МЕКТЕП РЭКЕТИ –ЖАЛПЫ КООМЧУЛУКТУН КӨЙГӨЙҮ

№516 21-27-сентябрь, 2012-ж


Акыркы убактарда мектептерде окуучулардын бири-бирине үстөмдүк жасоосу, акча талап кылууга байланышкан фактылар көп кездешүүдө. Өкүнүчтүүсү, бул көйгөйдүн айынан кээде жаш өмүрлөр жайрап калууда.

«БИЗ МЕНЕН ИЙИЛИП УЧУРАШКЫЛА!»
11-сентябрдан 12сине караган түнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы С.Ташиев атындагы мектептин 10-классынын окуучусу токмоктон каза болду. Бул түнү аталган мектептин 20 чакты 10-11-классынын окуучулары өз ара келишпестиктерди чечип алмакчы болуп Кара-Үңкүр дарыясынын жээгине «разборкага» чогулушкан. 11-класстын балдары 10-класстын балдарын «биз менен ийилип учурашкыла!» деп «тарбиялап», катарга тизип алып төштөрүнө уруп чыгышат. Катуу урулган соккудан улам 1996-жылы туулган 10-класстын окуучусу Кененбай Кубанычбек уулунун кабыргасы сынып, ооруканага жетип каза болгон.
Мушташка катышкан 11-класстын окуучулары милицияга сурак берип, төрт баланы ошол жерден камакка алышкан. Иш облустук ИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. ОИИБинин маалымат катчысы Аида Зулпукарованын айтымында, бул факты боюнча «киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ал эми аталган мектептин директору Чолпонай Жулчиева жумушунан алынып, тарбия иштери боюнча директордун орун басарына жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына сөгүш берилген.
Каза болгон Кененбайдын атасы Кубанычбек Туркменов «уулум мурун эч качан мектептеги уруп-сабоолор тууралуу айткан эмес» деп, төмөнкүлөрдү кошумчалады:
– Кененбай ушул жашка келип эч ким менен жаман айтышып, мушташкан эмес. Менин уруксатымсыз эч жакка да чыкчу эмес эле. Биздин үй окуя болгон жерден 2,5-3 чакырым алыстыкта, уулумдун уюлдук телефону да жок, кантип чакырып алышты билбейм. Кылмышка шектелип кармалгандардын арасындагы Кыял, Өмүрбек деген балдар бир жыл мурун да массалык мушташка катышып, ажыраткан мугалимдерди да укпай коюшкан экен. Ошондо бул райондук деңгээлде каралып, кайра жабылып калган. Мүмкүн, ошондо жакшы бир чечим чыкса, бул иш болбойт беле?.. Уулумду сабап өлтүргөн балдардын ата-энелери келип кечирим сурашты, бирок мен кечирбейм. Алар да өз жазасын алышсын!

«КАРАЛАР» МЕКТЕПТЕРГЕ «СМОТРЯЩИЙ» КОЮШАТ
Мектепте рэкет бар экендигин баары эле моюнуна алат. Көбүнчө аларга 5-9-класстын окуучулары кабылат. Кенже класстагыларды жогорку класстын окуучулары салык төлөөгө мажбурлашат же жөн эле ур-токмокко алышат. Бирок мындай зомбулукка кабылган балдар окуяны эч кимге айтпайт. Кээде мектеп жетекчилиги да билип туруп кошумча көйгөйлөрдөн чочулап, жаап-жашырууга аракет кылышат. Анан да мындай көрүнүш кыздарга, жаш балдарга чейин жеткендиги кооптондурат.
Мисалы, биз мурунку сандарыбыздын биринде Бишкектеги №54-мектептин беш окуучу кызы классташын мазактап сабаганы тууралуу иликтеп жазган элек. Ал беш «баатыр» кызга милиция тарабынан кылмыш иши козголгон. Бул ишти Биринчи Май райондук соту карап, 5 кызга тең кылмыш ишин токтотуп койгон. Бул жерде биздин соттордун «гумандуулугунан» улам күнөөлүүлөр эч кандай жаза албай калышкан.
«Мектеп – коомдун күзгүсү» деп айтылат эмеспи. Балдар айлана-тегерегинде көргөнүн кылышат, туурашат. Алар тер чыгарып иштебегендер байып жатканын, кылмышкерлер кылган кылмышына мактанып, ал кылмышы үчүн жазаланбагандарын көрүп жатышат. Кылмыш чөйрөсү «абактагылардын муктаждыктарына акча чогулткула» деп мектептерге өздөрүнүн «смотрящийин» коюшары да айтылып жүрөт. Мектепте абакта жаткандар үчүн акча чогултуп жатышса, балдар ал жактан кандай түшүнүктө тарбияланып чыгышат?..

КРИМДҮЙНӨГӨ АРАЛАШПАГАНДЫГЫ ҮЧҮН СОЮП КЕТИШКЕН
Жакында Казакстандын Түштүк Казакстан облусунун Арысь шаарында да кайгылуу окуя болуп өттү. Күндүзү эле шаардын так ортосунда топтошкон өспүрүмдөр Мадияр Нурулла уулу аттуу 17 жаштагы өспүрүмдү бычактап өлтүрүп салышкан.
Каза болгон өспүрүмдүн туугандарынын жана жакындарынын айтымында, өлтүрүүнүн себеби, Мадиярдын шаардык жаштардын криминалдык жашоосуна аралашкысы келбегендиги болгон. Кылмыш дүйнөсүнүн мыйзамдарына ылайык, бул жашоодон баш тартуу чакырыгы катары эсептелип, өспүрүмдүн ырайымсыз жазалануусуна алып келген. Мадиярдын ата-энеси полицияга бир нече ирет кайрылышса да, оң жыйынтык чыккан эмес.
«Бул облус бүгүнкү күндө криминалдык анклавга айланып, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо кызматтары алсыздыгын көрсөтүп, кээде кылмыш дүйнөсү менен кызматташып келет»,- дейт Мусулмандар союзунун Казакстандагы филиалынын жана Борбордук Азия мусулман комитетинин жетекчиси Сырлыбек Мусабеков. Ал казак бийлигин кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө чакырып, кылмыштуулук токтобосо эл өзү колуна курал алып, шаар көчөлөрүндө тартип орноторун билдирүүдө.

БЫЙЫЛ 9 ФАКТ КАТТАЛГАН
ИИМдин маалыматына караганда, республика боюнча өткөн жылы 24, үстүбүздөгү жылдын 8 айында 9 мектеп рэкетчилигине байланыштуу кылмыш иши козголуп, соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Учурда республика боюнча 2 миллиондон ашуун жаш өспүрүм бар, алар менен иштөөчү тескөөчүлөрдүн саны 426 гана адам. Бул ар бир тескөөчүгө 4 миңдей өспүрүмдү тейлөөгө туура келет дегендик. Бул да болсо өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун өсүшүнө өз таасирин тийгизет. Учурда ИИМ дагы башка беш министрлик менен бирге өспүрүмдөр арасындагы рэкетчиликти жоюу боюнча иш алып барууда.
Бешиктен бели чыга элек балдардын ээн баштыгы, мектеп рэкети – бир эле мектептин эмес, жалпы коомчулуктун чоң көйгөйү. Жеке эле мугалимдерди күнөөлөй бербей, ата-энелер, коомчулук да кол кабыш кылса... Мектептердеги рэкет менен коомчулук, ата-энелер түп көтөрүлүп күрөшүп, алдын албаса, жалгыз мугалимдер менен укук коргоо кызматтарынын колунан оолуккан өспүүмдөрдү токтотуу келбечүдөй болуп калды.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу

МЕКТЕПТЕГИ РЭКЕТЧИЛИКТИ КАНТИП ТОКТОТСО БОЛОТ?

Канат Садыков, Билим берүү жана илим министри:
– Быйыл мектептердеги рэкетчиликти жоюу үчүн беш министрлик тарбиялык иштерди чогуу жүргүзүүгө кол койдук. Буюрса, биргеликте иштесек, мектептеги кылмыштуулук жоголот деп ойлойм.

Гүлжамал Абдирасулова, студент:– Менин оюмча, ата-энелер менен мугалимдер балдарга жакшы тарбия бериши керек. Рэкетчилик тарбия жетишсиздиктен улам келип чыгат. Бирок ар бирокуучу өзүн жакшы алып жүрсө, тың болсо, ага эч ким тийишпейт.


Азамат Сыдыков, студент:
– Рэкетчилик буга чейин эле болуп келген жана боло берет. Салык салуу, ээн баштыкты токтотсок, буга чейин эле токтойт эле го... Катуу чара колдонсок, балким, азаят болуш керек, бирок токтобойт.

Базаркул Маматкулов, юрист:
– Мектептин жетекчилиги милиция менен чогуу иштеп, рэкетчиликти жойсо болот. Ал үчүн мектепте тартип катуу болуш керек. Ата-энелер да мугалимдерг
бат-бат жолугуп, балдарынын окуусунан, тартибинен кабардар болуусу абзел.

Даниза Орозакунова, мугалим:
– Мектептеги рэкетчиликти балдарга туура тарбия берип алдын алсак болот. Мектептерде адеп сабагы көп окутулушу керек. Окуучуларды кантип адептүү, тарбиялуу болууга окутсак, жакшы жыйынтык чыгат.

Эрлан Нурлан уулу, окуучу:
– Менин оюмча, мектептин тегерегине жана ичине видеобайкоо орнотуп, ар бир окуучунун эмне кылып жатканын карап туруш керек. Ошондо рэкетчилик жок болот.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Мектеп рэкети - жалпы коомчулуктун көйгөйү

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(50)
24.09.2012. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супр инфо устомдук жасоо деген соз айкашы жок..
25.09.2012. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tendik, сиздин оюңузча кандай болуш керек эле, үстөмдүк кылуу, үстөмдүк жасоо бирдей эле маанини берет. Менимче, текстте туура эле берилген. Сиздин сыныңызды жүйөсүз деп эсептейм.
27.09.2012. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AGAT, күндүн экинчи жарымы - түштөн кийин деген маанини берет дегендейби..
27.09.2012. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
же, хулигандык кылуу, хулигандык жасоо деген бирдей маанини береби? эмне маани бергиси келип атканы албетте түшүнүктүү, бирок деңгээли төмөн.
24.09.2012. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
But baary uidogu tarbiyadan!!!!!!
24.09.2012. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бундай нерсени жоготуш учун мамлекетте зокон кушту иштеши керек мисалы Кытай мамлекетиндей же Рассияны да алсак болдот а бизде бут органдарда пара алышат бундай кетиште эч качан токтобойт
24.09.2012. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мселени чечуу учун жаны нерселерди ойлоп табыштын кереги жок, бар тартипти, жазылган законду САКТАШ керек, чондор баш болуп,органдар тош болуп.
24.09.2012. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кылмыштуулук жоголот деп ойлойт экен министр..
25.09.2012. 05:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men dele aildagy mektepte okup chonoigom andai nerce jok bolchu.bishkekte 9 jildai jashadym ushundai nercelerdi ugup jurogum ezilchu oshogo jarasha balamdy da chet olkogo alyp ketip kaldym balam azyr 5 tildi bilet reket degen nerceni bilbeit kudaiga shugyr.Anan curoo berishet emnege chet olkogo kachacynar dep?kreclodo oturgandar chara koldonboco myndai nerce bolo beret myndaiga jaza koldonush kerek, turmogo oturgyzat andan xuje bolup chygat andan bashka jaza koldonush kerek oshondo toktoit.
25.09.2012. 05:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
balandan ech nerceni aiabai chonoitocyn bir zamatta bir ergul oltyryp koiot jan chygat, bashka ech nerce kyla albaicyn,daje cotko akcha berip kutulup ketet.Kyrgyztan menin jerim baryp jashagym kelet birok mektepte reket,kochodo zorduktamai,anan balandyn kelechegin kantip kura alacyn.balamdyn kelechegin oilop chet olkodomyn kudaiga shugyr.
25.09.2012. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бешиктеги баланын бек болоорун ким билет! Тартиби жок баланын ЗЕК болоорун ким билбейт!
SUPER.KG видео
25.09.2012. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң эле таза чөйрөө мектепте ушундай көөндү ооруткудай иштер болуп жатса, ушунчалыкты тартипке сала албаган мамлекет, мыйзамды эмне деп түшүнсө болот? мектептен балдар кайтканда, мектепке барганда атайын куралчан аскерлер мектеп дарбазасында балдарга көзөмөл болуп туруш керек, сыноо (экзамен) күндөрү да атайын сакчылар көзөмөлдө туруш керек. Кытайда ушундай кам көрөт
25.09.2012. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мектепке камера коюштун кажети жок,себеби бул уруштар мектептен сырткары болуп жатпайбы. Ар бир баланын озуно кудай ыйман бербесе,биздин колдон эч нерсе келбейт. Мугалимдер да ошончо баланы сабактан сырткары козомолдой алышпайт. Ата-эне дагы эч качан жаман жолго барсын дебейт,азыр жашоо шарты кыйын,мен айтпасам да белгилуу,анан алар иштеп журушуп тарбия бергенге убактылары жок болуп жатат,менимче
25.09.2012. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынан дагы черныйлар мектепке смотрящий койгондору кызык экен.Бул эми жөн эле сөз болсо керек.Эгер чын эле ошого жеткен болсо ал "черный" эмес "непут""обиженныйлар"
25.09.2012. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не деп эле жазгансынар, такыр тушунбодум???
менин кенешим тээ кун батыш кинолорун кинотеатрдан коюшса эле болду калганы, АЛЛАга шугур болот!!!
26.09.2012. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланын тарбиясы ата энеден башталат.канчалаган ата энелер балдарын таштап чет олкодо иштеп журушот.бул да болсо балага тарбия жетишпестиктен.закон кучтуу болгондо паракорлук жок болгондо тартип да кучтуу болмок.
26.09.2012. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба бир жагынын ата эне да куноолу болот эгерде балага толук тарбия бербесе бирок мындай корунуш ар бир мектепте кунуго боло турган иш баарынын ата энеси жок эмес мен билгенден анан мен врачына да ишенбейм значит акча уже иштеп жатат ошон учун закон колдонуш керек менин да балдарым бар эгерде чын эле врачтын айтканы чын болсо эми кантип ишенебиз калп болсо да кимге ишенесин билбейм байкуш бала жаткан жери жайлуу болсун!ата энесине кайрат айтам кудайым мындайды эч бир ата энеге бербесин!
26.09.2012. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мектепте айрым мугалимдердин озунон баштап тарбиялаш керек себеби озунор деле кубоо болсонор керек мектепке чогулуш дегендерге барганда коруп тан каласын мугалимдердин кийген кийими менен тырмактарын коруп анан партада отурган окуучу кызды карасан айырмасы жок .ооз коз жада калса чачын сапсары кылып боегон кийгендери шорта ушундан коро кыргызстан боюнча эле илгеркидей форма кийгизбейби арзан дагы ата энеге.ошондуктан мен ойлойм мектеп жашынын тарбияны катуу эле кылса кичине сезим деген
26.09.2012. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милиция кызматкерлери бизде өтө эле төмөн дэңгээлде иштешет аларга да акча бериш керек анан ишти карайт себеби мамлекетибиз кембагал аларга айлык маянасын аз төлөйт ошол мушташкан балдар да акча деп бирин бири сабашат азыр баардык жэрде акча роль ойноп калды!
26.09.2012. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ek daiyma ele owol reket, da blin kantip toktotovus deisiner,buga birin4iden ata ene kunolu erteden ke4ke iwte, apa men degi4e bolboi ei barchy charchadym dewet, 2 mugalimder bailardyn baldaryn karawat ai munun atasy ai tiginin apasy dep, a kolunda joktor e koi4u any dep koiuwat, 3 janyndagy dostoru, oba men syr kylbaim mende da owondoi u4urlar bolgon tur wikalad alyp kel tur suuu satyp kel, ak4a ber desen jok ak4a dewet,men senden barby jokpu suragan jokmun ber dedim i vse,myna owondon bawtalat
28.09.2012. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kani95, жок деп айтпайм, бар, бирок минтип ойлогонунуз 100% чындыкка жатпай калат... элибизде "бир карын майды бир кумалак чиритет" деген макал бекеринен айтылбаса керек...
26.09.2012. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azyr uje kevirde karasan kartaigycha reketter bar, kazak kinosun korup o men da owondoi derzkii bolom dewet, vory v zakone, dedavwina,terpila tigi buuu dep 4ygara beriwet, bizdin okuu jaida juruwot ozdorun mafi9 dep koiup baldarynan kyzdary awat kettik tigi kohaga pon9tie ku9byz dep, eeeeeek bary bir kan4a areket kylsanar da toktoboit al u4un ozdorovitelnyi sentr dagy jakwy nerselerdi a4yw kerek, truba jinge tiiwet ozun4e ele eptep ele birdeme dep suilop koiot ustudogulor.
26.09.2012. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз да мылтык алып озубуздун жарандарыбызды озубуз коргошубуз керек болуп калды. Милициянын катарына баргым жок,бирок ушундай криминалитетти тазалаш учун жанымды сайып койуп барат элем.Жадатты коомдун чириндилери.Аларды иттей атып жок кылуу керек.
27.09.2012. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер ар бир адамда 3нерсе болгондо. Ал озун мектептен да жашоодон да коргозо алат.
1.Ыйман
2.Спорт
3.Билим
27.09.2012. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен мектепте иштеп, ушул маселе боюнча райБББнун башчысына кайрылгам:Мектепке милициядан охранник коелу деп. Жооп: Милиция жетишпейт экен. Андан коро айлык болуп калсын деп, эч ким тоготпосо да тууганын охранник кылган жакшы да азыр. Ата-энелер айлыгын толоп берет. МЕктеп рекетчилиги боюнча семинарда райИИМдин орун басарына суроо берсем, ачык эле колдон келбейт дегендей жооп узатты. Билим Министиринин жообун болсо окудунар, ушул да жоопбу!?
27.09.2012. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айлыктарын которуп койду убагында Бакиев, анан неге милиция жетишпейт. Эмнеге мектептеги, уйдогу болгон окуяга мугалим жооп бериш керек, туну кошо жатпаса, жанында журбосо, болгону крайний адам керек, эсил кайран СССРдин идеясынан арылалбай жатабыз. Видеонаблюдение коюу дегендерге да кошулам, бирок тигинтип кылмыштар ата-энесинин алдында эле болуп жатпайбы, айтоор жыландын куйругун басып кана журобуз, а башы тируу!!! Урматтуу ата-энелер! Балдыранарды катуу козомолдобосонор башка арга жок!
27.09.2012. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тартип жоктугунан келип чыгып атат мындай корунуштор!
28.09.2012. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fanat.kg, бир гана тартип эмес, "Ислам, ыйман" жоктуктун кесепети да...
27.09.2012. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тартипти темирдей бекем кылып орнотуш керек!
28.09.2012. 05:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мектептеги рэкетчиликти тез арада жойбосо болбой калды. Балдар мектепке баргысы келбей калат. Анын устуно мектепте мугалим озу да балдарга бирдей мамиле жасаш керек. Улуттук № 5 мектепте балдарды кемсинтуу жана болуу бар бул 8-класстын мугаминине таандык. 8-М1 (былтыркы 7-М1) классынын класс жетекчиси.
29.09.2012. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байлардын балдарынан чыгат ушул биз да окуп жургондо ушинтип биздин класстын балдарына 200сомдон чогулткула деген экен эжекебиз билип калып крутой балдарды бетине бирден чаап келген анан тынчып калышкан. Баары келип воспитания жоктугунан чыгат.
29.09.2012. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде акылга сыйбаган нерсе, балдар тундо урушуп жатышат. Ал эми мектеп директору иштен айдалып, жазаланып жатат. Мектеп директорунун эмне куноосу бар, тушунуксуз. Бул балдар тунку сабакта журушобу же? Ата-энелери деген кайда журот балдарын тундо жонотуп коюп?
29.09.2012. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал эми мектептеги рэкеттерди жок кылыш учун, ошол мектептин рэкетмин деп жургон балдары менен иш алып барыш керек.Атайын уюм тузуп, ар бир класстын атаманмын дегендерин топтоп алып аларга тушундурмо бериш керек. Бейбаштык кылган, талап-тоногон балдарды кармап келуусун, эгерде мектеп ичинде мындай жаман корунуштор болсо силерди айыпка тартабыз деп айтыш керек. Жалан эле окуучуларды эмес мугалимдерден дагы кандайдыр
29.09.2012. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалан эле окуучуларды эмес мугалимдерден дагы кандайдыр бир акча чогултуу, бир-биринен кемсинтуу жб. нерселер болсо баарын ушул уюмга айтыш керек.
30.09.2012. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен мактанбайм бирок оюмду айтам мен да мектепте окугам,и ушундай нерсеге кабылгам мен да...бирок биздин айылда "дедовщина"-деген нерсе жоголгон... Аны айылдын эле,силер айткандай смотрящий токтоткон...Бир адамдын колунан келди ошол нерсе...азыр ал мектепке барып окуучулардан кабар алып турат. Токтотсо болот ар бир мектепте ушул нерсеге каршы уюм ачылып,ушул иш боюнча иштеш керек.... Менин жеке оюм.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: