ИТТИН ЭТИН ЧИНОВНИКТЕР ДА БААЛАП ЖЕШЕБИ?

№506 13-июль-19-июль, 2012-ж.


Кыргызстанга корей, кытай ашканалары ачылгандан тарта иттин этин жегендердин саны көбөйгөнү белгилүү. Көпчүлүгү дарылык касиети күчтүү деп жегендерин укчумун. Өзгөчө корей, кытай ашканаларында эң баалуу тамактардын бири болуп саналат. Мына ушундан улам “Иттин эти чын эле пайдалуубу? Кандай иттерди союп тамак жасашат жана бул мыйзамдуубу?” деген суроолорго жооп издеп көрүүнү туура көрдүм.

ЖӨН ДЕЛЕ ЖЕГЕНДЕР КӨП
Дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болбосун, “Жаныбарларды коргоо” фонду иттин этин тамак-ашка колдонууга каршы билдирүүлөрдү таратып келишет. Алар Корея, Кытай жана Американын айрым өлкөлөрүндөгү менюсунда ит этинен жасалган тамактары бар кафе, ресторандарды жабууну сунушташкан. Мына ушунун натыйжасында 1988-жылы Кореяда, Кытайда 2008-жылы итти союуга тыюу салынганы маалым. Бирок элде этинин дарылык касиети күчтүү деп саналгандыктан, иттин даамын татып калгандар оорубаган учурда деле курсактарын тойгузуп келишүүдө.

“ЧИНОВНИКТЕР ДА КЕЛИП ЖЕШЕТ”
Бишкектеги айрым корей, кытай ашканаларынын менюсунан кя-хе (маринаддалган же куурулган иттин эти) жана посинтхан (жаш иттин этинен даярдалган шорпо) тамактарын кездештирүүгө болорун угуп, кытай ашканаларынын бирине бардым. Алгач Чыгыш-5 кичирайонунда жайгашкан корей ашканасына кирдим.

– Чоң кыз, мага кя-хе бересизби?
– Жок.

– Иттин этинен жасалган андан башка тамактарыңыздар барбы?
– Жок, биз иттин этинен такыр тамак жасабайбыз,- деп жылмайып койду.
Иттин этин саткан ашканалар­ды тамак-ашка көзөмөл жүргү­зүүчү органдар текшерип акча өндүрүшкөндүктөн, алар ишеним­дүү кардарларына гана бул тамакты алып келишерин угуп калчумун. Мына ушундан улам тааныш эмес кардар болгондуктан, баш тартып коюшту окшойт. Бул ашканадан чыгып, дагы бир топ ашканаларды кыдырдым, бирок жыйынтык болгон жок.
Эми кайдан табам деп турганда Б.Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан корей ашканаларынын биринин дарегин жана телефон номерин интернеттен таап алдым. Алгач телефон аркылуу байланышып, кя-хе тамагы бар экенин билдим. Андан соң аталган жайга барып, атын атагысы келбеген кызматкери менен чакан маек курууга үлгүрдүм.

– Сизге мени кызыктырган биринчи суроом, иттин этин кайдан аласыздар?
– Бизге иттерди таза багып, семиртип, анан алып келишет. Көчөдө бош жүргөн иттерди тамак-ашка колдонбойбуз. Аларда ар кандай жугуштуу оорулар болушу мүмкүн. Ошондуктан биз ишеничтүү адамдарыбыздан гана сатып алабыз.

– Канча сомдон сатып аласыздар?
– Бул эми коммерциялык сыр. Андыктан ачык айта албайм.

– Кя-хенин баасы канча?
– Бир порциясы 140 сом турат.

– Даамы кандай болот?
– Этинде иттин өзүнө тиешелүү жыт болот. Бирок бир-эки жегенден кийин ал билинбей деле калат. Кээ бири иттин этин катуу кайнатып жегенде самын даамданат экен деши мүмкүн. Чындыгында, ошондой (айта кетсек, иттин майынан самын да даярдалат). Майда бөлүктөргө бөлүп, 20-25 мүнөт жай отто кайнатуу керек.

– Кайсы улуттун өкүлдөрү көбүрөөк келип тамактанышат?
– Иттин этинен жасалган тамактарды көпчүлүгү дарылык үчүн жешсе, кээ бири жеп көргөндөрдүн айтканынан улам кызыгып келип жешет. Негизинен, биздин ашканага келгендердин көпчүлүгү корей улутундагылар. Корейлер негизги тамак катары колдонушса, башка улуттагылар астма жана өпкө ооруларынан, өзгөчө кургак учуктан айыгуу үчүн жешет. Алардын арасында кыргыз, орус, өзбек жана башка улуттун өкүлдөрү да бар. Мындан сырткары чиновниктер да дарылык үчүн заказ кылышат. Бирок алардын бир жаман жери, жеп алышат да, рахмат дегендин ордуна кийинки күнү текшерүү жүргүзүшүп, кынтык тапканга аракет кылып тажатышат. Ошондой эле иттин этин саткандарга каршы чыккандар да жок эмес. Алсак, породалык иттерин жоготуп жиберген адамдар корей ашкана ээлерин кылмыш жазасына тартууга аракет кылышкан учурлар да болгон.

ИТТИН ЭТИНИН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ БАРБЫ?
Медицина эмне дейт?
Ушундай суроолорго жооп издеп Бишкек шаардык кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасынын башкы дарыгери Кубанычбек Айдаралиевге кайрылдык:
– Эч кандай дарылык касиетке ээ эмес. Иттин этин кургак учукка жана башка ооруларга дарылык катары жеп жаткандар жаңылышат. Кургак учукту бир гана дарынын күчү менен дарылоого болот. Ал эми дарылануудан кийин ден соолукту бекемдеш үчүн күчтүү тамактануу керек. Күчтүү азыктарга эт кирет. Мына ушул учурда койдун, уйдун же ошол иттин этин жесе болот.

Исламда эмне дейт?
Кыргызстан муфтиятынын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиев:
– Биринчиден, шариятта иттин эти арам болуп саналат. Экинчиден, “арам нерсе ооруга шыпаа болбойт” деп жазылган. Ал эми айрым адамдар “дарылык касиети бар, кургак учук ооруларынан айыктырат” деп колдонуп жүрүшөт. Бул туура эмес. Себеби медицина тармагынын адистери изилдешип, иттин этинин эч кандай дарылык касиети жок экенин билдиришкен. Тескерисинче, иттин эти оорунун белгилерин сыртка чыгарбай, билгизбейт экен. Мына ушундан улам оорулууга диагноз коюу кыйын болуп калат, оору болсо өтүшө берет. Бул “иттин эти ооруну жашырат” дегендик да.

Мыйзам боюнча, коомдук тамактануу жайлары иттин этинен тамак даярдай алабы?

Мамлекеттик санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын тамак-аш боюнча бөлүм башчысы Алтын Ураимова:
– Корей ашканалары бардык коомдук тамактануучу жайларды текшерүүдөн өткөргөндөй эле бир жылда бир ирет текшерилет. Эгер санитардык талаптарга жооп бербей, кемчиликтери көп болсо, жылына 4 ирет текшерүүгө алабыз. Эми иттин этинен жасалган тамактар корей элинин улуттук тамагы болгондуктан, аларга эч кандай тыюу салынбайт. Эгер ошол иттин этинен жасалган тамакты жеп ууланган адамдын арызынын негизинде гана ашкана ээлерине карата чара колдонулат.

Ал эми эл арасындачы?
Жогоруда айтып өткө­нүбүздөй, эл арасында “иттин эти ооруга миңдин бири” деп айтылып келет. Жаш балдар жөтөл менен ооруп калганда иттин майын сыйпаса, жакшы таасир берери айтылат. Ошондой эле Орусиянын айрым өрт өчүрүүчү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери дайыма түтүндө жүрүп дем алуу органдары жабыркагандыктан, иттин шорпосун бүгүнкү күнгө чейин колдонуп келишет экен. Кытайда тамак-ашка колдонуу үчүн иттерди көбөйтүп баккан фермалар да бар. Алар атайын эт багытында 3 айдан 12 айга чейин багышат. Мына ушул убакта иттин эти даамдуу болорун айтышат кытайлар. Иттин этин салттуу тамак-аш катары Кытайдан башка Тайвань, Филиппин, Вьетнам, Лаос, Камбоджа, Таиланд өңдүү өлкөлөрдө колдонушат. Ал эми Корея ит жегичтердин мекени экени жалпыга белгилүү. Корейлердин ашканасында иттин этинен 350дөн ашык тамактын түрү жасалат.

ИТТИ КАНТИП СОЮШАТ?
Алынып келинген итти кадимки мал сойгондой мууздашат. Айрымдары колу-бутун байлап тыбырчылатып отурбай, алгач муунтуп өлтүрүшөт да, мууздап, каны агып бүткөнчө башын ылдый жерге каратып асып коюшат. Андан кийин кээ бирлери терисин сыйрып союшса, кээ бирлери койду куйкалагандай эле куйкалап, анан союшат. Жиликтөө иши койдукуна окшош жол менен жүргүзүлөт.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg



Иттин эти ден-соолукка пайдалуубу? Жегенге болобу?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(33)
SUPER.KG видео
14.07.2012. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иттин этин жегенге болбойт анткени мусурмандык жактан караганда арам болуп эсептелет.Ал эми Кытайлара келсек алар ит эмес Эшекти да жешет.Бироо олуптур деп бизда олуп албайбызго туурубу? ал сынарындай эле тамака да озгочо конул буруу керек.
SUPER.KG видео
14.07.2012. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ффууууууууууу иттин этин жеген болбойт го ит адамдын досу болот мен каршымын буга
SUPER.KG видео
15.07.2012. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
temaga vooowe bailanywtuu emes go...
SUPER.KG видео
15.07.2012. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мусурман эмес Мусулман. тура буз мусулманбыз безге болбойт себеби ал куноо болот. Китай корей американсы алар кафырла алар АЛЛАХТАН КОРКОЙ
SUPER.KG видео
15.07.2012. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коркбойт
SUPER.KG видео
15.07.2012. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иттин этинен чын эле шыпаа издебеш керек.
SUPER.KG видео
15.07.2012. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ей инсан аллах сага ошол ооруну жоноткон сон ал оорунун дабаасын да жонототта.мынтип кайдагы бир акмактардын ойюна кшулбагыла ал деген итко--ит ит деген эмнелерди жебейт КУДАЙЫМ ЫНСАП-ЫЙМАН берсин баарыбызга
SUPER.KG видео
15.07.2012. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иттин этин мусулман баласы жемек тургай жакын да жолобош керек го дейм. Себеби Жараткан адал менен рамды өзү белгилеп, бизге табияттагы таза жана адал нерселерди жегиле деп буюрган. Иттин этин жеген кытайлар мисал үчүн, адамдын этин деле, керек болсо болницалардагы мажбур бойдон алдырылган түйүлдүк балдардын өлүгүн деле маашырланып жей беришет. Кытайда тыюу салынганына карабастан, бойдон алдырылган балдардын этинен гана тамак жасоочу жа
SUPER.KG видео
16.07.2012. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билбейм, жемек тургай окуп алып эле менин журогум айланды. Ооба ооруларга шыпаа экенинде кеп жок. Бирок сойдурбай эле дары кылып жасап чыгарса жакшы болмок го дейм менин оюмча.
SUPER.KG видео
16.07.2012. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фууу, көргүм да келбейт. Эмне мынча мыкаачыбыз, адамзаты!!!!
SUPER.KG видео
16.07.2012. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даарылык касиетке ээ дегени чын эле болуш керек, илгертенле элдер даарыланып, этин, майын ден соолукка пайда деп келишет эмеспи. ал эми мусулманчылыкта болбойт экени туура.
16.07.2012. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кускум келип кеттии((((.
16.07.2012. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фууу арам болобу адал болобу жемек эмесмин ну ит озу жагат бирок анын этин жеш ойдо да жок кудай сактасын!
17.07.2012. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ден сооука пайда бирок!
18.07.2012. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janym91, den soolukka paydasy "jok" dep jazylyp turbayby?
SUPER.KG видео
17.07.2012. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шыпаа издебейм.
SUPER.KG видео
18.07.2012. 06:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
улуу ктай эли имиш!!!!
SUPER.KG видео
18.07.2012. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой-ёо туура ит адамдын досу мындай иш жарабайт
SUPER.KG видео
18.07.2012. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми жей элек иттин эти калды беле!!!!!!!!!!!!! ,ким мусулманмын десе жебесин ал арам тамак арамды арам деп коргуло !!!!эч кандай пайдасы эч кандай адалы жок ,!!!эми адамдын эти пайдалуу десе адамдым этин да жей баштайсынарбы!!!!!!!!!!!!!!!!!???????????????!!!!!!!!!!!!!
SUPER.KG видео
18.07.2012. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адамдык сапатынарды жоготпогула !!!!!!!!!!!!!мусулман эли
18.07.2012. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир жолу досум м.н корей кафесине кирип, досум иттин этин жейм деп заказ берип жегенде досумду жек коруп, итке боорум ачып ыйлагам.
18.07.2012. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин да кускум келип кетти фуу.
19.07.2012. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Пайдасы бар'бирок
SUPER.KG видео
20.07.2012. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми ушул эле калды, иттин эти жакында адамдар бири бирин жеп баштайбы деп турам. ЭЭ кыргыз алла талла жесин деп адал нерселерди жараткан го ошол да аздык кылып жатабы.
20.07.2012. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче пайдасы бар, ал курсак тойгузганга гана. А дарылык касиети жон гана озун озу сооротуу (самовнушение) болсо керек. Бир кездерде битти деле жей башташты эле го сарыкка дары деп, ошол сыяктуу да. Лолулор ошондо инфекционный больницаларда оздорунун биттерин сатып турушкан оорулууларга, бул жерде да кореялыктардын ашканасынын жарнамасы болсо керек
21.07.2012. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пайдасы бары бар деп кобу эле айтып журот,чочконун майы да пайдалуу дешет бирок жеш кыйын да.
21.07.2012. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жебегилеее
23.07.2012. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба Бакыт тура айтат, курсак тойгузгандарга пайдалуу эле болсо керек!
Итти кантип жейсин!?!?
жада калса китептерде жазылып келет го, ,,ит адамдын досу"-деп, анан каньип жейсин??!
эми кудай сактасын, мен жебейм, тиги жейт экен деп айтууга болбосо керек, жратканыбыз бизди мындайдан сактасын, кимдир бироо мен такыр жебейм деп айтып анан жегенге туура келип калышы да ыктымал, ошол учун кудай озу сактасын!!!!!
SUPER.KG видео
24.07.2012. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
силерге ким айтты ит бул кытайлардын ашканасынан деп? илгертеден бул кореялыктардын ашканасынан! репортажда да корун туратко,бул Кореядан тартылыптыр! иероглифтеринен эле байкасак! Ошол учун кытайлар баарын жейт дегенин ТОКТОТКУЛАЧЫ!!!Кытайлар жон гана пайдалуу нерселерди жейт,ошого аябай ден-соолугу чын,карыганда сергек коруношот!!!
25.07.2012. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтар олот деп чыгарып койгондо иттин этин жеп сакайып кеткен адамды коргонмун.
SUPER.KG видео
16.08.2012. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyz bolot ekenbiz ittin etin jebesti kerek kyrgyzstandek kyrgyzdar emes kytailyl kyrgyzdar bizdagy jebeibis aramgo al
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: