Бөдөш Мамырова, Жогорку Кеңештин депутаты: «БИР КӨҢҮЛҮМ КАЛСА, АЛ АДАМДЫ БИРОТОЛО УНУТАМ»

№508 27-июль-2-август, 2012-ж


Бир учурда “Ар-намыстын” ичиндеги ыйкы-тыйкы кырдаал, лидерликти талашкан Талиева менен Куловдун айынан коалициялык көпчүлүккө кирбей калган эл өкүлү дал ушул Бөдөш Аманбаевна эле. “Башкасы болсо болсун, карманган принцибимден тайбайм” деген депутат менен жакындан тааныштырабыз.

Туулган жылы – 1957-жыл, 14-июль.
Туулган жери – Алай району, Бүлөөлү айылы.
Кесиби – Агроном.
8 бир туугандын үчүнчүсү.
1974-жылы окууга тапшырганы келген боюнча Бишкекте турат.
Үйдө – 2 уул, 1 кыздын апасы.
Парламентте – Төраганын орун басары.

“МЕНИ АПАМДЫН БИР ТУУГАНЫ БАГЫП АЛГАН”
– Тагдыр да, мени жарык дүйнө­гө алып келген адамдар башка, тарбиялап-өстүргөндөр башкалар болду. Кызыгы, төрөгөн апам менен багып алган апам бир тууган, өз атам менен кийинки атам да жакын туугандар эле. Балалуу боло алышпай, кичинекейимде багып алышкан экен. Жакшы жактарымды, өзүмдүн купулума толгон кулк-мүнөзүмдүн баарын ошол кишилердин мээнети, тарбиясы деп билем.
Эки үйүбүз тең жакын болгондуктан, эртеден кечке бир туугандарым менен аралашып ойноп, кечинде алар кетип, үйдө жалгыз калчумун. Баламын да, ата-энем мени канчалык өз баласындай көрүп, алпештеп, каалаган нерсемди аткарып бөпөлөп турса деле “качан тиги үйгө барып жашайм, качан ошол үйдөн сабак даярдайм?” деген ой көкүрөгүмдө тура берчү. Көрсө, баланын өз эне-атасына болгон ички тартылуусу окшобойбу. Үйгө барып калганда кетким келбей, ыңгыранып тура берчүмүн.

“КОЙДУ АРКАНДАП КЕЛ ДЕСЕ ЧОЧУП КЕТКЕНМИН”
– 21 жашымда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна турмушка чыктым. Эркин өскөн тоолук кыз болгондуктан, күйөөгө чыгарда үйдөгүлөр, айрыкча апам аябай тынчсызданган. “Бир эл болгонубуз менен, жашоо-шарты башкачараак жерге баратасың. Сенден башкасы болсо мейли эле, кантер экенсиң?..” деген. Менин мүнөзүмдөн чочулаган экен, көрсө. Бетке чабар элем, жойпуланып, көңүлгө карап жасалма сүйлөө дегенди билчү эмесмин. Ата-энеме сөз тийгизбейин деп тырышып отуруп көнүшүп, жуурулушуп кеттим. Ачыгын айтканда, келиндерге катаалыраак мамиле кылган жер. Чынында эле турмуш агымы башкача жер экенин барганда көрдүм. “Уйду, койду арыктын жээгине аркандап кел” деген сөздөрдү укканда чочуп кеткем. Бизде уй же кой аркандайт деген түшкө кирбеген нерсе да. Алай – отун-суусу кенен жер.

“ЖОЛДОШУМДУН КӨП СҮЙЛӨБӨГӨНҮН ЖАКТЫРГАМ”
– Көптөр сурашат, “жолдошуңузду кантип жактырдыңыз эле?” деп. Жолдошум ашыкча көп сүйлөбөгөн, бир мүнөз жигит болчу, ушунусу жаккан. Азыр деле ошондой. Бир мүнөз, куулук-шумдугу жок, майда-чүйдөгө аралашпаган боюнча эле калды. Илимпоз. Учурда Муса Адышев атындагы Геология институтунун директору.

“КЫЗЫМДЫ ӨЗҮМ ТАРБИЯЛАЙ АЛБАДЫМ”
– 1 кыз, 2 уулум бар. Айтып калышат го, “кайнене менен келиндин камыры бир жерден үзүлөт” деп. Менимче, эне менен кыздын жашоосу көп жагынан окшош болот окшойт. “Окуумду бүтүп алайын” деп 4 айында кызымды кайненеме тапшырып, ошол кишинин колунда чоңоюп калды. Балким, бул менин жаштыгым болсо керек. Азыр ойлоп, кызымды өзүм өстүрбөгөнүмдү катачылыгым деп калам. Турмушка чыккан, 4 неберелүү болгом. Уулдарым окуп, иш менен алек, азырынча келин ала элекпиз. Кайненелердин тажрыйбаларын карап, өзүмдү аларга салыштырып, заманбап кайнене болууга даярдап жатам. Улуу балам былтыр АКШдан докторлук диссертациясын жактап, 2 жылдык келишим менен АКШда университетте иштеп жатат. Кичүү уулубуз да ЖОЖду бүтүп, учурда элчиликте иштейт.

“СТРЕСС АБАЛЫНАН КИР ЖУУП КУТУЛАМ”
– Бирөөгө оңой менен таарынбайм. Бир жаман жери, бир көңүлүм калса, ошол киши менин эсимден таптакыр өчөт. Анан да жан дүйнөмдү ачып, төгүлүп-чачылып сырымды айта албайм. Жакын санаалаш адамдар, курбулар, ал тургай бир туугандарга деле кыйынчылыктарды такыр айткым келбейт. Дагы бир жери, айткан адамың бүгүн курдаш, дос болсо, эртең душманыңа айланып калышы мүмкүн.
Стрессти абдан оор кабыл алам. Бир адатым бар, мындай абалга түшкөндө кир жууйм. Колум менен кир жууй берем, оюмда ошол нерселер менен алпурушуп, акыры жеңип чыгам.
Августта өргүүгө чыгабыз. Балам келип кетиңиз деп Нью-Йоркко чакырып жатат. Билет жөнөтөм деди, жөнөтсө уулумдун жанына барып эс алып келем, буюрса.

САЯСИЙ КЕПТЕРИНЕ КӨЗ ТАШТАҢЫЗ...
– “Кумтөр”, алтын биздики, бүгүн өкмөт баш болуп өзүбүздүн байлыгыбызды өзүбүз кол сунуп сурап жүрөбүз. «Кожоюнчулукту колуңарга алып берели» десе, өкмөт пауза кармап жатса, ачууга аргасыздан алдырат экенсиң.
– 2 айлык каникулда Ош, Жалал-Абад аймагына барып, жалаң аялдар менен жолугушууларды өткөрсөмбү деп жатам. Мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен эжелер, идиректүү жаш кыз-келиндер бар. Ошолорду кантип саясатка, бийлик курамына түртө алабыз деген маселени козгоп көрөйүнчү деген ойдомун.
– Көпчүлүк коалицяны алып карайлы, эмне, КСДП менен “Республикадан” башка киши жокпу? Татыктуубу-жокпу, орчундуу жерлерди бүт “Республика” үчүн шайлоодо жүгүргөндөр ээлеп отурушат. Мындай жарабайт, азыр билимдүүнүн, деңгээлдүүнүн заманы.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg



Бөдөш Мамырова, Жогорку Кеңештин депутаты

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(14)
30.07.2012. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апженер расаааа мактанат го ээ,антенасы америкадан тартат го жон эле
31.07.2012. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
diana345, болгонун болгондой айткан да мактангандыкпы???
31.07.2012. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
diana345, болгонун болгондой айткан да мактангандыкпы???
31.07.2012. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
diana345, Эй сен куудул боло турган эле экенсин, анан бул эженерди сураш керек экен балдарды чет олкодо кайсыл акчага окутуп жатасыз деп.
30.07.2012. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баардык нерсеге туура коз карашта карайлы.
30.07.2012. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынкы эле ошондой антена да, россия америка кытай, туркя аравя, кайсыл жак акча берет деп айтса, антена ошол жакка тартат да.
30.07.2012. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"азыр билимдүүнүн деңгээлдүүнүн заманы" деңиз, ошондой эле болсун.
31.07.2012. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо,карапайым калктын антенасы россияга,кара жумушка тартабы?
31.07.2012. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр айылдагы кемпир-чалдардын бутунун антеннасы Россиядан тартып калган.
02.08.2012. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч кандай мактануу жок,болгон кыргыздын созу менен тушундуруп,маанилуу маек болуптур,сизге ден-соолук,ишинизге ийгилик,максат ой-тилектериниз ишке ашсын.
02.08.2012. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уялбайсынарбы апанар менен тен адам жонундо ушинтип жазгандан,мен лично аялдык бактысына суктандым жана ден-соолук каалаймын.
04.08.2012. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге биз кыргыздар коро албайбыз?аябай жакшы маек болгон ,ишинизге ийгилик анан да балдарыныздын узурун ,бактысын корун!
04.08.2012. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек болуптур!балдарыныздын урматын кызыныздын кызматын коруп.небере жыттап журо бериниз!ишинизге ийгилик!
25.03.2013. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бодош эже баласын чет олкого саякатка келгенче эле окуткан. Так то жаман ойлобой эле койсонор болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: