КАН ЖОЛДУ БАЙЫРЛАГАН «КАРЫШКЫРЛАР»

№519 12-Октябрь-18-Октябрь, 2012-ж


Жакында ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Чүй ОИИБинин жана Аламүдүн РИИБинин оперкызматкерлери оор кылмыштардын бетин ачышты. Киши өлтүрүүгө тийиштиги бар адамдарды кармап, суракка алганда алардын мурун да башка кылмышка барышкандыгы белгилүү болду.

КОММЕРСАНТТАР – №1-БУТА
Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя мындай болгон. Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында түш ченде Бишкек-Алматы унаа жолунун жээгинде белгисиз аялдын киши колдуу болуп өлгөн сөөгү табылган. Көп өтпөй өздүгү аныкталып, ал Казакстандын Астана шаарынын 47 жаштагы тургуну Марина Клунник болуп чыккан.
Марина «Дордой» базарынан Казакстанга товар ташычу экен. Бул кылмыш боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү делинип Ош облусунун Кара-Суу районунда 1992-жылы туулган Бакыт Маткалыков аттуу жигит колго түшүрүлөт. Суракка алган учурда ал бул кылмышка тийиштиги жоктугун айтып, бирок ушуга окшош башка кылмышка катыштыгы бар экендигин мойнуна алат.
Көрсө, ушул эле жылдын 17-июлунда ал Эркин, Аташ аттуу тааныштары менен арак ичип отуруп, бирөөнү тономокчу болуп сүйлөшүшөт. Эркиндин автоунаасы менен Луговое айылындагы «Ак-Жол» чек ара постуна барышат. Ал жерде Эркин Казакстандын Петропавловск шаарынан товарга келген 38 жаштагы Фарида Осмонованы «Дордой» базарына жеткирем деп сүйлөшүп, автоунаасына салат. Бирок жарым жолго келгенде башка багытка бурулуп кетет. Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы Чоң Чүй каналынын жанына алып келип, үчөөлөп коркутуп, сабап, буюмдарын жана 5 миң доллар,
47 миң теңге, 140 сом акчасын тартып алышат. Ал ортодо Эркин Фариданы зордуктап жибергенге да үлгүрөт. Анан үчөөлөп Фариданын колу-бутун скотч менен таңып, аялды Чоң Чүй каналына ыргытып жиберишет.
Фарида кандайдыр бир жагдайлардан улам тирүү калып, жээкке эптеп чыгат да, таксиге отуруп Кыргызстандын аймагында жашаган туугандарынын үйүнө барат. 2 күн дегенде шок абалдан чыгып, андан кийин гана милицияга арыз менен кайрылат. Жабырлануучу Фарида кылмышкерлердин өң-келбеттерин эч качан унутпагыдай болуп эстеп калыптыр. Мунусу оперкызматкерлерге чоң жардамын тийгизген. Себеби алар кылмышка шектелген көптөгөн адамдардын сүрөттөрүн Казакстанда жашаган Фаридага почта аркылуу жөнөтүп турушкан. Эркин менен Бакыттын сүрөттөрүн жөнөтүшкөндө ал ошол замат тааныган.

«АРАК ИЧИП ОТУРУП ИДЕЯ КЕЛДИ»
Кылмышка шектүүлөрдүн сөздөрүн угуп, ушундай да адамдар болот экен деп таң калдым. Алардын бири Эркинбек Искендеров:
– Таксист болчумун. «Дордойдон» бажыга чейин деп 250 сомго баалашып, бир орус аял отурду. Жолдо баратып тоноп салайын деген ой келди. Константиновка айылына жетип бир көчөгө бурулуп, 400 метрдей жүрүп автоунааны токтоттум. Уктата коёюн деп уруп жибердим, ал автоунаадан түшө качты. Кууп жетип, моюн жана каракуш жакка монтировка менен уруп-уруп жибердим. Ал жыгылып калгандан кийин да башына 2 жолу уруп, сумкасын алып кетип калдым. Сумканын ичиндеги документтерин, визитка, блокнотторун өрттөп салгам. Ал эми товарларын базарга алып келип 25 миң сомго өткөрүп жибердим. Орус аялды өлтүргөндө жалгыз болчумун, ал эми мурункусунда үчөөбүз элек.
Аташ, Бакыт үчөөбүз арак ичип отуруп, бир идея келди. Ал балдар менен мурун бир контрабандисттин колунда жүк ташуучу болуп иштеп жүрүп таанышып калганбыз. Экөө «сизде машина бар, бизде күч бар. Бир коммерсантты салып, тонойлу» деп калышты. «Мейли» деп бажы жакка бардык. Бир сары чачтуу аял туруптур, мен барып «такси керекпи, эки кардарым бар» деп отургуздум. Жолдо келе жатып автоунааны токтотуп, «карап койгулачы, дөңгөлөктөн үн чыгып жатат» десем, алдыда отуруп келе жаткан Аташ түшүп карап, «эч нерсе болбоптур» деп арткы орундукка тиги аялды тосуп отурду. Анан «бул – тоноо!» деп аялды коркутуп, башка тарапка алып барып жанында болгон нерселерин бүт алдык. Ал аялды мен зордуктап, беркилер да жатабыз дегенинен болбой койдум. Анан барып «кайф кылдык», 10 миң сомдой чачтык. Эртең менен экөө «кийим алабыз» дешкенинен колдоруна 100 доллардан акча бердим да, үйгө кеттим. Алтын буюмдарын «Ош базарына» барып өткөрүп жибердим.

Шектүүнүн бири Бакыт Маткалыков:
– Эркин байке досум экөөбүздү чакырып, бажы жакка барганбыз. Ал жерден бир эжени салып, суунун жанына алып барып, кыйнап акчасын алып койдук. Эркин аялдын беттерине чапкылап акчаларын, алтындарын алып алды. Анан бизди «машинадан чыккыла» деп, өзү машинанын ичинде ал эжени зордуктады. Кайрадан бизди чакырып, мен аялды кармап турдум, Аташ колу-бутун скотч менен байлап, сууга ыргытып жиберип кетип калдык.

«БУЛАРДЫН БАШКА ДА КЫЛМЫШТАРГА ТИЙИШТИГИ БАР БОЛУШУ МҮМКҮН»
Чүй ОИИБинин маалымат кызматынын жетекчиси Карима Аманкулова:
– Бул кылмышка шектүүлөр колго түшүрүлгөн. Алар: Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 1982-жылы туулган Эркинбек Искендеров жана Ош облусунун Кара-Суу районунда 1992-жылы туулган Бакыт Маткалыков. Эркин Искендеров мурун 3 жолу: уурулук, бейбаштык, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо (жанынан Макаров тапанчасы табылган) беренелери менен соттолгон. Учурда кылмышка шектелип кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүп жатат. Алардын үстүнөн 129-берене, 97-берене, 28-97-беренелер менен кылмыш иши козголгон. Булардын ушуга окшош башка да кылмыштарга тийиштиги бар-жоктугу иликтенип жатат. Ал эми 3-шектүүнүн өздүгү аныкталып, аны кармоо иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

Бегайым Тажибай кызы,
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



Кан жолду байырлаган "карышкырлар"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(49)
SUPER.KG видео
14.10.2012. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adam emnes aiban ,c uylbvai kyiratkansyp aityp bergenin karachy ,KGde jurush kyiyn bolup kaldy, jazasyn alsyn.Ushundai taksilerchiden kudai saktasyn.
SUPER.KG видео
14.10.2012. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгүл Шаршендин чыгармаларын окуп кантип эле деп ишенген эмесмин,эми данна эле көрүнөп турат ко."Маскачан аял"дегенде бар ушундай окуялар.
SUPER.KG видео
14.10.2012. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул адамдын колунан эч качан жакшылык келбейт жада калса жаш балдарды жолдон азгырат ошондуктан омур бойу отургузсунчу
SUPER.KG видео
14.10.2012. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алып таштагылачы мунун бетин.кирсем эле ушул кебете турат,маанайымды дарро бузуп салып жатат!!
15.10.2012. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карышкырлар эмес, коркоолор деш керек!!!!!!!!!!!!!!!акмактар!!!!
15.10.2012. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздору иштебейт , анан уялбай аял кишилердин акчаларын тартып алдарына кантесин , ушуга окшогондорду атып салыш керек
15.10.2012. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбандар,зордуктаган кандай болоорун турмого барганында корсотушот.
15.10.2012. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай иттердин айынан канчалаган адамдар олуп тонолуп жатышат буларды таш баран кылыш керек жолдун ортосуна койуп!
15.10.2012. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mal ekensiner,nenduraindar!
SUPER.KG видео
15.10.2012. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Просто соз жок , акмак кудай жазасын берсин
SUPER.KG видео
16.10.2012. 05:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тиги жаш балдарды куноолоп койгонун.сенда машина бар деп айтты деп.аларды ушул азгырган да конуп калган да.акмак
SUPER.KG видео
16.10.2012. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cunade, айтпа! Ошого менин да жиним келди. "Идея" деп коет уялбай, кыйратып салгансып!
SUPER.KG видео
16.10.2012. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жырткычтар! Буларды эл алдына алып чыгып атып салыш керек.
SUPER.KG видео
16.10.2012. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип ушундай ишке барасынар силер адам эмес айбан экенсинер
16.10.2012. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге акыркы кундо мындай зоокур жалкоо макулуктар кобойуп баратат билесинерби
16.10.2012. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
себеби закон иштебейт эч ким коркпойт акчам бар телегейим тегиз деген идея менен жашап калбадыкпы
16.10.2012. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгер мамлекет жазалай албаса элге эле откоруп берсин мындайларды эл соттосун
17.10.2012. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын адамдар айбандан да жаман иш кылып атышат мындай кан корлорду атып салыш керек.тордодон чыкканда кайра эле башташат конгон адат калабы
17.10.2012. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла талладан ыйман сурайлы, бул акмактарды кудайым озу жазаласын!
18.10.2012. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыманы жегир акмак, дагы жакшы куноосун мойнуна алыптыр! Олсун!!!
19.10.2012. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bulardy tash baranga alsa da azdyk kylat
19.10.2012. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астафураллах биздин эркектердин кобу жалкоо,(кечиргиле кээ бирооно катуу тийсе) ошон учун аялдар иштеп журушот да чет жактарда.Дагы уялбай аялдарды тоношот,мындай адам эркек дегенге татыктуу эмес.
22.10.2012. 06:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ростов он донго кошулам,эми бул окуяны казактар укса казакстанда иштеген кыргыздарга,эже карындаштарга ушуга окшош айбандардын айынан кун корсотпойт,тем более алар ачуу,ожор келишет,уят-уят бирин казакты бирин орусту зордуктап жатасынар,алар да бир кун оч алса жаман болот
25.10.2012. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бетин табактай кылып кантип айтыт жатат кыйраткан иш кылгансып. Буга окшогон эки бутту айбандарга зоокурлорго бул жашоодо орун жок
25.10.2012. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бетин табактай кылып кантип айтыт жатат кыйраткан иш кылгансып. Буга окшогон эки бутту айбандарга зоокурлорго бул жашоодо орун жок
SUPER.KG видео
26.10.2012. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul jirtki4 kunoolu katari bawin wilkiytip aitip berbesten,kiyratip 4on-jakwi iw kilip koigonsup aitip beretgo. Okunu4tuu abdan!
29.10.2012. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кошмаааар!!! именно аялдарды э?эмне эркектерге духтары жетпейт да. эшектер. туура айтасынар эми казахтар оч алат. эркектер калбай баратат кыргызстанда. ал эми аялдар бузулса да эч кимди зордукташтайт тем более олтурушпойт. ужас,звери!!! олум жазасын кайра иштетуу керек. биздикилер гумманость толератность дегенди тушунбойт экен. наоборот кооп кетишти. озу каттуу кармаш керек экен биздин кыргыздарды
03.11.2012. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карышкыр эмес ШАКАЛДАР терес туура болчудай
SUPER.KG видео
04.11.2012. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактай кор
SUPER.KG видео
06.12.2012. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муну атып эле салыш керек же таш баранга алыш керек, же омур бою турмодо чиритиш керек. Бул АКМАК кайра эле баштайт, адатын. Уйронгон адат калабы дегендей. Камырап, же окунуп койбой суйлоп жатканын, спокойно туруп
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: