«СУПЕР СУЛУУ-2013» ЖАКЫНДА!

№551 24-май-30-май, 2013-ж


Сиз деле мага кошуласыз деп ойлойм. «Чет өлкөгө эс алып келгенге акча чогултуп жатам» деген кыргызды уктуңуз беле? Уксаңыз да аз санда. Замандаштарыбыздын үй, машина алганы эле тытынып жүргөнүн турмуштук тажрыйбам менен көрүп келем. «Супер-Инфо» гезити мына ушул көрүнүштү башка нукка буруп келет. Башкача айтканда, кыргыздын кымча бел сулуулары арасында сынак өткөрүлүп, жеңүүчүсү кыштын кыраан чилдесинде экзотикалык өлкөлөргө эс алууга жолдомо алууда. «Супер сулуу-2013» сынагы башталар алдында мурунку сынактарда жеңүүчү аталып таажы кийип, чет өлкөдө эс алып кайткан бийкечтер тууралуу баяндайлы.

«Супер сулуу-2007» сынагынын жеңүүчүсү – Кубанычбек кызы Айгерим. Сынагыбыздын «төл башысы» Айгерим Анталиянын кооздугуна суктанып, табиятына бөлөнүп келген. Айгерим Улуттук университеттин эл аралык байланыштар факультетин аяктап, учурда магистратурада окуп жатат, бойдок.

«Супер сулуу-2008» аталган Чинара Керимкулова туристтердин мекени болгон кооз, керемет өлкө Малайзияда эс алып кайткан. Чинара жарым жыл мурун «Тамашоу» долбоорунун уюштуруу иштеринин директору Нурлан Жаныбеков экөө кол кармашышкан. Азыркы тапта биздин сулуу бактылуу жар, оокатка тың кожойке. Буюрса, наристе жытын искейм деп толкунданып турган чагы.

«Супер сулуу-2009» наамына бир эмес, биринен экинчиси ашкан сулуулар татышкан. Алар: Бегайым Алисопиева жана Жамиля Ишенбаева. Бул селкилер 7 кереметтин бири – Мисирдеги пирамидаларга күбө болуп келишкен. Бегайым 2012-жылдын сентябрь айында турмушка чыккан. Ушул тапта үй-бүлө очогун куруу менен алек. Жамиля болсо кыргыз подиумунун жылдызына айланган. Дүйнөлүк сулуулук конгрессинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө иштейт. Кыргыз эстрада жылдыздарынын клиптеринин каарманына да айлана алды, көз күйдүргөн бойдок.

«Супер сулуу-2010» – Бактыбек кызы Бурул. Бул сулуу укмуштарга бай Таиландга барып, кышында күнгө күйүү бактысына ээ болгон. Учурда Бурул Саида аттуу кызын тарбиялап, эне бактысына маашырканып жаткан кези. Буюрса, экинчи наристеси да жакында жарыкка келет.

«Супер сулуу-2011» сынагындагы баш байгенин ээси – Айсулуу Өмүралиева. Ал бүтүндөй дүйнө элин укмуштуудай тездикте өнүгүп бара жаткан экономикасы менен таң калтырган Кытай өлкөсүнүн Хайнань аралына барып эс алып келген. Учурда Юридикалык академиянын 3-курсун аяктады, үй-бүлөлүү. Ошондой эле моделдик ишин аркалап келет.

«Супер сулуу-2012» сынагынын таажысы Гузеля Келдибаевага буюрган. Бул селки Индиянын Гоа штатына барып, кызыктарды өз көзү менен көрүп кайткан. Учурда подиумда басып, моделдик чөйрөдө алектенет, бойдок.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg



Кышында күнгө күйгөн сулуулар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
27.05.2013. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mmm...kutolu kyrgyzdyn suluu kyzdaryn,ozum katyshpasam da dobush berip turain;)
27.05.2013. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гузеля менен бурул чын эле сулуу.
27.05.2013. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары биринен отуп бири сулуу. Бирок Гузеля ото башкача жагымдуу. Айгеримдин улуту кандай экенин эч биле албадым билгендер болсо жазып коюнуздарчы. Чинара да кыргыз эмес беле адашпасам.
28.05.2013. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарынар сулуусунар...
SUPER.KG видео
30.05.2013. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ундору еркектикинен айрымасы жокко !!!
31.05.2013. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуу сулуу деле эмес экенго
08.06.2013. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеси сулуу
SUPER.KG видео
31.05.2013. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jasmina_bt, elif.bikech,
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат? Бизге купуя жазсаңыз, карап көрөлү.
SUPER.KG видео
31.05.2013. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде да тааныш билиш деген ойноп аткандай
SUPER.KG видео
31.05.2013. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булардын баары супер сулуу азаматтар.
SUPER.KG видео
31.05.2013. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
баары кыргызчаны да бурап суйлошот арасында жамиля жакшыраагы экен

Модератор admin_superstan түзөттү 31.05.2013 16:56
SUPER.KG видео
31.05.2013. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жамиля чындап эле сулуу ээ???
SUPER.KG видео
31.05.2013. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jamilya Suuuuper Suuuupsuluuu eken!!! maga jaktyyyy...))
31.05.2013. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bilgender bolso aityp koiunuzdar4y 4yngyz baikenin jubaiy kaisy biri
01.06.2013. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nusi95, анын жубайы бул жерде жок бул жерде жалан гана женуучулор. Чынгыздын жубайы да аябай сулуу мен аны женишке жетет деп ойлогом андай болбоду аты Надирабегим.
SUPER.KG видео
31.05.2013. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага анталия абааай жактыы ошякта калгым гелди даа чындыгындачы,коптогон кызыктар болдуу
SUPER.KG видео
31.05.2013. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
блиин ушунча жасап суйлошот!!!!!!!!
SUPER.KG видео
06.09.2013. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
fuuu jonokoile bolso bolmok, New Yorkto torolup oskondoile boluvatat go ekinchisile tuzukken jasabaile suiloitken, kalgani amanele bolsun, kirgizchale tak suiloso uiundo jurgondoile patriotken dep elder ekese jaktirmak
SUPER.KG видео
06.09.2013. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jamilyaken ati norma degen kiz, svobodniy suilodu jasabaile, modelken eshe molodsa
SUPER.KG видео
10.12.2013. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisuluu rep aitypatkansyp suiloptur go
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: