|
ШААР БАШЧЫСЫНЫН БИР КҮНҮ№507 20-июль-26-июль, 2012-ж “Чоңдор иштебейт, жарытпайт” деген түшүнүк акыркы 20 жыл ичинде кыргызга терең сиңип, жууса кеткис болуп баратат. Ушундай нааразычылыктар баш калаабыздын башчыларына дайыма айтылып келген. Учурдагы мэр Иса Өмүркуловдун дарегине деле байма-бай айтылууда. Андыктан шаар башчысынын жанында күнү кечке жүрүп, бир күндүк иш убактысын кандай өткөрөрүн билели деп чечтик. “Ушундай сунуштар менен келген бир дагы гезитке макулдугумду берчү эмес элем, силердин өтүнүчтү кабылдабай коё албадым” деп жатып макул болду. Шаар мэри кечинде канчада жатканына карабай, таңкы саат 6да турат экен. Эртең менен 7:30да жумуш ордуна келди. Мэриянын башка кызматкерлери келгиче күндүн планын карап чыгып, алар келгенде тапшырма берип, иш күнүн баштады. Мэрдин кабинетине кирген адамдын сыйлуу жайдан орун алган бир канча сувенирлерге көзү түшпөй койбойт. Арасында буддисттерге тиешелүүлөрү да турат. Ырым-жырымдарга ишенет го деп сурасак, “айрымдарын чет өлкөгө чыгып калганда алып келгем, айрымдары белекке келген” деп жооп берди. Ырым-жырым демекчи, эгер алдынан кара мышык өтүп кетсе, “күнүм ийгиликтүү өтөт” деп тамаша иретинде жоруп коёрун, кыргыздын айрым ырым-жырымдарын кармана турганын айтты. “Шаарга көрк берүү үчүн гүлдөрдү отургузганыбыз баарына маалым. Аларды кээ бир тургундар түбү менен жулуп кетип жатышат. Алар – өз шаарын сыйлабаган адамдар”. “Бир кезде “жашыл шаар” атагы бар Бишкектин эчен жылды карыткан эмен бактарынын куурап жаткандыгы кейитпей койбойт. Анын себеби ушул күнгө чейин так аныктала элек. Азыр окумуштууларды, туура диагноз коюучу адамдарды чакырып жатабыз”. “Түштөнгөнү үйгө эле келем. Ал эми кечки тамакка үй-бүлөм менен толук курамда чогулабыз. Үйдө катаал эмесмин. Өзгөчө ушул столдун тегерегинде күлкү көп болот”. Мэрияга шаар тургундарынан ар кандай доо арыздар түшөт. Айрымы, чынында, карала турган маселе болсо, кээде подъезддеринин алды булганып калганын айтып арыздангандар да болот. Бул иш күнүндө шаар тургундары менен эки жолугушуу пландалыптыр. “Небере деген балаңдан да артык жан экен. Жумуштан келип аларды көргөндө кадимкидей эс алып калам. Учурда 6 неберем бар. Тамдын дубалдарына сүрөт тартып ойношот. Жубайым экөөбүз тентек кылып жатышса да уруша албайбыз. Биздин көзүбүз мындай болсо эле ата-энелери тарбиялап киришет. Азыр Ысык-Көлгө эс алганы кетишкен. Сагынып, улам минтип сүрөттөрүн карап коюп отурам”.
“АТТАРЫМДЫ ӨЗ БАЛДАРЫМДАЙ ЖАКШЫ КӨРӨМ” – Канча жылдан бери жылкы кармап келе жатасыз? – Күлүктөрүңүздү ат чабышка саласызбы? – Дайыма утушка ээ болуп жүрүп, утулуп калганда жинденесизби? – Балдарыңыз атка, деги эле мал-жанга кызыгышабы?
“МЕН КЕЛГЕНДЕН БЕРИ ЖЕР БАСЫП АЛУУ БОЛГОН ЖОК” – Иса Шейшенкулович, сиз менен күнү кечке жүрүп, иш күнүңүзгө күбө болдук. Шаар үчүн кандай салым кошуп жатам деп ойлойсуз? – Эгемендүүлүктөн берки убакытты алсак, көпчүлүк шаар башчысынын артынан ыраазы кептер калган жок. Баарын «жеди-ичти» дешет. Айрымдары минтип камакка да алынып жатышат. Ушундай ойлор сиздин тынчыңызды албайбы? – Борбор калаабыздын тарыхындагы мэрлердин кимисиндей болгуңуз келет? Жумуш убактысы таңкы 7:30дан башталып, түнгө чейин созулган мэрдин бир күндүк иши мындай көрүнүштөр менен гана чектелбейт. «Кээде түштөнгөнгө да убакыт таппай калам» дейт. Шаардын чарба иштеринен сырткары өкмөттүн чогулушу, атайын сүйлөшүүлөр көп убактысын алат. Ал эми баш калаада майрам, ар кандай иш-чаралар өтүүчү күндөрдө дем алышсыз иштеп, кызматкерлердин бардыгын ишемби-жекшембисине карабай жумушка чыгарам дейт. Айдай Асанбекова Шаар башчысынын бир күнү"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
орто мектептерге кураан китепти окууга кошсонуздар ошондогу мыйзам тарбия аттин жок биз мусулман калкыбызда е дагы бир жолу сураныч балким мыйзамдуу кылып болсода кошунуздарчы орто жана жогорку окуу жайларга бардык жаштар и кыргыз элиме кандай жакшы
Мурда ишембилик дегендер жума сайын болчу, мектеп окуучулары эле көп жумуштарды бүтүрүшчү. Мисалы, айылдарда таштанды, металл калдыктарын, айдоо аянттарындагы таштарды чогултуу, айыл чарба жумуштарынын дээрлик баарына жардам берүү да окуучуларга жүктөлгөн эле.