|
ЭКСТРЕМИСТТЕРДИН ТОРУНАН САК БОЛ!№511 17-август-23-август, 2012-ж
Диний экстремизм – өлкө коопсуздугуна чоң коркунуч келтирүүчү актуалдуу маселе. Ал эми диндерге жана алардын ишмердигине урмат менен мамиле кылган Кыргызстан ар кандай диний-экстремисттик уюмдарды кызыктырып келет. КЫРГЫЗСТАН ДИНИЙ УЮМ БОЮНЧА РЕКОРД КОЁБУ? «БИР ГАНА МАКСАТЫ БАР, АЛ – БИЙЛИКТИ БАСЫП АЛУУ»
– «Хизбут-Тахрир» алгач өткөн кылымдын 50-жылдарында саясий партия катары түзүлгөн. Бул динди жамынган экстремисттик уюм. Кыргызстанда болжол менен 5-6 миңдей мүчөсү бар. Борбор Азиядагы «Хизбут-Тахрир» уюму башка өлкөлөрдөгү «хизбутчулардан» олуттуу айырмаланып турат. Биздин аймактагысы көбүрөөк агрессивдүү, радикалдуу. Алардын бир гана максаты – күч менен саясий түзүлүштү оодарып, халифат түзүү. Программасы, ыкмалары жана формалары бир нече этаптан туруп, акыркы этабы – жихад же зордук менен бийликти басып алуу. Башка террордук уюмдар дароо эле аракетке өтүшсө, «хизбутчулар» алгачкы баскычында үгүттөө, жайылтуу ыкмаларын колдонушат. Сыртынан кадимки мусулмандардан айырмаланбайт, намаз окуйт, мечитке барат. Халифат түзөбүз дегенинен эле айырмалабаса, жөн адам айырмалай албай калат. Адамдар менен жекече иштешет, мечиттерге калбай барып, өз катарына жаңы гана динге кирип, мечиттерге бара баштагандарды кошууга аракет кылышат. Себеби алар ошол убакта дин боюнча кенен түшүнүгү жок болуп, кадимки мусулман менен «хизбутчулардын» айырмасын билбей калышы мүмкүн. Анан да алар 18-30 жаштагыларды тартышат. Себеби алар иштеп, акча таап, пайда алып келиши керек да. Акыркы убактарда мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин өзүнө тартуу иштерин жүргүзүшүүдө. Мүчөлөрүнөн чогулган акыдан сырткары аларга сырттан аз болсо да туруктуу акча которуулар болуп турат. Уюмдун лидерлери Ооганстандагы террордук уюмдар менен байланышта. Кээ бир мүчөлөрү бул уюмдан чыгып, «Өзбекстан ислам кыймылы» же «Ислам жихад союзу» эл аралык террордук уюмдарына кошулуп кетишкендиги тууралуу фактылар да бар. «ЗЫЯНЫН КӨРӨ ЭЛЕКМИН»
– Биз «хизбутчуларды» мусулман деп билебиз. Алардын негизги максаты – халифат түзүү. Аны диний уюм деп айтпайбыз, бул башка партиялар сыяктуу эле түзүлгөн саясий партия. Алардын саясатта өз көз караштары бар, алардын ислам мамлекетин курабыз, исламдын негизинде иш алып барабыз дегени эле динге тийиштүү. Партиянын көпчүлүк идеологиялары бизге анык эмес, ошондуктан туура же туура эмес иш жүргүзүп жатат деп айта албайбыз. Чыныгы мусулмандыкты карманабыз деген уюмдан же жамааттан эч качан коркунуч болбойт, себеби ислам «бирөөнү алдабагын, жамандык кылбагын» деген сыяктуу нерселерди үйрөтөт. Бирок исламды жамынып алып, ислам негиздеринен четтеп кетсе, анда коомчулукка зыян болот. «Хизбутчулар» тууралуу имиштерден гана угам, алардын бирөөнү өлтүргөнүн же бир жерди жардырганы тууралуу фактыларды уга элекмин. Ошондуктан көз менен көрбөгөндөн кийин алардын зыяндуу жактарын айта албайм. Алар таркатты деген китеп же башка басылмаларын да окуп көрбөптүрмүн. Эгер анда исламдан четтеген чакырыктар болсо, анда бул туура эмес. Диний башкармалык, мечиттеги имам-казылар сабак өткөндө, лекцияларда жана жума-кутбасында исламдын жалаң гана туура негиздерин, көз караштарын түшүндүрүп жатабыз, бул туура эмес пикирлер менен күрөшүү, алдын алуу.
МААЛЫМАТ ҮЧҮН Нурбек Абдыкадыров Абайла! "Хизбут-Тахрир""Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(6)
laim-limon
![]() SUPER.KG видео
17.08.2012. 12:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маттафак
Sheva
![]()
25.08.2012. 12:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой,эмне бул жакта коментарий жок? :-)
bektursun2010
![]()
26.08.2012. 19:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздын создору буларга айыпта ичким жазбайт шого
pearle
![]()
04.09.2012. 18:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанды басып кетти го... окундурот... эч нерсени тушунбой кыз келиндер жамынып алат... жаш эле жигиттер сербейтиб сакал коюп алат... чындап ошол жакшынакай кыргыз жигиттерин коргондо конулум айнып кетет... капа болбогула. Аял заты канча жыл курошуп тен укуктуулукка курошуп аран жетсе, кайра биздикилер жакшынакааай болуп жамынып алышат. Жамынбай эле пейилинди ондо, дуйного болгон коз карашынды, элге болгон мамиленди мамиленди туздоб озун ак боло бер, созсуз жамынып чумконуп алыш керекпи???
naturalmuslim
![]()
04.09.2012. 19:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pearle, ayabay akylduu sezet okshoysun ozyndy,akylyn ozyno ele buyrusun oshol jamynbay etegin achyp jyrgondor kyrgyzdy uyat kylyp jatpayby!je janylyktardan kordynby bir jamyngandardan problema jaralganyn?azyr 21-kylym ar kim ozy bilet emne kiyiwti !
pearle
![]()
04.09.2012. 18:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 жолу капкара жамынган аялды (мумкун эркек) кордум, журогум оозума капталып коркуп кеттим. Созсуз жамынып албай кофта юбка кийип ал узунураак, элден озгочолонбой. Кыска кийсен озун туз жакшы адам болсон болду да, Башкага жамандыгын жок болсо болду да!Жамынып кийингени мн ичинде кандай адам экени ким билет... Эхх.. кыскасы Чоон проблемалардын бири...
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|