БИЗНЕСКЕ АЙЛАНГАН ЫМЫРКАЙ

№513 31-август-6-сентябрь, 2012-ж


«Заман бузулду» дейбиз. Бирок заман эмес, заманды бузган адамдар окшойбуз. Аялдын чарасыздыгынан пайдаланып ымыркайды сатып, арам оокатка марыйм деген адамдын жосунсуз жоругуна таң калдым. Андан да биринен бири алып, кийин кымбат сатып, наристенин тагдыры менен ойношкону кызык. Анда кеп башынан болсун.

«КЫЗЫМДЫ САТУУГА МАЖБУР БОЛДУМ»

Үстүбүздөгү жылдын 18-августунда Биринчи Май РИИБине караштуу №7-шаардык бөлүмчөсүнө Жылдыз аттуу 1983-жылы туулган бир жаш келин арыз менен кайрылган. Арызда өзүнүн баласын Нели аттуу аял сатып жибергендиги, бирок кайра ойлонуп баласын кайрып алгысы келгенин айткан. Эмесе, окуя тууралуу наристесин жоготкон эненин өз оозунан угалы:

– Атым Жылдыз. Нели менен улуу кызымды жаңы төрөгөн маалда таанышып калгам. Кызым менен анын үйүндө квартирант болуп, анын кызын багышып жашачу элем. Жарым жылдай жашаган соң эже мени сабагандыктан, Ошко кетип калдым. Ошто жүргөндө экинчи кызым боюмда болуп калды. Экөөнү тең күйөөм жок эле төрөп алгам. Боюмдагы балама алты ай болуп калган кезде Нели улам-улам телефон чалып «шаарга келе бер, мен жардам берем» дегенинен кайра Бишкекке келип, ага каралашып жүрдүм. Төрөөрүмө аз калганда ал мага «эч жерде иштебесең, балаңды төрөсөң, кантип багасың? Андан көрө менин жакшы жашаган тааныштарым бар. Алар балаңды жакшы багып кетишет, ошолорго өз каалооң менен берип койбойсуңбу...» дей баштады. Бирок мен анын айтканына макул болбой, «кыйналсам да өзүм багам» дедим. Ал ар кайсыны айтып мени алдай баштады. Акыры төрөгөн соң анын тааныштарына баламды берүүгө макул болдум. Ошентип, 10-август күнү эртең мененки саат 10до №4-төрөтканада кыз төрөдүм. Анан Нели эжеге телефон чалып сүйүнчүлөсөм, ал сүйлөшүлгөн тааныштарына чалыптыр. Кичине убакыт өткөн соң ойлонуп, кайра «кызымды өзүм эле багам. Берки тааныштарыңызга макул болбой койду деп коюңуз» деп СМС жаздым. Ошентсем ал чалып: «Улуу кызыңды бага албай араң жүрөсүң. Анан экинчи кызыңды кантип багасың?! Анда мен сени эки кызың менен жашатпайм!»- деди. Андан кийин да эки-үч жолу келип кагып-силкип, ар нерсени айтып кетти. Шаарда, чындыгында, жашай турган туугандарым жок. Ата-энем Ошто.
14-август күнү мени төрөтканадан чыгарышканда айла жок Нелиге кайра чалдым. Ал такси менен келди. Ошентип, кызымды бергенге макул болдум. Жолдо баратканда ал бирөөлөргө телефон чалып: «Кызыңарды алып баратабыз»,- деди. Бир аздан соң Медеров-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинен кызымды ала турган кишилерди күтүп турдук. Аз өтпөй алар башка машина менен келишти. Нели алардын машинасына түшүп бир аз сүйлөштү. Мага «кызыңды алып кел» деп телефон чалды. Кызымды алып түшүп, бир аялга өз колум менен баланы бергеним чын. Ал чөнтөгүмө конверт салып койду. Алар кеткен соң Нели кафеге алып кирди. Анан «эми акчаңа кийинип, айылга салып, айтор, өзүңө кел!» дегенинен акчаны алып чыгып санасам, 15 миң сом экен. Ошол замат «тигилер үйүнө жете элек болуш керек. Чалып көрсөңүз, кызымды өзүм эле багайынчы?» десем, дагы урушту. Ошентип, үйгө келдик. Эки күндөн кийин ыйлап отурсам Нели менен чогуу иштеген кыздар келип эмнеге ыйлап жатканымды сурап калышты. Мен аларга бардыгын төкпөй-чачпай айтып берип, «кызымды кайра алганга жардам бергилечи?..» деп сурандым. Анан алар аркылуу милицияга кайрылдым. Милиция кызматкерлеринин жардамы менен кызымды кайра алдым.

«САТЫП АЛГАН АДАМ КАЙРА БАШКАГА САТЫП ЖИБЕРГЕН»

Окуя тууралуу Биринчи Май РИИБинин №7-шаардык бөлүмчөсүнүн кылмыш иликтөөчүсү Замирбек Эргешов буларды айтып берди:

– Жабырлануучу бизге алган 15 миң сомду коротпогондугун айтып, кызын кайра кайтарып алам деп арыз менен кайрылганда иликтөө, издөө иштерин баштап, жоголгон наристени таап келдик. Аны саткан 1977-жылы туулган Э.Н. аттуу келин кармалды. Ал наристени 35 миң сомго сатып, 15 миң сомун энесине берген экен. Учурда ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси боюнча күнөөлөнүп, иши сотко өттү. Наристени сатып алган А.Н. аттуу келин да кайра башка адамга сатып жиберген. Учурда алар да кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Баласын 15 миң сомго сатып жиберген эне

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(26)
SUPER.KG видео
31.08.2012. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх,адамдар эмне болуп баратат???Эми адам сатыш бизнеси башталдыбы?Тороло элек бобоктун баасын бычышып да коюптур.Атасы кайда болду экен ушул окуялар болуп жатканда?Эмнеси болгондо да акырында наристе оз энеси менен!Кудай омурун берсин!
SUPER.KG видео
31.08.2012. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала бироого кор бироого зар демечи Эй туугнадар ушундай жамандытан алыс бололучу!
SUPER.KG видео
31.08.2012. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай кесирчилик баланын жытына зар болушсун, оз баласын чанган ата баш болуп, энеси кошумча болуп. Ааладан коркпогон айбандар (айбан да баласын чонойтот коргоп) келечекте ата, апа деген созго зар болсо экен таш боор, мерез акмактар.........
Айтканга башка соз жок тарбиянын жоктугу, билимдин жоктугу ананда оз жашоосуна болгон кайдыгерликтен келип чыкан койгой.
SUPER.KG видео
02.09.2012. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eh tuugandar kaida ele baratasynar
SUPER.KG видео
02.09.2012. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башын жокпу сенин озун тороп озун жок кылып жатасын
SUPER.KG видео
03.09.2012. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журналист 35мин дейт а жазылып турат 15мин деп.
SUPER.KG видео
03.09.2012. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балада эмне куноо?Баланы жаратаардан мурун ойлонушпайбы?Башы жок айбандар!Атасында да апасында да куноо мойнунда.15000 мин сомго эмне келет айткылачы.бир кичинекей китайский телевизор келиши мумкун.же бир ай жашайсын.силер кор болосунар го.бул дуйнодо и наркы дуйнодо.силерге жакшы кун болбойт.
03.09.2012. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошончо алыпсын эми татыктуу тарбияла дагы бирди тороп отурбай
SUPER.KG видео
03.09.2012. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай ишти жасабаса болот эле, бирок катачылыгын түшүнүп, кайра алганын жакшы деп айтууга болот. Чечкиндүүлүк кылыптыр, акыркы мүнөттөрүндө. Болбосо, төрөп алып, ыргытып же өлтүрүп салгандар да кездешип жатпайбы. Эмне дейбиз, кыргыз түбөлүгүн түз кылсын дечү беле... Эми наристесине мээримин төгүп, жакшы эне болушун каалайм.
03.09.2012. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сат, сат, сат! колтугундун жунун сат.
SUPER.KG видео
03.09.2012. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озунун башын жокбу? Мен озум багам озум чонойтом дебейсинби,Башы жок эне экенсин! Озун дагы акчага кызыккансында,эми актанып отурганын карагылачы.
SUPER.KG видео
04.09.2012. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
monchok- мен сага кошулам!
04.09.2012. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйоосу жок торосон,15минге сатсан кайсы бетин менен журосун?
04.09.2012. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо жараткан!!!
04.09.2012. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз колум менен бердим дегенинди окуп,денем дуркуроп кетти.Берип атканда кандай абалда болдун экен?Деги ыйман берсинчи,мындай адамдарыбызга
04.09.2012. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yiii jerge kir dese , 15000 az bolup kalsa kerek da uyaty jok dese , biroogo zar bala biroogo kor bala degen ushu eken da .
04.09.2012. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushundailardy tushunboim, bala bakkanga mumkunchulugun bolboso. Baleege toroibu. Kuioosu bolboso, kimden balaluu bolup jurot? Jatkandy bilgenden kiyin saktangandyda bilbeibi. Baga alabasa al jakka bul jakka baikush baldardy suirop emnege toroit? aldyryp salbaibi? je voobshe bolnisaga baryp jatynyn aldyryp salsyn bashy jok akmak. Ozunun barkyn bilbegen aial kantip ele balanyn barkyn bilet eken.
SUPER.KG видео
10.09.2012. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй блиин осуждайтеткенден башка не билесинер!!!Жаш кыз тыз болсо,башын айлантып салыптыр гооо!!!
11.09.2012. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдыз,конвертте кооп акча деп элестеткенсин да,эгер 150-200мин сомдой болсобу тимеле,кызынды заматта унутмаксын го!Мейли эмнеси болсо да эсине вовремя келипсин,болбосо байкуш ымыркай органга кетмек беле ким билет?Ушул кызындын кызматын кор деймин,куйумдуу,акылдуу кыз болсун!Пешенеси бар экеен,тооба,эне имиш....
SUPER.KG видео
18.09.2012. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алкаш кебете го,жур десе эле бараберген,мээси жок озундо куноо
SUPER.KG видео
06.10.2012. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тоок мээлер!
SUPER.KG видео
09.10.2014. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жылдыз 82 жылкы жалабатык кыз. ХХХ ХХХ а неля деген эже спид центрда иштечи экен. анан тиги жылдыз ХХХ ХХХ иштеп журуп бироодон боюнда болуп калат. анан аборт кылганга кеч болуп калып тороп алайын деп чечет. бир кызы бар ал азыр 5 жашта.анан неля эжеге айтат тородум кызымды багалбайм деп. а неля эже торобогон аял экен анан кел мен багып алайын деп экоо жакшыле суйлошушот. жылдыз жаны торолгон кызын озу эле берген конулу мн
Модератор admin_media түзөттү 09.10.2014 10:46
SUPER.KG видео
09.10.2014. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анан неля эже жылдызга 15 мин сом берет. после родо дары андай мындайына деп. ошо. анан жылдыз милицияларга заявления жазган нелядан кобурок акча сындырам деп. ошондой окуядан кийин неля эже соттолуп кеткен азыр турмодо. ХХХ ХХХ бул видеодо олло жудогон кыз экен. азыркы кебетеси жакшынакай кычыраган кыз. квартирада жашайт. 2 кызын нянькага бактырат. ошондой. калпычы кыз жылдыз. бул видеодон жон эле байкуш болуп жатат.
Модератор admin_media түзөттү 09.10.2014 10:45
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: