«ӨЛҮМГӨ ДАЯРДАН» ДЕГЕН СМСтер АЖАЛ МЕНЕН АЯКТАДЫ

№508 27-июль-2-август, 2012-ж


Алдыда эмне болорун эч кимибиз билбейбиз. Окуядагы каармандардын үйлөнүп жаткандагы сүрөтү мага башкача таасир калтырды. Анда “2007 год, 17 июня. Наша неповторимая свадьба. Тимур+Анара=ЛНВ” деп жазылыптыр. 5 жылдан кийин күйөөсү өмүрүнө балта чабарын Анара аттуу замандашыбыз ушул саптарды жазып жатканда билбеген чыгар.

“КЫЗЫМДЫ КОЛУМДАН ЖУЛДУРУП ИЙДИМ...”

Анара жолдошу Тимурдун колунан каза тапты.
Мындай кайгыны көтөрө албаган кыздын атасы
Рахим ага бул кандуу окуяны баяндап отурду:

– Кызымды колумдан жулдуруп ийдим... Анара үчүнчү кызым болчу. 1984-жылы төрөлгөн. Кызым мурун эмерек жасоочу жерде иштечү. Бул жигит ошол жерде айдоочу экен, таанышып калышыптыр. Тез эле “үйлөнөбүз” деп чыгышты. Анарага жакшы эле “кичине ойлончу, таанышканыңарга бир айча эле болду, анан үйлөнүп алсаңар кандай болот?” десек, “жок, сүйлөштүк, Тимур жакшы жигит” деп болбой койду. Кыздын көңүлү болсо, макул болот экенсиң. Ошентип, Анара менен Тимур 2007-жылы үйлөнүштү. 3 жыл жашап, кыздуу да болушкан эле. Тилекке каршы, кызы бир жарым жашында жүрөк оорусунан операция болуп, көтөрө албай чарчап калды.
Экөөнүн ортосунда чыр чыгыптыр, ошондон кийин күйөө балам кызымды таштап, Түркияга кетип калган. Телефон аркылуу “мага бул жак жакты, калам” дептир. Булар бир жылдан бери ажырашып жүрүшкөн. Анара мэрияда эсепчи болуп иштеп жаткан. Бир ай мурун Тимур Бишкекке келип, “мен сени өлтүрөм, мен сени талкалайм, түрмөдө отуруп келген досторум бар, ошолорго салып берем” деп кызымды коркута баштаптыр. Жазган СМСтери бар.
Тимур бир кыз менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, “жакында ушул кызга үйлөнөм, экөөбүз ЗАГСка барып, мыйзам түрүндө ажырашалы” деп алдап, 10-июль күнү Анараны чогуу иштеген кызы менен алып кетет. Ал кыздын айтымында, Тимурдун жанында бир досу бар экен. Анан машинасын айдап тоону көздөй жөнөгөндө бир нерсени шекшигенби, айтор, кызым жанындагы курбусун “сен кала берчи” деп калтырып коюптур. Канча убакыт өткөнү белгисиз, кызым сиңдисине телефон чалганга, чогуу иштешкендеринин бирөөсүнө СМС жазганга жетишиптир. Байкушум эмне кыларын билбей, өзү жалгыз абалдан чыга албасын сезген окшойт. Жолдо баратып тигилерге билдирбей телефондон кичүү кызыма кайсы жерге жеткенин, кандай болуп баратканын айтып барган. Ошондо эле колу тилингенби, “колумдан кан агып, токтобой жатат” деп ыйлап, үнүн чыгарбоого аракеттенип телефон чалыптыр. Кичүү кызым аны угар замат такси кармап, артынан жөнөйт. Жолдон Байтик айылына тийип, Тимурдун туугандарына болгонун айтып берсе, алар “биз эч нерсе билбейбиз” деп коюшуптур. Анан кайра телефондон айтылган дарек боюнча Кашка-Суу айылы жактагы “Кыргызстан” санаторийине жетип барат.

“ЭЖЕМДИ АРАЧАЛАП КАЛУУГА АРАКЕТ ЖАСАДЫМ”

Ушул жерден көз алдында эжесинин өлүмүнө күбө болгон
маркумдун сиңдиси Бермет Абдиева окуяны мындайча улады:

– Мен барганда санаторийдин баш жагында, тоо этегинде бир БМВ машинасы турган. Таксист бери жакта калды, мен “ушул машина болуп жүрбөсүн...” деп жанына барып карап көрдүм. Алдыңкы терезесинен ичин карасам, айнектери караңгылатылган (тонировка) экен, эч нерсе көрүнбөйт. “Эч ким жок окшойт” деп кетип баратсам, ичинен "тарс" деген катуу үн чыкты. Ошол замат эшик ачылып, эжем акыркы күчүн жыйнаган окшойт, тышка атырылып чыкты. Артынан күйөөсү. Колунда бычак бар экен. Аларды көрүп чочуп кеттим. Эжем мен тарапка эки-үч кадам таштап, арыкка кулап түштү. Тимур артынан жетип барып, бычагы менен эжемди эки-үч жолу сайып жиберди. Мен чырылдап, экөөнү ажыратып, бычакты талаштым. Ошол учурда тиги коё берип жибердиби же мен колун кайрыганда бошоп кеттиби, айтор, бычак сууга түшүп кетти. Анан Тимур машинасына түштү да, айдай качты. Анын номерин окудум, бирок такыр жаттай албай калдым, өзүмдү жоготуп койгон экем.
Эжемдин көкүрөк тушу кан болуп, эки-үч жолу оор дем алды да, денесин бош таштап, эсин жоготту. Эптеп арыктан сүйрөп чыктым. Мен жардамга чакырып ыйлап жатканымда ары жакта турган таксист келди. Тигини кууганга жетишпей калдык. Эжемди таксиге салып, шаарга жөнөдүк. Башында жөн гана эси ооп калды экен деп ойлогом, көрсө, каза болуп калган экен. Биз келгенче эле колунун, бутунун тамырларын кескилеген экен, кан көп кетип калыптыр.

“ООБА, ӨКҮНӨМ, БИРОК ӨЛТҮРДҮМ”

Дагы бир жагдай бар. Ошол окуя болгон күнү Анаранын чөнтөк телефонуна “Салам, Анара Абдиева. Бул мен, Русь братан. Менин иничегим Тимурду башкага алмаштырганың үчүн мен сени өлтүргөндөн коркпойм. Жигитиң экөөң тең өлүмгө даярдана бергиле!” деп Тимурдун номеринен Русь аттуу бирөө СМС-кат жазган. Ал эми ага чейин Тимурдан “Өлүмгө даярдан, сени баары бир өлтүрөм!” деген мүнөздөгү бир нече СМСтер келген. Бул билдирүүлөр анын кызганычтан ушул жолго барганын билдиргендей.

Заматтын ортосунда өзүнүн да келечегине балта чаап, келинчегин күтүүсүз ажалга кириптер кылган Тимур Назаркулов менен темир тордун аркасында болсо да сүйлөшүп калганга үлгүрдүк.

– Эмне себептен бул ишке бардың?
– Жөн эле аны коркутуп коёюн дегем. Баары кокусунан болуп кетти. Кичине “Ягуар” ичип алган болчумун. Эмне кылып жатканымды билбей калыптырмын.

– Ошол учурда жаныңда ким бар эле?
– Жалгыз эле болчумун.

– Русь братан дегениң ким?
– Ал жөн эле тааныш байке. Ал күнү жанымда жок болчу, Анараны коркутуш үчүн эле ал СМСтерди өзүм жазгам.

– Кылган ишиңе өкүнөсүңбү?
– Ооба, өкүнөм.

“ӨЗГӨЧӨ МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН ӨЛТҮРГӨН”

Окуянын андан аркысын бул ишти тергеп жаткан
Аламүдүн райондук Ички иштер башкармалыгынын ага тергөөчүсү
Мирбек Сыдыков мындайча баяндап берди:

– Окуя болгон күнү “күйөөсү өлтүрүп койду” деп сиңдиси эжесинин сөөгүн алып келген. Ал мурдатан эле келинчегин “мен сени өлтүрөм” деп коркутуп жүргөн экен. Ал үчүн бизде жетиштүү далилдер бар. Ошол замат ыкчам иликтөө тобу менен жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери иш алып барып, кылмышка шектүү Тимур Назаркуловду издей баштаган. Анын кайсы багытта баратканын билишип, алар катуу келе жаткан БМВны тосушкан. Ал токтобой кетет. Андан кийинки тозоттогу МАИ кызматкерлери тоссо да токтобойт. Кылмышка шектүү токтобой качып баратканда алар эки машинаны жолдун ортосуна токтотушкан. Тимур аны да сүзүп өтүп кеткен. МАИчилер кууп отуруп Александровка айылы тараптан кармашмакчы болгондо айыпкердин машинасы жардан ылдый кулап, өзү эшикти ачып секирип кеткен, бирок изин суутуп кеткенге жетишпей калган.
Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда. Кылмышка шектүү Тимур Назаркулов КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) 2-бөлүмүнүн 6-пункту (өзгөчө мыкаачылык) жана 10-пункту (хулигандык максатта) менен айыпталып, тергөө иштери башталды. Балким, жанында башка адамдар да болушу мүмкүн, баарын тактайбыз.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



"Өлүмгө даярдан" деген СМСтер ажал менен аяктады

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(74)
01.08.2012. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ushundailardy olum jazacyn berce myndai shumduktar toktoit ele
SUPER.KG видео
01.08.2012. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Вот тварь! Таких надо живьем закапывать! А ведь такое происходит всплошь и рядом, только отличие в том, что некоторые остаются в живых, а некоторые умирают из рук "зверей" как эта девушка. И тем, кто остался жить говорят:" радуйся, что выжила!" Вот такая она- правда жизни.
01.08.2012. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башын кесиш керек бизде ушундай закон болгондо же эки колун кесип койгондого ушундай иттер азаймак деп ойлойм
01.08.2012. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак.аялынын арбагы тынч койбойт барибир!
01.08.2012. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олум жазасын беруу керек...Кызгангандын дагы чеги болуш керек.Чектен чыккандардын акыры кайгылуу бутору турган иш!!!
SUPER.KG видео
01.08.2012. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
zookurdun (Timur atyn da atagyn gelveyt eken) ozun dagy uwunday jol menen tez olturvoy jaay kiynoo gerek. misireyip joop berivatkanyn al okungon dele jok jon gana til uchunan aytyp jatat. bul bala bir "kriminal" menen baylanywy b bar bolso gerek bul mintip birinchi ele adam olturup jatkan jok menin oyumcha ech bir ewte bolvogondoy turat. jakwylyk gorvogur dese
Rahim Abdiev'din uy-buloosuno teren kaygyruu menen konul aytam Rahim Kyzy Anaranyn iymany salamat bolsun jatkan jeri jayluu bolsun
SUPER.KG видео
01.08.2012. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окуном дегенине эмне дээринди билбейсин тообо кылдым, Бычакты алып барып анан кокустук дегени журокту эзди... АКМАК ЗООКУР ДЕСЕ!!!
SUPER.KG видео
02.08.2012. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Уффффффффф....да кто оправдывает его поступки люди...я написала все что знаю о нем, понятно!Жон жерден эле бироонун омуруно кол сала бербейт да.Мне кажется жабыркаган тарап недоговаривают чего-то...
02.08.2012. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш жакшынакай кыз экен. жаткан жерин жайлуу болсун. Аллам бейиштен кызындын жанынан орун берсин! а акмактын жазасын бериш керек! мындайлар эч качан онолбойт!!!
03.08.2012. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи өзү кетип калып, ал жактан башка кыз таптым деп алып, анан бул эмне кылганы? Балким, бул жерде башка да бир сыр бардыр...
Адам сапатын жоготоуп койгон экен бул бала.
Күн өткөн сайын адам адамга кас болуп, акыры бири бирибизди жок кылып тынат окшойбуз. Бул эмне деген заман болуп кетти, ыя?
03.08.2012. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allahym ar biribizge yiman bersinchi
05.08.2012. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай гор!!!!!
SUPER.KG видео
05.08.2012. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал деген наркотик тарткан. Немего болбосо ошончо кыйнайбы таш баранга аулуу керек ал итти
05.08.2012. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бугун ешек миндим
06.08.2012. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар баардыгы журокто ыймандын жоктугунан болуп жататко!
SUPER.KG видео
07.08.2012. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Всем спасибо за вашу поддержку и соболезнования!
11.08.2012. 05:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо Алла мен бул окуяны укканда журогум каттуу сыгылды.2007-жылы мен бул жаштардын уйлонуу тоюна баргам элем.Бактылуу болууга,эки жаш чогу омур суругоо,байчылыкка чоккпойлуу,жокчулукка кор болбойлуу,ар дайым чогу болууга,бактылуу уйбулоо курганга соз беришкен.
11.08.2012. 05:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анара эже жашоосунда ак конул,ойлогон ой максатына жетейин,мен да бактылуу адамдын бири болгум келет,деп жургон кези ,бирок жашоо кырсыгы кучтуу.Ажалы жетип озунун куйоосунун колунан бычак менен журогуно сайылып омуру узулгон.
11.08.2012. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча кордукктуу,мыкачылык кылган адам озунун куйосуу ,адам андайга барышы мумкун эмес ,бул ичкиликтен гана эмес , банги заттардан дагы болушу мумкун,мисалы анаша чегуу,наркотик сайынуу.ж.б мисалдар
11.08.2012. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн башкысы атууга окум чыгарыш керек. Мына ушул закондун жоктугунан, ушундай иштер болуп жатат. Бейкуноо адамды олтургонго Аллахтын кандай жазасы бар экенин билгенинде... Эн эле женили бутун ысыган чокто болуп, мээн кайнайт. Бул жашоодогу 20, 30жыл эч нерсе эмес. Акыретте миндеген, мумкун миллиондогон жылдар уланаттыр. Аныгын Аллах гана билуучу.
SUPER.KG видео
12.08.2012. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздын жаткан жери жайлуу болсун!!! мени адамдардын кайдыгерлиги тан калтты, жардам беришсе балким баары башкача болмок. а парня уже бог наказал, он теперь не человек. и никогда не будет у него нормальной жизни!!!
13.08.2012. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

+996702-00-32-66
SUPER.KG видео
18.08.2012. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тимур мыкачылык менен олтурупсун эми аркы жашоодо азабын таартарсын.
SUPER.KG видео
18.08.2012. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Luntik сенин карындашынды жэ эженди ушинтип олтурсо сен кечирет белен?
25.08.2012. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
buga okwogon adamdy atyp olturso onoi ele jaza bolup kalat.bul adamdy a9lyn kandai myka4ylyk m.n olturso owondon 1000ese myka4ylyk m.n olturuw kerek
SUPER.KG видео
21.12.2012. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Olturup turup, tashtap kantip mashinasyn aidap ketip kaldy kantkende da ayaly elego? idiot
SUPER.KG видео
21.12.2012. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атасынын суйлогонун угуп ыйладым...Ылайым ал айбандын жазасын кудайым озу берсин!Соо адам ушундай иш кылабы?!Демек,чын эле нашаа тарткан да!Мындай зоокурлордун озун да ошентип кыйнаш керек!!!
SUPER.KG видео
01.01.2013. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ему дали 25 лет,из которых 2года пробудет в камере.
SUPER.KG видео
07.05.2013. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызча эле суйлобойбу, же биротоло орусча эмес кыжырды келтирет го синдисинин суйлогону.
SUPER.KG видео
07.05.2013. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
на сиденияга салдык деп
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: