МАССАЖ –СУЛУУЛУКТУН ЖАНА БАТ АЙЫГУУНУН ЖОЛУ

№528 14-20-Декабрь, 2012-ж


Массаж – денеге өзгөчө эргүү тартуулоочу, ар кандай ооруларды дарылоонун эң жөнөкөй жолу. Массажды демейде чоң адамдарга жасашат. Бирок анын наристелер үчүн да мааниси зор. Дени сак адамдар да эс алуу максатында денесин укалатса болот.
Бүгүнкү күндө массажды заманбап аппараттар менен да жасап келишүүдө. Бирок кандай укмуш аппарат болбосун, ал мыкты адистин колун алмаштыра албайт.

МАССАЖДЫН ТҮРЛӨРҮ
Кайсы максатта жана дененин кайсы бөлүгүнө колдонулганына жараша укалоо бир нече түргө бөлүнөт. Алар:

  • Дарылоочу
  • Гигиеналык
  • Спорттук
  • Косметикалык

Дарылоочу массаж – ар кандай ооруларды жана жаракаттарды дарылоодо жасалат. Оорулуунун абалына жараша жалпы денеге же дененин кайсы бир бөлүгүнө жасалышы мүмкүн. Массаждын бул түрү дарылап жаткан дарыгер тарабынан сунушталат. Дарылоочу массаждын негизги бөлүктөрүнүн бири – чекиттик укалоо. Чекит массажынын негизги максаты – чыңалган булчуңдарды бошоңдотуу, ошондой эле адамдын шалдыраган денесин калыбына келтирүү болуп саналат. Нерв чекиттерин укалоо менен дартка тушуккан ички органга таасир берип, адамдын бат айыгуусуна көмөк берет.

Гигиеналык массаж – оорунун алдын алуу үчүн колдонуучу массаж түрү. Ал денени калыбына келтирүү, нерв системдери чарчаганда, психикалык стресске кабылганда организмдин ишин жөнгө салуу жана дене сулуулугун сактоо үчүн жасалат. Массаждын бул түрүн адам өзүнө-өзү жасай алат.

Спорттук массаж – спортчуларга формасын кармап туруу, булчуңдарын чыңдоо, организмди эс алдыруу үчүн жасалат. Муну атайын спорттук массажды мыкты өздөштүргөн адис жасайт. Мисалы, Олимпиадага же кандайдыр бир спорттук мелдештерге даярдаганда көп күч келген булчуңдарга жасалат. Ал мелдеш алдындагы жана калыптандыруучу болуп экиге бөлүнөт. Мелдешке чейинки максаты – булчуңдарды, нерв системин, дем алуу органдарын алдыдагы оор сыноого даярдоо. Таймаштан кийинкиси болсо, организмди эс алдыруу, алган жаракаттарды калыбына келтирүү максатында жасалат.

Косметикалык массаж – дене жана тери сулуулугуна кам көрүү, эрте карып кетүүнүн алдын алуу, ар кандай дене кемчиликтерин оңдоо үчүн жасалат. Косметикалык массажды кол менен да, аппарат менен да жасоого болот.
Массаждын бул түрүнө целлюлитке каршы укалоо да кирет. Целлюлитке каршы сунушталган атайын кремдер, гелдер колдонулат. Анан да массаж алдында булчуңдарды ысытып жана бошоңдотуу үчүн ысык душ кабыл алуу сунушталат. Аталган массаж төмөндөн, тагыраак айтканда, буттан жогору карай жасалат. Массаждын бул түрүн жумасына жок дегенде бир жолу 30-60 мүнөт алуу туура.

Эротикалык массаж – укалоонун бул түрү медициналык массаждардын катарына кирбейт. Мында негизинен дарылоо эмес, адамды сексуалдык жактан дүүлүктүрүү биринчи орунда турат. Бул үчүн адамды өзгөчө кереметке бөлөөчү ар кандай жыпар жыттуу майлар, шамдар, музыка, анан сексуалдык маанайда жасалгаланган бөлмө болушу шарт.

ТАРЫХТА

  • Тарых барактарында биздин заманга чейинки 6-кылымда эле Кытайда массаж жасоонун сырларын үйрөтүүчү атайын окуу жайлар болгондугу айтылып келет. Ошондуктанбы, кытай элинин массажы өтө байыркы деп эсептелинет.
  • Бүгүнкү күндө дүйнө эли массаждын 50дөн ашык түрүн колдонуп келишет. Массаж жасоодо айрымдар майда балык, жылан, үлүлдөрдү, бычак, буйволдун мүйүзүн, таш, бамбук жыгачтарын жана башка нерселерди колдонушса, айрымдары колу менен эмес, буту менен жасашат.

МАССАЖ ЖАСООДО ЭСКЕ АЛЫНУУЧУ ЖАГДАЙЛАР

  • Дененин ар бир бөлүгүнө (кол, бут, далы, ийин, баш, бет жана башка) массаж жасоого болот.
  • Укалоону тажрыйбалуу адис жасабаса, тескерисинче, ден соолугуңузга чоң зыян келиши ыктымал.
  • Массажды алгачкы күндөрдө 15-20 мүнөттөн жасап баштап, көнгөн соң акырындап 40 мүнөт же 1 саатка чейин созууга болот.
  • Укалоо кезинде же укалоодон кийин өзүңүздү жаман сезсеңиз, дароо укалап жаткан адамга айтууңуз зарыл.
  • Массаждан кийин 15-20 мүнөт тынч эс алуу керек.
  • Массажды жеңилдетүү үчүн ар кандай майларды колдонушат. Бирок май колдонулбай жасалган кургак массаждын таасирлүү жана пайдалуу экенин адистер эскертишет.
  • Орус окумуштууларынын изилдөөлөрү боюнча, массажды аялдарга караганда эркек адам жакшы жасаары аныкталган.

МАССАЖ КИМДЕРГЕ СУНУШТАЛБАЙТ?

  • Онкологиялык, хирургиялык ооруларга жасоого болбойт
  • Кан басымы же дене табы көтөрүлүп турган адамга
  • Кан ооруларынын түрү менен ооругандарга
  • Кургак учук менен ооругандарга
  • Жугуштуу тери ооруларында
  • Баңгизатын колдонгондорго
  • Жаңы операциядан кийин
  • Өтө кары жана жүрөк оорусу бар адамдарга өзүн-өзү укалоо сунушталбайт

Макаланы даярдоого салым кошкондугу үчүн «Сулуулук жана ден соолук»клиникасынын дарыгер-косметологу Айнура Бейшеналиевага ыраазычылык билдиребиз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg



Массаж - бат айыгуунун жолу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(9)
SUPER.KG видео
18.12.2012. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bul baike kaisi jerde ishteit kantip tapsam bolot
SUPER.KG видео
19.12.2012. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо,рахмат.коп жанылык жеткирип турганынарга.жакшы кенеш экен.
20.12.2012. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кенеш болду ,рахмат.
20.12.2012. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чиркин, мен укалоотуга көнүп алгамын, кереметтей жыргайт да жан.
22.12.2012. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон рахмат, мен да коп укалатам, мага массаж жаман жагат денем жон эле магдыраймда кенешинер жакты!
22.12.2012. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chon rahmat... men bashka massaj kylgandy uirongum kelip jurdu ele..... kichine bolso dagy bilip kaldym
07.03.2013. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SUPER.KG видео
27.02.2014. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmattuu super info suranich ushul baike kaisil jerde ishteit mumkun bolsotelefonun ishtegen jerin bildirip koisonuzdar maga ayabay kerek aldin ala chon rahmat,silerge chon rahmat ayabay adamdarga paidaluunar Allahim irazi bolsun
27.02.2014. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chon rahmat ayabay paidaluu keneshterddi beresiner Allahim irazi bolsun , ushul baikenin daregin berip koisonuzdar
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: