КУРСАГЫ АЧ,ҮЙҮ ЖОК,СЕЛСАЯК БАЙКУШ КАНТТИ ЭКЕН?..

№529 21-27-Декабрь, 2012-ж


Мына! Кылычын сүйрөп кыш да кирип келди. Кычыраган суукта үй-жайы жок селсаяктар кантип жан багып, кандай күн кечирип жүрүшкөнү эч кимди кайдигер калтырбайт. Алардын аяздуу жашоосу менен жакындан таанышуу үчүн үшүгөнүбүзгө карабай селсаяктарды издеп жөнөдүк.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, 2011-2012-жылдар аралыгында сууктан жана ар кандай оорудан улам 64 үй-жайсыз адам көз жумган. Ал эми өткөн аптада үч күндүн ичинде 8 селсаяк суукка тоңуп каза болду.

«НАН АЛЫП БЕРГИЛЕЧИ...»
Суук болгонгобу, айтор, демейдегидей таштанды төгүлгөн жерди акмалаган селсаяктар аз. Сыягы, баш калкалаган жерлеринде жылынышып, өздөрүнүн тили менен айтканда, «трассага» чыгышпаган деле өңдүү. Аңгыча алдыбыздан кийимдери кир, бир аз ичип алган айым чыкты. Өзүн БАКТЫГҮЛ БОРОНЧИЕВА деп тааныштырган бул айым бизге төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Ата-энем каза болуп калган. Жалал-Абаддын Базар-Коргонунан болом. Күйөөм соттолуп кеткен. Өзүм да 2005-жылы камалып, 2012-жылы апрель айында эркиндикке чыгып, ошондон бери көчөдө жашап жүрөм. Бир балам бар, ал азыр жетимдер үйүндө. Мен жашаган приютта (убактылуу баш калкалай турган мекеме) азыр болжол менен 20дай селсаяк бар. Ичи муздак. Адамдар өлүп жатышат. Жанды багыш үчүн күндүз көчөгө чыгып «дай-дайлайбыз» (кайыр сурайбыз). Кээ бир адамдар 1 сомдон 5 сомго чейин таштап кетишет. Тапкан акчабызга арак ичебиз. Болбосо бул суукта тоңуп өлөсүң го. Мен азгырыкка азгырылып, катуу кырсыктадым. Туугандарым эптеп мени бул жерден алып кетишсе жакшы болот эле...- деп жанатан бери шоктоно сүйлөп жаткан аял көзүнө жаш алып, бышактап жиберди.

Аңгыча ары жактан үшүгөнүнөн калчылдап жашы 50лөр чамасындагы киши жаныбызга басып келди да, «мага нан алып бергилечи...» деп ыйлап жиберип, сөзгө кошулду:
– Аты-жөнүм – Жоламан Жумабаев. 1950-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда туулгам. Ачыгын айтсам, ичкиликтин айынан селсаяк болуп кеттим. 22 жылдан бери селсаяктык жашоону башымдан өткөрүп келем. Мурда ар кимдин малын багып жүрчү элем, быйыл бутум ооруп приюттарда, ар кайсы үйдүн алдында жашап жүрөм. Желим бөтөлкөлөрдү чогултуп, килограммын 5 сомдон сатып эптеп жан багам.

«СЕЛСАЯКТАР ЫНТЫМАКТУУБУЗ»
Андан соң Фучик атындагы сейил багынын ичинде жайгашкан Ленин районуна караштуу үй-жайы жок адамдар убактылуу баш калкалай турган үйгө бет алдык. Ичине кирсек, каңырсыган сасык жыт. Муздак. Ар кандай катаал тагдырдын ээлери жууркандарга оронуп жатышат... Бул жерде иштегендердин айтымында, приютта баш-аягы 60ка чукул селсаяк бар. Аларга күнүнө бир маал ысык тамак берилет. Ушул жайда баш калкалаган 52 жаштагы ТАШТАНБЕК САРЫГУЛОВ өз тагдырын мындайча баяндады:
– Эжем менен үй талаша кетип, ага таарынып селсаяк болуп кеттим. Кийин уулдарым бул жактан алып кетишти. Бирок келинчегим кичүү уулумду «сенден эмес, башка адамдан төрөгөм» дегенин угуп, кайра үйдөн чыгып кеттим. Бул жакта баарыбыз ынтымактуу күн кечиребиз. Сыртта жүргөн селсаяктар келсе деле бөлбөй, өзүбүзгө кошуп алабыз. Ачыгын айтыш керек. Кээде кафеге кирип мас болуп жыгылып калган жаш жигиттерди «Тез жардам» алып келип таштап кетет. Бир эле күнгө. Биз алардын документтерине тийбейбиз, бирок чөнтөк телефондорун, жаңы кийимдерин алып, сатып жиберебиз. Эгерде каршы болсо, көзү-башын көк ала кылып сабап коёбуз. Себеби баарыбыз ачкабыз.

«ПРИЮТТАРГА БАРСАК САБАШАТ»
Ооба. Жогорудагы селсаяктар мамлекеттин камкордугунда. Жок дегенде ысык тамагы бар дегендей. Бирок ал жакка көчөдө жүргөн селсаяктар баруудан коркушат экен. Себебин Лев Толстой көчөсү менен Правда көчөсүндөгү суу түтүктөрүнүн алдындагы тешикте (люк) күн кечирген селсаяктардын бири (атын атагысы келген жок) төмөнкүчө түшүндүрдү:
– Кемпирим каза болгонуна 16 жыл болду. Эки кызым бар. Алар күйөөгө тийип, өздөрүнчө. Люктун алды жылуу болгону менен, эшик суук. Нандарды минтип түтүктөрдүн үстүнө коюп жылытып жеп жатабыз. Бул жерде 7-8 киши жашайбыз. Желим бөтөлкөлөрдү чогултуп акча табабыз. Акчабызга нан алабыз, арак ичебиз. Приюттарга барсак, ал жерде жашагандар сабашат. Кошпойт. Ал жактан пайда жок.

«ОҢОЛУП КЕТКЕН СЕЛСАЯКТАР ДА БАР»
Калк арасында боорукер адамдар да жок эмес. ТҮМӨНБАЙ БАЙМАНАКОВ аттуу желим бөтөлкөлөрдү сатып алып, кайра дүңүнөн саткан адам көптөгөн селсаяктарга жардам берип келет. «Селсаяктардын арасында «айылыма барып оңолом, ичпейм» дегендерине жол киресине акча берем. Оңолуп кеткендер да бар. Мен булар аркылуу нан таап жаткан соң селсаяктарга унутпай жардам көрсөтөм. Азыр мага он чакты үй-жайсыз адамдар келип, жылынып, тамак ичип кетип турушат. Анан желим бөтөлкөлөрдү жүктөшүп жардамдашса, күнүнө 200-300 сом төлөп берем» дейт. Ал жерден Ира аттуу айымга жолугуп, кепке тарттык:
– Биз Түмөнбай байкеде иштейбиз. Ал бизге акча берет. Суукта от жагып, көчөдөн таап келген тамагыбызды ысытып жейбиз. Мындан тышкары байке төшөк сатып келип, бизди бул жакка жылуу жатууга мүмкүнчүлүк түзүп бергенине ыраазыбыз. Кээ бир адамдар көчөдө өлгөнү жатсаң да карашпайт. Өткөндө бир селсаяк эже көчөдө кулап калыптыр. Телефон чалып «Тез жардам» чакырып коюшпай, адамдар карап коюп ары-бери өтүп жатышты. Анан бир жаш жигитке жалдырап отуруп «Тез жардам» чакырсам, алар келип мага «бул сенин досуңбу?» дешти. «Жок, көчөдөн өтүп баратып көрүп калдым» десем, «анан эмнеге бизди чакырасың?» деп кайра мени урушушту. Эмнеге? Селсаяктар деле адам да...

Мына, окурман! Тагдыр адам баласын кандай жолдорго жетелейт, эч кимибиз билбейбиз. Бирок турмуштун сыноосуна чыдабай, тагдырына таарынып, минтип көчөлөп кеткендер да көп. Тилекке каршы, күн санап көбөйүүдө. Арабызда суукка тоңуп, ысыкка күйүп, оор турмушта жашаган жогорудагыдай адамдар жашайт, алар бар! Бул ачуу чындык! Алар да адам баласы экенин унутпайлы...

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Курсагы ач, үйү жок, селсаяк байкуш кантти экен?..

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(28)
SUPER.KG видео
21.12.2012. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а так могу иттерин келип иттеринчи камап салды. таамай айтыптыр да эжекем.
SUPER.KG видео
22.12.2012. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
корсотбойтго
SUPER.KG видео
22.12.2012. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Суйлогон манералары Назира Жетигенованыкына окшош экен же Назира айым ушундай реп айткан аялдарды туурап суйлойт болду бекен? :-)
SUPER.KG видео
22.12.2012. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге эле эч нерсени ачпай атат
SUPER.KG видео
22.12.2012. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Таасирлүү репортаж болуптур, "суперчилер" азаматсыздар. Бул адамдардын ар бир сөзүнөн жыйынтык чыгарса адамзаты...
SUPER.KG видео
22.12.2012. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мэри,
Сизге эскертүү!
Бир же бир нече бөлүмдө бир нече окшош (жазылышы гана эмес, мааниси да) билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
SUPER.KG видео
22.12.2012. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мындайда эмне дээриңди, кимди күнөөлөштү билбейсин. Бирок коп нерсе адамдын озунон, эркинен болсо керек. Эрки кучтуу адам коп кыйынчылыкты женет, жашоо менен курошот... Аракет кылса, кадимки жашоого келууго буларда деле мумкунчулук бар деп ойлойм.
SUPER.KG видео
22.12.2012. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jurojum4udabai ketti dokansa korgongo uwulardun baarun 4ogultup alyp bakkym kelet birok kantip
SUPER.KG видео
22.12.2012. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар ушундай жашоонун койгойлорун чагылдырган тасмаларды дагы чыгаргыла
SUPER.KG видео
22.12.2012. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
boss-7,
Сизге эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
SUPER.KG видео
22.12.2012. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар деле баарыбызга окшош эле адам, булардын да ысык тамак жеп чеке тердетип, май чайныгыдай жашоодо жашагысы келет, эх, атаңдын көрү дүнүйө. мындайларга карап боор ооруткан адам бардыбы бул жашоодо.
SUPER.KG видео
22.12.2012. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
iiiii uwularga jardam bersek kana kudaiym ai uwularga yrysky bakyt uibulosun taap getiwse eken bul duinodo baktyluu bolboso da tigi duinodo baktyluu boluwat allahym koldop jana gunolorun ge4iriniz
SUPER.KG видео
22.12.2012. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
беш кол тен эмес дейт. бирок мен ойлойм бул абалда калыш адамдардын озунон деп.Аллах башка салбасын,бирок намаз окуп,дуа кылып исламдын принциптери менен жашасак баары жакшы болмок.Байлар зекет,садака берип колунда жокторго..........
SUPER.KG видео
22.12.2012. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
сабырдын тубу сары алтын сабыр кылыныз сиздин кочонузго да кун тийчуу кундор келер
SUPER.KG видео
23.12.2012. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эххх, Турмуш, турмуш деп....
SUPER.KG видео
23.12.2012. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
селсаяктардын кундон кунго кобойуп баратканы мени абдан окундурот
SUPER.KG видео
23.12.2012. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
булардын бир туугандарынын журоктору таш болуп калганго
24.12.2012. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап келгенде селсаяктарды адам катары корушпойт,кочолордо коп кором аларды коргондо адардар 5 метр нарактан отот.
24.12.2012. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Советская Токтогулада бир аял бар, уже несколько лет, ошол районду видимо кармайт. Жаш кыздар, боюнда барларга, баласы менен кетип баратканын корсо эле бутту, согуп абийиринди айрандай кетирет. Кээде мен балам менен отуп баратып корком, баламды чаап жибереби деп. Анан кантип селсаяктардан качпашыбыз керек??? Албетте, жакшысы арасында кезигет!
SUPER.KG видео
25.12.2012. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Eeeeh KYRGYZYM!
25.12.2012. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанынан отуп баратсан жыты жийиркеничутуу болсо, анан кантип 5 метр алыс отпойсун. Чын эле байкуштарга жаман боорум ооруйт, кыш келгенде да эми кантеер болду экен деп зээним кейийт. Бирок бир да жолу жардам колун суна элекмин:(. Метронун эшигини астындагы жылуу шамал айдаган жерине канчалаган селсаяктар жылынышат азыркы тапта ииииии алар кантип кайра адам болот? кантип?
26.12.2012. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла таалам жолунан адашып калгандарга журогуно ыйман, таза, туура жолго салышын тилейм.
27.12.2012. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Amin aitkanyn kelsin Kanukei. 4yndygynda jan keyiterlik
27.12.2012. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chyn ele zeenim keiidi....1 kaarmanga jaman boluptur,eje siz antip umutunuzdu uzbonuz,balanyz bar eken,talantynyz da bar eken.Eje tuugandarynyz ushul peredachadan kiiin sizdi soosuz alyp ketishet.Eje sizdin kelecheginiz aldyda,tagdyr ushundai eken adam adashat,but kyyynchylyktan otup kaira tuura jolgo tushup ketesiz!!!Allahym ozu koldosun !!!
28.12.2012. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгул борончиеваны тааныйм.тогуз торо районунун Арал айылынан болот.майып баласы бар.бир туугандары бар жакшынакай.канча жолу алып барышты адам кылабыз деп.аларды тажаткан кошуналарына тынчтык бербей.уруп сабап арак алдырып,жолдон машиналарды тосуп алып арак алып бермейинче кетирбей озунчо эле рекет болчу.алар алып барса качат кайра ушу жашоого.дагы ыйлап койот алып кетишсе болот эле деп.
SUPER.KG видео
11.01.2013. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото кайгылуу,журокту ооруткан репортаж болуптур(((Алла таалам баарыбызга ынсап берип,бири-бирибизге боорукер кылса экен!
SUPER.KG видео
06.02.2013. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баарына "Арак" куноолуу!! Арак коп ичпесе мындай болмок эмес да!
SUPER.KG видео
06.08.2014. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аларды карап тамак аш бергендерге жана Тумонбай байкеге да Алла таалам ыраазы болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: