ЭҢ ЖАГЫМСЫЗ КЕСИПТЕР

№534 25-31-январь, 2013-ж


Дүйнөдө түркүн кесиптер бар. Алардын ичинде биз анча биле бербеген, жагымсыз жумуштарды кесип кылып келаткандар кезигет.

ҮЙ ЖАНЫБАРЛАРЫНЫН ТАМАГЫН ТЕСТИРЛӨӨЧҮ
Үй жаныбарлары үчүн азыктарды чыгарган компаниялар дүйнөдө көп. Алгач пайдалуу делген азыктар ойлонуп табылып, курамы бекитилип, жаныбардын организмге тийгизер пайдасы жана башкасы аныкталат. Анан азык сынактан өтүш үчүн даярдалат. Мына ушул кезде аны тестирлөөдөн өткөрүүчү адис керектелет. Ал адис азыкты (итке же мышыкка арналган) жеп көрүп, даамын баалайт. Тестирлөөчү адис азыктар сатыкка чыгарда да кайрадан даамын көрөт. Үй жаныбарларынын тамагын жеш, албетте, жагымсыз.

КАНАЛИЗАЦИЯ ТАЗАЛООЧУ
Ири шаарларда канализацияны тазалоочу атайын адамдардын тобу бар. Алар түтүктөрдө кандайдыр бир себептерден улам тыгынды пайда кылган таштандыларды тазалашат. Кээ бир өлкөлөрдө бул ишти атайын кийим кийип, жабдыктардын жардамы менен аткарышат. Ал эми айрым өлкөлөрдө бул жумушту колу менен ишке ашырышат. Мисалы, Индияда. Алар дааратканадан чыккан ыплас, сасык сууну кечип, тыгын жараткан таштандыларды чакага салып сыртка чыгарышат. Бул кызматы үчүн күнүнө 3,50 доллар жана бир бөтөлкө спирт ичимдигин алышат. Мындай ишти аркалап келгендердин айрымдары ууланып, каза тапкан учурлары да аз эмес.

КОЛТУК ЖЫТТООЧУ
Бул кесиптин ээлери көбүнчө дезодорант чыгарылуучу компанияларда кызмат өтөшөт. Алар дезодоранттын эффективдүүлүгүн, канча убакытка чейин терди жана жытты чыгарбай кармап тура аларын текшеришет. Бул максатта ар бир саат сайын аны сыйпанган адамдын колтугун жыттап турушат.

ЖАНЫБАРЛАРДЫН УРУГУН АНАЛИЗДӨӨЧҮ ЛАБОРАНТ
Ветеринардык лабораторияларда илимий максаттарда же жасалма уруктандыруу үчүн айрым жаныбарлардын (көбүнчө малдын) уругу алынат. Ал ишти аткаруу урукту анализдөөчү лаборанттын моюнуна жүктөлөт. Анын түздөн-түз милдети болуп малды дүүлүктүрүп, бел суусун (спермасын) алуу эсептелет. Ал үчүн айрым лабораторияларда атайын приборлор бар. Приборлор жок жерде эркек малдын жыныс мүчөсүн колу менен укалап дүүлүктүрүп, уругун алышат.

ИЧТЕН ЧЫККАН ЖЕЛДИ ИЗИЛДӨӨЧҮ
Илим эмнени гана талап кылбайт. Америкалык профессор, гастроэнтеролог Майкл Левитт Эту адамдын ичинен чыккан желдин жытына изилдөө жүргүзгөн. Ал үчүн жүздөн ашуун адамдын ичеги-карынынан чыккан газды чогулткан. Анан аларды анализдеп, жыйынтыгында суутектин сульфаты канчалык көп болсо, ичтен чыккан жел ошончолук жагымсыз болорун аныктаган.


Мындан тышкары жагымсыз, бирок керектүү кесиптерге патологоанатом, таштанды чогултуучу, ажаткана тазалоочу, идиш жуугуч жана башкалар кирет.

Салтанат Мукасова
koom@super.kg



Эң жагымсыз кесиптер

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(17)
SUPER.KG видео
25.01.2013. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн жагымсызы девид мырзанын жумушу ото кыйын турбайбы,колтукту айтпай эле койоюн
SUPER.KG видео
26.01.2013. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ii baikuw david, boorum a4ywyp ketti
SUPER.KG видео
26.01.2013. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо кудай сактасын
28.01.2013. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emnesi bolso da,ar bir adam oz kesibin suiup atkarsa!
28.01.2013. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар бир кесип ардактуу... Деп кой хехе :)
28.01.2013. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fuu,kantip kanalizaciany tazalaait blaak'
02.02.2013. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
angelo4ka_96, рахмат айт ошолорго...сенден чыккан нерсени тазалап, эл учун кызмат кылышат. тазалабай койсо эмне болоор эле шаарынар..
28.01.2013. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой,тообо...билбей журупмун. Рахмат,супер маалымат учун!
SUPER.KG видео
29.01.2013. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш баарынан да Девиддин кесиби оор экен. Анан дагы 6 эле доллар. Биздин акча менен эсептегенде 280сом.
29.01.2013. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анализди билиш учун кал,моча да тапшырабыз го.
29.01.2013. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oi toobboo bilbei jurgon,irenjitken kesipter bar turbaiby,rahmat bilip aldym
30.01.2013. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин иттер ачып кеткен тамактарды жегенине да суйунот
30.01.2013. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактаааа
31.01.2013. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaisyl kesiptin eesi bolsonda oshol kesiptin masteri bolushun kerek
02.02.2013. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырахат ала турган кесиптер экен.
02.02.2013. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай кесип болсо да, адал эмгектенсе жегенин да адал болот.
02.12.2013. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыбыз депутат болуп алсак, ким кочо шыпыргыч болот а ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: