«ДАРЫГЕРЛЕР УУЛУМДУ МАЙЫП КЫЛЫШТЫ»

№539 1-7-март, 2013-ж


Алты саны аман баласы заматтын ортосунда майып болуп калган ата-эненин арманы ат көтөргүс оор экенин айтпасак деле түшүнүктүү. Талантбек жана Фарида аттуу ата-эне уулу Баатырбектин кейиштүү тагдырын баяндап отурушту. Алардын пикиринде, 15 жашка караган уулунун майып болушуна ак халатчандар күнөөлүү.

«БАЛАМДЫН ЖҮРӨГҮНӨН ИЙНЕНИН СЫНЫГЫН ТАБЫШТЫ»
Алгач сөздү Баатырбектин апасы ФАРИДА КУЛМАМБЕТОВА баштады:
– Балам Баатырбек Талантбек уулу 2000-жылы 7-январда 1 жаш 8 ай болгон кезинде кайнап жаткан майга сол колун күйгүзүп алып, ооруканага түштү. Алгач бизди Бишкек шаардык №4-оорукананын күйүк бөлүмүндөгү нөөмөттөгү дарыгери Бакыт Жапаров кабыл алып, 3-даражадагы күйүк деген диагноз койду. «Операция жасабасак колу иштебей калат» деп операция жасап, андан соң балам бир жума жандандыруу бөлүмүндө жатып калды. Бир жуманын ичинде уулумду дарыгерлер жакшы эле карап, андан соң палатага которушту.
Палатадан И.Бабичева аттуу дарыгер тамчылатма дары койгон. Ошондо ага чейин коюлган учунда ийнеси бар катетер шалактап бош жүргөн. Мен «эже, бул бошоп калыптыр го, алып эле салбайсызбы же жакшылап коюп койбойсузбу» десем, «жакшынакай эле, бүгүнчө жүрө турсун» деп тегерете лейкопластырь чаптап койду. Андан соң мээрман айым келип тамчылатма дары коюп кетер замат эле катетер өзүнөн-өзү чыгып кетти. Мен далбастап чуркап барып медайымды чакырып келдим. Ал «мен муну билбейм» деп врачты чакырды. Врач келип, «катетер толук эмес экен, муну хирург койгон» деди. «Анда жүргүлө, хирургга баралы» деп баламды көтөрүп хирургга барганча тигилер системди, катетерди кесип, таштандыга салып коюшуптур. «Дароо эле кесип, таштандыга салабыз, бизде ушундай» деп жооп кайтарышты. Хирургга айтсам, «мен көрдүм, катетер канча сайсам ошол боюнча эле чыкты» деди. «Врачтар кичинекей эле чыкты деп жатышат» десем, «мен 6 сантиметр койгом, 3ү чыкты, 3үн кесип салгам, эгер бир нерсе калып калса, баланын жүрөгүнө кетип, дароо өлүп калмак, балаң жакшынакай эле ойноп, чуркап жүрөт» деп мени сооротуп койду. Ошентип, бир жума ооруканада жатып, үйгө чыктык.
Үйгө келген соң балдар менен кичине ойнойт да, андан соң бурчка эле өзүнчө ойноп, ызы-чууну жактырбай калды. Ошондон тарта баланын ден соолугу начарлай берди. Жал кичи районундагы балдар ооруканасына текшертсек, ал жердегилер Баатырбекке жүрөк кемтиги деген диагноз коюп, дарылай башташты. Улуттук кардиология борборунун дарыгерлери баланы аппараттан көрүп, «жүрөгүндө чоочун зат бар, ириңдеп кетиптир» дешти. Биз аны укканда эле №4-оорукананын врачтары: күйүктөр бөлүмүнүн башчысы
К.Сарбановага, палатанын дарыгери И.Бабичевага жана хирург Б.Жапаровго кайрылсак, алар «эч кандай катетер жок, балаңардын жүрөгү кемтик» деп мойнуна албай коюшту. Ал ортодо «шашылыш операция жасабасак болбойт» деп кардиологиянын дарыгерлери айтышты.
Ошентип, 9-ноябрда Баатырбектин жүрөгүнө 5 саатка созулган операция жасалып, катетердин сынып экиге бөлүнгөн ийнесин алып чыгышты: узундугу 2,5 жана 7,5 сантиметр экен. Угушубузча, катетердин ийнесинин узундугу 14 сантиметр болот экен. Демек, Б.Жапаров ийнени кескен эмес. Ийне кан аркылуу жылып отуруп жүрөккө тепчилип калган. Мындан тышкары катетерди жаңы сайган маалда баламдын жүрөгүнүн бир клапаны ачылып калыптыр. Операциядан соң профессор С.Жошубаев бизди иш бөлмөсүнө чакырып, «баланын акыбалы аябай оор, эки затты жүрөгү кантип көтөрүп жүргөнүнө таң калдым. Болгон жардамыбызды беребиз, жакшы болуп кетер» деп бизди жоошутту. Операциядан соң балам 43 күн комада жатып, анан палатага которулду. Ошондон тарта балам сүйлөбөй, көрбөй, эч кимди тааныбай, баспай, тирүүлөй шал болуп калды (эне сөзүнүн ушул жерине келгенде көзүнө жаш алды).

«МЫЛТЫГЫМ БОЛГОНДО ВРАЧТАРДЫ АТЫП САЛМАКМЫН»
Окуянын калганын Баатырбектин атасы ТАЛАНТБЕК ЖОРТУШЕВ улантты:
– Биз врачтарды башында сотко бербей эле коёлу дегенбиз. Анткени Баатырбек көзүн ачпай жандандыруу бөлүмүндө жатканда №4-оорукананын врачтары «биз балаңарга жардам беребиз, айыктырабыз. Эгер бизди сотко берсеңер, жумуштан алып коюшат, анан кантип силерге жардам бере алабыз? Андан көрө жумушта иштей берели» деп менин атамды алдап коюшуптур. Кардиологиядан «балаң болду сүйлөбөйт. Чет мамлекетке алып барасыңбы, кайда алып барасың, эптеп айыктырыш керек. Бизде азырынча аны айыктырганга мүмкүнчүлүк жок» дешкенинен врачтарды сотко берип салдым. Ошондон 1 айдан кийин эле сот болуп, Ленин райондук соту 2001-жылдын 12-июлунда күнөөлүү дарыгерлерди балама «жеңил жаракат келтирген» деп таап, анан мунапыска таяп туруп актап жиберди. Залдан чыгып баратып баары мени карап күлүп кетип жатышты. Ошол жерден прокурор, адвокаттар, №4-оорукананын күйүк бөлүмүнүн башчысы, аларга кошулуп Б.Жапаров да күлүп, мага карап «колуңардан келгени ушулбу?» деди. Жанымда мылтык гана жок болуп калды. Атып салып, басып кетким келди. Ошондон бери бир жардам бермек тургай, басып да келишкен жок. Угушумча, алар дале ошол жерде иштеп жатышыптыр. Арасынан И.Бабичева деген күнөөсү жок дарыгер гана балабызга таттууларды алып келип, аркы-берки кылып жардам берип, телефон чалып уулумдун акыбалын сурап турат.
Баламдын диагнозу борбордук нерв системинин оор гипоксистикалык бузулуусу жана талма. Жашап жаткан үйүбүздү сатып Москва шаарына барып дарылатканбыз, бирок акчабыз түгөнүп, толук дарылата албадык. Азыркы тапта көп өлкөлөргө интернет аркылуу жардам сурап кайрылып жатабыз. Чет өлкөлөрдөгү көптөгөн ооруканалардан «мынча убакытта, мынча каражатка айыктырабыз» деген жоопторду айтышууда. Ошолордун ичинен Германиядагы жана Кытайдагы ооруканалар бизге ылайыктуу болчудай. Бирок ага өтө көп акча керектелет экен жана банкта эсепте акча болушу шарт дешти. Мен ар кандай жумуштарда иштеп тапкан акчам жана оорукчан уулума чектелген пенсия биздин жашообузга жетпейт. Баатырбекке ай сайын илгери үмүт менен 5000-6000 сомдук дарыларды алып беребиз. Андан тышкары батир акысына, тамак-ашыбызга акча кетет. Айтор, каражат жетишпей кыйналдык. Баатырбектен кийин да 5 жаштагы уулум, 5 айлык кызым бар. Келинчегим иштеген жумушун таштап, 12 жылдан бери оорукчан Баатырбекти жана эки кичинекейди карап үйдө.

«КҮНӨӨЛҮҮ ДАРЫГЕРЛЕР ЖАЗАСЫН АЛЫШКАН»
Жогорудагы окуя тууралуу билгибиз келип, Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун (№4-оорукананын азыркы аталышы) башкы врачы АЛМАЗ КУБАТБЕКОВго кайрылдык:
– Бул окуя 2000-жылы болгон экен. Ал кезде №4-шаардык оорукана деп аталчу. 2004-жылдан тарта Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борбору болуп калгандыктан, жетекчилер да, администрация да алмашкан. Жогорудагы окуя боюнча уккам. Жабырлануучу тарап сотко кайрылгандан кийин сот болуп, сот врачтардын экөөнү актап, бирөөнү күнөөлүү деп тааптыр. Азыркы маалда ошол кезде күйүк бөлүмүндө иштеген Б.Жапаров да, И.Бабичева да бизде иштебейт. Ал эми К.Сарбанова иштейт. Бирок 2 айдан бери жүрөгү ооруп ооруканада жатат.

Жогорудагы окуяны кырсык дейбизби же дарыгерлердин, соттордун өз ишин так аткарбаган шалаакылыгы дейбизби? Эмнеси болсо да ачуу чындык – баланын майып болуп калгандыгы. Эми баланын келечеги, мындан аркы жашоосу эмне болот?
Уулунун айыгып кетеринен үмүтүн үзбөгөн ата-эне баланын кайрымдуу мекендештеринен жардам күтөт
(тел.: 0770 56-51-76, 0779 19-90-44).

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Жүрөгүнө ийне сайылып калган бала

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(46)
04.03.2013. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vrachtar jana sot sisemasy k*** uno kiriptir da. toobo kantip ele aktap ji erishti akmaktar. bala baikush kuday saktasyn emi infarkt je insulttan shal bolup kalyshtan kudayim ozun sakta!
04.03.2013. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
owondoi vra4tardy atyp ele salyw kerek...
04.03.2013. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баланын да кудайы бардыр,айыгып кетуусун тилейм
SUPER.KG видео
04.03.2013. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул дуйнодо болбосо тиги дуйнодо жазасын алышат. Кудай коруп турат баарын. адамдар Кудайдан корккулачы.
SUPER.KG видео
05.03.2013. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз да ошондой шалаакы врачтын айынан айдай болгон наристе уулубуздан ажырадык.кудай озу тараза!
05.03.2013. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай өзү жазасын берсин! М*лдардын! Бала сакайып,айыгып кетсин, Ылайым!
05.03.2013. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы врачтарга озунду ишенип тапшырыштан коркосун. Акчан бар болсо карайт, болбосо жок. Баарынан да тан калыштуусу алар ооруканадан орун таап бериш учун да акча алышат экен. Андай болсо аларга мамлекет айлык толобой эле койбойбу. Озунду эптеп иштеп кеткенин иште болбосо жок деп. Менин жолдушума бугун орундук бошотуп бергендиги учун врач 2000 сом талап кылды. Ушуларды кимге барып арыздансак болот экен?
05.03.2013. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул врачтар Гипократтын антын ичишкен бекен же дипломду кочодон таап алышкан бекен? Кудайдын казаны акырын кайнайт, жазасын алаар кун да келет. Наристенин убалы жаман болот.
05.03.2013. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу ишке кириптер болгон жан сакчылары, колунардан келгени ушубу дегендин ордуна атынып алгыла, куноонор женилдейт... Оз баланар ушул ахыбалга жетип калса кантет эленер?!...
06.03.2013. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп алып аябай журогум ооруду сопсооо баланы майыпка айлантып коюшуптургоо ал врачтарга да кудай бар!
06.03.2013. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дарыгерлер Кудайдан коркпой калганбы? Чырактай баланын тагдырын балталап коюп кантип иштеп жүрүшөт? Өз ишин билбеген адам мындай кооптуу, адамдын жаны менен күрөшкөн жерде иштебей эле койсо өзүнө да жакшы болмок, совести тынч болуп дегендей...
06.03.2013. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде бул акыркы корунуш эмес, Гипокарттын антын берсе да акчан жок болсо жардам бермек турсун, баштарын буруп койбойт ‰ ВРАЧТАР. Эч качан кылган куноолорун мойнуна алышпайт. олгон адамдын озунун жок ооруларын делое жазып коюшат. Текшеруудо медиктердин ишин билген озунчо мед. эксперттерди коюшса. Зарплаталары кобойсо деле баякы корунуш !
06.03.2013. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарга тушкон гум жардамдардын баардышгы аптекаларда гана сатылат. бир да уга элкемин жонокой адамдын инвалид баласына оорусуна тиешелуу дар жардам катары берилгенин!!!
06.03.2013. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тороттко платный кылган учурда, (Колдо) милиционер жолдошу иш учурунда келинчегин оз колу мн роддомго таштап, акча таап келгиче келинчеги каралбай,тороттон баласы менен чогуу каза болгон.Ошол жерден акча таап келген жолдошу врачты атып салган, озу соттолгон. Зато ошондон кийин акысыз торотту киргишзишкен. Муну мн эмненин айтаар елем, чара сот жактан закондуу же башкача жол мн корстосоонолсо бир ошондо врачтар ‰АДАМ кейпине кирет.
06.03.2013. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энеге абдан оор, олук емес же тируу емес, колдогу оорулуу бала эн татаал сыноо. Балага чонойгон сайын кыйноо жашашы. Ошол врачтар эмес, ал адамдын озуннон. ОШОл мыкаачы адамдарды кудай корсотсун
06.03.2013. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ынсап берсинчи баарына! медик менен ментке ишин тушпосунда бул жашоодо! акча еле деп турушат!
06.03.2013. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балага еле ичин ачышат.
Баланы куйгузуп алсан ененилик акын калбайт деген соз уккам чынбы жалганбы билбейм майга барып колун салгыча караш керек еле аттин аттин ай!
07.03.2013. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келгиле жардам берели соз менен эмес иш менен корсотолу эмнеси болсода бир кыргыз боорубуз
07.03.2013. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шыпаасын берсин кудайым , капитализми ушу экенда шумдук акчан болсо адамсын
08.03.2013. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камалыш керек, срочно
09.03.2013. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш балага дагы кыйын ата энесине сабырдуулук каалайм тез эле айыгып кетсинчи журок ооруп чыкты
SUPER.KG видео
09.03.2013. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Завочный окуган врачтар окшойт !
09.03.2013. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми тезирээк эле айыгып кетсин.Бир жакшы баланы айып кылышып.Мен да Кыргызстандагы врачтарды коруп тан калдым.Олсон оло бер дешет,жоопкерчилик ноль.
SUPER.KG видео
09.03.2013. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр акчан болсо карайт акчан болбосо майып эмес олтуруп койуп жатбайбы булар врач эмес акча корлор А берки сот болсо арам курсактар ким акча берсе ошонукун тура кылат
SUPER.KG видео
09.03.2013. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин Кыргызстанда чон иште иштегендер бирда таза адам жок баарына акча болсо болду! Баатырдын Атасы Талат аке айтмакчы баарын атып салыш керек! Баатыр сага кудайым ден соолук берип жакшы болуп кет
09.03.2013. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланы коруп зээним кейиди,Аллах Таллам айыгып кетишине ШыФаа берсин!
09.03.2013. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kudai jazacyn berce eken.balaga kudai shybacyn berce eken
11.03.2013. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтарга айтылган терс создорду бир аз ойлонсонор болор? Шалаакылык болсо анда биринчи майга ким куйгузду? Врачтар сыйкырчы эмес, мумкун болушунча карайт. Катетер да болунуп кетбейт озунон озу, мумкун брак, мумкун кутулбогон кырсык. Неге мындай учурда толтура жакшы болгон оруулар эске алынбайт . Гиппократ ким экен, жашоо татаал , баары акча менен. Ар ким озуно сак болгону жакшы. Бироого таш ыргытбай, бул терс комментарийлерге.
SUPER.KG видео
20.10.2013. 07:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтар практиканттарды киргизип коюп журо беришет азыр, Аллахым баланызга чын денсоолук узун омур берсин!
09.01.2016. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул баланын тагдыры туралуу билдирсениздер ?! Сураныч..
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: