КЫЗДЫН МАЙЫП БОЛУШУНА ДЕПУТАТ КҮНӨӨЛҮҮБҮ?

№534 25-31-январь, 2013-ж


Кеңсебизге 4 баланын атасы, 2-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Айдар Усупов баш бакты. Айтымында, ал 5 жылдан бери акыйкаттык издеп, бирок чындыктын өтөсүнө чыга албай жүрүптүр.

АДАМДАН ТЕМИР КЫМБАТПЫ?
Жалгыз кызы заматтын ортосунда кантип майып болуп калганын ата төмөнкүчө арман кылып отурду:
– Кызым Мээрим Усупова мектепти аяктап, 2008-жылдын 8-октябрында борбор калаабыздагы «Дос-Конфи» ЖЧКсынын кондитердик ишканасына жумушка орношкон. Жумушка орношкондо эмгек келишими түзүлбөптүр. Бул ишкана мыйзам чегинде иш алып барбайт экен. Мындан тышкары жаңы ишке орношкон адамдарга коопсуздук эрежелерин кантип сактоо тууралуу түшүндүрүү иштери өткөрүлүш керек болчу. Ал да болгон эмес.
Ошондой көңүл кош мамиледен улам Мээрим иштегенине бир жарым ай болгон соң, тагыраак айтканда, 2008-жылдын 22-ноябрында иш үстүндө болгон кырсыктан улам оң колунан оор жаракат алып, өмүр бою майып болуп калды.
Окуя мындайча болгон. Кызым иш ордуна барса, станок тазалагыч жок экен. Жанындагы кыздан сураса, ал кулагына наушник тагып музыка угуп жаткан неме көңүл бөлбөй «колуң менен түрт» деп коёт. Мээрим колу менен түртсө, тегеренип жаткан станоктун барабаны колун кыпчып кетет да, жанчып, бүт талкалап таштайт.
Кызымдын колу станокто кыпчылып, ыйлап турса, ишкананын жетекчиси, слесары, жумушчулар – баары чогулушат. 20 мүнөттөн ашык убакыт өтөт. Анан слесарь «колун чыгарыш үчүн станокту кесиш керек» десе, ишкананын жетекчиси Павел Десятников (учурда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты) «станок кымбат турат, кесем деп ойлобогула! Башка айла тапкыла» дептир. Анан тигилер станокту кайра артка айлантат, кызымдын колу дагы бир жолу жанчылып чыгат. Ошонун азабынан тарамыштары, эти кесилип, 7 саатка созулган операциядан кийин кызымдын оң колу азыр сенек болуп катып, кыймылдабай калды.

«СТАНОКТУ КЕСИШКЕНДЕ, БАЛКИМ, КЫЗЫМ МАЙЫП БОЛБОЙ КАЛАТ БЕЛЕ?..»
– Ишкананын жетекчиси Павел Десятников кырсыкка байланыштуу мыйзам боюнча Н-1 актысын түзүүдөн баш тартты. Жеке кызыкчылыгын көздөп, «кырсык боюнча актыны сурабагыла, кызды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген деп Борбордук майыптыкты аныктоочу комиссиядан өткөрбөгүлө, мен ЖОЖдун контрагын төлөп берем. Силер «дообуз жок» деп жазып бергиле, андан соң «разбежимся». Эгер буга көнбөсөңөр, акчам бар, адвокаттарды жалдайм. Соттордун артынан жүрө бергиле, алардын да баасы бар. Соттор менен сүйлөшүп, ашып кетсе 500 сом айып төлөп кутулам!» деди. Мен ага «сени ордуңа коё турган чынчыл адамдар, тиешелүү мекемелер табылат!» десем, ал «макул, билген жериңе бар!» деп жооп кайтарды.
Тилекке каршы, ошондон бери П.Десятниковдун сөзүн сүйлөгөн коррупционер, саткын кызматкерлер бар экенин өз көзүбүз менен көрдүк. Арасында өз ишине так, чынчыл кызматкерлер да жок эмес. Бирок ушунча убакыттан бери депутаттын адвокаттары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды чүлүктөгөн букадай кылып сүйрөп келишти. Барбаган сот калган жок. Кызым айына 4200-4300 сом айлык акы алчу, бирок ишкана сотко «айына 500 сом гана алчу» деп жасалма документке кызымдыкына окшотуп өздөрү кол коюп алып келишти. Ал колду бирөө окшоштуруп койгондугун экспертиза аныктап берди.
Менин сиздерге акыйкаттык издеп кайрылганымдын себеби, ишкананын жетекчилиги Мээримдин иш үстүнөн алган жаракаты үчүн тийиштүү мекемелер менен соттордун эсептеп, төлөп берсин деген чечимдерин аткарышын талап кылам. Ишкананын жетекчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Эмгек кодексин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылсын. Мындан тышкары ишти акыйкатсыз, толук эмес караган тиешелүү мекемелердин кызматчыларынын иш-аракетине юридикалык баа берип, алар мыйзам чегинде жоопко тартылышсын. Азыр депутат ММКлар аркылуу «кырсыкты убагында териштирип, акт түзүлгөн, мыйзамдын талаптарын аткаргам. Төлөмдөр өз убагында төлөнгөн, 1 бөлмөлүү үй берсем, 2 бөлмөлүү үй доолап жатат» деп жалган маалымат таратып жатат.

«КОМПЕНСАЦИЯ ТӨЛӨӨДӨН КАЧКАН ЖОКПУЗ»
«Ал эми буга экинчи тарап кандай жооп кайтарат болду экен?» деп ишкананын ээси ПАВЕЛ ДЕСЯТНИКОВго жолугуп, анын да пикирин уктук. Бизге колундагы соттун чечимдерин, документтерди көрсөтүп, буларды айтты:
– Мыйзам чегинде биз соттордун төлөгүлө деген акчасынан баш тартпай төлөп келе жатабыз. Буга чейин Мээрим Усуповага 200 миң cомдун тегерегинде компенсация төлөп бердик. Мындан тышкары операцияга, дарысына жана ЖОЖго окуусуна акча бердик. Бирок кыздын атасы 2 миллион сом компенсация төлөгүлө жана 2 бөлмөлүү үй алып бергиле деп жатат. Биз ага каршыбыз.
Мээрим жакшы иштеген кызматкерибиз болчу. Тилекке каршы, кыздын атасы кырсыктан пайдаланып, биздин компаниядан акча өндүргүсү келип жатат. Баары мыйзам ченемдүү болуш керек. Жакында боло турган Жогорку Соттун чечимин күтүп жатабыз. Свердлов райондук соттун чечими менен депозиттик эсебине 149 миң сом компенсация төлөгөнбүз, эгер Жогорку Сот мындан эки эсе көп компенсация төлөгүлө десе, биз макулбуз. Бирок кыздын атасына миллиондоп акча төлөп бере албайбыз.

Юристтин кеңеши

«ЭМГЕК КЕЛИШИМИ ТҮЗҮЛҮШ КЕРЕК»
Жогорудагыдай кырдаалдын алдын алуу үчүн жумушчу менен ишкана эмнеге милдеттүү экенин юрист
АЙНУРА СЫДЫКОВА бизге төмөнкүчө түшүндүрдү
:
– Жаран жу­мушка жа­ңы орношуп жатканда, мыйзам боюнча, иш берип жаткан ишкана менен эмгек келишими түзүлүш керек. Ошол келишимде жумушчунун канча айлык ала тургандыгы, кошумча төлөм, иштин ден соолукка канчалык деңгээлде зыяндыгына карата же иш үстүндөгү кокустуктарга жараша төлөнүүчү компенсациялардын көлөмү жазылат. Мындан тышкары ишкана тарабынан жаңы ишке кирген жумушчуга анын кызматы, коопсуздук эрежелери тууралуу кенен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүсү шарт. Ушундай талаш учурларда эки тарап тең эмне кылыш керек экендиги эмгек келишиминде көрсөтүлөт.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Кыздын майып болушуна ким күнөөлүү?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(36)
SUPER.KG видео
27.01.2013. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tigi Lawyeriner bolbogon neme eken, al emi Aidar baike kyrsyktyn aiynan diplomsuz urist bolupsyz, Sabyrduu bolunuz, Allah kunooluunu ozu jazalasyn, AMin.
SUPER.KG видео
27.01.2013. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызгада кыздын уйбулосунода аябай кыйын болуптур.Тигинин станогу адамдын омурунон кымбат бекен?Бир кун озунун башынада тушуп калыштан корксун.Биз кыргыздарда эмне акыйкат деген жокпу е?акча учун куноолуну актап,айыпсызды камап ех жашоо.
SUPER.KG видео
27.01.2013. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окунучту окуя экен,бирок эми канча "компенсация"толонсо да байкуш кыздын колдору эмне болот?болбогон куноосу жокторду камап биздикилер момунтип карапайым элдин сотун 5 жылга созуп келишкенин карагыла,ушундай боюнча кетсек качан акыйкат болот бизде.президентке да жеткирип корбоптур кыздын колдорун.эми кудай колдосун!
SUPER.KG видео
28.01.2013. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы бир патриот балдарга салып берсин ошол кишини,корот элем ошондо кандай абалда болуп жалдыраганын!
SUPER.KG видео
28.01.2013. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оруска кыргыздардын кучу жетбей атабы э. качан токтотобуз бироолордун кенедей акчасын жеп алып ошонун ырын ырдаганын. уят бул жакта кыргыздар зыян тартып атат а башка улуттагылар кулуп жайнап журот. колу менен аткарган жумушун мойну менен жооп берсин да.
28.01.2013. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ужастын ужасы го,кудай анын жузун ары кылсын:( Жазасын алсын ким куноолуу болсо дагы уф журок ооруп кетти го:(
28.01.2013. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушу жерден да кара карапайым кыргыз кызы кор болуп турат.Эгер орун алмашып ушул окуя болгондо кыргызым милион эмес турмого да отурат болчу.Адам омуру эмес станок деген учун эле.Адамдан да станок кымбатпы?Неге адамдар таш боор болуп кетип атабыз.Неге карапайым элдин укугун коргогон бир азаматыбыз жок.Ал кыз омур бойу индивалит болуп калды го..
28.01.2013. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
буга окшогон акчасына ишенген макулуктарды атып салыш керек
30.01.2013. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asyl85, туура айтасыню
28.01.2013. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emne degen wumduk bul? Kyzdyn omurun0n dagy stan0k kymbatby?bul ne dege arsyzdyk? Baikuw kyzga aiavai bo0rum achydy yilagym kelip ketti(( uwundai ak4a m,n 4e4iwkenderdi 4ekeden atyp salsa!
28.01.2013. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мына бийлик мына адилеттуулук мына закон адамдын да конулун калтырып бутушту ошон учун чет олкодогу жаштар мекенди сагынса да кайткылары келбейт себеби оз мекенинде оз жарандарынын жанын, эртенки тагдырын бир тыйынга корушпойт баарын акча менен эсептешет
28.01.2013. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окуп алып журогум ооруду, Миллион компенсация толосо да аздык кылат,кыз омур бою майып болууда... Аллах жазасын берсин!
28.01.2013. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде да карапайым адам жабыркап турат,томондо айтылгандай колунда бар адам болгондо анда чынынды еле башкача чара корушмок.Адамдын омурунон да темир кымбат болуп калганго.
28.01.2013. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал деген орус болуп атпайбы.Түшүнсөңөр боло орус кыргыздан өйдө эмеспи.
29.01.2013. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ужасссссссссс
29.01.2013. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундайларды угуп коргондо алдынкы келечекти элестетуу кыйын болуп калды. Биздин олкодо качан мыйзамдуулук орнойт? Байкуш атасы майып болгону аз келгенсип эми кызы... Эми келечеги кандай болот турмушка да чыгалек болсо. Бир колунан эле эмес ар тараптуу байып болду. Адамдарды билебиз кун откон сайын кемсинтуу пайда болот. Суперчилер бечара деп жазбагыла кызга оор тийет! Мээрим сен кучтуусун озунду таштаба баарын женесин Аллах жардам берет. Ал эми директор сорой качандыр бир кун жазасын алат.>:)
29.01.2013. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акмакчылык, жоопкерчиликсиз.... өзүнүн баласы ушундай кырдаалга туш болсо дүйнөгө даттанмак....
29.01.2013. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адам омурунон станокту ойдо койгон акмактарды олтуруш керек ошону менен бирге ал кыргыздын кызыго кантип акыйкаттык менен ал кызга жардам бере турган адам жок
29.01.2013. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш кызга боорум ооруп кетти
29.01.2013. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Десятниковдун колун станоко кыпчып,айлантып,7саат операция кылып,майып кылыш к.к.ошондо тушунот кыздын акыбалын
30.01.2013. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутаттардын бизнесине тыюуу салыш керек айтканын карабайсынарбы соттун бааларын керек болсо пожизненно толойт 2миллион аз адамдын омурун эмес станокту сактап калганын кара акмак ошонусу учун да керек болсо соттосо болмок эми баары бир закон жок да
30.01.2013. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы шаардык кенештин депутаты экен... Адам катары кызды ойлоп койбогон Депутат болуп эмнени кыйратат эле.....
30.01.2013. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр акчан болсо ТАНКАСЫН, жок болсо МАНКАСЫН деген заман чын окшойт...
31.01.2013. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azyr adamdyn omurunon dagy temir kymbat bolup kalganby....adamdar emne bolup baratat kimde kunoo bolso kudaiym jazasyn bersin
31.01.2013. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздын эми омур бою колу иштебейт эгер иштесе ошол кымбат апараттан 100ду тапмак ээх адамдаар кайсыл жака баратабыз заман эмес адам баласы озу кайсыл жака баратат.....
31.01.2013. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге акча дейт соту и башкасы значить мен бироону атайлап колун кесем компенцасия толойм и болдуго е
03.02.2013. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызга убал болуптур, адамдын саламаттыгынан да станок кымбат экен да, кыздын атасына ушунчалык ичим ооруп кетти, кылгырып, оор үшкүрүнүп сүйлөгөнүнө адамдын боору ачйт, депутатка башка мыйзам карапайым калыкка башка мызам жок чыгаар, сакчыкана, тиешелүү орун, органдар жакшылап сурабай койгонунан улам бул киши гезитке маалымат берип коомчулукка билдирип жатабы.
03.02.2013. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да будьте вы прокляты богатые депутаты гнилые
03.02.2013. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам балдар менин атым Гуля
Салам Мерим капа болбо,бул дуйно кайтар дуйно.
Сенин тарткан азабындан 10 эсе тарттат. Кудай ОЗУ жазасын берет буюрса. Ал Эми сага бир багы ачылган жакшы жигит туш болот. Ошол жигит менен баааааактылуууууууу жашап кичикей наристерлер багып остуросун. Буш окуяны сага берилген сыноо дер бил макул.
14.02.2013. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eldi ondoibyz dep aitat moy akmaktar samom dele bardykty jalpaiyp otyryp alyp yshylar kylyp jatat chekeden atysh kerek
SUPER.KG видео
09.02.2014. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул тема боюнча толук малымат берип койунуздарчы супер инфо
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: