БАТЫШТЫН КЕҢКЕЛЕС ТАМАШАСЫ

№551 24-май-30-май, 2013-ж


Бир жыл мурун норвегиялык «Ylvis» тобунун «Жаным» аттуу кыргыз-орус тилдүү ыры жарык көргөн. Клибинде кыргыз кызын байдын туткунунан куткарган эки жигиттин эрдиги чагылдырылат. Клип чыкканда «кыргыздын мырзаларын коркок көрсөтүптүр» деп кыжырдангандар болгон. Жалпысынан ал элге кеңири жайылып, жогору баага татыган эмес. Орто деңгээлде тартылган клип эле. Бирок жакында интернетке чыккан видео көптөгөн кыргызстандыктарды «таң калтырды». Анткени аталган топтун ырчылары норвегиялык телеканалдардын биринде, түз эфирде бул ырды уят сөздөр менен «кооздоп» ырдашыптыр. Илгерки СССРден чыккан Жигулини сахнага ала чыгып, «Шлюха» деп жазып, илип алышкан.

КЫРГЫЗ МЫНДАЙ ЖАРНАМАГА МУКТАЖ ЭМЕС!
«Жаным, девочка моя,
Айка, Чопа, Алия,
Ждать вечно буду я тебя,
Жаным, жаным, милая.
Жаным, жаным, ай,
Бирге жүрдүк бир далай.
Вдоль рек и полей, и камней, и базара Ошского...» деген саптарды улам кайталап ырдаган «Ylvis» тобунун багы ушул ырдан кийин ачылып кетти көрүнөт. Анткени Норвегиянын телеканалдарынын биринде бул ырды аткарган жигиттердин видеосу Кыргызстанда интернет булагында көп каралып, кызуу талкууга алынууда. Кыргызча сөгүнүп ырдаган жигиттер ансыз деле маани-маңызы жок ырды адепке туура келбеген уят кептер менен «кооздоп» кыйкырганы оозубузду ачырды. Анда сахнага Жигули үлгүсүндөгү унаанын номеринин ордуна «Шлюха-1» деп жазып, ырдын айрым жерлерине «кандай к...?» деп жыныс мүчөнү айтып кыйкырып, кыйратып жакшы нерсени айтып жаткандай сүйүнүп алышкан. Бул видеону талкууга алгандардын айрымдары мындай көрүнүштү таалим-тарбиясы жок маңкурттардын иши катары кабыл алса, «мамлекетибизди жарнамалап жатат, эң жакшы, азаматсыңар!» дегендери да бар. Качантан бери кыргыз эли «кандай к...?» деген жарнамага муктаж болуп калды эле деп күйбөгөн жериң күл болот!

ПРОДЮСЕРЛЕРДЕН ӨЧТҮ КЫРГЫЗДЫ МАЗАКТОО МЕНЕН АЛАБЫ?
Интернет булактарындагы маалыматтар боюнча тамашакөй ага-иниден түзүлгөн бул топ өз өлкөсүндө популярдуу. «Эмне үчүн сөгүнгөн сөздөрдү кошуп алдыңар?» деп «Клооп» жаңылыктар веб-сайты суроо менен кайрылышканда топтун мүчөсү ВЕРГАРД ИЛЬВИСОКЕР:
«Бизде эч кандай кыргыз кыздарын же кыргыз элин шылдыңдайлы деген ой жок, бул кадимки тамаша. Оюбузда ар бир кыргыз тилин түшүнгөн адамга жылмаюу тартуулайбыз дегенбиз. Биз телеберүүнүн продюсерлеринин үстүнөн күлөлү деп ушул ишке бардык. Сөздөрдү дос кызымдын кыргыз таанышы үйрөткөн. Ал мас экен, бир нече сөгүнгөн сөздөрдү айтыптыр, ичинен жакканын тандап алдык. Мындан сырткары орус тилинде да сөгүнмөкмүн. Бирок сахнага чыкканда жаттаган нерселерди унутуп калыпмын, аябай өкүндүм.
Кыргыз эли меймандос экен, биз ал жакка барып убакытты аябай жакшы өткөрүп келдик. Жадакалса досторума дагы Кыргызстанга барып эс алгыла деп жатам»,- деп жооп бериптир.
Ал эми унаага «Шлюха-1» деп күлкүлүү болот деген ойдо жазышкан. Ырчылардын айтымында, мындай тамашаны кыргыз эли анчалык катуу кабыл аларын ойлошпогон. Мындай адепсиз, кеңкелес тамашага кыргыз коомчулугу каткырмак түгүл, жылмая алган жок.

«БИЗДИ ЖАЙЛАГАН ТУРБАЙБЫ?!»
Аталган топтун «Жаным» аттуу ырынын клибинде роль жараткан актёрлор Мирлан Абдулаев менен Садыр Сагынбаевге кандайча тартылып калгандыгы жөнүндө суроо салдык. Экөө тең клипте кадимки жумуш катары роль жаратышканын жана аларга сунушталган учурда мындай вариантка өтүп кетет деген ой болбогонун билдиришти.
Мирлан Абдулаев «актёр катары чакырышканынан тартылып койгом. Алардын кийин уят сөздөрдү кошуп салышканына менин тиешем жок. Биз тартылган варианты жакшынакай эле, кадимки клип болчу» дейт.
Ал эми клипте байдын ролун жараткан актёр Садыр Сагынбаев: «Кудай сакта, муну силерден угуп жатам. Ооба, тартылганым чын. Мени топтун мүчөлөрү кыргыз актёрлорунун ичинен сүрөтүмдү көрүп жактырып, чакырышкан. Кадимки актёрлук милдетимди аткарып тартылып бергем. Жакшы эле болгон баары, бирок бизди жайлаган турбайбы?! Ырдын өзгөргөн вариантын укмак турсун, клипти али көрө элекмин»,- деп таңданды.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg



"Ylvis" тобу (Норвегия) кыргыз кыздарын шылдыңдадыбы?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -10 
Комментарийлер(82)
28.05.2013. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым коруп турат ... Ар бир кылган жаман иш болобу жакшы иш болобу жоопсуз калбайт. Урматтуу Кыргыз Элим биз сабырдуу калкпыз баарын жене билген!!!
28.05.2013. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бир кызык нерсе угуп калдым ал кытайлар тууралуу, кыргыз адам кытай мугалимден сураптыр "дурак" деген соз кытайча кандай болот деп, а тиги болсо эгерде мен дурак деген создун кытайчасын айта турган болсом мен жалпы кытайды дурак дегендей болом деп айтуудан баш тартыптыр,а биздин ар-намыстан ажыраган,ар-уяттан безген адамдарыбыз ошол жаман создордун котормосун айтып,а тугул озунун абийирин да сатуудан тайманышпайт.Кайсыл гана жетесиз,келесоо которуп берди болду экен.
28.05.2013. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырды жакшы эле ырдашыптыр. Бул да болсо Кыргызстанды РЕКЛАМАЛОО! Угуп кайсы тил деп сурашса КЫРГЫЗ ТИЛИ дешсе башка эл кызыгат да. Бирок жанагы КАНДАЙ К...дегенин башка соз кошсо болмок экен. Кайгырганым эми ошол кызыккан ТУРИСТЕР келип биз менен КАНДАЙ К...деп саламдашпаса эле болгону )(
29.05.2013. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул айбандар дагы оздоруно окшогон адамдарды таап алышкан экенда кыргыздын арасынан,ошол видеоклипти интернеттен алып койсо болобу эми кеч болсо дагы.Аларды айып пулга жыгып жазасын бербесе болбойтко дейм
29.05.2013. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул айбандар дагы оздоруно окшогон адамдарды таап алышкан экенда кыргыздын арасынан,ошол видеоклипти интернеттен алып койсо болобу эми кеч болсо дагы.Аларды айып пулга жыгып жазасын бербесе болбойтко дейм
Медиа-портал
29.05.2013. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай ырды ырды ырдаган озулоруно уят.Биз деле ПОШЛА НА... Москва деп журобуз го.Ит уро берет кербен журо берет.Жараткандын алдында ак таза болсок жетет.Биз кыргыз эли карта боюнча Азиянын эле эмес дуйно элинин борборундабыз.Битке тенелип койногунду отко салба,унчукпасан баарын женесин.Ириген ооздон чириген соз чыгат.
29.05.2013. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдаан бул ыр бийликтегилерди кызыктырбайт, алар азыр башка оздорунун кызкчылыгы менен алек. А алардын башы эмес башка жери да оорубайт мындай оз эже-карындаштарын шылдын кылган ыр учун..... буга дагы баш оорутушабы биздин ЧОНДОРУБУЗ.
29.05.2013. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
oi mliin bul ne degen maskarapozduk?? Ne degen uiat?? Eger uwul maldar mandaiymda turganda! mlyaa soz da tappai kaldym i4im ort0nup atat ort0nup sazaiyn bermekmin sazaiyn tukurdum owo sargaigan sasyk bawtaryna!
29.05.2013. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tamawa dep koet dagy mall ewwek do0paras owondoi tamawalaryn enesine yrdavaiby ept tvoi mat' blin
29.05.2013. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келгиле достор баарыбыз биригип бийлике арыз менен кайрылайлы.бул ыры учун жоопко тартылышы керек же башка ырдабай кыргыз элинен кечирим сурашы керек
01.06.2013. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beko-,
мен сага кошулам, жоопко тартылышы керек акмактар.
29.05.2013. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hahaha kulkuluu eken lol
01.06.2013. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sara,
kulku korbogulo,bul akmaktar ar bir kyrgyzdyn namysyna tyigender
30.05.2013. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
svolochy!bizdi voobshe uyat kylyshkan go bashka elderge,osholordu keskilep salgym kelip jatat.
Модератор admin_media түзөттү 30.05.2013 10:41
30.05.2013. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизди атын чыкпаса жер ортто кылышкан турбайбы!Биз жакшы коруп уккан кээ бир Запад ырлары жалан ушундай создор. Ал эмес орус кээ реперлер деле ырдашат. Просто биз тушунгон озубуздун соз бизге жаман угулат да.
30.05.2013. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай создорду уйроткон кыргыз кыздарынын аябай жетишкендиги экендааа. Уят!
30.05.2013. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дос кызынын кыргыз таанышы да тазаа кызык го ,кыргызча согунгонду уйротуп берсе,минтип кайсы кыргыз согунот ыя?
31.05.2013. 05:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вот уроды
31.05.2013. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муну озбектер же казактар укса, ого бетер эле которулуп алышат го. Мин наалат айттым ичимден ошол мас кызга, жок дегенде оозуна ээ боло албаган.
01.06.2013. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин мамлекетибиздин,бийлигибиздин алсыздыгы."Эрди намыс,коёнду камыш өлтүрөт"-дейт,жок дегенде эл аралык сотко бериш керек биздин атка минерлерибиз.Россия жөнүндө ушундай ырдаганда чоң чыр чатака айланмак.Баса "пошла на х...й москва"деп ырдаган баланын тагдыры эмне болгон?
01.06.2013. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буларды жазага тартыш керек!
03.06.2013. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bulardy kyrgyzstanga aldap chakyryw kerek dagy aeroprtton chykkanda ele taw menen urup kuuw kerek yrynda yrdalgandai aeroportton ow bazarga cheinowondo bular ekinchi yrdagys bolot!! Davai chakyraly siler bizde popularduusunar kelgile dep kim makul uwul sunuwka??
Медиа-портал
09.06.2013. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда министр культуры деген бар ошол караш керек бул дуйнолук даражадагы нерсе ,,,тамаша эмес ' эгер кыздар жаман болуп кетсе да ал ички проблемалар
Медиа-портал
24.06.2013. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде куру созду суйлоп койуп отура беребиз антиш керек минтиш керек деп чындыгында кыргыздар кундон кунго сазга батып баратканы менен ишибиз жок
Медиа-портал
30.06.2013. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизди шылдындап атат же кыздарыбызды коргой албайбыз ислам динин бийик денгелге которо албайбыз,же чечендин кыздарын шылдындап ырдаганын кордунорбу ырдап корсун нор-яны жардырып салат,е
Модератор admin_superstan түзөттү 01.07.2013 09:41
Медиа-портал
30.06.2013. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ананда кыздарга батыщтан улгу албагыла тарыхты карагыла
20.12.2013. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
э позор ваще ушул создорду кайсы бети жок намыссыз адам буларга перевод кылып берди э ужааас вапще кыргыздар ушундай шлюха деп айткысы келип жатабы я ваще не поняла буларды сотко бергенге акыбыз бар биздин намысыбызды жерге тепкен учунн....
20.12.2013. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар шлюха 1 деп кандай экен К....деп Алия жамилядан сураганы го ? Буларды жоопко тартыш керек.. бирок ким тартат биздикилер бийлик талашкандан башкага жарабайт.
20.12.2013. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чондорго(бийликте отургандарга) суроо?? ушул Норвегиялык айбандарга кандай чара кордунор?сотко бердинерби?айбандар суракка алынып жооп бериш к-к мыйзам боюнча.(жообунарды чыдамсыздык м-н кутом)
20.12.2013. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба шылдындады ж-а эн туура кылды. кыргыз кыздары азыр дуйнонун бардык жеринде сойкулук м-н алек болот, эн арзан сойкулар. 10 доллар берсен артындан чуркап алат. кыргыз кыздарды алдаш эн оной, чет элдиктер аларды каалагандай колдонушат, эн женил ойлуу кыздар кыргыз кыздары ха ха ха
Медиа-портал
02.05.2014. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми ар ким таза болсун бир нерсе деп айтыш кыйын анткени анча мынча кыздарбыз кээде терс корунушторго берилип жатпайбы а бул ырчылар эмнени ырдап жатканын оздору деле билбейт
02.05.2014. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кимди куноолу дешти деле билбей турам болгону журогум титиреп кетти ........
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: