БАТКЕН БҮГҮН 13 ЖАШТА!

№520 19-Октябрь-25-Октябрь, 2012-ж


13-октябрда Кыргызстандын «кенжетайы» болгон Баткен облусу 13 жашка толду. Буга байланыштуу «Супер-Инфо» гезити четте калбай, чакан шоу-программа түрүндө гүлдесте сунду.

МИТИНГ ЭМЕС, КОНЦЕРТ
«Супер-Инфо» гезитинин Баткен облусу боюнча аймактык бөлүмү алгач Баткен облусу түзүлгөн күнгө карата флешмоб өткөрөлү дегенбиз. Кийинчерээк ал идеябыз 1 сааттык акцияга айланып кетти. Иш-чара Баткен шаарынын так ортосунда орун алган «Эркиндик» айкелинин алдындагы айлампада өттү. Кызыгы, биз аппаратураларды орнотуп баштаганда өткөн-кеткендер «митинг уюштуруп жатасыңарбы?» деп сурап жатышты. Анткени ал жерде жалаң гана митинг өтчү экен. Ошентип, МАИ кызматкерлеринин жардамы менен 1 саатка жол кыймылын токтотуп, элге майрамдык маанай тартуулаганга аракет жасадык. Жарыя иштерин жүргүзбөсөк да, ишемби күнү шаарда чоң базар жана чак түш болгондуктан, эл жетиштүү эле болду.

«ЖҮГӨРҮНҮ МАКА ДЕЙТ...»
Митинг эмес, жагымдуу салтанатыбызды жергиликтүү «Ха-ха Бойз» «Тамашоу» командасы ачты. Баткенчи жигиттерден куралган топ Баткен жөнүндө тамашаларды аткарып, элдин маанайын көтөрүштү. Андан соң жаш ырчы айым Кумара «Элим үчүн» деген ырын тартуулады. Ал ортодо чогулган элге Баткен жана «Супер-Инфо» жөнүндө суроолорду узатып, камдап койгон эстелик белектерди ойнотууга жетиштик. Тапкычтыкты талап кылган сынактарга жаш-кары дебей активдүү катышып, бизди кубантышты. Баткенди куттуктаган кезектеги өнөрпоз Мамажан Козубаев болду. Бул күнү анын Баткендин гимнине айланып калган «Баткен бүгүн башкача» деген ыры жаңырбаса, майрам майрамга окшобой калмак.
Кийинки конок элди жарды десек жаңылышпайбыз. Анткени учурда өрүкзарда бул ырчынын «Лейлектик кызга» деген ырысыз тойлор өтпөйт. Ооба, Баткенди туулган күнү менен куттуктап алыстан ат арытып Гүлжигит Сатибеков келди. Ал «жүгөрүнү мака дейт, байке дебей аба дейт...» деп созгондо эч ким кайдигер калбай, чыдабай кеткендер тосмодон жолго өтүп бийлеп да киришти. Гүлжигиттин Баткендин атын чыгарып ырдаганы жана куттуктап келип бергени үчүн эл шаңдуу кол чабууларды узакка созду. Ал эми акциябыздын кульминациясы БатМУнун алдындагы колледждин студенттери катышкан флешмоб болду. Концерттин жүрүшүндө элге аралашып турган кыздар жаңырып баштаган музыкага жараша топ-топ болуп улам эл арасынан суурулуп чыгып, өзгөчө бий башталып кетти. 20дан ашуун кыз «Баткен бүгүн башкача», «Ai Se Eu Te Pego», «Gangnam style» жана «Супер-Инфонун» гимнинен куралып жазылган аралашма музыкага түрдүү стилде бийлеп беришти. Аягында Кыргызстандын гимни жаңырып, кечебиз патриоттук духта аяктады. Баткендиктер үчүн "Супер-Инфо" даярдаган күтүлбөгөн сюрприз болду.

«БАТКЕНДИКТЕР БИР АЗ УЯЛЧААК КЕЛИШЕТ»
Эл концерт көрүп, белектерге ээ болуп тараса, шоуну уюштурган чыгармачыл топ Баткендин туулган күнүнө карата атайын бышырылган торттон даам татып, чайлашып тарадык. Чай үстүндө ырчы Мамажан ага: «Супер-Инфо» элге жакшы майрам тартуулап берди. Бизде таланттар көп, бирок баткендиктер бир аз уялчаак келишет. Силер жаңылык киргизип, жаштарды ойготтуңар. Алар бул күндү көпкө эстеп калышат»,- деп ыраазычылыгын билдирди. Ошентип, бул күнү Баткен чын эле башкача болду. Шаарыбыздын туулган күнүн эл жакшы белгилеп, эт жебесе да, шорпо ичкендей болду десек аша чаппайбыз.

P.S. Биз өз кезегибизде жогорудагы иш-чараны өткөрүүдө жардамын аябаган Баткен облустук музыкалык драма театрынын директорунун орун басары Мамажан Козубаев менен башкы администратору Рустам Абдырахмановго, Баткен шаарынын мэри Сейдакмат Эшматовго, Баткен ШИИБине, ырчылар Гүлжигит Сатибеков менен Кумарага, «Ха-ха Бойз» «Тамашоу» командасына, БатМУнун алдындагы колледжге жана досторубуз Азамат (Канонирчи) менен Русланга (Мерсисайдчы) терең ыраазычылык билдиребиз.

Базарбек Абдураимов
batken@super.kg



Баткен 13 жашта!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
SUPER.KG видео
20.10.2012. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жугоруну мака дебейбиз деп чычалап чыгышты эле баткендиктер ырына бийлеп атышатго
SUPER.KG видео
20.10.2012. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атса атса аяш абалар куп бийлептирго
SUPER.KG видео
20.10.2012. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ооо баткенде сулуу кыздар копко
22.10.2012. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо азаматсынар! Дегеле силерден амал качып кутулбайт. Чыгармачылык ийгилик силерге!
SUPER.KG видео
22.10.2012. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын, "Супер-Инфо"!!!
SUPER.KG видео
22.10.2012. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамажан Козубев микрофон кармаганды уйроно элек окшойт. Ал эми Гулжигит Сатибеков тим эле чекесин тырыштырып сахнанын учуна туруп алыптыр. Качан учуп кетет деп чоочулап жаттым.
SUPER.KG видео
22.10.2012. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамажан Козубаевдин үнү жакшы экен, бир кезде Доорон Нуриев деген ырчы бар эле, ошонун үнүнө окшош экен.
22.10.2012. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо молодцы!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
22.10.2012. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер супперсинер да.Азаматсынар!!!!
SUPER.KG видео
22.10.2012. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит Сатибеков
SUPER.KG видео
23.10.2012. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар бол Баткен! Жашасын Кыргызстан! Аяш ава, азамат! )))
24.10.2012. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо азаматтсынар.
24.10.2012. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super siler supersiner,men batken elinin atynan choooooon raazuchulugumdu bilbirem eldin maanaiun kotorup jakshu mairam tartuulaganunar uchun
SUPER.KG видео
24.10.2012. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аящ авалар укмкш бийлешет го
26.10.2012. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
носса дагыле мода экенда а :-)
28.10.2012. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
messidinho, носа мода эмес жонгана ошол музыка бийлеп коюшса мода болобу?коралбастыктын белгиси
28.10.2012. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айшава эттеменен поворотто турган сизмидиниз?!.. сизди коруп шообу же шомесби деп,корсо сиз экенста а айшава аа?!.
баткендиктер аман эле болгулада!...:-D
SUPER.KG видео
09.11.2012. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткенде маданияты жакшы экенго,куудулдар айтканча эмеско,алар кошуп ташып эле айтышат экен корсо.элди кулдуруш учун эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: