«СУПЕР СУЛУУ-2012» – ГУЗЕЛЯ КЕЛДИБАЕВА

№528 14-Декабрь-20-Декабрь, 2012-ж


7-8-декабрь күндөрү өткөн 10 жылдык тарыхы бар «Супер-Инфонун» жыл жыйынтыгын чыгарган концерти «Супер сулуу» сынагы менен коштолду. Кыргызымдын керме каш кыздарынын баары сулуу, бирок ичинен сахнада өзүн алып жүрүүсү жана чырайы менен бир гана кыз «Супер-Инфонун» баш байгесине татыктуу боло алды.

СЫНАКТЫН ЖҮРҮШҮ
Сулуулар 4 баскыч менен таймашка түшүштү. Эң биринчи коктейль көйнөгүндө чыгып өзүн тааныштыруу, бикини көргөзмөсү, чыгыш бийи жана кече көйнөгүн көрсөтүү сыяктуу тапшырмалар берилген. Тапшырмалар оңой көрүнгөнү менен, зал толгон көрүүчүлөрдүн астында сүрдөбөй, өзүн туура алып жүрүү да чоң эркти талап кылат эмеспи. Өздөрүн тааныштырууда айрым кыздар толкунданганынан сөзүн таппай адашса, айрымдарынын өнөрү ашып-ташып, созолонтуп ырдап да жиберишти.
Алпаруучулар «жигиттер, кармангыла, азыр ысык болот...» дегиче болбой келбети келишкен сулуулар биринин артынан бири бикиничен чыга келишти. Залда жалаң эле жигиттер отурган окшойт, «айт-уйт» деп кыйкырык-ышкырык менен сүрөп эле жатып калышты. Жөнөкөй адамга кыздар жөн гана басып чыгып койгондой сезилгени менен, бийкечтердин ар бир кадамы калыстардын көз алдында эле.
Жүрөк кылдарын черткен музыканын коштоосунда сулуулар чыгыш бийин бийлегенде зал ого бетер жандана түштү. Жанданбагандачы, сулуулар ар концертте эле көрүүчүлөргө өнөрлөрүн тартуулай беришпейт да.
Жай музыканын ыргагы менен кериле басып кече көйнөгүн көрсөткөн бийкечтерди көрүп сыймыктанбай койбойт экенсиң. Чынында, кыргыздын кыздары сулуу! Алардын ар биринин көөдөнүндө «жеңиш меники болсун» деген мүдөөсү бар экени турган иш. А бирок калыстар бир гана бийкечти «Супер сулуу-2012» наамына көрсөтүштү.

ТААЖЫ ӨЗ ЭЭСИН ТАПТЫ
Сынакка катышкан кыздардын көпчүлүгү «чет өлкөгө саякаттап келсем» деп кыялданган болсо, айрымдары «чоң сахнада өзүмдү сынап көргөнүм – мага чоң жеңиш!» дешти. КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева, КТРКнын Байкоочулар кеңешинин төрагасы Фархад Бекмамбетов жана коомдук ишмер Нурланбек Шакиев баштаган калыстар тобу кыздардын ар бир кыймыл, кадамын баалап, акыры төмөнкүдөй жыйынтыкка келишти.
Арслана Малиева www.super.kg порталында көп талкууга алынып жана симпатияга ээ болгон сулуу катары «super kg ажары» деген наамга арзып, «Келдике» зер үйүнөн баалуу сыйлыкка ээ болду. «Ажарлуу сулуу» наамына өзгөчө коңур үнү жана бийге шыктуулугу менен Гүлназ Касымбекова татыды. Ага Эл аралык «Села» дүкөндөр тармагынын Борбор Азия боюнча башкы директору Канат Маматов 10 миң сомдук сертификат ыйгарды. Ал эми «Сымбаттуу сулуу» наамын алган Альбина Ишенбек кызына да «Келдике» зер үйүнөн зер буюмдар топтому белекке берилди.
Кыздардын арасынан өзүн алып жүрүүсү, таланты жана ажары менен өзгөчөлөнгөн Гузеля Келдибаева «Супер сулуу-2012» наамына арзып, экзотикалык өлкөгө жолдомо утуп алды. Анан да Гузеляга кымбат баалуу таажыны «Супер сулуу-2011» наамынын ээси Айсулуу Өмүралиева өткөрүп берди. Алпаруучу Азамат Эркинбаев сулууга барып «бир ооз сөзүңдү айта кет» десе, бийкеч толкунданганынан «рахмат» деген сөздү гана айта алды.

P.S. "Супер сулуу-2012" сынагын жогорку деңгээлде алып чыгууга көмөктөшкөн "Дизайн Мода" агенттигине ыраазычылык билдиребиз.

 

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
Ташболот Досалиев
star@super.kg



"Супер сулуу-2012" сынагынан репортаж

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(36)
SUPER.KG видео
15.12.2012. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Альбина сен жагып калдын мага!!!! кантип тапса болот сенииии
SUPER.KG видео
16.12.2012. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
БУЛ жерден суулуларды коро алган жокмун.
SUPER.KG видео
16.12.2012. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жалан мен ойлогон сулуулар болупсунар рахмат азаматсынар!!!! АЛЬБИНА менен ГУЛЬНАЗ силер суперсинер!!!
17.12.2012. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар кыргыз кыздары!!!
17.12.2012. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы элэ болуптур бирок Москва шаарында откон Мекен сулуусу кызыутуу болгон бийлеген бийлери жакшы болгон кантседа +5
17.12.2012. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnaz azamatsin!! onorun orkundoy bersin
17.12.2012. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага сымбату сулуу болгон кыз жакты Альбина Ишенбек кызы.бары тен сулуу кыздар екен
17.12.2012. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец. Она достойна этой номинации. симпатичная девушка.
18.12.2012. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар Кыргызымдын сулуулары. Баары оз наамдарына татыктуу экен. Куттуктайм!
18.12.2012. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baardyk ele kyzdar suluu eken!maga *Ajarluu suluu* Gulnaz Kasymbekova jakty
18.12.2012. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сымбаттуу сулуу деп биринчи уктум. МОЛОДЦЫ баары сулуу кыздар экен!
18.12.2012. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага «Ажарлуу сулуу» номинациясын алган Гулназ Касымбекова жакты.Жылдыздуу кыз экен.
18.12.2012. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура тандалыптыр мен ойлогон кыз женишке жетиптир даярданып жаткандагы видеодон Гузелди жактыргам негизи мен ал кызды тааныбайм озумдун оюм менен ошол кызды тандап аткам эн жакшы Гузеля ты суппер желаю тебе счастье и успехов!!!
19.12.2012. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гузель Келдибаеванар озу кыргыз кызбы? кыргызча такыр еле суйлой албайтко. нукура кыргыз кызды тандасанар болмок!!!!!!!!!!!!
20.12.2012. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nusha, кыргызча таза сүйлөгөн кыз деп чектеп койсок болбойт. Анткени бул сынак көпчүлүк кыргыз тилинде кенен сүйлөй албагандарга да эне тилин андан да жакшы өздөштүрүүгө стимул болуп берет.
19.12.2012. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин омюча эн татыктуу кыз бул Гульназ Касымбекова болчу. НУКУРА КЫРГЫЗ КЫЗ!!!!!!
19.12.2012. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи бул конкурста кандайдыр бир чектоолор барбы? Кыздардын улутуна чектоо коюлган эмеспи? Баардык улуттагы кыздар катыша алышабы? Кыргыз кызды тандаш керек болчу!!!!!
20.12.2012. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nusha, "Супер сулуу" сынагына кыргыз улутундагы кыздар кабыл алынат. Ушул кезге чейин жалаң кыргыз улутундагы кыздар катышып жана жеңип келишкен. Гузеля да кыргыз кызы!
20.12.2012. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"jonokoy" al bawka zamam, a azir bawka. ka4ankiga 4eyin osup onukpoy juro berebiz.
20.12.2012. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
@adaw
Демек ушундай шоуларды откоруу бул онуккондуктун белгиси.
Сизге айтып тушундуро албайм, окунучтуу.
20.12.2012. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылга сыйбаган нерсени нормалдуу корунуш гана эмес Эн сонун корунуш катары баалап алкыштап жатабыз. Кандай гана окунучтуу!
20.12.2012. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jonokoy, купуя кат аркылуу жооп берилди!
20.12.2012. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul kyzdyn boyu kancha?
duino suluusuna chyksa bolobu
20.12.2012. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арслана жакты
21.12.2012. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Супер сулуу-2012" каерден корсо болот толугу менен?
21.12.2012. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
22.12.2012. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media, рахмат чоон, ишиниздерге ийгилик!
22.12.2012. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media, бул жерде да 12 мунот эле экенго мен башынан аягына чейин коргум келди эле сулуулардын концертин.
21.12.2012. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодцы
22.12.2012. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишенесинерби жокпу бирок мен Гузеля Келдибаева женет деп интуициям сезген эле.
24.12.2012. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
esenbekov, ишенебиз!
22.12.2012. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
esenbekov кошулам сени)) менинда интуициям сезген, бирок корунуп турат экен самый достойный Гузеля, анткени башка кыздар коздору куйгон жокта сахнада..
22.12.2012. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
«Ажарлуу сулуу» Гулназ Касымбекова жакты, абдан сулуу кыз экен.
24.12.2012. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"jonokoy" baari ki4ineden bawtalat. bu da bolso jetiwkendik dep ayta alam. alma biw oozuma tuw dep koyup ka4ankiga 4eyin oltura berebi!!!!!
25.12.2012. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
@adaw,
Окунучтуу, тушунугубуз такыр башка экен.
Кандай элек, кандай болуп баратабыз?
Окунучтуу!
SUPER.KG видео
26.12.2012. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
долбоорду алып чыккан "СуперИнфо газетасына" куч кубат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: