Данияр Көбөнов:«КҮРӨШКӨ КАЙТТЫМ. КАРУУДА КҮЧ АЛИ БАР»

№558 12-июль-18-июль, 2013-ж


«Чоң мелдеш белгилүү спортчуну жок кылат же басылмалардын ак кагазында аты жок спортчуну пайда кылат» деген кеп бар. Анын сыңары, «Лондон-2012» Олимпиадасынан кийин Данияр Көбөнов жок болуп кеттиби деген чочулоо болгон. Балбан эл көзүнө сейрек көрүнүп, ММКларга маек курбаганы менен, Олимпиадада жыйынтык көргөзөм деген ой-максатын житирбегенин билдирди.

– Данияр мырза, «Лондон-2012» Олимпиадасынан кийин көрүнбөй кеттиңиз...
– Олимпиададан кийин 4 ай убакытты калыпка келүүгө жумшадым. Америкада, Бишкекте болдум. Көрүнбөй кеткениме байланыштуу, эл мени «спорттон кетирип» жибериптир. Учурда күнүнө бир маалдан машыгып, күрөшкө кайтып келдим. Карууда күч али бар. Азия оюндарында, Азия чемпиондугунда көргөзгөн ийгиликтерим мени канааттандырбайт. Капчыгымды Азия же Дүйнө чемпиондугунун алтын медалы менен толуктап, анан карьерамды бүтүрсөм деген оюм бар.

– Улуттук курама команда менен эле машыгып жатасызбы?
– Ооба. Баары тең эле баягыдай. Мамлекеттен бөлүнгөн стипендияны алып, улуттук курам менен машыгып жүрөм. Канатбек Бегалиев улуттук курамга башкы машыктыруучу болбодубу. Олимпиаданын жана Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалын уткан балбан менен жетишчү ийгиликтер, биздин андан алчу сабактарыбыз бар.

– Алдыдагы жылдарга кандай пландар менен кирип барууну ойлонуудасыз?
– Эмдиги жылы Дүйнө чемпиондугуна катышам. Ошол мелдештеги көргөзгөн жыйынтыгым 2016-жылкы Олимпиада оюндарына барар-барбасымды айтып берет. Ошол себептүү жакында машыгууну дагы да күчөтүп, жыйынтык көргөзсөм дейм. Ошондой эле 2014-жылга үйлөнүүнү пландагам. Өзүмдүн табитимдеги узун бойлуу кыздардан болочок жубайымды карап жүрөм.

– Өзүңүз туулуп-өскөн Ысык-Көлдүн Саруу айылы тууралуу айтып бербейсизби...
– Сарууга такай барып турам. Унаанын чуусу жок, тынч жай. Ата-энем менен Бишкекте турабыз. Иним да күрөш менен машыгат. Жакында күрөш боюнча улуттук курама командага кирди.

– Күрөшкө кантип кызыгып, кантип өсүп чыкканыңызды айтып өтсөңүз.
– Мен спортко мектепке бара электе кызыккам. 13 жашыма чейин айылда күрөшүп жүрдүм. Кийин Бишкектеги интернатка келип, 13 жашымда күнүнө 2 маал машыгуу режимине отургам. Же окуу, же машыгуу начар болсо айдалып кетүү коркунучу бар эле. Тартип, көзөмөл катуу болчу. Улуулардан токмок жеп да көрдүк. Кыйын шартта тарбияландык. Интернат менин көзүмдү ачып, алдыда эмне кылыш керек экенин өз алдынча ойлонууга түрткөн.

– Келиңиз, эми «Лондон-2012» Олимпиадасы тууралуу сүйлөшөлү...
– Ооба, акыркы Олимпиада тууралуу көп сөздөр айтылды. «Өзүнүн күрөшүн күрөшкөн жок» дешти. «Элдин арткан ишеними ашыкча жүк болуптур, мамлекеттин колдоосу жетишпептир...» Туура, өз күрөшүмдү күрөшө алган жокмун. Күнөө өзүмдө. Мен Олимпиадага 2-ирет катышканыма карабай, ушул жолу көп сабак чыгардым. Салмак куудум. Аз ичип-жедим. Бирок машыккан сайын салмагым арта берди. Эртең таразага түшөбүз дегенде гана ашыкча 10 килограммдан арылдым. Күрөшкөнгө шайым жок эле. Ошентип, Лондондо атаандаш менен эмес, өз салмагым менен күрөшүп жатып уттуруп ийдим.
Негизи, Олимпиаданы утуу үчүн өзүңдү унутуп, машыгуу планын ашып түшүш керек экен. Олимпиаданын алтыны ар кимге эле буюра бербейт тура.

– Олимпиададан кийин Америкага кетипсиз. Эмне иш кылдыңыз?
– Американын айрым шаарларында дээрлик «местный» болуп калган досторума бардым. Калыпка келүү үчүн машыгууну токтотуп, эс алып жүрдүм.

– Олимпиадада 7-орунду ээлеген Магомед Мусаевге мамлекет убада кылган акча тийген эмес. Спорттун саясатын түшүнөсүзбү?
– Мен солдаттай элемин. Менин ишим – күрөшүү. Саясат менен башкалар шугулданат. Мусаевдин акчасын албай калганын укпаптырмын. Менимче, Олимпиадада алдыңкы 3 орундун бирин ээлеген спортчу эле «Татыктуу катышканы үчүн» деп сыйлык алса жарашат.

– Бир жыл мурун интернетте балбан Жанарбек Кенжеев экөөңөрдүн видеоңор пайда болгон. Анда сиз да булчуңдарыңызды түйүп, камерага «трюк» көргөзгөнсүз. Мындан улам сайтыбыздын колдонуучулары «чегип алса керек... Ошол булчуңун дагы чыңап, видеого тартылгандан көрө машыгып, жыйынтык көргөзбөйбү» деген пикирлерин калтырышкан...
– Ал видео биз машыгуу сборунда жүргөндө тартылган. Балдардын бири ойноп тартып коюп, кийин тарап кетиптир. Чеккен эмеспиз. Машыгуудан кийин эс алып жаткан кезибиз болчу.

Максат Кудайбердиев,
sport@super.kg



Данияр Көбөнов: "Күрөшкө кайттым"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(24)
15.07.2013. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озунон издептир женилип калганын. Болбосо Байматовго окшоп Отунбаева колдобой коюп женилип калдык деп чыкса деле болот эле да.
15.07.2013. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Данияр байке биз сизге ишенебиз, сиздин келечек дагы деле алдыда,сиздин буга чейинки Кыргызстандын желегин желбиретип жургон ийгиликтерине чон рахмат дешибиз керек. Лондондон просто Вам не повезло, спортто баары боло берет.
SUPER.KG видео
15.07.2013. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ayabai-aaaayabai-ayyyyabai dep kop suilot eken:-)
SUPER.KG видео
15.07.2013. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kandai bolsoda men Daniyardy suiooooooom!!!!
SUPER.KG видео
15.07.2013. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок мен да курошко барып журогондо чач ушундай болуп калат Мат чачты Терини бузуп коёт
SUPER.KG видео
15.07.2013. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
мотуевке окшоп кетет екен суйлөсө)
15.07.2013. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айылдашым,иним Данияр биз сени менен ар дайым сыймыктанабыз!Алдыдакы дагын чон ийгиликтерге жетишишине ишенебиз,аман болуп,бар бол!
15.07.2013. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kobonov jenip kelem dep ozuno katuu iwenip bawkalardi oiloboi koigon da sopernikterdi da oilow kerek ele kandai bolot dep
SUPER.KG видео
16.07.2013. 04:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байке, ишиңизге ийгилик. Сиз бизди уткан чемпиондуктарыңыз менен жеңишке көндүрүп койгонсуз. Ийгилик каалайм, эмгегиңиз кайтып, Бразилияда биз күткөн алтынды алып келишиңизге чын жүрөктөн тилектешмин. Баардыгы сиз каалагандай болсун!
16.07.2013. 06:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Армян финалга чыгып Оруска женилип калган.
SUPER.KG видео
16.07.2013. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shoola.kg, Larry, luchik_solnca,
Кимдир-бирөөнү мазактоого, анын дарегине далили жок сөздөрдү жазуууга жол берилбейт!
3 күндөн банга!
SUPER.KG видео
16.07.2013. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаш баладай интервью куруптур))). Сүйлөгөндөрү жөнөкөй экен, саруулук жигит)))
SUPER.KG видео
16.07.2013. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Таш таш таш таш таш го я)))))
16.07.2013. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте бир кундо 10кг кууп эртеси курошко чыгыш оной эмес!
SUPER.KG видео
16.07.2013. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жонокой соонун и бойдок жигит экен)))
17.07.2013. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suilogonu jakty
17.07.2013. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
я ваша соседка Я ЗА ВАС
SUPER.KG видео
17.07.2013. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
admin_media Ширин Мадатбек кызы 92 жылкы кыздын паспортун таап алдым москвадан Ширинди табышууга жардам беруунуз ду суранам
SUPER.KG видео
17.07.2013. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
12 кун калганда 10 кг га арыктадым дейби? Кантип? Супер инфо, диетасын сурап жазып койгулачы:D
SUPER.KG видео
19.07.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз элинин сыймыгы. озу жонокой, ичинде кири жок, бирок эрки кучтуу, озуно ишенген азззамат экени корунуп турат. Менин Данияр авам да )))
SUPER.KG видео
19.07.2013. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ха-ха-ха, "ыймандуу деген сыяктуу" деп кой... Ошондо, типа ыймандуу, узун бойлуу кыргыз кыз керек экен да )))
SUPER.KG видео
24.07.2013. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
от болуп жанатго а молочик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: