ТАРТКАН СҮРӨТҮҢҮЗ МҮНӨЗҮҢҮЗДӨН КАБАР БЕРЕТ

№511 17-август-23-август, 2012-ж


Психологиялык тест

Жол боюнда чыбык менен Күндү тартып отурган кичинекей кызды көрүп, бала чагым эске түштү. Мен да кичинекейимде дубалга үйлөрдүн сүрөтүн тарта берчү элем. Жанымда келе жаткан курбума “сен бош отурганда эмненин сүрөтүн көп тартасың?” деп собол салсам, ал “неге экенин билбейм, көбүнчө бак-дарактарды” деп жооп берди. Дал ушул окуядан соң менде “тарткан сүрөтүбүз эмнени билдирет болду экен?” деген суроо жаралды. Бул суроомо жооп алуу максатында «Триумф-Инфо» психологиялык окуу борборунун психологу Нурзада Маямеровага кайрылып, бул тууралуу кененирээк маалымат алууга жетиштим. Көрсө...

  • Бош отурганда, ойго чөмүлө түшкөндө, бирөөлөр менен сүйлөшүп жатып деле кол тамга, ысым, аты-жөнүнүн башкы тамгаларын жаза берген адамдардын көпчүлүгү өзүмчүл, башка адамдардын маселесине баш ооруткусу келбеген жана келбетине олуттуу мамиле жасагандар болушат.
  • Үй же тиричилик буюмдарын тарткандар тыкан, таза жана өтө чарбачыл келишет. Мындай адамдар үчүн биринчи орунда үй-бүлө, үйдүн ичиндеги жыргалчылык болуп саналат.
  • Гүл, жалбырак, Күн жана булутту тарта берген адамдар табигатынан ак көңүл, боорукер келишет. Мындай адамдар жумшак мүнөзгө ээ. Ар убак бирөөнүн сүйүктүүсү болгусу келген адам.
  • Сулуу жүздү же адамга таандык дене мүчөлөрүн кайталап тартуудан тажабагандар адатта чыгармачылыкка, айрым учурларда көз боочулукка да шыктуу келишет. Тартылган сүрөттө аял кишинин элеси айкын болсо, анда романтикалуу адам экенинен күмөн санабаңыз.
  • Каардуу, коркунучтуу сүрөт тарткандар учурда бир нерсеге жинденип, кыжырланып турганынан белги берет. Мындай сүрөттү тарткан адамга жылуу мамиле жетишсиз.
  • Геометриялык фигураларды (ромб, квадрат ж.б.) көп тарта бергендер акылдуу болушат. Сандарга так жана күчтүү логиканын ээси. Мындай адамдар жетекчиликке жана уюштуруучулукка өтө жөндөмдүү.
  • Көздү көп тарткандар – жоопкерчиликти биринчи орунга койгондор. Ар бир кылган кадамы кылдат жана мурдатан пландалган болот. Эркиндикке муктаж адамдар.
  • Чыр-чатактан оолак жүргөндү каалаган ар тараптуу инсандар көбүнчө спираль түрүндө сызыктарды чийишет. Кызыктуу маектеш боло алат.
  • Жаныбарларды көп тарта бергендердин элестетүүсү жана фантазиясы жогорку деңгээлде өрчүгөн. Эгер жаныбардын жанында мөмө, өсүмдүк болсо, анда бул адамдын оюнан чыкпаган жакыны бар.
  • Жылдызчаларды көп тарткандар оптимист болушат. Кыйын кырдаалда тез чечим кабыл ала алат. Андан тышкары өзүнө көңүл бурдургусу келгендер да жылдызчаларды тартышат.
  • Тегерекчелер адамдын түнт мүнөзүнөн кабар берет. Мындай сүрөттү көп тарткан адамдар башка бирөөлөрдүн анын ишине кийлигишүүсүн жаман көрүшөт. Сырларын ичине сакташат.
  • Жүрөкчөлөрдү чектен ашкан романтик жана эрке адамдар көп тартышат. Адатта мындай сүрөттү сүйгөнү жөнүндө ойго батканда же аны менен телефондон сүйлөшүп жаткан учурда тартышат. Толкунданууну билдирет.
  • Шахмат клеткалары (ак менен каранын алмак-салмак тартылышы) – бир чечимге келе албай, көп кыйналган адамдардын тарткан сүрөтү. Мындай адамдардын башкалар менен тил табышуусу оор.
  • Лабиринттерди тарта бергендер – турмуштан өз ордун таба албай жүргөндөр. Аркалап жаткан иши жан дүйнөсү менен төп келбегендер да ушундай сүрөт тартышы ыктымал. Ар дайым изденүү үстүндө жүрүшөт.
  • Бак-дарактарды көп тарткандар – ачык-айрым адамдар. Эгер жалбырактуу болсо, баарлашуу жетишпей турганын билдирет. Сабагы сынык болсо, турмушта чоң жоготууга учураган.

Тартылган сүрөттөрдү оңдоо аркылуу адамдын ошол кездеги психикасын өзгөртүүгө болот. Бул ыкма арт-терапия деп аталат. Мисалы, сүрөттө көз жаш тартылуу болсо, аны өчүргүчтүн жардамы менен өчүрүп, жылмаюу кошуу менен оор абалда турган адамдын абалын өзгөртө алабыз. Ар бир тартылган сүрөт, түшүрүлгөн тамга көп мааниге ээ. Эгер эч кимге айта албаган сырларыңыз, санааңыз болсо, аны сүрөткө түшүрүп, өрттөп же тытып салуу менен жеңилдеп алууга да болот. Кыялдарыңызды кагазга жазып, сүрөтүн тартып жүрсөңүз, ал сөзсүз аткарыларын да унутпаңыз!

Салтанат Мукасова
star@super.kg



Тарткан сүрөтүңүз ахыбалыңызды билдирет

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(37)
SUPER.KG видео
20.08.2012. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga jakty jak6y eken.
20.08.2012. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен жалан гул тартам.Башкасын тарта албайм.
20.08.2012. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен кобунчо кийимдерди тартам бул уй же тиричилик буюмдарына киреби!!!!!????
20.08.2012. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охх атта, мени дал өзүмдөй кылып айтып коюшкан го. )) Ромб, квадрат,куб, пирамида, тетраэдр.. иши кылса, кырдуу нерселерди тарта берет экенмин эстесем. Бирок, жетекчиликке эч бир жөндөмүм жок го дейм. Болсом да өтө катаал (эсиңерде бардыр, хыхыхы) жетекчи болсом керек..
20.08.2012. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
_____________
/
/
/
---------------------
Адам "ромбду" ушинтип тартса - анда ал адам геометрия деген сабакты өткөн эмес.
20.08.2012. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен журок, гул жана кол тамга коп коем)))
20.08.2012. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жон эле бир нерселерди чеймелеп олтура берем. Же тегерекчелерди устунон кайталап чийе берем. Демек мен тунт, жаман адам экенмин да ээ?
20.08.2012. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жылдызча, журокчо, лабиринт жана шахмат клеткаларынан башкасынын баарын тарта берем... Азыр озумду кызыктай адам экенимди ойлоп атам.
21.08.2012. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a men vawe e4 nerse tartpaym tartalbaym emes tartip korbopturmun )) kaysi topko kirem?
21.08.2012. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен ар нерсени тарта берем бир нерсени гана тарта берген учурум болбойт кобунчо журокчо тартам анан реперский деп коёт беле ошондой чийме жазууларды тартып устунон боёп, кырларын чыгарып ар нерсе кыла берем ошондо мен кандай туруно кирем?
21.08.2012. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бош же ойлоунуп отурганда,бироолор менен суйлошуп отурганда да баш тамгаларды,бир нерселерди ото чие берген адам озумчул дептир.Мен буга 100%кошула албайм.Анткени озумдун озумчул экениме ишенбейм.
21.08.2012. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а мен кечке коздун суроттун тарта беремин анан журоктту да
21.08.2012. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен атымы, фамилиямды, кол тамгамды жаза берем. Озумчул экенинди эми билдим
21.08.2012. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а мен жылдызча,журокчо,анан уй коп тартам,бул жактан окуп алып озумду эми таанып жатам...!тобооооо...
21.08.2012. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men jyrok jana jyldyzdardy kobyn4o tartam)))))))
21.08.2012. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эстесем уйду(дом)ду эле тарта берем,именно уйду коп тарткан адам тууралуу жазылбаптыр,аттин.
21.08.2012. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа жазылыптыр,шашылып окуп алыптырмын.
22.08.2012. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жумушумдан колдонгон иш дептеримди барактап карап корсом даталарына жараша ар кайсы суротторду тарта бериптирмин. Бир бетте баш сооктун уройду учурган суроту да бар экен! Кобунчо симметриялуу торчолорду тарта бериптирмин, бул кайсы топко кирип калат болдукен?
22.08.2012. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага тиешелуулору- коп жылдыз,журок,баш тамгаларды жана кол коем,бирок мен аларды абдан кооздойм ал туралуу ачык жазылбаптыр. Менин оюмча 70% туура келди... :-)
22.08.2012. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин жумушум уйдун суротун кундо тартам... кайра-кайра
23.08.2012. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
прямо в точку.
24.08.2012. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен болсо кобунчо колумду коюп, фамилия атымды жаза бергенден тажабайм
24.08.2012. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малыш шумщук озумчул экен да:)))
25.08.2012. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мен болсо бак дарактын,гулдун,уйдун суротун коп тартчумун кичинекей кезимде,а азыр болсо сурот тартпайм.
25.08.2012. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин характериме дал келиптир,ишендим
26.08.2012. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menda koltamga koiuudan e4 tajabaim,kubangandada,kaigyrgandada 1-2 betti tolturup tawtaiam.birok taanywtarym,bawkalardy ele oiloboi ozunduda oilo degenine karaganda 100 paiyz ozum4ul emesmingooo...
26.08.2012. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men ech nerse tarta albaim, men kandai ekemin, a mumkun... :-)
29.08.2012. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ООба, Нурзада эже туура айтыптыр. Меники дал келди. Рахмат!
07.10.2012. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кобунчо журокту,козду,гулду коп тартам жогоруда жазылгандардын баары туура чыкты
24.11.2012. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да коздун суротун коп тартам адамды тартсам сразу коздон баштайм мындай деле.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: