ущу жакшы мындан да жакшыларын жарата бериниз ийгилик сизге
24.07.2012. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз. Супер! Ишинизге ийгилик!
26.07.2012. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз ишинизге игилик!!!!!!! буйуруп калса озубуз учак менен да учат экенбиз)))
05.08.2012. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кишиге шарт тузуп бериш керек окшойт
SUPER.KG видео
05.08.2012. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргздардын мээси эми ойгонот анткени запаста турган. Улкон чиновниктер акчанарды саунага чачпай Союз братка бере тургула
11.08.2012. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
okmot koldoso onugot go chakan iwkana achyp berse iwchilerda iwtetse tez ele onugot go
SUPER.KG видео
12.08.2012. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргыз элибизде да ар тараптуу тапкычтар жрала берсин!
18.08.2012. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwy janylyk
24.08.2012. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Союзбек, успеха Вам. Однако,если не забыли, еще раньше Кыргызстан также начал работу, и даже собрал опытный образец самолета такого класса под названием "Ак кептер" (белая голубка). Далее неизвестно,почему ее прекратили?
SUPER.KG видео
21.09.2012. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эххх кандай сонун жанылык ээ! аракеттен береке!
30.09.2012. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ийгилик! Келечегинер кен болсун!
25.03.2013. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызым негизи таланттуу ел. Таландуу болбогондо улуу акындар чыкмак беле. Бул макаланы окуп, мен да ушундай жаратуучан болгум келип турат.
Кыргызым алгааа...
22.05.2013. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
охо кандай сонун жанылык кудайдын кулагы суйунсун
27.07.2013. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубаныч Сыдыков, эмне учун бул статьяныз менен Кыргызстан биринчи жолу учкуч чыгаргандай корсотуп отурасыз? Кыргызстанда алгачкы жолу 2001 жылдары А-27 "Ак-Кептер" учкучу чыгарылган..."КЫРГЫЗ УЧКУЧ ЧЫГАРА АЛАТ"...Кемситип койгон эмессизби кыргыздарды?
22.11.2013. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн жакшы алга кыргызстан
10.12.2013. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга кыргызым!
01.01.2014. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча экен баасы,кызык болуп жатат?
07.02.2014. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде пикет митинг дей бербей ушундай нерселерди ойлосок жакшы болот эле
20.04.2014. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын колунан баары келет бирок биз жалкообузда
17.11.2014. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул самолеттон кабар жокго
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: