Чубак ажы Жалилов, экс-муфтий: «ЖОЖДО ОРУН ЖОК, МЕДРЕСЕДЕ ОКУГАНГА АРГАСЫЗ БОЛГОМ»

№517 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж


Чубак ажыны тааныбаган кыргыз жок болсо керек. Ал ислам дининин негиздерин мыкты билген, сылык-сыпаа, сөзмөр киши катары элге сиңди. Анан да 2 жыл муфтий болуп иштеп турганда артынан жакшы да, жаман да сөз ээрчиди бул адамды. Андыктан Чубак Жалилов менен кенен маектештик.

Чубак ажынын...
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Бай-Мундуз айылы.
Туулган жылы – 1975-жыл, 21-январь.
Билими – Бишкек Ислам институту. Мекке шаарындагы Араб тили институту жана Умм ал Куро университетинин шарият факультети. Үй-бүлөлүү. 3 уул, 2 кыздын атасы.
Өкүнгөнү – Жумушка кадр тандаган «таразалардын» бузулуп баратканы.
Бир жолу унаасын сатып, акчасына чет өлкөдөн
1 тонна 700 килограмм салмакта китептерди алдырткан. Учурда үйүндө
5 тоннадай китеп бар. Бир күндө адабий китептерден 500 беттей окуйт.Музыка укпайт. Учурда жазган эмгектерин китеп кылып чыгаруунун камында.

– Чубак мырза, сиздин дин жолуна түшүүңүзгө ким түрткү болгон?
– Атам себепкер болду. 1992-жылы мектепти аяктап, Түркиядагы бир университеттин экономика факультетине тапшырып, өтүп кеттим. Бирок атам макулдук бербеди, «ал жактан кыйналасың, тил билишиң керек» деп токтотуп койду. Көрсө, атам каражат көйгөйүн ойлогон экен. Кыргызстанда эле окуюн десем, бардык окуу жайларда орун толуп, Бишкекте бир гана медресе калыптыр. Атам «медресеге тапшыра бер, арабча үйрөнсөң, балким, элчи болуп кетесиң» десе, апам «Мусулманкул ажыдай болуп, эл кадырлаган адам болосуң» дешип, айтор, мени көндүрүштү. Ошентип, медреседе окууга аргасыз болдум. Тагдырым дин илимине байланды.

– Пендебиз да, сиз деле кээде ачууга алдырып, ооздон орой сөздөр чыгып кетеби?
«Жок, андай болбойт» десем калп айткан болом. Мен деле адаммын да, жумушта, кээде үйдө пикир келишпестик чыкса, орой тилди колдонуп койгон учурлар сөзсүз болот. Андайда ыңгайына карап кечирим сурап, жасалма болсо да жакшы мүнөз күтө калганга аракет кылам.

– Сиз тууралуу «мүнөзү чорт, көңүлүнө туура келбеген киши менен сүйлөшпөй коёт» деген кеп уктум эле...
– Муну моюнга алам. Мүнөзүмдүн чорт экени чындык, бул мендеги «жымсалдамай» деген ыкманын жоктугу. Же болгон нерсени бурмалабай, түптүз бетке айтканымдын «жемиши». А бирок «жактырбаган кишиси менен сүйлөшпөй коёт» дегениңе кошулбайм. Убагында Аскар Акаевдин «элимдин жаркын келечеги үчүн кээде өзүмө жакпаган адамдар менен сүйлөшүүгө мажбур болом» деп айтканы бар. Мен да муфтийлик кызматта иштеп, дал ушул нерсени баштан өткөрдүм. Саламдан башка сөз айткың келбеген адамдар менен чогуу чай ичип, сүйлөшүп, маселе талкуулаганга аргасыз болдум. Мына азыр жактырбаган адамдар менен сүйлөшпөй койсом болот, укугум бар (күлүп).

– Ээрчиген ушак сөздөргө көңүл бурбай коюу сиз үчүн кыйынбы? Келинчегиңиз кандай кабыл алат?
– Албетте, далилсиз ээрчиген сөздөрдүн үй-бүлөгө да таасири тиет. Келинчегим кадимкидей капаланып, ал тургай кээде ыйлаган учурлары да бар. «Бул жакта жашабай, Базар-Коргонго кетип калалы» деген сөздөрдү айткан. Андайда «элдин оозун кантип жабам? Сөз айтыла берет, Меккеге качып кетмек белем?» дейм. Баарын сабырдуулук менен кабыл алып, кээде «ит үрө берет, кербен жүрө берет» деп кутулам.

– «Адистик жана аял тандоодо жаңылбаш керек» деп коёт. Сизди өйдө-ылдыйда колдоп келе жаткан, албетте, келинчегиңиз. Өмүрлүк жар тандоо жагы кандай болду?
– Турмушка аттанганда мен 24тө, келинчегим 17 жашта болчу. Жаңыдан институтту бүтүп, университетте мугалим болуп иштеп баштаган жылы таанышып калганбыз. Болочок жубайым анда 1-курстун студенти эле. Элдикиндей «сүйүү-күйүү» эмес, биздикин «бактылуу кокустук» десе жарашат. Ата-энем «жашың келип калды, үйлөн» дей бергенинен университеттеги кыздардын тизмесин карап чыктым (күлүп). Сузактан же Ноокенден, кыскасы, Базар-Коргонго жакын жердин кызы болсо деген ойлор бар эле. Анткени ата-энелер үчүн бул маанилүү эле, кудага барышат дегендей. Ошентип, Өзгөндүн кызын тандадым. Атама көрсөтсөм, «жоолук салынып, узун көйнөк кийип, этек-жеңин кирдетпей кийип жүрүүнүн өзү эле чоң эмгек» деп баа берди. Мен да жоолук салынып жүргөндүгү үчүн пикирибиз бир болсо деген жакшы ойлор менен жактыргам. Сүйлөшүп көрүп, кыргыздын салты менен кудалашып, 1-2 айдан кийин эле баш коштук.

– Түшүнүшүп жашап кетүү жеңил эле болдубу анан?
– Илимпоз, айрыкча молдонун аялы болуш өтө кыйын. Меккеде окуп жүргөндө кийим сатып албай, жеп-ичпей китеп топтодук, азыр ал китептер – менин байлыгым. Балким, ошол кезде аялыма көйнөк же мончок алып беришим керек болгондур, бирок унчукпай, туура түшүнө алды. Кээде аялдык кылып кылык-жоругун көрсөтүп коюшу мүмкүн, биз аны түшүнүшүбүз керек. Азирети Умарга бирөө «менин аялым ажаан чыкты» деп арызданып келсе, дал ошол маалда Азирети Умардын аялы да күйөөсүнө кыйкырып жаткан экен. Келген киши «ишенген кожом сен болсоң...» деп кайрылып жөнөп калса, Азирети Умар токтотуп, «аялың сага төрөп берсе, жашооңдо шерик болуп, үй ишин аркалап келе жатса, анан ошол алсыз аялдын ачуусу келип бир кыйкырып койгонун көтөрө албасаң, сенин эркектик касиетиң кайда?» деп айткан экен. Аялымды периште деп айта албайм, Кудайга шүгүр, тагдырыма ыраазымын.

– Балдарыңыздын сиздин жолуңузду улантышына каршы болбойт белеңиз?
– Уулдарымдын бири дин жолуна түшүп, илимдүү болушун каалайм. Бирок мажбурлабайм, анткени башка тармакка караганда дин жолунда жүрүү өтө жоопкерчиликтүү. Эл сенин тамак жегениңди, баскан-турганыңды, катуураак жөтөлгөнүңдү деле карай берет, кыскасы, ар дайым микроскоптун алдындасың.

– Андай көрүнүшкө кандай реакция жасайсыз?
– Элге пайдам тийип жатыптыр дейм. Муфтий кезимде жардамчыларым «уят болот» деп, базарга барышыма тыюу салышчу. Кээде жупуну кийинип барсам да, «этикет сакталышы керек, протокол бузулбашы керек» деген болор-болбос нерселер бар, ошолорду айтып калышчу. Бирок мен жашырынып эле базарга кетип же дүкөндөргө кирип соода кылып чыкчумун, протоколду бузуп.

– Үйдө 3 бөлмө толо китеп деп калдыңыз, мунун баарын качан окуп бүтөсүз?
– Менин бир өзгөчөлүгүм, китепти ушунчалык тездик менен окуп, ошол маалымат менин эсимде биротоло сакталып калат. Чыгарма окусам, өзүмчө эле «сюжетти кайдан алган, кимден уурдап алды экен?» деп изилдей бермейим бар. Бул адат менде бала кезден бери бар. Үйдөгү китептердин салмагы 4-5 тоннага жетип калат го, алардын ичинен кандай китеп бар же жок экенин жатка билем.

– Сиз муфтийлик кызматтан ден соолугума байланыштуу кеттим дедиңиз. Бирок бул жоопко эл анча ишенбей турат. Кызматтан кетишиңиздин башка да себеби бардыр...
– Ден соолугум бир аз начарлап турган, бирок ошол ден соолук менен деле иштей берсем болот эле. Мени «кетип кал» деше электе өзүм кетип калууну туура көрдүм. Кир болуп, баткакка баткым келген жок. Колдон келишинче эл-журтка кызмат кылдым. Кызматтан кеткенде «митингге чыгат элек» дегендер четтен чыкты, болбодум. Эң башкысы, элдин ыраазычылыгын эске алдым.
Өткөндө базарга барып бир кызык окуяга туш болдум. Бирөө келип банан берет, бирөөсү баштыкка салып алмасын берет, «үйүңүзгө алпарып балдарыңызга ооз тийгизип койсоңуз. Биз сизди телеканалдан көрүп турчубуз, сыйлайбыз» дешти. Эки колум баштыкка толуп кетти. Ошондон тарта базарга баргандан тартынып калдым.
Эки жылдын ичинде мени колдоого алгандар да, душман санагандар да чыкты. Атын айтпай эле коёюн, бир жолу бир депутат менин кабинетиме чейин жулунуп кирди. Мен нөөмөттө турган милицияны чакырып «бутуна ат» десем, «бул депутат, кол тийбестиги бар» дейт. «Анда менин кабинетим да кол тийгис, эмне үчүн кирип келет?» деп ары-бери болуп кеттик. Кийин Жогорку Кеңешке барсам, ошол депутат «менин айтканымды аткарсаңыз, сизге асылбайм» дейт. «Каалаганыңды кыл» деп басып кетсем, кийин да асылып жүрдү.

Автандил Добулбеков
Ташболот Досалиев
politika@super.kg



Чубак ажы Жалилов, экс-муфтий: "ЖОЖдо орун жок, медреседе окуганга аргасыз болгом"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(28)
01.10.2012. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул адамды мен абдан сыйлаймын бар болсун! Супер инфо ошол маклук депутатты ким экенин, эмне талап кылганын тактап сураш керек эле да, корунуп тургандай кемтериндик кылып айтпады Чубак ажы, такап сураш керек эле.. Эми ал депутат куноосу жоктой оз ордунда иштей береби, ким аны жоопкерчилике тарта алат???????
01.10.2012. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чубак ажыдай кыргыз инсандары коп болсо Мамлекетибиз туура жолго тушот эле деген ой келет.
Чубак ажы, Сизге бекем ден-соолук жана бакубат жашоо каалайм! Бар болунуз! ЖАРАТКАН АЛЛАХ ТААЛАМ сизден ыраазы болсун!
01.10.2012. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен эркекмин,мен эркекмин дейбиз. Кана эркекмин дегендер ушу Чубак Ажыдай боло алабызбы? Кыйын...! Ажы аке Алла-Таала сизден ыраазы болсун. Уй-булоолук бакыт каалайм.
01.10.2012. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз элине аяабай пайдасы тийди! Аллах ыраазы болсун.
01.10.2012. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чубак ажы элибизге чоон салым кошту.муфтиятты ажылыкты да бир калыпка салды эле.бирок биз Чубак ажынын баркын билбей койдук.акыркы сапары Биздин Кара Кулжа районунда болду ошол кезде ооруп жатса да Максат Ажы бишкек казысы ж.б.болуп келишкен экен жума куну.Аллах ийгилик берсин.
01.10.2012. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чубак ажынын ыйманычалык ыйман биздин депутатарыбызда болсо коорупсия деген нерсе болмок эмес,АЛЛАХ ыраазы болсун сизден,элибизге кооп коп дуба кылып койун.
04.10.2012. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах раазы болсун сизден,биз сиз менен сыймыктанабыз, Сабырлуу болун.
SUPER.KG видео
06.10.2012. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
jakwy adam, Alla raazy bolsun!
SUPER.KG видео
06.10.2012. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алла ыраазы болсун,сизге!ЖАкшы инсан.
SUPER.KG видео
06.10.2012. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
alla raazi bolsun Chubak AJi.. Suylogonunon ele bilinip turat jakshi adam ekeni...
SUPER.KG видео
06.10.2012. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sizge iigilik kaalaim Alla raazy bolsun...
SUPER.KG видео
06.10.2012. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чубак ажы чыныгы билимдүү инсан.Биз жакшыңын да кадырына жетбейбиз.
SUPER.KG видео
06.10.2012. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
апыртат деселе апыртат, ажылык так сенин доорунда акмактыка айланды урматтуу Чубак ажы, ал эми сен кыйын болсон озун сотко берип катынча даттанган кишилеринден айрымаланып реформа жургузот элен! кайдагы акин, базарбай, бакыт деген шилундарга бийлигинди берип отурдун! ушу суперге жакшы акча толойт окшойсун сен, ажылыктан калган чотурларынан
SUPER.KG видео
06.10.2012. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
жашында кандай болгонсун мен билбейм Чубак ажы бирок созго так жооп бергенин мага жагат бирок Жуманов жакшы жигит болчу сен дагы озунду жакшы карап жур сага ийгилик
SUPER.KG видео
06.10.2012. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
genetsvale озуна карап суйлосон сен кимсин озунду билип жур!Чубак ажы Алла раазы болсун сизге сиздин уйбулонузго тынчтык каалайм
SUPER.KG видео
07.10.2012. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Во имя Аллаха, милостивого, милосердного!
хадис Альбухари. Пророк Мухаммад С.А.В сказал:Кто верит в Аллаха и в Последний день пусть говорит благое или молчит!
Сура 17.36 аят, аль-Исра «Ночной перенос»
Не следуй тому, чего ты не знаешь. Воистину, слух, зрение и сердце – все они будут призваны к ответу.
Всевышний Аллах говорит: «Поистине верующие братья». И сказал АЛЛАХ: «И вспомните когда вы были врагами и Он сблизил ваши сердца, и вы стали по Его милости братьями».
SUPER.KG видео
07.10.2012. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пророк Мухаммад (с.а.с.) сказал: «Берегитесь ваших мыслей. Поистине, эти мысли ложь. Не завидуйте друг другу, не шпионьте друг за другом, не вздувайте цены друг другу, не ненавидьте друг друга, не отворачивайтесь друг от друга, не сбивайте цены друг друга, но будьте, О слуги АЛЛАХа! - братьями». (Передал Бухари).
SUPER.KG видео
07.10.2012. 06:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу genetsvale сен дагы жазат десе жаза бербестен кичинее ойлонууп жазсан бул ажылык сапарына барбай кылышса Чубак Ажы бир себепчи эле болуп калган сен ушул создорун учун акыретте "АЛЛАХ"ка кантип жооп берем деп бир жолу болсода ойлондунбу;- анан сен намаз окуйсунбу окусан "АЛЛАХ" ыраазы болсун окубасан башта, анан динде эч кандай бийлик болбойт эгерде кимде ким Кыргызыстан МУСУЛМАНДАРЫН башкарам деген болсо ал адам адашат.
"АЛЛАХ"сизден ыраазы болсун Чубак Ажы
07.10.2012. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боблгону биз Кыргызстан мусулмандары, татыктуу муфтийге озубуз татактуу боло албадык.Окунучтуу.Кантсе да биздин амалыбыз мындай амирге жете элек экен да.Эл кандай болсо, Эл башчы ошондой болот.Ошондуктан мусулман бир туугандар озубузду ондойлу коп дуба кылалы анан эл онолот.Оо Аллахым биздин амалдарыбызды Пайгамбарыбыздыкындай жана сахабалардыкындай кыла кор?!
08.10.2012. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сизди эл мактайт рухий байлыгынызды остуро бериниз депутатка эмес аллахка моюн сунабыз да байке мусулман адам муфтиятка иштоосу харам болушу толук мумкун аллах улук туурабы байке аллаху акбар.............
SUPER.KG видео
08.10.2012. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
itttakki Allaaha yaaa genetsvale !!!!!
Baaaraka Allaahu feeka va Ahlika ya ahee Chubak
Fi Aamanillaahi
SUPER.KG видео
08.10.2012. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чубак ажы - азамат!!! Кыргыз тилге так, ою туз, тамашага мол жакшы адам.
SUPER.KG видео
08.10.2012. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалгыз даратуучу Аллах билет кимдин ким экенин, калп эле ойлорду жаза бербечи, бироо атын жазгым да келбейт. Ар бирибиз куноо кылабыз ошон учун момун болуп жаралдык.
SUPER.KG видео
08.10.2012. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чубак ажынын кыргызга байланыштуу үрп-адат, каада-салт, Манас боюнча көз караштары жагат. Көпчүлүк молдокелер салт, Манас жөнүндө сөз болгондо эле так секирип, туура эмес пикирлерди жаратып келишет. Б.а. каршы пикирде десе да болот. Андыктан бардык молдокелер ушул адамдай ой жүгүртүшсө жакшы болор эле.
Анан да Чубак ажы абдан сабаттуу жана тамашакөй.
09.10.2012. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
машаллах! бар болунуз! Аллах Таала илимди берген сизге, даанышмандык кылдыныз муфтийликте иштеп жургондо да! Кана эми биз да сизге окшоп Умм аль Курада илим алсак...
SUPER.KG видео
16.12.2012. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иншалла ушундай исламга бекем болгон инсандар кобойо берсин журокторго аллах ыйман берсин
SUPER.KG видео
11.01.2013. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак ажы Жалилов сизден Аллах ыраазы болсун Кыргызстанда сиздей илимдуулор коп болсо экен дагыда динибиз жакшы болмок менда сиздердей илимдуу болушумду Аллахтан коп дуа кылып суранам Ислам дини оркундой берсин амиин.
SUPER.KG видео
21.02.2014. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чубак ажы сиздин создорунуз так туура конулго толоорлук мага сиздин создорунузду уккан жагат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: