SUPER.KG`де БИЛЬЯРД БОЮНЧА МЫКТЫЛАР АНЫКТАЛДЫ

№563 16-август-22-август, 2013-ж


10-августта super.kg порталынын колдонуучулары кезектеги спорттук жолугушууну "Pavo" бильярд залында өткөрдү. Бул күнү аталган порталдын кызматкерлеринин, активдүү форумчуларынын демилгеси менен 4-бильярддык мелдеш өттү.

ЧЕМПИОНДУК КҮРӨШКӨ 16 КИШИ КАТЫШТЫ
Мелдешке катышуу үчүн эртең менен саат ондо бильярд клубга бул спорт түрү менен жакындан тааныш 14 форумчу чогулду. Алар Realliver, Ozgonduk-jigit, Umka220190, Boto, Forester, AshatMJ89, 9092nn, PassionarXXI, Strateg, Almaz Shaadaev, Aziret-92, Maximus, SVD522 жана Dina болушту. Оюндар олимпиадалык систем боюнча өтүп, 14 форумчунун катарын "тамашоучу" жигиттер Самат Эркинбеков менен Эмил Эсеналиев толукташты. Ал эми колдоочу топту Chagylgan, Nursaikal, Inoplanetyanin, Aguni түзүштү. Мелдештин калыстык милдетин бильярд боюнча белгилүү машыктыруучу Ильяз Адамов аркалап, биринчи кезекте чүчүкулак боюнча атаандаштарды аныктап берди.

ЖАКШЫ СТАРТ, ЖАКШЫ ЖЫЙЫНТЫК
Мелдеште өзгөчө баса белгилеп койчу 3 жагдай катталды. Биринчиси, Dina жана Umka220190 деген никтер менен кирген кыздарыбыз жигиттерге тең тайлаша оюн көргөзүп жатышты. Экинчиси, мелдештин ийгиликтүү башталышы. Анткени бильярд столунда биринчи жорголотулган кызыл шар түз эле бурчтагы тешиктен орун алды. Муну Ильяз Адамов мелдештин жакшы башталышы деп жооруду. Үчүнчүсү, ушул мелдеш үчүн атайын түнү менен жол жүрүп Өзгөндөн келген Ozgonduk-jigit`тин оюн көрсөтүп кетүүсү болду.
Ошентип, түшкө жетпей мелдеш старт алды. Ар бир оюн 3 партиядан туруп, жеңгендер андан ары финалга карай жүрүшкө чыгышты. Негизинен, финалда жолукчу эки кишинин бири мелдеш бою такыр жеңилбеген болот. Бири, алгачкы оюндарда уттуруп койгондордун ичинен суурулуп чыгат. Бул мелдеште Forester жеңилгендердин ичинен суурулуп чыгып финалга чыкса, Passionarxxi мелдештин башынан аягына чейин бардык атаандаштарын утуп чемпион аталды.

Самат Эркинбеков:
– Мелдеш күчтүү болду. 2 оюн ойноп экөөнү тең уттуруп жибердим. Негизи, убакыттын жоктугунан бильярд ойной албай жүргөм. Активдүү форумчулар менен ойногон, баарлашкан жакты. Буюрса, убакыт таап форумга да жаза баштайм.

P.S. Бильярддын шылтоосу менен жүз көрүшкөн форумчулар өз ойлорун ортого салып жатышты. "Балким, кийинки жолугушууну стол үстүндөгү тенниске шылтоо кылабыз" деген ойлор айтылды.

Максат Кудайбердиев
koom@super.kg



Super.kg де бильярд боюнча мыктылар аныкталды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(19)
SUPER.KG видео
17.08.2013. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москва дагы колдонучуларга да уйуштурса жакшы болмок
SUPER.KG видео
17.08.2013. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорку денгээлде отту, мага жакты.
SUPER.KG видео
17.08.2013. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен...
SUPER.KG видео
17.08.2013. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мени колдоп, "поддержка" кылып жеңишиме себепчи болгон Адылга (Чагылган) жана демөөрчүм Мегакомго рахмат!!!
SUPER.KG видео
17.08.2013. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куттуктаймын баарынарды!!!абдан кызыктуу оюн болуптур!!!
SUPER.KG видео
17.08.2013. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн эле алгач созумду сизди кутуктоо менен баштагым келип турат Базарбек байке. ачыгынайтканда сиз буга татыктуу болчусуз, жана болдунуз. Эми кудай буйруса жакын арада жыл жыйынтыктоочу мелдеш откоробуз деген ишеничим чон.
SUPER.KG видео
18.08.2013. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмат Арслан! Жылдын акыркы айларында баарыбыз чогулуп жылдын жыйынтыктоочу мелдешин откоролу буюрса...
SUPER.KG видео
19.08.2013. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун го!!1 мен да баргым клип кетти!1
SUPER.KG видео
19.08.2013. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен 8 орунга ээ болдум окшойт. Оюун эн сонун болду.
19.08.2013. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы экен. Веложарыш кылбайлыбы???
21.08.2013. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azamatnur, Чын эле, ушул ишти жасап көрбөйлүбү, азыр коомубузда велосипед сүйүүчүлөр көбөйүп баратат, ден соолукка да бир топ пайда.
21.08.2013. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azamatnur,
Аябай жакшы идея экен. Форумчулар да колдойт деп ойлойм.
21.08.2013. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azamatnur,
Сиздин жакшы сунушуңуздан улам форумга атайын тема да ачып койдум: http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=70409

Сунуштун автору катары сиз да активдүү катышасыз деген ойдобуз.
SUPER.KG видео
19.08.2013. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен биринчи местаны алдым.............аягынан:-P
19.08.2013. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оо сонун болгон турбайбы мен умка эжени башкача элестетчулем
19.08.2013. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун болуптур,ушундай оюндар коп-коп болуп турсун.
SUPER.KG видео
23.08.2013. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оюн жакшы болуптур
SUPER.KG видео
30.08.2013. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы Super kg
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: