Гүлсада Такенова:«ИЧКЕН ТАМАГЫМА МУРДУМДАН КУРТ ТҮШҮП ЖАТТЫ»

№564 23-август-29-август, 2013-ж


Жакында эле жакаңды карматып, тобоңду келтирткен бул окуяны кулагыбыз чалды. Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылынын тургуну, 83 жаштагы кутман карынын мурдунан 80ден ашуун тирүү курт түшүптүр. Ал кандайча болгонун иликтөөгө алдык.

Окуянын чоо-жайын билүү максатында эненин небереси, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Эл аралык салттуу жана эксперименталдык медицина академиясынын кенже илимий кызматкери ГҮЛЗАТ ДООРОНБЕКОВАГА кайрылдык.
«КУРТТАР КУЛАГЫНА КИРИП КЕТПЕСИН ДЕП КҮНҮ-ТҮНҮ КАРАДЫК»
– Таенем ак кан оорусу менен ооруганына 15 жылдай болуп калды. Бирок ак кан экендигин, ал тургай анын кандай оору экендигин да билчү эмес. Жашырып айтпай келгенбиз. Адаттагыдай эле дарыланууга райондук ооруканага ушул жылдын апрель айында барган. Таенеме дарыгер «Сиз жакшы болбойсуз, ак кан деген оору менен ооруйсуз. Анын дабасы жок» деп айтып салыптыр. Аны уккан таенемдин кан басымы көтөрүлүп, ичке тамыры жарылып, инсультка кабылат. Кулаганда бети менен түшкөндүктөн, мурду сынган. Биздин баамыбызда, ошол кезде үйгө алып баргандабы же ооруканадабы, айтор, мурунга чымын кирип «булгап» кеткен. Арадан эки ай өтөт, ал арада курттар көбөйүп, мурду ооруксуна баштайт. Кайрадан бейтапканага алып барып, рентгенге түшүрүшөт. Райондук поликлиникадагы лор-врач Эркин Абдылдаева деген айым таенемди кабыл алат. Ошол эле дарыгерге беш жолу алып барышкан. Ал Левомеколь деген мазь жазып берип, мурдуна тампон коё берүүсүн айтат.
Ошентип, дарыгердин айтуусу менен эки жума бир эле майды коё беришиптир. Оору күчөй бергендиктен, тайларым Талас облустук ооруканасына алып барышат. Ал жерде кабыл алган дарыгер мурундун таноолорун ачып көрүп, «Мурду курттап кетиптир, бул рак окшойт» деп Бишкектеги онкологиялык борборго жиберет. Бишкекке жолго чыкканда мурду канай баштайт. Кан менен бирге биринчи жолу курттар түшө баштаптыр. Анан түз эле республикалык ооруканага алып келишти, дароо эле нөөмөттөгү дарыгер кабыл алып, мурдунан 16 курт алган. Ошол эле ооруканадагы профессор Г.А.Фейгин томографияга түшүрүп келүүбүздү айтып, анын жыйынтыгын көрүп эле оорулууну көрүүдөн баш тартты. Бет сөөктөр кара темгил болуп оюлуп, эттери калбай калган экен. Онкологиялык борбордогу дарыгерлер айнек идишке салынган курттарды «Тирүү кишиде мындай курттар болушу мүмкүн эмес, биз клеткаларды изилдейбиз, курттарды кабыл албайбыз» деп көтөрүп барган курттарды карап да коюшкан жок. Облустук дарыгер онкологиялык оору деген диагноз койгон болчу.
Бишкектеги республикалык маанидеги ооруканалардын эң бир тажрыйбалуу, билимдүү деген профессор дарыгерлери кароодон баш тартып жатышты. Таенемди Бишкекке алып келатканда эле биздин академияга алып келгиле десем, «онкологиялык оору дебедиби» дешип апамдын бир туугандары болбой коюшкан эле. Ооруканалар албай койгондон кийин «Айла жок, өзүңөр карап көргүлө эмесе» деп бизге тапшырышты. Академик Нарбеков өзү көрүп, дарылоону баштады. Курттарды түшүрө турган аралашмалар менен мурунду жууп, дарыларды коюп, өзүм карадым. Көп өтпөй курттар түшө баштады. Биздин клиникада алтымыш, жалпы сексенге жакын курт түштү. Эки айдай уктабай калган неме күнү-түнү уктап, биз болсо мурдунан чыккан курттар кулагына кирип кетпесин деп карап жаттык.

Оорулууну айыктырган академик Омарбай Нарбеков:«ДАРЫГЕР БЕРГЕН МАЗЬ КУРТТАРГА ТАМАК БОЛГОН»
– Негизи, мындай нерсе болушу мүмкүн. Кулакты, мурунду, көздү чымын "булгап" кетсе, ал курттап, көбөйүп кетет. Менин тажрыйбамда мурду курттап кеткен оорулуу болгон. Киров районунда практикада жүргөн студент кезимде чабандын мурду так ушундай курттап кеткен. Аны райондук лор-врач эле дарылаган. Андан он жети курт алганбыз. Э.Абдылдаева өзү билбесе, анда облустук же шаардык ооруканага жиберсе болмок. Мурундун таноолорунан курттар көрүнүп турат, чириндинин жытынан жанына киши чыдап тура алгыс. Курттардын этти жеп чыгарган саркындылары бет сөөктүн ферменттерин эритип салыптыр. Дарыгер берген мазь, тескерисинче, курттарга кошумча тамак болуп берген. Ошондуктан алар жылуу-жумшак көбөйө беришкен. 83 жаштагы карыя ооруну сездирбей турган күчтүү дарылардын таасири менен гана күн көрүп калган экен. Бир жаман жагы, улуу адамдын эти өсүп кетүүсү кыйын, сөөктүн оюктары да оңой менен бүтпөйт.

ГҮЛСАДА ТАКЕНОВА апанын ден соолугун билүү үчүн өзү менен телефон аркылуу сүйлөштүк.
«АРЫЗДАНМАК ТУРГАЙ ШААРГА АРАҢ БАРБАДЫМБЫ»
– Азыр жакшымын, айланайын. Мен ак кан менен ооруганымды укканымда эле оозу-мурдум кыйшайып кулап түшпөдүмбү. Ошондон кийин мурдумдагы балекет башталды. Бара-бара бетимдин ичи бүлкүлдөп кыймылдачу болду. Уул-кыздарыма ооруксунуп жатат десем, алар «Апа, дарыгердин айтканын кыла туралы» дешти. Анан Таласка барсак, ал жактагы дарыгер Бишкекке жиберди. Биринчи барган ооруканадан бир топ эле курт алышты. Кийин профессорлор кабыл албады, «Операциядан чыкпай калса, апаңардын сөөгүн алып кетесиңерби» деп болбой коюшту. Мурдумдан чыккан курттар ичип жаткан тамагыма чейин түшүп жатты. Омарбайга барып, анын дарылары жакшы таасир этти, буюрса. Уйкум келип, эс алып эле калдым. Айылдагы Ильяз Нотбеков деген терапевт келип «Эмне Бишкекке чейин барып арызданасың?» дейт. Мен «Борборго арызданганы эмес, дарыланганы бардым» деп айттым. Арызданмак турсун шаарга өзүмдү араң билип барбадымбы. Чындыгында арызданар оюбуз да жок, эч кимге деле айта элекпиз.

Гүлсада апанын окуясын уккан соң мындай учурда оорулуулар кайсы адистиктеги дарыгерге кайрылыш керек болчу? Ким көзөмөлгө алуусу шарт деген суроолорубуз менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы ГҮЛМИРА ИБРАЕВАГА кайрылдык.
«КЫЗМАТТЫК ИЛИКТӨӨДӨН КИЙИН ЖООП БЕРЕ АЛАМ»
– Кандай гана учур болбосун ооруга чалдыккан кезде айылдык медициналык пунктка кайрылуулары керек. Ал дарылай албаса райондук ооруканага, райондук поликлиникадан айыктыра албасына көздөрү жетсе, шаардык же облустук ооруканага жибериши зарыл. Бирок мунун баары тез арада, бат-бат болушу керек. Алар ошон үчүн айлык акы алып иштеп жатышат. Гиппократтын антын ичкенден кийин адамдын ден соолугуна кам көрүүгө милдеттүү да. Ал апанын мурду жабырлангандыктан, лор-врачка кайрылышкандыктары туура. Мындай учурда ошол бөлүм көзөмөлгө алат. Бул окуяда эмнеден улам мурун курттап кеткендигин, канча убакытта көбөйүп кеткендигин атайын кызматтык иликтөөгө алынгандан кийин гана айта алам.

Мына замандаш, беттен алган куу замандын дагы бир жүзү. Соо эле кишинин тирүүлөй курттарга таланып жатканын байкабай, эки жума карап жүрө берген дарыгер Эркин Абдылдаева менен байланыша алган жокпуз. Кесиптештеринен Эркин айым эс алууда экендигин билдик.
Биз бул окуяны башка жарандарыбызга мисал болсун деген ниетте бердик. Экинчи тарап менен байланыша албагандыктан, аларды да угууга даярбыз.

Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg



Тирүүлөй курттарга таланган апа

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(71)
27.08.2013. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтарга такыр ишенич кыйын болуп калды,жанакыл акча менен окуган врачтарды токтотуш керек,ооруп бирине барсан бир нерсесин жазып берет,ишенбей экинчисине барсан анысы башка эле нерсени жазып берет тушунбой ман болосун кайсынысын ичишти билбейсин.
SUPER.KG видео
27.08.2013. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ошол курттар апаны эмес, врачтардын озун жесе болмок экен. Жаны темирдей бекем экен апанын. Омур-жашыныз узун болсун апа.
SUPER.KG видео
27.08.2013. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
омурунуз узун болсун эне
27.08.2013. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Врач ушул окуядан кийин (намызы болсо)оз ыктыяры менен жумуштан кетип калышы керек эле.Ал эми Нарбеков аксаклга ден-соолук каалайм ар дайым бар болунуз.Гульзат окуучунуз оконуздор элдин батасын алып,элге керегиниздер тийип журо бериниздер ишиниздерге ийгилик каалайм.
SUPER.KG видео
27.08.2013. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай сыяактуу врачтардын шалаакылыгынан коптогон адамдар жабыр тартып келет.Айтат эмеспи милиция жан сакчы ,врачтар жан сакчы деп аз эч эле андай болбой калдыго паракор шалаакылар кобойгондон кобойду Алла таала оорунузга шыпаа берсин
SUPER.KG видео
28.08.2013. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсо да аман болунуз Аллахым шыпаасын берсин...
SUPER.KG видео
28.08.2013. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп жашаныз эне! Аллахым озу шыпаасын берсин
SUPER.KG видео
28.08.2013. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Akchanyn arkasy menen butkon vrachtaribiz ushintip jondon jon elderdi olturup jatishpaibi. Kimisine isheneerindi dagy bilbeisin, baary ele je olosun deit, je raksin deit je operasiya deshet.
SUPER.KG видео
28.08.2013. 05:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Гулсада апа менин соседим болот, аябай тын эне болчу. балдар кыздары коп, коруп алып маанайым тушту кичине. коп жашаныз Гулсада эне омурунузду берсин алла.
28.08.2013. 06:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул чон апанын небереси менен кантип байланышсам болот?? кичине болсо да жардам берсек.
28.08.2013. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообаа врачтарга соз жоокк
SUPER.KG видео
28.08.2013. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сакайып кеткениниз чын болсун!
SUPER.KG видео
28.08.2013. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошо ачуусу келип аткан догдурду жоготуш керек.
SUPER.KG видео
28.08.2013. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурунуз узун ден-соолугунуз бекем болсун!
SUPER.KG видео
28.08.2013. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аллах Таала озу шыпаасын берсин! Врачтар эч нерсени билбейт, ооруп барсан эмне кылайын ооруканага жатасынбы же уйдон эле укол аласынбы?-деп кайра озундон сурайт, ооруканага жатып жакшы даарылан деп айтышпайт.
28.08.2013. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тообо укпаган окуялар болуп баратат деги баарына кайрылат елем жашоодо достойный жашагылачы! бироолорго колдон келишинче жардам бергилечи деп! врач болгондон кийин караш керек болчу ! азыр деген акча чечип калбадыбы врач еженин уяты жок го апасындай аялды конул коюп карап койсо олот беле ! Чон апага узун омур ден соолук тилеп кетем! коп ойлонбонуз баары жакшы болот айыгып кетесиз демекчимин!
28.08.2013. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тообо укпаган окуялар болуп баратат деги баарына кайрылат елем жашоодо достойный жашагылачы! бироолорго колдон келишинче жардам бергилечи деп! врач болгондон кийин караш керек болчу ! азыр деген акча чечип калбадыбы врач еженин уяты жок го апасындай аялды конул коюп карап койсо олот беле ! Чон апага узун омур ден соолук тилеп кетем! коп ойлонбонуз баары жакшы болот айыгып кетесиз демекчимин!
SUPER.KG видео
28.08.2013. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулсада чон эне омурунуз узуун болсун,неберелеринистин чоборунустун убайын корунус,омурунуз узуун болсун кудайым колдосун зизди!!!!
SUPER.KG видео
28.08.2013. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондой врачтарды соттоп жок кылыш керек да неге чара корушпойт
SUPER.KG видео
28.08.2013. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ мындай врачтар коп даба таап беруунун ордуна кайра оорутуп таблетка жазып озу ачкан аптекага жонотот.
SUPER.KG видео
29.08.2013. 05:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон апага ден столу,узун омур.. Эч жери оорубасын... А тиги эшекти жумуштан кетириш керек!
SUPER.KG видео
29.08.2013. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AKJOL88,
Сизге эскертүү!
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
SUPER.KG видео
29.08.2013. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ana vra4ty sottow kerek bolboso owonun murduna kurt salyw kerek
29.08.2013. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр мед.факка жалан акчалуулар окуп калган, мээлуулор эмес. Акча менен буткон врач соройдон жакшылык кутпой эле койгон он. Контрагы оной акча болбой атса, окугусу келген эле окуй бербейт экен да. Эч болбосо ушул тармакка мээсине карап кабыл алса болмок. Айыгып кетсин эне.
SUPER.KG видео
30.08.2013. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ достор жэке эле апа эмес, кыргырстан боюнча коп адамдарды туура эмес дарылап ататышат, ушу сыякту дарыгерлердин санын азайтууга оз салымыбызды кошолу, менин апамды да ушундай тура эмес дарылашкан ,бул сыятуу окуяларга кобурок маани берип дарыгерлерди ачыка чыгаралы жашыруун калып калбай.начар оз ишин билбеген дарыгерлердин аты жонун интернетке тараталы
SUPER.KG видео
30.08.2013. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апа коп жашаныз. Дарыгерлер аман болгула. Апанын жашына жеткенде силердин да мурдунарга курт тушсун. Ападан акча чыкпай койду да. Айлыгынарды которуп берсе да написинер тыйылбады го.Бир аз болсо да тобо кылып билиминерди которсонор боло коп ушакташпай
30.08.2013. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hobot. Апанын башындагы курттар тушуп жакшы болду, эми мамлекеттин башында жургон курттар тушсо абдан жакшы болмок
01.09.2013. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу врачтар каттачылыгынан адамдар жабыркабасын экен .былтыр апам стамотологго барып геппатит в с ны жууктуруп албадыбы ал билинбей журуп жыгат экен адамды азырга чеин жакшы боло албай журот кичине кыймылдаса эле бооруна куч келип болницага жатат бечара апам жеген тамагын корсон боорун ачыйт тузу жок кайнатылган куруч жейт кордо же алыс жолгочыга албайт..
01.09.2013. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akkuu2013,
Бизге кайрылгыла жардам беребиз!!!!Апанардын жакшы болуп кетишине..
02.09.2013. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш апа чыдап жургонун элестеттим иий,убактылуу ооруну басып кое турган дарыларды ичип коюп,чыдап...Нарбеков колунуз дарт корбосун,сиз болбосонуз дагы канча кыйналмак байкуш апа.
SUPER.KG видео
17.03.2014. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
врач медсестраларга ишене албайм себеп дегенде мектепти жалан 3 менен буткон жада калса окуубай эле пара берип бутушот менинда классташтарымын кобу оштогу мед училищаны бутушкон ананда оштогу обл.ьольницада иштеп жатышат. алар акча менен окуушкан даже укол сайганды билбей адамды ишитип жиберишет.жок дегенде мед инистутдарга оз кучу менен окууп шапка пара дегендерди жойсо ошондо гана билимдуу медиктер чыгар белер кантип жоюлар экен
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: