Айсулуу Тыныбекова:«МЕН...»

№565 30-август-5-сентябрь, 2013-ж


Айсулуу Тыныбекова. Бул ысым дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө жаңырып, Кыргызстанда гезит беттеринде, теледе көп айтыла баштады. Айсулуу дүйнөдөгү эң күчтүү балбан кыздардын мыкты төрттүгүнө кирет. Ал 2013-жылы Жаштар арасында Азия чемпиону болсо, Бүткүл Дүйнөлүк Универсиадада коло тагынды.

«ЖАЛАЛ-АБАДДА ТӨРӨЛГӨН КОЧКОРЛУК КЫЗМЫН»
– Түбүм кочкорлук болгону менен, ата-энемдин жумушуна байланыштуу 1993-жылы Жалал-Абаддын Майлы-Суу шаарында төрөлгөм. Ата-энем медицина кызматкерлери. Өзүмдөн улуу 2 эжем, 1 агам, анан 1 иним бар.

«ТЕНТЕК КЫЗ БОЛЧУМУН»
– Бала кезимде кыздарга караганда балдарга жакын өстүм. Тийишкен балдардан сөзсүз өч алчумун. 9-класста окуп жүргөндө Кочкордо таэквондо менен машыга баштадым. Улуу муундагы кишилерден «Кыз башы менен үйдө эле отурбайбы» деген сөздөрдү ошондо уктум.

«МЕКТЕПТИ ЖОЛДО ЖҮРҮП БҮТҮРДҮМ»
– Мектепте жакшы окучумун. Классташтар менен отурушка, кечелерге деле көп барган жокмун. Кийин 10-классты бүткөндө күрөш менен машыгып, мектепти Бишкек-Кочкор жолунда аяктадым.

«АЛГАЧКЫ КАДАМДАРЫМ...»
– Күрөш менен алгач Нарын облусунун биринчилигине катышкам. Анда эч кандай ыкмасы жок, кара күчкө салып чемпион болгом. Анан шаарга келип, КМТУга тапшырып, ошол жерде машыга баштадым.

«МАШЫКТЫРУУЧУМ ЖОЛ КӨРСӨТТҮ» 
– 2010-жылы КМТУда окуп, машыгып жүргөндө Сабыр Рысбеков агай азыркы машыктыруучум Нурбек Изабеков менен тааныштырган. Нурбек агай жаңы деңгээлге көтөрүп чыкты. Алтындай убактысын, баалуу нерселерин мен үчүн курман кылды. Ар мелдеште анын эмгегин текке кетирбөө үчүн жакшы күрөшүүгө умтулам.

«ЖИГИТТЕР МЕНЕН МАШЫГАМ»
– Эки жарым жылдан бери эркектер менен машыгууга көнүп калдым. Ар машыгууда ар башка спарринг-өнөктөштөрдү тандайм. Күнүнө 5 саат машыгуу болот. Эртең менен 3 саат, кечинде 2 саат. Ортодо калыпка келүү талабы бар. Жумуштарды да ушул учурда бүтүрөм.

«АТАКТУУЛУК ЖАН ДҮЙНӨМДҮ ӨЗГӨРТКӨН ЖОК»
– Өзүм менен өзүм калганда кандай болсом, коомчулук алдында да ошондоймун. Коомдук унааларда, дүкөндөрдө мени таанып, сүрөткө түшүүнү сурангандар болот. Негизи, атактуулук менин жан дүйнөмдү эмес, баскан-турганымды өзгөрттү.

«ОЛИМПИАДА АЛДЫНДА ТААНЫЛДЫМ»
– Былтыр Алматыдан Олимпиадага жолдомо алып келген соң эл тааный баштады. Алматыдан келип, Бишкекте апам менен паркта жүрсөм «Спортчу кыз менен сүрөткө түшүп алалы» деп сурангандар пайда болуп калыптыр.

«СПОРТТОГУ ШАНСЫМДЫ КОЛДОНОМ...»
– Спорт – көп нерселердин көпүрөсү. Спорт аркылуу элге таанылып, эл-жер көрүп жатам. Спортто ийгиликтүү адамдар кийин да жакшы жашап кетет. Муну айрым спортчулардын мисалында билем. Спорттун арты менен жашоомдо чоң бурулуш жасоого аракеттенем жана мүмкүнчүлүктү колдоном.

«ЧЕТ ЖЕРДЕН ӨЛКӨБҮЗДҮН БАРКЫН БИЛИП КАЙТАМ»
– Кыргызстан абасы менен, суусу менен башкалардан айырмаланат. Чет жерге чыкканда ушуга ынанып, өлкөбүздүн баркын билип кайтам. Чет өлкөгө чыгарда такай жарма, нан, кукси, алма салып алам. Себеби чет жерде табитим такыр жоголуп кетет.

«КУБАНГАНДА АПАМА АЙТАМ»
– Кубанычымдын көбүн апам менен бөлүшөм. Чет өлкөдөн ийгилик жаратсам, биринчи болуп апам билет.

«КҮНДӨЛҮККӨ СЫР ТӨГӨМ»
– Жалгыз калганда сырдаш күндөлүгүмдү ачып, сырларымды төгөм. Ой-кыялдарымды, максаттарымды жазам. Кызыгы, сезгендей «чемпион болом» деп жазсам, аткарылып калат.

«МЫРЗАЛАР ЖӨНҮНДӨ ОЙЛОНБОЙМ»
– Кыздар чогулуп калса «Бүгүн тигини көрдүм, кечээ бул келди» дешет эмеспи, бул мага жат нерсе. «Рио-де-Жанейро-2016» Олимпиадасына чейин жигит, бүлө куруу тууралуу ойлобошум керек.

«ТАМАК ЖАСАБАЙМ ДЕЛЕ»
– Кочкордо жүргөндө апама жардамдашып калчумун. Азыр шаарда кафелерден тамактангандыктан, айына ашып кетсе бир жолу беш бармак жасайм.

«КЛАССИКАЛЫК КИЙИМДЕРИМ КӨП»
– Гардеробум класси­калык үлгүдөгү костюмдар менен толтурулган. Классика эч качан модадан калбайт эмеспи. Тойлордо кийилчү көйнөктөр да жок эмес.
 

«ОЛИМПИАДА ЧЕМПИОНУ БОЛУУНУ КЫЯЛДАНАМ»
– Көп кыялым бар. Эң негизгиси, Олимпиада чемпиону болуу. Муну бардык спортчу кыялданат. Дээрлик бош убактым жок машыкканым да ошондон.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg



Айсулуу Тыныбекова: "Олимпиада чемпиону болууну кыялданам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(34)
SUPER.KG видео
31.08.2013. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тилектерин орундалса экен
SUPER.KG видео
31.08.2013. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Рахмат! Кыргыздын желегин желбиретип журуу бул чон сыймык! Келечектеги ой тилек максатарын ишке женил ашсын! Ден соолук, бакыт каалайбыз! 2016 жылдагы Олимпиада чемпиону Кыргызстан Айсулуу Тыныбекова!!!
SUPER.KG видео
31.08.2013. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tilegen tilegine jet.
SUPER.KG видео
31.08.2013. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Soonun kyz eken,a4yk airym,jönököi.Baktyluu bol oilogon oi maksattaryn oorundalsyn birok kandai küyöögö tier ekensin.
SUPER.KG видео
01.09.2013. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах озу тилеген ниеттеринизге жеткирсин буюрса чемпион болосуз алгааа!
SUPER.KG видео
01.09.2013. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы гана тилектерди каалайм.
SUPER.KG видео
01.09.2013. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ийгилик ардайым сага
SUPER.KG видео
01.09.2013. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
абдан сонун кыз экен,мындай жакшы кыздар аз калды.Айсулу ойлорун ак экен тилеген ойуна жет,жана айта кетерим биздин спорт министирлигине,кыздар учун шарт тузуп беруусун,машыгуу жана жонокой эле тамак-аш маселесин чечип беруусун.
SUPER.KG видео
01.09.2013. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ЖАн дуйносу таза адамдын маеги да таза, башкача болот. Эч бир куулугу жок ачык туз маек бериптир Айсулуу. Кыргыздын кызы болуп, ийгиликтерди багынтып журо бер. Ийгиликтер коштосун!!!
SUPER.KG видео
02.09.2013. 05:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ollooo jaaakwyyy kiz eken
02.09.2013. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек экен. Тилеген максатына жетип, Кыргызстандын желегин желбирете берсин!
02.09.2013. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
b.a.ary bir kyz balasyn etiyat bol.
02.09.2013. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эрктуу кыз азаматсын! дагы да коп ийгиликтерди жарата бер!
02.09.2013. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Menin oyumcha stilistter menen ishteshse Sharapovadan,İsinbaevadan kalyshpagan ukmush sportsmenka bolot..Baarybir ayaldyk kelbetin jana sapatyn jogotposhu kerek dep oiloim.Azamatsyn..İygilikterin menen syimyktanabyz!
02.09.2013. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргызда жок дейсинби манакей биздин сыймыгыбыз!
02.09.2013. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз сыймыктанган кыз,азаматсын.Алга,Аллахым тилектериндин орундалышына жол ачып берген болсун!!!
02.09.2013. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бар бол карындашым,тилегине жет! Кыргыздын тарыхында болгон жаныл мырза сыяктуулар,азаматсын
SUPER.KG видео
02.09.2013. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ийгилик сага
02.09.2013. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым колдосун сени алга АЙСУЛУУ.
03.09.2013. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз дайыма женуучу болуп журо бериниз сизге ийгилик!
03.09.2013. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы АЙСУЛУУ ТЫ СУПЕР
03.09.2013. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат бали бали алгала
SUPER.KG видео
03.09.2013. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуу бир кызды сабап коюп скандал болбоду беле. бирок келечекте спорт менен машыккан кыздар башкаларды сабабай. андан коро ушундай жакшы ийгиликтерге жетип. Кыргызстандын сыймыгы болгула деп айтмакчымын.
SUPER.KG видео
03.09.2013. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат кыз, кыялдарың орундалышына тилектешмин.
04.09.2013. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyz ishterinizge iigilik.
06.09.2013. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тилегине жет! Крацавчик
08.09.2013. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
турмшка ка чыгып балалуу болгонду унутпа чын журоктон ийглик сага!
09.09.2013. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super.kg degen jazuunar Aisuluunun betin jaap kalyptyr, bul da bolso silerdin katanar)))...Aisuluu sen azamatsyn, alga!
14.09.2013. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aldyga. aldyga.
10.05.2014. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай мыкты мунозу, жонокойлугу менен айырмаланган спортчу катары билем.сыйга ото татыктуу, азаматсын ийгилик сага.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: