АЖАЛ МЕНЕН АЯКТАГАН АРАКЕЧТЕР «РАЗБОРКАСЫ»

№528 14-Декабрь-20-Декабрь, 2012-ж


Аракты ашыкча ичүүнүн арты көбүнчө жакшылык менен аяктабай турганына төмөнкү окуя далил боло алат.

КЫЛМЫШТЫ ЖАШЫРГЫЛАРЫ КЕЛИШКЕН
6-декабрь күнү болжол менен саат 18-19дар чамасында милиция кызматкерлерине «Токмок шаарынын Октябрь көчөсүндөгү бир үйдө адамдын сөөгү көмүлгөн»деген маалымат түшкөн. Аталган маалыматты текшерүү учурунда бир жыл мурун болгон оор кылмыштын бети ачылды. Токмок ШИИБинин оперкызматкерлери айтылган дарекке барып, кылмышка шектүүнүн көрсөтмөсү менен көмүлгөн жерден маркумдун сөөгүн казып алышкан. Көп өтпөй маркумдун өздүгү такталып, ал 1956-жылы Орусиянын Новосибирск облусунун Север айылында туулган, үй-жайы, үй-бүлөсү жок Александр Суханов болуп чыккан. Кылмышка шектүү делинип 1978-жылы туулган Мирлан Абдиев да колго түшүрүлдү. Кылмышка шектүү да, маркум да Токмок шаарында көп жылдан бери жашап, бири-бирин жакшы таанышчу экен.

Бул окуя тууралуу кылмышка шектүү деп кармалган ЕВГЕНИЙ КРАВЧЕНКО төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 2011-жылдын декабрь айында Чүй облусуна караштуу Токмок шаарындагы менин үйүмдө Мирлан, Александр, Игорь жана мен болуп спирт ичимдиктерин ичип жатканбыз. Бир кезде Александр менен Мирлан уруша кетишти. Мирлан олбурлуу болгондуктан, экөөнү ажырата алган жокпуз. Бир кезде ал ачуусу менен колуна бычак ала калып Александрды сайып жиберди. Александр жаткан жеринде каза болуп калды. Өлүп калганын көргөн Мирлан качып кеткен. Игорь экөөбүз эмне кыларыбызды билбей ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры сөөктү эч кимге билдирбей жашырууну чечтик. Анан чарбакка алып чыгып жерди бир метрдей казып, денени көмдүк да, үстүн чөптөр менен жаап, жашырып койдук.

«УЧУРДА ШЕКТҮҮ ДЕП ҮЧ АДАМ КАРМАЛДЫ»
Бул тууралуу Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматынын инспектору НУРБЕК ТОКТОСУНОВ буларды билдирди:
– Бул кылмыш боюнча шектелип кармалган Мирлан Абдиевге Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын тургундары Евгений Кравченко жана Игорь Оленков да кармалып, кылмышты мойнуна алышкан. Учурда алар убактылуу кармоочу жайда. Тергөө иштери жүрүп жатат.

«Кан узатпайт»демекчи, кылмышкерлер көпкө узай алышкан жок. Эми алардын орду темир тор аркасында. Балким, муздак дубалдын ортосунда отуруп, алар кылган кылмышына өкүнүшөр...

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Ажал менен аяктаган аракечтер "разборкасы"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(6)
17.12.2012. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jindi suu emnege gana alyp barbait e dostor
17.12.2012. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу адам баласынын шуйкуму бузукбуз ит ичпеген сууну ичебиз жон ичпей жакшына калоо тилектерди тилеп блп кайра мушташ тиштештин кесепети олумго апкелет колун мн кылдын мойнун мн тарт
18.12.2012. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Арак тескерисинче окуганда Кара, жашообузда кара так калтырбайлы!Арак жинди гылбайт, болгону адам кандай экенин билдирет.
19.12.2012. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак адал эмес, аракты ичкен адам эмес, Ошондуктан аракты ичпейли мусулман КЫРГЫЗ элим. Кылмыштын баары арактын айынан болот.
19.12.2012. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аракты эмне кылышат ичип. Ошол аракка короткон акчага керекүү буюм алып колдонушса жакшы болмок. Кайран гана акчалар аракка короткон.
19.12.2012. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кан алыска узатпайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: