«АЯШЫМ ҮЙ-БҮЛӨБҮЗДҮ БУЗДУ»

№563 16-август-22-август, 2013-ж


Ажырашуунун саны акыркы учурларда азайгандын ордуна көбөйүүдө. Биздин бүгүнкү каарманыбыз Майрамгүл Бекибаева жолдошу менен 24 жыл чогуу түтүн булатып, акыры ажырашып тынышкан. Ажырашуунун эмнеден улам келип чыкканын ал күйүп-быша төмөнкүдөй баяндап отурду.

«КҮЙӨӨМ ӨЗҮНӨН 20 ЖАШ КИЧҮҮ КЫЗ МЕНЕН ЖАШАП АЛДЫ»
– Жолдошум Догдурбек менен 3 жыл сүйлөшүп жүрүп 1989-жылы баш кошконбуз. Ортобузда 2 уулубуз бар, улуусу үйлөнүп, балалуу болуп калды, кичүүсү азыр 20 жашта. Экинчи уулум төрөлгөндө жолдошум ооруп калды. Ал ооруп, иштебей калганда мен баламдын 6 айлык экенине карабай Талас шаарында пирожки, нан жасап сатып иштөөгө аргасыз болдум. 1994-жылы Бишкекке көчүп келдик. Бул жактан да соода менен алектенип, бара-бара турмушубуз оңоло баштады. Алгач жолдошум Жигули сатып алды. Андан кийин «Мерседес айдайм» деп анысын да алды. Кийин Жип минди. Ошонун баарын экөөбүз ысык-суукка карабай базарда отуруп таптык.
Ал кездерде ынтымактуу эле жашачубуз. Балээнин баары Догдурбектин шаардагы кафелердин биринин кожоюну Дөөлөт аттуу адам менен достошконунан башталды. Үйгө келбей калганда «Каяктасың?» деп телефон чалсаң эле «Дөөлөттүн кафесинде нарда ойноп жатам, досторум менен тамактанып отурам» деген сыяктуу шылтоолорду айтчу болду. Ал эми Дөөлөт биздин үй-бүлөгө кийлигишип, «Сен эмне күйөөңдү кызганып жатасың? Бул кайда кетет, ким менен жүрөт, ишиң канча?» деп кирет. Бир аяшым күйөөмдүн башка келин менен жүргөнүн көрүп калыптыр. Аны айтсам кайра эле Дөөлөт «Ал сага айткан келин өзү жүрөнөөк, анын тилин эмнеге угасың?» деп чыкты. Анда анын айтканына ишенип, унчукпай калгам. Бара-бара биздин үй-бүлөдөгү маселелер Дөөлөт аркылуу чечилчү болду.
2005-жылы ысык-суукка карабай базарда иштеп жүргөнүмдүн айынан суук тийип, шишип кеттим. Ошондон баштап күйөөм «Сен оорукчансың, эч нерсеге жарабайсың» деп мени кемсинте баштады. Мен эмне, жыргаганымдан оорукчан болуптурмунбу? Аны багам деп балам жаңы төрөлгөндө базарга чыккам. Ооруган соң 1 жыл диета кармадым. Ошондо Догдурбек мени жакында өлөт деп ойлоптур да, жаш кыздар менен жүрүп баштаптыр. Базарда керээли-кечке отуруп тапканымды ал кыздарга чачып жок кылып жүрүптүр. 2009-жылы жолдошумдун Кенже аттуу жаш келинден 2 баласы бар экени билинип калды. Ал келин өзүнөн 20 жаш кичүү. Мени менен жашап жүргөндө Дөөлөт экөө кыздын ата-энесине барышып, күйөөм «менин аялым, балдарым жок» деп алдына түшүп келиптир. Баары билинген соң досу күйөөмө «Сен жаш балдарыңа кетип, жаш аялың менен жашашың керек. Чоң балдарың өз оокаттарын өзү кылып кетет» деп бузукулугун кылды. Күйөөм болсо андан башка эч кимди укпай койду. Досунун сөзүнө кирип үйгө келип мени уруп-сабайт, кайра кетип калат. Кайын журтум да калыстык кылышкан жок. Туугандарын чакыртып, алардын, балдарымдын көзүнчө «Эки балаң турат, эмне дейсиң?» десем, күйөөм «Апаңар оорукчан, эч нерсеге жарабайт, ошон үчүн жаш аял алууга туура келди» деди. Кайын журтум да калыс сөзүн айтпады, кайра кайнагам «Анда 6 ай тиги аялына барсын, 6 ай силер менен жашасын» деп койду. Ошентип жашай бердик. 6 ай тиги жакка кетет, чалсам «Мен бул жактамын, колуңдан эмне келет?» деп трубканы коюп салат. Бир жолу ооруп ооруканага жатып калганымда күйөөмө чалсам, «Мага десең өлүп кал» деди. Ушундай болот деп мурда ойлобоптурмун.
Ошентип күйөөм балдарымдын эл караган бетин жер каратпайын деп үй-бүлөнү сактап калыштын аракетин кылганыма карабай жаш аялына кетип калды. Мен стресске кабылдым. Кайгырып жүргөнүм аз келгенсип, жолукканда досу «Сен оорукчан болсоң, бул башка кыздарга барат да» деп кайра күнөөнү мага оодарат. Анысы аз келгенсип Дөөлөт бир жолу «Догдурбек да келет» деп мени бир отурушка алдап алып барды. Жаман оюм жок күйөөм менен чечишип алалы деп баргам, ал жактан бир кудасы менен тааныштырып, анан мага «Бүгүн бул киши менен мейманканага 1 түнгө барсаң, күйөөң экөөң 1:1 болосуң» деп элдин көзүнчө шакаба чекти. Аны менен урушуп, кетип калдым.
3 жыл мени шылдың кылгандарына чыдабай, акыры депрессиядан улам 2013-жылдын апрель айында психикалык жактан жабыркагандардын ооруканасына жатып, 2 ай дарыланып чыктым. Акыры силердин гезитке кайрылып, жан дүйнөмдү бошотуп алгым келди. Азыр ушундай үй-бүлөсүнүн тапкан-ташыганын талаага чачкан эркектер, бирөөнүн байлыгына кызыккан жаш кыздар, бузуку достор толтура экен. Ата сакалы оозуна бүткөн адамдар куда-сөөктөн, уул-келиндеринен уялбай ушундай жорукка барып, мага окшогон канчалаган аялдар азап чегишүүдө. Ошондуктан эркектик сапатынан аялдык сапаты көбүрөөк мындай эркектерди эл алдында уяткарыш керек.

«АЯЛЫМДЫН АЙЫНАН ЭЧ КИМ МЕНЕН КАТЫШПАЙ КАЛГАМ»
Каарманыбыздын жогорудагы айткан сөздөрүнөн соң экинчи тараптын да оюн угалы деп ДОГДУРБЕК ЖҮНҮШАЛИЕВ менен байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Ал киши менен илгери эле ажырашмакмын. Себеби анын айынан бир туугандарым, тааныштарым менен 15 жылдан бери катташа элекмин. Ортобузда 2 балабыз бар. Ошолор эл алдында уят болбосун, чоңоюшсун деп жашап жүрдүм. Качан уулдарым жетилип, өз алдынча оокат кылууга даяр болгондо гана аларга бардык шартты түзүп берип, өзүм үйдөн 1 тыйын да албай чыгып кеткем. Жашым 50гө таяп калды, эми мен да калган өмүрүмдү тынч жашагым келет. Силерге досумду жамандаган чыгар, мени бузду деп. Менин өзүмдүн башым бар, досум айтканды эле аткара бергендей жаш бала эмесмин.

«АЛ АЯЛ ООРУЛУУ ОКШОЙТ»
Ал эми Догдурбектин досу ДӨӨЛӨТ ЖУСУПБЕКОВ төмөнкүдөй жооп кайтарды:
– Ал аял оорулуу окшойт. Айткандарынын баары жалган жалаа. Күйөөсү таштап кеткенине ичи күйүп ушул иштерге барып жатат. Мен, тескерисинче, экөөнүн ажырашып кетүүлөрүн каалабай, канча жолу досума «Токтотсоңчу» деп айттым. Анан тиги аялы келип мени «Эмнеге мага айтып койбойсуң?» деп күнөөлөйт. Эркек болгон соң кантип анын аялына ушак ташыйсың? Айта албайсың да. Эгер айтсам, чындап эле алардын үй-бүлөсүн бузган болуп калмакмын. Экөө тең кичинекей бала эмес да. Азыр деле экөөнүн жарашып, жакшынакай жашашына каршы эмесмин.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



"Жолдошум жаш келиндин колун кармап кетти"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(104)
20.08.2013. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул эже да куйгонунон айтып атат да.Туура кылган азыр куйуп ичи ортонуп турган маалы жаштыгын ден-соолугун баарын уй-було учун кетирсе эми пайгамбар жашка келгенде ишенген куйосу алжыса бул ото оор сокку.Колдон келсе эми ал эже озу учун жашаш керек сиздин коз жашыныз деле жерде клбаса керек.
20.08.2013. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
озу биз аял заты деле кадырыбызды билишибиз керек. Эне болгонубуз учун баарына коз жумуп, чыдайбызго, чиркин. Момундай бети табак эркектерге жанды карч уруп,эмгектенгендин кереги жок экенин бала деп байкалбай да калат тура...
20.08.2013. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм тан калбай эле калдык мындай окуяларга эркектер аман эле болгулачы
20.08.2013. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дос болбой эле.... Экоонун жашап кетишине каршы эмесмин деп коет да. Бул адамджардын жеке жашоосу колунда болгонсуп.
20.08.2013. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркек ооруп калса аял байкуш балдарына кошуп жакасына кир жугузбай багат,а аял ооруду дегиче боолду башталат"кимге керексин,сен оорулусун"-деп.Мындай эркектерден барынан жогу.Эжеге болсо сабырдуу,чыдамкай болунуз демекмин,коз жашыныздан айлансын,балдарыныздын урматын корунуз.
20.08.2013. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эрине ишенгенче эки босогоно ишен деп бекеринен айтылбаса керек бирок беш кол тен эмес.Неберелерин эркелетип,балдарына жол корсотуп акыл айтчу убакта жаш жубай алып алжыптыр.Али башын мыкчып аттин дейт бир убакта.
21.08.2013. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаштары кыйлага барып калыптыр кезитке жарялагандын кереги жок бэлэ..оз ара чечишсе жакшы болмок балдарын сыйлап...суроторунон бери жарялабай
21.08.2013. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам эмне сепсе,ошону оруп алаарына 100%ишене берсек болот... Бул адам эртеби, кечпи бул кылыгына окунот...
21.08.2013. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ай эркектер, эркектер.тобоо кылыш керек,туура айтасынар жашоо бумеранг демекчи Догдурбек байкени жаш келини бир убак келээр, ал кучун кетип эч нерсеге жарабай калдын деп басып кетээр кун келет. Майрамгул эжеге болсо ден-соолук каалайм!
21.08.2013. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошого урунуп-согула бербей, озубузду озубуз кадырлайлы, айымдар. 'Жандын озуру' деп бекеринен айтылбайт да. Бул дуйнодо баары оомал токмол. Биз качан оз баабызды билсек, ошондон баштап мырзалар да бизди сыйлай баштайт.
22.08.2013. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aijan, tup tuura aytylgan soz.Ayal zaty ozun sossuz baalay biliwi kerek,kara janyn karch urup ele juro bergendin da chegi boluwu kerek,ayrykcha enein jurogundoy jurok barby chirkin baldary uchun emne degen azaptarga dayar.
21.08.2013. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эжени тааныйм. Эгер менин аялым болгондо эчак эле асып коймокмун.
21.08.2013. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кетсе кете берсин, сиз эки баланыздын балдарын эркелетип, келиндериниздин ысык чайын ичип балпайган байбиче болуп журо бериниз. А куйоонуз болсо мурдунан курту тушкондо эсине келээр, бирок кеч болот...
21.08.2013. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
негизи аял киши баланы озу учун эле торойт экен,эркек соройлоргро болсо баарибир каерде жакшы нерсе болсо кете беришет башы айланып. эже сизге сабырдуулук балдарыныздын жакшылыгын кана корунуз.
22.08.2013. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erkekke da ayal zatyna da Allahym ynsap, iyman bersin.Karyganda bak doolotko malynyp neberelerin jyttap oturgancha jaw ayal alyp kobuncho erkekter jawy otkondo kaljandap jaw bolup chyga keliwet eken.Ayal baykuw ozun karabasa bazarlap ele jada kalsa den soolugunan ajyrap otursa koodonu jok erkek ketet da tort tarabym kybyla dep.Ejekesi kaygyryp,kapalanyp,iylabanyz al adam sizdin bir tamchy jawynyzga tatybayt.Den soolugunuzga kam korup ozunuzdu kozunuzdun karegindey karap jurunuz.
22.08.2013. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркек жон жерден башкага кетип калбаса керек...Гезит бетине жарыялаганынан эле тушунсок болот кандай аял экенин
22.08.2013. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул уй булосун таштап кеткен еркектерге кыжырым келет менин да атам бизди таштап кеткен.... ежеке ойлонбонуз баары жакшы болот балдарыныз аман болсун ошол сизди бактылуу кылат! озу ажырашып таштап кеткен еркектерге тушунбойм ....
22.08.2013. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бир молдодон уктум: Эгер кимде ким никени бузса, аны катуу жаза кутуп турат деп...
23.08.2013. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emne degen sozdor, kimisine iweneeringdi bilbeising"
23.08.2013. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимисине ишеништи да билбей калдым
23.08.2013. 05:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
komment jazgandarga aitarym: bul okuyada kim tuura aityp jatat kimisi jalgan takir bilinbeit. Bilip bilbesten komment jazbai ele koyunuzdar. Jok jerden kunoonu alip kalbaili. Ejekenin aitkaninan ele paida chikpait. Ozunu el astinda alsiz korsotup emne keregi bar dep kaldim
SUPER.KG видео
23.08.2013. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирин бирин суйбой, ала качып уйлогондун аягы ушундай болот. Канча жыл чыдадым деп акмак адам десе, аялы деле ага канча жыл чыдады. Жаштыгынын, ден-соолугунун баарын алып анан таштап кеткенин эч нерсегей жарабай калды. Акмак адамдар кобойуп кетти го бизде. Картайганда калдандашып, уят эле.
23.08.2013. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
картайганда калжандап . тиги эрлике жарабай калганда жаш аялы озундой кылат да .сен оорулуусун эч теке жарабайсын деп ошондо кантээркен кайран эшек
23.08.2013. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайтар дуйно дейт го бир куну ошол оорууга озу туш болсо билет
23.08.2013. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул куйосунун башы иштебей досунун айткан созуно кирип ажырыштыда кудайым оозу жазаласын
25.08.2013. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ токтотчу! Эркектер эркектер эле деп жамандайсынар, Жакшыны жаман кылган, жаманды жакшы кылган да аял заты, Жашоодо аркандай болот силер ойлогондой беш бармак эмес, Маакул эркектер жаман дейли анда жанагы башы жок 20жаш кичуу кызбы же ал да эркекпи, Биразда болсо ойлонуп жазсанар айымдар, айлананы карап, Эркектер жаман болсо уйлонуп алгыла кыздар бири биринерге, Баарынар эч проблеманар жоктой отуруп алып жамандап атасынар, же баарынар ажырашкансынар!
26.08.2013. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сакта, бул эмне деген шундук?! баардыгын бир гана кудай таразалап коет
27.08.2013. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйоосу оз ырыскысын озу тепкен акмак да!!!!эгер куйоосу ооруп калса бул эже жанынан жылмак эмес да,тигинисин кара мага десен олуп кал деп!!!!эжеге кучтуу болунуз демекмин!!андай эркектин барынан жогу жакшы
SUPER.KG видео
27.08.2013. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Убакыт даарылайт
SUPER.KG видео
18.11.2013. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
убакыт коргозот кимде айып
SUPER.KG видео
21.03.2014. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны айтып, муну айтып башты оорутуп кереги жок.Себеби ар бир пенде башыбызга жазылган буйрукту коробуз.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: