АТАСЫН ӨЛТҮРҮП, ДААРАТКАНАГА ТАШТАП САЛГАН

№509 3-август-9-август, 2012-ж


Махамаджан 57 жашында өз уулунун колунан ажал таап, 7 жылдан кийин анын сөөгү дааратканадан табылган. “Кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет” дегендей, милиция кызматкерлери бул оор кылмышка шектүү деп анын 37 жаштагы уулун кармашты.

Фархаджан Камилбаев кылмышын элден жашырганы менен,
баары бир чындыктан кутула алган жок.

7 ЖЫЛДА СӨӨКТӨРҮ ГАНА КАЛГАН

Тергөөнүн версиясы боюнча жана кылмышка шектүү деп кармалган адамдын айтымында, окуя мындайча болгон:

Маркумдун денеси дагы канча жатат эле, бирок “кан коё бербейт” деген сөз чын болсо керек. Үстүбүздөгү жылдын жай айларынын баш ченинде Свердлов РИИБинин кызматкерлерине “1948-жылы туулган өзбек улутундагы Махамаджан Камилбаев аттуу адам 7 жылдан бери дайынсыз, аны өзүнүн эле уулу өлтүрүп коюшу мүмкүн” деген маалымат түшөт. Махамаджан да кийинки учурда көп ичип кеткендиктен, анын көрүнбөй калганына коңшулары деле маани беришкен эмес көрүнөт.
Иликтөөгө алган милиция кызматкерлерин эмне үчүн анын үй-бүлөсү “жоголду” деп издөөгө албаганы таң калтырган. Анын 37 жаштагы уулу Фархаджан Камилбаевди суракка алышканда ал ар түрдүү жоопторду берген. Бирде “билбейм, үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес” десе, бирде “аны өлтүрүп, сууга салып жибергем” деп айткан. Себеби кишинин сөөгү табылбаса, кылмыш иши ачылбасын ал жакшы түшүнгөн. Оперлер “эгер өзүң мойнуңа алсаң, сот учурунда сага жеңилдиктер болот. Анан мусулман болгондон кийин сөөктү жашырыш керек, молдо чакырып, куран түшүрүш керек” деп, аны көндүргөнгө аракет кылышкан. Көптөгөн түшүндүрүү иштеринен кийин гана ал атасы көмүлгөн жерди көрсөтүп берген. Милиция кызматкерлери куткаруу кызматкерлери менен биргеликте күндүзгү саат 12ден түнкү 12ге чейин казуу иштерин жүргүзүшүп, дааратканадан, 3,5-4 метрлик тереңдиктен денени алып чыгышкан. Бир нече жылдан бери жаткан денеден сөөктөр гана калган экен.

“ИЧИП КЕЛИП ЭЛЕ САБАЙ БЕРЧҮ”

Кылмышка шектүү Фархаджандын апасы Матлюба күйөөсүн уулу өлтүргөнүн эми гана билгенин айтат.

– Күйөөм Махамаджан экөөбүз эки уулдуу болуп, кичүү уулум Анвар 2004-жылы 27 жашында оорудан каза болуп калган. Ал эми Махамаджан экөөбүз 1984-жылы ажырашып кеткенбиз. Ал башка аялга кетип калып, кийин анысы таштап салган. Анан ичкиликке берилип, селсаяк болуп кеткен эле. Көчөдө жашап калганда балдарым “уят, кайра үйгө киргизип алалычы” деп мени көндүрүп, үйгө алып келишкен. Эски-уску кийимдерин өрттөп, таза кийим беришип, мончого түшүрүп, кайра адам кебетесине келтиришкен. Бирок кайра эле ичип, мага кол көтөрө баштады. Бир жолу да мени сабагандан кийин уулум келип калып, болгон окуяны түшүнүптүр. А мен өзүмдүн апам менен кетип калган элем. Эртеси келип сурасам, “атамды кууп жибердим, эми тынчыңызды албайт” деп койгон. Анын кайда кеткенине кызыккан да эмесмин. Акыркы убактарда уулум эмнегедир “үйдү сатып, башка жакка көчүп кетели” деп калган. Үйдө атасынын сөөгү жатканы эсинен кетпей койгон окшойт.

“КЫЛГАН КҮНӨӨМ ҮЧҮН ТЫНЧ ЖАШАЙ АЛБАДЫМ”

Кылмышка шектелип кармалган Фархаджан Камилбаев төмөнкүчө көрсөтмө берди:

– Атам мурун таксист болуп иштечү, кийин эч жерде иштеген эмес. Темир-тезек чогултуп өткөрүп, тапкан акчасына “самогон” алып иччү. Үйгө мас болуп келип, ызы-чуу кылып тажатчу. Атам апамды сабай бергендиктен, экөөбүздүн ортобузда дайыма пикир келишпестиктер болуп турар эле. 2005-жылдын октябрь айында кечки саат 5терде жумуштан келип эшиктин коңгуроосун бассам, эч ким ачпай койду. Анан дарбазаны катуу каккылагандан кийин эшикти апам ачты. Апамдын мурду сынып, кашы жарылып, чачтары уйпаланып калыптыр. Ал мага “таенеңди күтүп жатам, келсе, аны менен кетем” деп айтты.
5 мүнөттөн кийин таенем келип, апамды алып кетти.
Аларды кетирип коюп, апамдын сабалганына жиним келип тургандыктан, атам менен сүйлөшүүнү чечтим. Үйгө кирсем, атам диванда телевизор көрүп отуруптур, апамды эмне үчүн урганын сурасам, сөгүп жиберди. Анан мен “эгер дагы бир жолу апамды ура турган болсоң, сени менен башкача сүйлөшөм” десем, “колуңдан эмне келет?” деп шылдыңдады. Ошол сөздү укканда ачуум менен көзүм тунарып, токтоно албай чекесине катуу тээп жибердим эле, атам дивандын четин сүзүп жыгылып, эси ооп калды. Сыртка чыгып кайра келсем, ошол калыбында жатыптыр, текшерсем, дем албай калган экен. Коркуп кетип, эмне кылсам деп ойлонуп, анан көмүп салууну чечтим. Атамдын денесин целлофан баштыкка салып, чарбактагы дааратканага таштадым. Үстүнө курулуш таштандыларын салып, бетондодум. Эртеси апам менен таенем келгенде аларга “атамды үйдөн кубалап жибердим” деп койдум. Андан кийин атамды эч ким сураган да, эстеген да жок, анын туугандары да келишкен жок.
Кылган күнөөмдү ойлоп, 7 жыл бою тынч жашай албай койдум, коркунучтуу түштөр кире берди. Катуу кыйналдым. Ошондуктан жасаган күнөөмдү мойнума алып, укук коргоо кызматкерлерине айтып бердим. Акыркы жылдары мунун баарын ичиме сактоо чыдагыс болду, коркунучтуу түштөр кыйнагандыктан, уктай да албай калгам.

“АЛГАЧ ҮЙДҮН ИЧИНЕ КӨМҮП, КИЙИН ДААРАТКАНАГА ТАШТАГАН”

Свердлов РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкери Марлен Асанов буларды билдирди:

– Бизге маалымат түшөрү менен дайынсыз жоголгон адамдын 1975-жылы туулган Фархаджан Камилбаев аттуу уулун суракка чакырдык. Ал алгач кылмышка баргандыгын айтпай, бизге ар түрдүү жоопторду берди. Иликтөөнүн натыйжасында ал атасын өлтүргөндөн кийин үйдүн ичине чуңкур казып көмүп койгону дайын болду. Эки жылдан кийин гана кайрадан казып, сөөктү целлофан баштыкка ороп, дааратканга салып жиберген. Сөөк казылып алынгандан кийин экспертизага жөнөтүлдү. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

“Ачуу – душман, акыл – дос” деп элибиз айтып келген. Ачууга алдырып атасын өлтүргөн Фархаджан акыркы жылдары тозоктун отунда жашап келгени айтпаса да белгилүү. Күнөөсүн мойнуна алгандан кийин 7 жылдан бери үстүнөн басып келаткан оор жүктөн кутулганы менен, адам өмүрүн кыйганы, болгондо да өз атасын өлтүргөнү кара так бойдон калары шексиз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



Атасын өлтүрүп, дааратканага таштап салган

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(39)
06.08.2012. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллах аллах ал адам ит экенгоо акмак
SUPER.KG видео
06.08.2012. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичкилик жакшылыкка алып барбайт. Ким бироонун омуру кыйылды, ким биролор темир торго тушту, ким бироолор жалгыз сыздап калды ! Кудай сактасын .
06.08.2012. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай ай арак, арак ичип алып адам заты эмнелерди гана кылбады. Жакшынакай жашаган уй-булоондон да ажырайсын. Арак алып ичкен адамдар, андан коро ошол акчага бир пайдалуу буюм алса озуно эле пайда го. Кайран гана акча арак алып ичишкендерге, алкоголизим менен ооругандар. Кудайым нысап берсин.
06.08.2012. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура эле кылган, эмне учун эркектер аял затына кол которушот, оздору хан сезишкенди койбойбу деймда.
09.08.2012. 06:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nika1989, эу сен оз атанды олтурмоксунбу? Ал жинди, акмак, мерез болсода ''атан''.
06.08.2012. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо кудай озун сакта. Не болгон кундода туура эмес иш кылган
06.08.2012. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо кудай сактасын!
06.08.2012. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyday sakktasyn!!!!!!!!!!
06.08.2012. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасын олтургон ары турсун атасын сокконду Алла назарына албайт
06.08.2012. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai saktasyn andai nerselerden aram nerse aramga alyp barat da baaribir kudaidyn jazasyby bul kim bilet! ata namazga bawtaw kerek i4killik i4ip ozu olup da ziyanyn tiygizip birok kantse da any atsy andai kylbaw kerek ele!
07.08.2012. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iiy emne deerindi bilbeysin, olgon adam tuuralauu jaman aytpayt dep koyet, birok oshogo jetkizgen turbayby atasy. Ishtebese, kochodon alyp kelip jatyshsa, kayra uy-buloosu menen birikkenine suyunup jashabayt bele, baldary degi chonoyup kalyptyr. Arak jakshylykka alyp barbaytta. Anan balasynyn jany jaman achyshkango, olturgongo cheyin jetiptir.
07.08.2012. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
СИЛЕРГЕ Бир окуяны айтып берейин!МЕНИН коншуларым 25жыл чогуу жашашып тутун булатып келип,4жыл мурун куйоосу аялын бычактап коет,кызганычтан чыгыптыр айтымында куйоосунун!ЭМИ балдары баары бир эне тарапта да,аталары камалып кетет!БАлдары жада калса звандап коюшпаптыр эми шол туурабы?достор!
07.08.2012. 06:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журоктун ушун алчу окуя экен, тообо!
07.08.2012. 07:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Atasyn da olturobu adam balasy!
07.08.2012. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактаа эмне кылганы бул?????
07.08.2012. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин алкаш болсо да атам болсо кана эле...;(
07.08.2012. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Апамдын мурду сынып, кашы
жарылып, чачтары уйпаланып калыптыр." - апасын бул абалда коргон бала эмнелерди гана кылбайт?!
Атасын кочодон алып келип, адам кылып коюптур, дагы эмне керек эле атасына? Негизи жакшы эле адам экен.
07.08.2012. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozbekter oto mykaa4y
10.08.2012. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekenbaev, tura aitasyn... Bizde bawka ulutagy jarandar u4un kysym jokda... Bawka 4et o'lkodo biz myndai kyla albaibyz...
07.08.2012. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын!!!ар бир адамга инсап берсин.
08.08.2012. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай ушундайларды угуп денен чымырайт. адамдар ырткычка айланып бараткандай
08.08.2012. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озу сактасын...
08.08.2012. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Субахан'аллах баласы кантип атасына кол которду бул диндим ыймандын жоктугу.баласына убагында адеп ахлакты уйротпогон.бул учурда атасын ата катары корбогон.динди ыйманды уйротпогон ата эне балдарынан жакшылык куто албайт
08.08.2012. 06:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай Сактасын
08.08.2012. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин апамды атам мас болуп келип колун которчу ошол учурда атама бычак сайганга дайар болчум дуйнодо атаман башка жаман коргон адам жок эле.
Бизде озу айал затына кобунчо кайыр мамле жазалат соо болуп кол которгондор деле бар.
08.08.2012. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озбек туугандардан турбайбы бирок жакшы иш кылбаптырсын оз атанды олтургучо озунду озун олтурбоптурсун акмак эми атан жок жыргаап олтур камакта кээнири. анын арбагы тынч койбоптур дегенин кара мунун эми омур бою тынч койбойт сени.
09.08.2012. 06:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
э укмуш. Тообо оз атасын кандай кылып? Кызык...
09.08.2012. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай гор!
09.08.2012. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
О Кудай кандай заманда жашап жатабыз мусулман мусулманды олтурмок тургай балдары аталарын олтуруп жатышат. Сабырдуу болуш керек да капыр болсо да оз ата-энесин сыйлаш керек деп айтылат го исламда!
10.08.2012. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соз тапай калдым
13.08.2012. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oper kyzmatker kylmyshkerdi 1775-jyly tuulgan dep saldy go, oshondo tigi 237 debi? Xa-xa-xa((((((
07.10.2012. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балдарынын апасын ошончолук сабап,арак ичип,селсаяк болгон адам ушуну кормок.баласы туура кылган.алкаш аталардын барынан жогу жакшы.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: