ТОНОО ҮЧҮН НАРИСТЕЛЕРДЕН БЕРИ БЫЧАКТАШКАН

№515 14-20-сентябрь, 2012-ж


Жакында Бишкек шаарындагы бир үй-бүлөгө кол салуу болуп, анын кесепетинен бир киши каза болсо, дагы үч киши оор абалда ооруканага жеткирилген. Кылмышкерлер 3 жана 11 жаштагы наристелерди да аяшкан эмес. Ошол эле күнү кылмышка шектүүлөр колго түшүрүлүп, анын биринин жабырлануучуларга туугандыгы бар болуп чыкты...

КОРООСУ КАНГА БОЁЛГОН ҮЙ
5-сентябрда кечки саат 11лерде 102 телефону аркылуу милицияга Бишкек шаарынын Кум-Арык көчөсүндө киши өлтүрүү болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келип, үйдүн ичи, короосу бүт канга боёлуп жатканын көрүшкөн. Ал эми тепкичте киши колдуу болуп каза болгон эркек кишинин денеси жаткан. Ал үй ээси Кайырбек Акимкановдун иниси, 41 жаштагы Рысбек Акимканов эле (ред.: өткөн саныбыздагы бул окуя тууралуу кабарда "үй ээси каза болгон" деп жаңылыш кетип калган). Мындан башка да 38 жаштагы үйдүн кожойкеси Миргүл Исабекова, 3 жана 11 жаштагы балдары менен бир нече жерлеринен бычактан жараат алышкан. Аларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жөнөтүлгөн. Ашканадан кылмышка далил буюм, колдонулуп, кан болгон 3 бычак табылган.

ТУУГАНЫНЫН ҮЙҮНӨ – КАРАКЧЫЛЫККА
Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя төмөнкүчө болгон. Үй ээси Кайырбек үй-бүлөсүн кечки саат 8дерде үйүнө алып келип, жумуштары менен үйдөн кайрадан чыгып кетет. Ошол убакта үйдү карактоо үчүн 17 жаштагы Бактыбек Мукашев келгенде эки баласы менен Кайырбектин жубайы Миргүл жана иниси Рысбек болгон. Кимдер бар экендигин байкаштырып кайра чыккан Бактыбек шериги Гүлжигит менен чогуу кирип келет. Алар жаш балдарды бычак такап коркутуп, акча жана баалуу буюмдарды берүүнү талап кылышат. Каршылык көрсөткөн үй ээсинин иниси Рысбек кылмышкерлер сайган бычактан алган жарааттан каза болот. Ал эми үй ээсинин жубайы Миргүл Исабекова, 11 жаштагы кызы Разия жана 3 жаштагы уулу Айдар кылмышкерлердин бычагынан оор жаракат алышат. Тонойбуз деген ойлору ишке ашпай калганын байкап, экөө эч нерсе алганга жетишпей изин суутушат. Ленин РИИБинин кызматкерлери ошол эле күнү эртең менен кылмышка шектүүлөрдү кармап, иликтөө иштерин башташкан. Жыйынтыгында кылмышкерлердин бири Бактыбек Мукашевдин жабырлануучуларга туугандыгы бар болуп чыккан.
Борборубуздагы кесиптик лицейлердин биринде окуган бала тууганын кантип тоноо тууралуу алдын ала Гүлжигит менен сүйлөшүп, экөө кылмышка бир жума мурун даярданышкан. Бул үчүн эргулдар электрошокер, оюнчук тапанча сатып алып, бычак да көтөрө киришет.
Бул окуяда каза болгон Рысбектин сөөгү кичи мекени – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна жеткирилип, жерге берилди. Ал эми Разия менен Айдар шаардык 3-ооруканада дарыланып жатышса, алардын апасы Миргүл абалы оор экенине карабай балдарын кароодо. Бул кырдаал балдардын психикасына катуу таасир этип, жарааттары айыккан соң да аларды реабилитациялоо каралууда.

“ТОНОЙБУЗ ДЕП КИРИП, КИШИ ӨЛТҮРҮШКӨН”

Бишкек шаардык ИИБинин жетекчисинин орун басары Памир Асанов:

– Кылмышка шектелип Нарын облусунда туулган 17 жаштагы Бактыбек Мукашев жана 20 жаштагы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган Абдурашит уулу Гүлжигит аттуу жарандар кармалган. Алар күнөөлөрүн моюнуна алып, эмне максатта, кантип киргендери тууралуу көрсөтмө беришти. Кылмышка шектүүлөрдүн үстүнөн Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери жүрүп жатат. Аталган кылмыш боюнча соттук-медициналык, соттук-психиатриялык жана башка экспертизалар дайындалган. Кандарында спирт ичимдиги же баңгизаты болгон-болбогону аныкталууда.

Кылмышка шектелип кармалгандар учурда Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында. Ал жакка киргенибизде экөө Гүлжигит иштеген курулуштун жанында Бактыбек жашагандыгын, ошол жактан таанышканын айтып беришти. Алардын сөзүнө караганда, Бактыбек Гүлжигитке “эжемдин үйүн тонойбуз” деген сунуш киргизген. Тоногон акчага экөө бирден машина алмакчы болушкан.
Тер коротпой арам жол менен, ал тургай наристе жээндерин бычактаганга чейин барып машиналуу болгусу келген эргулдар эми темир тор артына отурууга аргасыз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



Тоноо үчүн наристелерден бери бычакташкан

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(32)
SUPER.KG видео
15.09.2012. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш балдар экен булардын келечеги эмне болот эми?(
17.09.2012. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ииий булар жаштайынан ушундай кийин маняк болуп чыгышат го акмактар
17.09.2012. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акмак мыкаачылар экен да,кылганынарды эми мойнунар менен тарткыла,турмодо сазайынарды берсе экен мыкаачы тоногучтар...
17.09.2012. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ит экен ушундай адамдарды асып салыш керек
17.09.2012. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жапжаш еле балдар екен киши олтуруп машина айдабай еле койбойбу каяка баратабыз Кыргыз эли? Ошончолук машина айдагын келсе иште колу бутун сообу жанталашып иште жапжаш туруп ушундай ишке баргандары уят. Биз деле машина алалы уй алалы деп болок ботон жерде олбой талбай еле иштеп журобуз.
17.09.2012. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жапжаш кездерине тагырына балта чаап шайтанга азгырылып. Кыргыздар кайда баратабыз ойлонолучу Аллахтан корколу. Бул ата эне тарбия бербген эмес да балдарыбызга конул буралычы! Элдин кобу акчанын айынан базарда эле журот баласы эмне кылганы мн иши да жок.
SUPER.KG видео
17.09.2012. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кылгылыкты кылып жер карап суйлогонучу ушул ишти кылгандан коро олуп эле калбайт беленер мындай айбандарды камака отургузбай атыш керек ата энесин ойлобогон айбандар жооок дегенде силерди бул жарык дуйного алып келген ата эненерди ойлобойсунарбы олуп эле калгылачы...
17.09.2012. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото журокту эзген кабар экен,айбандардан арылуу керек,олуп эле калгыла,силерге бул коомдо орун жок!
17.09.2012. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээх чиркин жашоо кайда баратат. Ыйман берсин жаратканым ар бир адамга.
18.09.2012. 05:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozdorun da oshentip bychak menen caigylap denecin orutup anan tashbaran ga calca jakshy bolmok
18.09.2012. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип адам болуп басып журушот.кайда баратабыз?
18.09.2012. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оной акча таап,машина алгысы келген акмактар.Эмне кундор болуп жатат,ыйман берсинчи адамдарга!
18.09.2012. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тер коротпой арам жол менен, ал тургай наристе жээндерин бычактаганга чейин барып машиналуу болгусу келген эргулдар эми темир тор артына отурууга аргасыз...да булда аздык кылат экооно, арам нерсе эч качан буйрубайт....
18.09.2012. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарбия корбогон адам кейпин кийген жырткычтар,омур бою куну-туну оюнардан,тушунордон каза б.н кишинин элеси кетпей,корко берип кыйналып откуло.
19.09.2012. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шумдугун кургуур ушунчада жиндилерби
19.09.2012. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасы калып эми баласына отконго акмак
19.09.2012. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akmak eschekter,korynyp turat vospitanie korbogon baldar ekeni
19.09.2012. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинекей балдарга кантип бычак сайды акмактар, мындайлардын колун кессе да аз эмес.
19.09.2012. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болбогон байлык учун кылган иши ушул болдубу акмактардын! Кудай жазасын берсин! Турмодогу зектер буларды да кыйнасын!
19.09.2012. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы! Терен кайгыруу менен кайгынарды тен болушкум кклди, тезирек сакайып кеткиле. Манкурт болгон айбандар, биздин замандын манкуртары, билими жок, тарбиясы эн начар денгелдеги жандар. Адам деген атка татыктуу эмес макоолук жандыктар. Ааланын жазасын алгыла, каргышка калып кантип жакшы жашоодо жашайм деп ишендинер? Бироно зыян келтируу спирт ичимдиктерин ичкенден келип чыгат. Ошол себептен улам жашы 21ге толо элек жаштарга тамеки жана спирт ичимдиктерин сатууга чон богот коюлуш керек.
20.09.2012. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун. Балдар-энеси мн тез сакайып кетишсин. 17 жаштагы жапжаш колу буту аман соо балдардын мындай болушуна коом, окмот, ата-эне куноолу, биз куноолубуз. Жаш балдарга жардам корсотуу учун, турмушка кызыктыруу учун эч бир иш жургузулбой еле, телевизордо емне гана корсотпойт-анын баары наглядн. пособия-уйротуу китеби да, кайсы канал ачпа- киши олтуруу, балдар аркылуу максаттарды орундатту, бузукучулук, сойкучулук. Эмнеге Телевидениедеги программаларды - козомолдоо жок.
20.09.2012. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Школ, ВУЗ - балдарга окуудан кийин, жай айларына иш, окуу, эс алуу иштерин уюштурсак- кучтуу, акылдуу, кундо осуп онугуп турган, эмне кылаарын билбеген жаштар бош убакыт аз болот еле. Бош ертеден кечке ужастарды коруп отурса энергиялары да начар иштерге кетирип жатат да. Бир аз айлык кылып, жетишпей жаткан организацияларга стжеровкага алышса иш мн таанышып балким ошол жерде келечегин да табышар еле. Азр ишке орношуу да оор емеспи- алар опыт ала берет еле. Колун, оюн ар кайсы иштерге аралашз кк!
20.09.2012. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин да балам бар азр 3 жашта мен анын келечегинен корком- коом кандай болсо- ал да ошондой болуп калышына еч ким кепилдик бербейт. Жалгыз уй-було анча кучу жетпейт, Заманын бору болсо бору лоб, тулку болсо тулку бол- ошодунктун кудайдан болум окмотубуздогулор жаш балдарын ойлоор -чонтоктон мурда. даже уйунда акчасы толтура дамдардын балдары жаман булганган- ага да биз куноолубуз.
SUPER.KG видео
20.09.2012. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул балдарга окшогон безделниктер,кобойуп кеткен азыр кардыны только тоноо менен багып келишет .
SUPER.KG видео
20.09.2012. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
машина алгысы келсе иштеп таппайбы бироонун меенет м.н тапкан акчасына коз артпай.
20.09.2012. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай тобоо деп эле журо беришсе акча деп адам олтурбой.
SUPER.KG видео
21.09.2012. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олум жазасын мыйзамдатыш керек ошондо мындай кылмыштар азайат.мындай иттер озулор олумдон оло коркушат
22.09.2012. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баш иштебесе
Буттун шору деп
Ата бабаларыбыз бекер айткан емес
SUPER.KG видео
23.09.2012. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
байкуш балдар эми эмне болот тагдыры жаш еле балдар екен
23.09.2012. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх булар адам баласы эмес айбангада тенеш кыйын жыпжыланач кылыпле ачка плошатьтын так ортосуна байлап койюш керек башка ой кыска арам ойлоргода сабак болот ыйман берсин аллахым кыргызыма буларды коруп алдынкы келечектен коркосун
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: