Эрбол Атабаев: «БАРСЕЛОНАга» ӨТҮҮ КЫЯЛЫМ БОЛЧУ»

№507 20-июль-26-июль, 2012-ж


Эрбол Атабаев. Ата мекендик футболду өмүрү сөз кылбаган жердештер анын каталондук “Барселонанын” мектебине өткөнүн талкуулашууда. Эрбол болсо чоң футболдун кичи жылдызына айланганын өзү баамдай элек. Камера, микрофон, диктофон менен куралданган журналисттер ага чоочун. Андыктан өзү менен кенен сүйлөшө албадык. Анын баскан жолун сөз кылып, учурдагы абалы жана келечек пландарын атасы Канат мырза айтып берди.

ЭРБОЛ ТУУРАЛУУ

2001-жылы 15-августта Кант шаарында туулган.
Бою – 134 сантиметр, салмагы – 30 килограмм.
Жетишкендиктери – Орусияда өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн 4 ири мелдеште “Мыкты оюнчу” болуп табылган.
2007-2010-жылдары “Абдыш-Атанын”, 2010-2012-жылдары орусиялык “Рубиндин” футбол мектебинде тарбияланган. Быйыл июнда “Барселонанын” футбол мектебине кабыл алынды.

ҮЙ-БҮЛӨ
Эрбол катардагы эле үй-бүлөнүн кулуну. Үйдө 3 бир туугандын ортончусу. Агасы Алмаз 26 жашта. 6 жашар Альяскар аттуу иниси бар. Апасы Чолпон кесиби боюнча орус тили мугалими болсо, атасы Канат 20 жылдан ашуун МАИ кызматында иштеп, кийин пенсияга чыккан.

“АБДЫШ-АТА”
Эрбол баскан күндөн тарта футбол ойнойт. Кичинесинде агасынын тобун кошо талашып ойночу. 6га чыкканда Николай Рослов деген машыктыруучу алып, өзүнөн 3 жаш улуу балдар менен машыктыра баштаган. Анын майдандагы ордун таап, ачыла элек булактын көзүн ачкан ошол киши.

“РУБИН”
2010-жылы Эрбол мадриддик “Реалга” чакырылбай калгандан кийин орусиялык “Рубиндин” мектебине барган. Талантын байлабайлы деген ата-энеси баарын таштап, Орусияга жөнөйт. “Рубин” аларды 2 жылдай турак жай, жумуш орду менен камсыздаган. “Рубин” Эрболду мыкты деңгээлге өстүрүп чыгарды.

“БАРСЕЛОНА”
Быйыл “Барселонанын” кароосуна барып, апрелде 1-турдан өткөн. 2 ай Барселонада жашап, июнда 2-турдан өттү. Негизи, Эрболдой жаш таланттар Европадан агылып келгендиктен, тандап алууда 15 орун үчүн 300дөй бала ат салышкан. Сынак жөнөкөй типте өткөрүлдү. Балдарды командаларга бөлүп ойнотуп, чеберчилик менен майдандагы ой жүгүртүүсүнө карап тандашты. Бул – Эрболдун кезектеги тепкичке көтөрүлүүсү. Азыр футбол десе Испания курама командасы же “Барселона” эске келчү заман болгондуктан, Эрбол үчүн мыкты мектеп болот. Ал аталган мектепте 3 жыл окуйт. Окуу жылы – 9 ай. Жылына окуусуна 10 миң доллар төлөнөт. Аптасына 3 ирет машыгуу, бир ирет оюн болот. Испан тилин билбегендиктен, Эрбол бир класс төмөнкүлөр менен окумай болду.

МЕССИГЕ ОКШОШТУКТАРЫ

Чач жасалгалары.
Экөө тең 10-катар санында ойношот.
Бойлору кичинекей. Азыр Эрболдун бою – 134 сантиметр. 11 жашында Мессинин бою 140 сантиметр эле.
Оюн стилдеринин окшоштуктары. Ошондон улам Месси “Жаңы Марадона”, Эрбол “Кичинекей Месси” деген лакап атка ээ.
Экөөнүн тең ата-энелери уулу үчүн Испанияга барып жашайт.
Месси – чабуулчу. Эрбол ортодо оюн куруучу амплуада ойнойт.
“Барселонага” Месси 13 жашында, Эрбол 12ге толо электе келди.

“МЕССИ – МЕНИН КУМИРИМ”

– Салам, Эрбол! Эс алуу кандай өтүүдө? Кантип эс алып жатасың?
– Жакшы. Досторум менен футбол ойноп эс алып жатам. Жакында Чолпон-Атага барып, футбол ойноп, көлгө түшүп келдик.

– “Барсанын” мектебине өтүшүң менен куттуктайбыз! Бул кыялың беле?
– Рахмат. Ооба, кыялым болчу.

– “Барсадан” кимди жакшы көрөсүң?
– Лионель Мессини. Ал – менин кумирим.

– Негизи, футболго ким алпарды эле? Канча жашыңдан бери ойнойсуң?
– Баскандан баштап футбол ойнойм. Атам алып барган.

Ушул жерден анын оозунан ашыкча сөз чыгара албасыбызга көзүбүз жетип, маекти андан ары атасы Канат мырза менен уладык.
“ЭРБОЛДУ ФУТБОЛ ӨНҮККӨН ЖЕРДЕ КӨРГҮМ КЕЛЕТ”

– Кандайсыз, Канат мырза? Эрболдун “Барселонанын” мектебине өтүшү менен куттуктайбыз! Испанияга качан жөнөйсүздөр?
– Рахмат. Уулумдун “Барселонага” баруу кыялы орундалды. Ыраазымын, биз Эрбол үчүн жөн жүрбөгөнүбүздү далилдей алдык. Уулум менен сыймыктанам. Азыр виза маселесин чечип алып, августта үй-бүлөбүз менен жөнөйбүз. Буга чейин Эрбол экөөбүз барганда ал апасын сагынып, “апам менен инимди апкелсек, баары жакшы болот эле” деген. Эми 3 жыл үй-бүлөбүз менен чогуу болобуз.

– Каникулда келесиздерби? 3 жылдан кийин кандай пландар бар?
– Жок. Билет баасы биздин чөнтөккө чак эмес экен. Чыдаган жаныбыз 3 жыл деле Барселонада жашап, чыдаарбыз. Окуусун бүтүп, Эрболго келишим сунушталса, биз келе беребиз.

– Жашоо-шартыңыздар кандай болот?
– Элчилик таап берген үйдө жашап турабыз. Кылган кызматыбыз Эрболду сабагына, анан машыгуусуна алпарып-апкелүү болот. Жергиликтүү тилди билбейбиз, жумуш табуу кыйын го.

– Барселона кандай шаар экен?
– Барселонада 70 күн жашадык. Табияты боюнча Кыргызстанга окшош. Тоолорго, сууларга бай. Жергиликтүү эли футболго аябай жакын. Июнда клубдун экс-башкы машыктыруучусу Хосеп Гвардиоланын клуб менен коштошуу кечесин көрүү үчүн “Камп Ноу” стадионуна бардык. Хави, Иньеста, Месси баш болгон көп футболчулар келишти.

– Азыр эмне менен алексиздер?
– Үй-бүлөбүз менен Ысык-Көлгө эс алууга кетип жатабыз. Чет жерде биринчи сагынарың эле Ысык-Көл менен кымыз эмеспи. Эрбол жакында эле “Ысык-Көл Кубогу-2012” мелдешине катышып келген. Кайра биз менен кетип жатат.

– Эрболдун мүнөзү кандай?
– Эрке мүнөзү кала элек. Көп сүйлөбөйт. Европалык болуп өсүп калбасын деп көбүрөөк чоң ата-чоң энелериникине каттатып жатабыз.

– Салт демекчи, ырым колдоносуздарбы?
– Көз мончок тагынып жүрөт. Кирине кирип, көп эмдеттим. Майданга чыгарда бата тилейт. Оюндан кийин терин кургатпай, таза чайканат.

– Жакшы. “Эрбол кайсы өлкөгө ойнойт?” дегендер көп. Сиздин жообуңуз...
– Эрболду футбол өнүккөн жерде көргүм келет. Бирок азыр аны ойлончу убакыт эмес.

– Кыргыз аткаминерлеринен жардам болдубу? Балким, КРнын Футбол федерациясы үн каткандыр...
– Эрбол футбол ойноп баштагандан тарта “Абдыш-Атанын” президенти Советбек Сакебаев көп жардам берип келет. КРнын Испаниядагы консулдугу да каралашып жатат. 2010-жылы Эрболду “Рубинге” алып барганда Орусиянын жарандыгын алганбыз. Футбол федерациясы эгер биз Кыргызстандын жарандыгын алсак, жардам берет экен. Негизи, биз анда жарандык албасак, башка шаарларга чыгып, мелдештерге катыша албай калмакпыз. Айла жоктун иши болгон да.



Эрбол Атабаев: "Барселонага өтүү кыялым болчу"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(21)
SUPER.KG видео
21.07.2012. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чон ийгилик сага Эрбол! Кыргыздын атын футболдон чыгарып, Кыргызстанды дуйного тааныт.
SUPER.KG видео
21.07.2012. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat, iygilik saga!
23.07.2012. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай буйурса Эрболду "барселона" командасынан коруб калаарбыз.
23.07.2012. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат, Ийгилик каалаймын, Кудай колдосун !
24.07.2012. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodets Erbol
24.07.2012. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын, ийгилик!
Мессинин бою 170 см, гном кылып жибердинер го аны
24.07.2012. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
messidinho, Туура айтасыз, азыркы убакта Лионель Мессинин бою 169 см. Ал эми макаланы кунт коюп окусаңыз, ал жакта "11 жашында Мессинин бою 140 сантиметр эле." деп Эрболдун бою менен салыштыруу жүрүп жатат.
SUPER.KG видео
24.07.2012. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байаман
24.07.2012. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ааа, тушунуктуу, кечиресинер!
25.07.2012. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
россиянын жараны экен дагы кыргызча суйлобойт Эрбол бир футболист чыгат десе кыргыздан ал дагы орустун атынан экен
30.08.2012. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
semakg, туура айтасын эрбол бизге эч кандай пайда алып келбеши мумкун
25.07.2012. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келечекте жакшы футболчу болуп жетишсе, Россия учун ойнойт да а? Ошондо биз Эрбол и Россия вперед:-)
25.07.2012. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jilina 10000$ kim toloit klubbu je ata enesibi
25.07.2012. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баракелде
26.07.2012. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат, онорун оркундой берсин, ийгилик! Ата-энесине да рахмат.
26.07.2012. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энеси толош керек негизи, жардам берээр биздин атка минээрлер.
28.07.2012. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
orusiyanyn jarany bolsoda kany kyrgyzgo...emnesi bolsoda bul da syimyk biz u4un,Erbolgo iygilik gana kaalaim kalganyn ubakyt korsotot...
SUPER.KG видео
28.07.2012. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсын эрбол кудай буйурса сени дуйно танысын деген ойдомун
28.07.2012. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга Эрбол, сага албан албан ийгилдиктерди каалап калабыз!!!
15.08.2012. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик
22.05.2014. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арадан эки жыл отту Эрбол алга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: