«ЖАЛГАН СҮЙҮҮГӨ АЗГЫРЫЛЫП, ҮЙ-БҮЛӨМДӨН АЖЫРАДЫМ»

№507 20-июль-26-июль, 2012-ж


Бардыгыбыз пендебиз, «жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт» дегендей, жаңылыштык баарыбыздан кетет. Бирок ошол бир жаңылыштык бүтүндөй бир өмүрдүн өксүгүнө айланып кетпегени оң. Ушундан улам Дамира аттуу айымдын баянын жарыялоону туура таптык.

«БАШЫМДАН ӨТКӨН ОКУЯ БАШКА КЫЗ-КЕЛИНДЕРГЕ САБАК БОЛСУН»
– Тагдырымдан катуу жаңылдым. Окуяны мендей болуп ишенчээктигинен жабыркаган кыз-келиндер үчүн баяндап бергим келди. Мен 2008-жылы Кубанычбек аттуу адам менен “Интизар” кафесинен таанышып калгам. Кийин анын достору, менин курбуларым болуп, жакшы мамиледе болуп кеттик. Ал менин жумушума келип, жанымда ар нерселерди сүйлөп отура берчү. Мен ага “менин күзөтүмдө келбе, күйөөм бар, кызганат” десем, “ой, унутуп калган турбаймынбы” деп койчу. Бир жолу так күйөөм отурган убакта келип калып, акыры жолдошум кызгана баштады. Жолдошум экөөбүз ылайыктуу жер таап күркө ачсакпы деп жүргөнбүз. Кубанычбек ал кезде Аламүдүн Райондук кеңешинин депутаты эле. Ага “бир жерден ылайыктап күркө койгонго жер алып бербейсизби?” десем, “жердешим болгондон кийин жардамымды аямак белем?” деди. Мен сүйүнүп жолдошума айттым. Ага ишенип сураган акчаларын бердим. Анан күркөнү коюп иштете баштадык. Бир күнү жердин токтомун алып келип мага көрсөттү. Көрсө, аны өзүнүн наамына жаздырып алган экен. Себебин сурасам, “эми мен депутат болгондон кийин берди да. Карапайым адамдарга жер бериш кыйын, мен сага “крыша” болуп турам. Бир аз иштегенден кийин кайра өзүңө каттатып берем” деп калды. Ал ортодо жолдошум кызганып, “же күркөңдү иштет, же мени менен жаша!” деген талап койду. Мен болсо көп каражат коротуп ишти баштап алгандан кийин аны таштай алган жокмун. Экөөбүз акыры ажырашып тындык. Эки балам башында атасы менен кетишкен, кийин кайра өзүмө алдым.

«ҮЙ-БҮЛӨСҮ БАР ЭКЕНИН КЫРСЫК БОЛГОНДО БИЛДИМ»
– Кубанычбек экөөбүздүн мамилебиз ысып, жашап калдык. Ал “мен да аялым менен ажырашып кеткем, Учкунда өзүнчө жашайм. Балдар үчүн эле кээде барып турам” дечү. Жакшы күндөр баштан өттү. Бир күнү эле аны машина коюп кетип, телефон чалып калышты. Мен угуп эле Бишкек шаардык 4-ооруканага жандандыруу бөлүмүнө алып бардым. Буту сынып, башына кан уюп калган экен. Жанында жүрсөм “сен кете бер, азыр аялым келет” деди. Ошондо гана алданып жүргөнүмдү, кимдин ролунда экенимди сездим. Бирок канчалык ыза болсом да, мен ошол учурда аны таштап кете алган жокмун. “Үй-бүлө деген чакан мамлекет. Барктуу ата боюнча кала бер, мен сенин үй-бүлөңдү буза албайм” десем, “сен экөөбүз баш кошобуз” деп туруп алды.
Күркөнү кичине иштеткен соң бөйрөгүм ооруп ооруканага жатып, “иштетип тургула” деп иниме бердим. Өзүм иштебей калып карыздарым көбөйүп, ата-энемден алган акчаны кайтарып берейин деп банктан акча алуу үчүн үйдү күрөөгө койдум. Ошол кезде Кубанычбек машинасын күрөөгө коюп, карызга 1000 доллар берген эле. Банктын акчасын төлөй албай үйдү саттым да, ата-энемдин, банктын акчасынан, Кубанычбектин 1000 долларынан кутулуп, калганына шаардын четинен эки бөлмөлүү үй алдым.
Кубанычбек күркөнү менин атыма каттатам деген сөзүнө турган жок. Аны иштетип жаткан иниме барып “кеткиле, бул жер меники” деген экен. Бизге айтпай өзүнүн наамына жазылган менин күркөмдөн баш тартып салыптыр. Ал кезде Кубанычбек Кыргызстан Улуттук электр тармагында иштей баштаган. Мага мурда “светтин акчасын төлөбөй эле кой, мен жаап коём” дечү. Ага ишенип жүрө берип, кийин 20 миңден ашуун акча төлөдүк. Ошого карабай эле мага келе берди. Кошуналарымдын көзүнчө жаман сөздөрдү айтып, тынчтык бербей баштаганынан акыры Свердлов РИИБине арыз да жаздым. Кубанычбектен кутулуш үчүн “башка бирөөгө турмушка чыкканы жатам” деп койдум. Ошондон кийин мага келгенин токтотту. Мен ушул адамдын азабынан үй-бүлөмдөн да, үйүмдөн да, акыры күркөмдөн да ажырадым. Баарын кеч түшүндүм. Бул жашоодо жалгыздыктан өткөн жаман нерсе жок экен. Убагында туура эмес кылганымды түшүнүп, жолдошумдан, ата-энемден, балдарымдан кечирим сурагым келет...

Ыйлаган эженин абалын түшүн­сөк болот. Бирок аркандын экинчи учу да бар эмеспи. Андыктан маалыматтардын чын-төгүнүн билүү үчүн жогоруда аты аталган каарман – Кыргызстан Улуттук электр тармагынын диспетчердик жана технологиялык башкаруу каражаттарынын борбордук кызматынын башчысы Кубанычбек Сманкулов мырзага кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:

«МЕНИ ЖОГОТКОНУ ҮЧҮН УШУНДАЙ КАДАМГА БАРЫП ЖАТАТ»
– Дамира сиздерге көп туура эмес маалыматтарды айткан экен. Туура, экөөбүздүн ортобузда чындап эле мамиле болгон. Убагында жарандык никеде жашап жүрдүк. Бирок кийин ортодогу мамилени ал бузду. «Башка кишиге турмушка чыгам» дегенинен мен андан алыстагам. Аны түшүнүп жатам, жашоодо мени жоготкондуктан, ошол жоготууга чыдай албагандыктан ушундай жолго барып, мени жамандап жатат.
Күркө тууралуу айта турган болсом, жер тилке гана менин наамыма жазылган. Бирок Дамира жер үчүн мага акча төлөгөнү жалган. Ал эми күркө Дамираныкы, мен аны эч кандай талашкан жокмун. Убагында ага көп жардамдарды бердим. Ортодогу мамиле үзүлгөн соң ага менден эмне керек, билбейм?..
Аялым бар экенин ал башында эле билчү. Азыр деле аялым, бала-чакам менен жакшынакай эле жашап жатам.

Эки маектешимди угуп көрүп, жалгыз чындык – ортолорунда болгон мамиле экенин түшүндүм. Күнүмдүк сезимге азгырылуу жогорудагыдай көптөгөн үй-бүлөнүн очогун өчүрөт. Бул окуяны окуп, жаштар турмуш чындыгынан сабак алышар...

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Жалган сүйүүгө азгырылып, үй-бүлөмдөн ажырадым.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(109)
28.07.2012. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ачык айтканда сиз, куркону, акчаны, байлыкты деп, жолдошунуздан ажырагансыз. Байлык адамдын козун кор кылат экен, сизди шайтан азгырыптыр. Акча колдун кири, эгер акчанызды жоготсонуз деле, кийин табылмак ошол акча. А уй-було4у? Уй-булодо аял эркектин ортосунда жарака пайда болгондон кийин, кайрадан мурдагыдай болуп кете албайт. Жок дегенде уулунарды ойлосонор болмок...уят 4он эле адамдардын мындай жолго барганы, силер ушундай болсонор башка жаштар кайда барат???
28.07.2012. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кебетен менен ушул жашта суйууну ойлобой бала чака дегенди ойлобойбу куйоом кызганат дечумун депсин а озундун адамдык сапатынан уялган жоксунбу 18 жаштагы кыздай жазыпсын жол болсун ажырашмактан бойдок болсо да озундун балдарынды куйоонду деги эле ойлонбойсунбу дейм да.
28.07.2012. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кайсы бетинер менен жарыя кылып турасынар уят!тиги депутат дейби айланайын ушундан коро башка депутаттардай эле ачык эле 3,4 аял албайсынбы унижатса этпей шаардык депутатсын да эми пака жер каттата аласын да кийиин жогорку кенешке барганда башкачаарак болот да
28.07.2012. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз байыса катын алат, бирок кеп кандай катын алаарында. Экоо тен кандай адамдар экени жузунон эле корунуп турбайбы. машагына жараша тушагы. Адамдар депутаттар-деп утат, этият болгула
28.07.2012. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенешип кескен "барпам" эмес, кенешип кескен бармак оорубайт деген макал бар, elka_manas_kg ушул созго конул буруп коюнуз. Ал эми Дамира айым албетте жашоодо жанылышкан, арканды узун таштап, кийинкисин ойлосо болмок. Будем надееться, что семья ее поймет, простит и примет. Жаман жолдордон Кудайым озу сактасын.
29.07.2012. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы болбоптур.
29.07.2012. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акылы жок аялга аз болсун.Оз жарын жарытпаган ойношун жарытабы....Короору али алдыда.
SUPER.KG видео
02.08.2012. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин акчама, Менин кадыр барктуу экениме кызыкты дейт Сен кимсин? Президентсинби? Копкон эркек экен. Достор мына Кыргызстанды ушундай адамдар башкарып жатат. Аа аялга соз жок аял башы менен 2 баласы менен кантип барды бул жолго??
SUPER.KG видео
02.08.2012. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Заман кайда бара жатат... коруп алып зээнин кейийт суйуу болгон ченде деле, уй булоолу болгондон сон балдарды ойлош керек.. тообо кылдым мындайдын жузун ары кылсын... Улууну урматта дейт бирок кантип, жасаган иши ушул болсо... Аллахым ар бир жанга адашпоону насип кылсын..
10.08.2012. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бири-биринердин катанарды эле ондоп жатып калыпсынар да.Жанылбас жаак,мудурулбос туяк болбойт!Бир тамга калып кетсе деле акылдуулук кыла бербегиле да.Ал эми Дамира эже жонундо айтсам (уят)ойнош ойногондорго Аллах Таалам оз жазасын берсин.Бизге го баары бир озунун балдарына эле жаман болуптур.........
22.08.2012. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akcha baylyk. altyn too - bal tilder- kud ay ele koldosun - ozbek baysa tam salat- kygyz baysakatyn alat.
22.08.2012. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Erkekke ishengiche 2 bosogono ishen dep beker aytkan emes- eshe akchaluu erkekter kundo 1 kyz taap alat balaluu ejeke emes - suyup algan jubayn tatyktuu emes anan bashka balaluu kelinderdi jyrgatmak bele
12.09.2012. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
фу кайпи кантет бул кишинин кантип жашадын ушул киши менен Дамира куйоонду балдарынды таштап корунуп эле турбайбы африс экени
SUPER.KG видео
11.10.2012. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
отказ бере баштадым дейт, отказды башында берсен туура болмок экен. баардыгы орду-орду менен калат эле.
12.10.2012. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
shermende!!!!
01.11.2012. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аял акылдуу болсо ушундай нерсе болмок эмес. Уй-булоосун кечип, ойнош менен журуп, эмне керек? Жолдошунун айтканын кылса, баары жакшы болмок, каяктагы бир акмак ойношуна кызыкпай.
SUPER.KG видео
07.12.2012. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бироонун аялына катылсан сеникине да катылат ее лох
SUPER.KG видео
07.12.2012. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
акчан коп болсо делись сенен спрос кылса болот маймыл
SUPER.KG видео
07.12.2012. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен балдарын ойлоп атам экоонун тен. созу кыска болуп досторунун алдында уят болуштуго. экооного соз жок!
19.12.2012. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Саламатсынарбы супер инфо, мага Дамира эженин телефон номерин бере аласыздарбы?
SUPER.KG видео
28.01.2013. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ойнош кутпой олуп кал
20.03.2013. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вообще куйоосу бар 2 баласы бар аял кафеде башка бироолор менен таанышканы туура эме. Эмнеге куйоосу жок кафеге барат,макул таанышкандан кийин деле сразу ал кишини озунон алыстатып койсонуз болмок, куноо озунуздо экен,эми мындан ары бактылуу болушунузду гана каалайбыз, мумкун куйоонуз сизди кечирээр, аракет жасап корунуз.
25.05.2013. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мне ее совсем не жалко,мало ей было,он иш болду,зато жизнь ей преподала хороший урок!
25.05.2013. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ой,болгон иш болду,пусть думает и исправлятся,доверия она совсем не вызывает
SUPER.KG видео
30.06.2013. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акча жана акча акча баарын чечет адамзат дунуйого еч качан тойбойт акча учун жанын да берет
12.09.2013. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай жазалаптыр Дамира эжени
19.09.2013. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уялбай жазганын дагы шерменде.сендейлерге жер жузундо орун жок балдарын чындыкты билсе емне деп актанасын акмак !!!
SUPER.KG видео
09.11.2013. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
О аял болбой жерге кир,18 жаш кыздай сезип суйлоп атасын да ээ?Алданып калдым деп .Кебетенди карасан небере коройун деп эле калыптыр кайсы бетин менен суйлоп атасын !!! Супер инфо очурбогуло коментарийди
Модератор admin_media түзөттү 11.11.2013 10:33
SUPER.KG видео
10.12.2013. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйбулоонун балдарындын убалы уруп жаткандыр. Мээн тооктукунан да кем экен.
04.10.2017. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жузундо жылдызы жок мынча жагымсыз адамдар.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: