Азыр көпчүлүк элдин МАИ кызматкерлерине карата көз карашы терс экендиги жашыруун эмес. Бирок ошол МАИ кызматкерлери керектүү учурда жардам берүүдөн качпастыгына ынандык.
«УУЛУМДУН ӨМҮРҮН САКТАП КАЛГАН ЖИГИТКЕ ЫРААЗЫМЫН!»
Редакциябызга Кайыргүл Саадаева аттуу айым кайрылып, уулунун өмүрүн сактап калган жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерине ыраазычылыгын билдирди:
– Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрь күнү болжол менен 16:30да балам Асхат машина айдап келе жатып жолдон тайып, жолдун жээгиндеги талдарды сүзгөн экен. Бактыга жараша, бир МАИ кызматкери келип, уулумду сүйрөп тышка алып чыгып, өзүнүн кызматтык унаасы менен ооруканага жеткириптир. Кийин сураштырып, ал жигиттин атын билдик. Аты-жөнү Кайрат Нурбеков экен. Уулумдун өмүрүн сактап калган Кайратка жолугуп, ыраазычылыгыбызды айттык. Ага өмүр бою карызмын. Кудай ушул жигитке узун өмүр берсин!
«МЕН ӨЗ МИЛДЕТИМДИ АТКАРДЫМ»
Андан кийин биз жогоруда аты аталган каарманыбызды таптык. Ал Аламүдүн РИИБинин жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкери Кайрат Нурбеков экен. Анын жасаган жакшы иши тууралуу өз оозунан уккубуз келди.
– 13-ноябрь күнү болжол менен 16:30да Лебединовка айылында жол эрежесин бузган айдоочуларды текшерип турганбыз. Эреже бузган бир айдоочуну токтотсок, ал Аламүдүн районундагы Восток деген айыл тарапта бир машина тайып, жол жээгиндеги сайга түшүп кеткенин айтты. Мен ошол замат окуя болгон жерге бардым. Барсам, топтошкон эл жаңыдан күйүп баштаган Мерседес үлгүсүндөгү машинаны жарданып карап турушат. Арасында телефонуна тартып жаткандары да болду. Ичиндеги жаш жигит чыга албай калыптыр. Көрсө, машинасынын эшиктери блокировкага түшүп калган экен. Анан арткы терезесинин сынган жеринен кирип баланы алып чыгып, өзүмдүн кызматтык унаама салып ооруканага алып жөнөдүм. Аңгыча алдымдан «Тез жардам» кызматы чыкты эле, ошого салып бердим.
Айдоочу 18 жаштагы Асхат деген жигит экен. Менин оюмча, өзүмө тиешелүү милдетти аткардым.
Каарманыбыздын сөзүн укканда бали дегиң келет. Ар дайым арабызда ушундай эл үчүн кызматын аябаган азаматтарыбыз көп болсун!
Асхат Субанбеков
koom@super.kg
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
Эрежелерге көңүл бөлсөңөр.
Сизге эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!