МОДАДА КӨП АЯЛ АЛУУ!

№566 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж


Көп аял алуу өтө ылдамдык менен коомубузда орун алууда. Андай көрүнүшкө кадам сайын кездешип жатабыз. Биз теманы «игнор» кылгандан маселе өзүнөн-өзү бүтүп калбашы анык. Ниетибизде көп аял алгандарды сындайлы же колдойлу деген да ой жок. Болгону «чала молдо дин бузарлардан» эмес, бул жаатта билимдүү адамдардан сурап, маселелерди айкынга чыгарып алалы дедик.

Соболго ажы ЧУБАК ЖАЛИЛОВ жооп берди.
– Шариятта эки аялдын укугу кандай каралган?
– Шариятта бирден ашык аял алган учурда эркек аялдарына убактысын тең бөлүүсү, бирдей шарттарды түзүп берүүсү, тамак-аш, кийим-кечек менен камсыз кылуусу милдеттүү. Байбиче менен токол тең укуктуу болот.

– 2 же андан ашык аял алууга кимдерге болот? Каражатына кароо керекпи же эркектин күч-кубатына карашы керекпи?
– Албетте, эркектин күч-кубаты биринчи маселеде турат. Андан кийин материалдык тарабы каралат. Колунда бар, ден соолугу чың, акыл-эстүү, адилеттүү боло алган, шарияттын өкүмдөрүн аткарып жүргөндөргө уруксат берилет. Анткени намаз окубаган адамдын Алла Таала буюрган адилеттүүлүктү аткара алуусу күмөн.

– Шарият боюнча эркек жесир аялга анын жетим балдарын багуу үчүн үйлөнүүсү керек деп укканым бар. Бирок учурда 18 жаштагы кыздарды алуу хит болууда...
– Эки аял алуунун негизги максаты – коомдогу жетимдерди кароого алуу, аларга толук үй-бүлөлүк тарбия берүү, жесирлерге моралдык жана материалдык жардам берүү болуп эсептелет. Бирок сөзсүз түрдө жесирлерди алуусу милдеттүү эмес. Жаш кыздардын турмушка чыгууга мүмкүнчүлүгү тиги жесирлерге караганда көбүрөөк болгондуктан, мүмкүнчүлүгү аздарга шарт түзүп бергенди жакшыраак көрөт шариятыбыз.

– Өткөндө бирөөгө молдо «биринчиңдин макулдугунун никеге кереги жок, кийин айтып койсоң деле болот» дептир. Ушул туурабы?
– Туура. Экинчи аял алганда биринчи аялдын уруксат берүүсү милдеттүү эмес. Психикасы жайында болгон эч бир аял эч убакта уруксат бербейт.

– Биринчисин эптеп бага албай жаткан кыргыздарга экинчисинин кереги барбы?
– Албетте, кереги жок. Катуураак айтсак, дегеле бага албаса биринчисин деле алуунун кажети бар беле деп ойлоносуң. Турмуштун чындыгынан алып карасак, биринчисин эркек өзү бакса, экинчи аялы күйөөсү менен биринчи аялын кошо багышып деле коюусу мүмкүн эмеспи. Эмне үчүн буларга тыюу салышыбыз керек? Тиги байкуш деле күйөөлүү болуп калсын, анын эмне жазыгы бар? Ага күйөөнү темирден жасап беребизби? Эркектер аз болуп, аялдар көп болгондугу үчүн эле ал аял күйөөсүз өтүүсү керекпи?

– Экөөнүн бир үйдө жашоосу мүмкүнбү?
– Ар бир аялдын өзүнө таандык жатак бөлмөсү, өзүнө таандык дааратканасы, жуунчу жайы, ашканасы болуусу керек. Эки аялга бир даараткана, бир ашкана, бир жуунчу жай койгону туура болбойт. Эгер аялдарда ынтымак болсо, бир ашкана койгон болсо жарай берет.

– Экинчи аял алып, бирок адилет карабай койгондорго кандай жаза болушу керек?
– Экинчи аял алгандан кийин эркек адилеттүү болбосо, акыр кыяматта темир араа менен арааланат. Ал эми бул дүйнөдө ислам казысы абалга жараша жаза колдонот. Шариятта аялды багуу үчүн гана алат деген кээде туура эмес болуп калат. Бул көп аял алууну токтотууга жетиштүү далил боло албайт, негиз да болуп бере албайт. Багуу көп аял алуунун себептеринин бири гана. Биринчи аялы төрөбөй калса же оорулуу болуп калса, же балдары көп болуп жүдөп, күйөөсүнө тийиштүү деңгээлде кызмат көрсөтө албай калса, экинчи аял алуусу мүмкүн. Аялдарына каралашпай койсо, ислам сотуна кайрылуу керек.

Ушундай эле суроолорубузду ажы МЫКТЫБЕК АРСТАНБЕКке узаттык.

Учурда жалгыз бой аялдардын саны көп. Бул маселени көп аял алуу менен чече алабызбы?
– Алгач өтө олуттуу болгон үй-бүлө маселесин карайлы. Никенин максаттары бар. Бирин-бири бузукулуктан сактоо жана тукум улоо, ошондой эле жубайлардын бири-биринен ырахат алуусу. Бул нерселер жок болсо, нике тез эле бузулат. Аялы төрөгүсү келбейт, ал эми эркеги оорукчан же...

– Же эркектер бага албайт...
– Жок, багыш бул маселе эмес, деги эле аялдарды эркектер чанда багат. Болбосо жесирлер менен жетимдер кырылып калбайт беле. Никеде жубайлар бири-биринен ырахат алып жашаса, анда багуу маселеси келип чыкпайт. Бул жөн гана конфликт үчүн шылтоо. Жанагы үч фактор менен үй-бүлөнү тургузуп алгандан кийин, экинчи же үчүнчү үй-бүлө эмне деген суроо туулат. Демек, кийинкилери да ошондой гармонияда болуусу шарт. Маселе көп аял алууда эмес, нике деген өзү кандай болуш керек, алгач ошону түшүнүп алуу абзел.

– Динде аялга аяр мамиле жасаш керек дейт го. Биринен экинчисине өтө берген туура нерсеби?
– Албетте, 70 жыл атеисттик көз караш менен жашаган аялдардын дүйнө таанымы башка. Диний дүйнө тааным башка. Акырет үчүн, таза болуу үчүн же жөн гана өзүн аял сезүү үчүн аялга эр керек. Экинчи аял алып жаткандарга кеңешим бар. Алгач өзүңөр динде туруп, эки аялдын ортосунда акыйкат болом деп өзүңөргө ишенип, анан биринчи аялынын да, экинчи аялынын да динден түшүнүгү болбосо, убара болуунун кереги жок. Болбосо андай үйдөн жаңжал кетпейт. Аларды токтотуу үчүн эркек же муштумун жумшайт, же акчасын жумшайт. Бирок экөөндө тең жубайлар ырахат алып, бактылуу жашап жатышабы? Жок!

– Ошондон улам жаңжал чыгат. Аягы ажырашууга апкелет эмеспи...
– Динден түшүнүгү болбой туруп бул кадамга эркек да, аял да барбашы керек. Динде эмес аялдын кызганычы жапайы кызганыч, эркеги да жапайы, акырын айтып түшүндүрбөй муштум көтөрөт. Анан эки үйдөгү балдар запкы жейт. Азыр болгону процесс кетип жатат. Түшүнгөндөр бактылуу жашап, түшүнбөгөндөр ажырашууда. Бирок бул да акырындап өз ордуна келет. Кыздар эки аялды бага ала турган эркекти тандаганды үйрөнө башташат. Эркектер эки аялдын жоопкерчилигин сезе башташат. Баары акырындап келет.

– Биринчи аял экинчисине макул болуу тенденциясына да келебиз деңизчи...
– Негизи, эки аял алган эркектер азаматтар. Анткени бир эле аялдын чарбасы алдуу-күчтүү эркекти ийип коёт. Анан экинчини эмне кылат, жөн эле койчу дегим келет. Бирок саргарып жүргөн кыз-келиндерди көргөндө аларга боорум ачыйт. Алар да ысык жан да...

– Чынын айтсаңыз, эркектер эмнеге 2-3 же андан ашык аял алгылары келет?
– Ал эми эркектердин табияты. Аялы болуп туруп эле 2 же 3 ойнош күткөн эркектер бар. Андан көрө нике кыйып аларды багып, эл алдында жүзү жарык болгону жакшы. Ал эми аялдарга андай эмес. «Аялдардын баалуулугу эмнеде?» десе, «Алардын бир эркекке болгон махабатында» деген. Алла айтып жатат «Мен силерди ушундай жараткам, андыктан 2-3 аял алгыла» деп. Аялдарга эмнеге антип айткан жок? Демек, өзү жаратып жатып табиятыбызга эмне керек экенин билген да.

– Анда эмне үчүн башка диндерде кош никеге уруксат жок?
– Түпкүлүгүндө башка диндерде да бул нерсе бар, бирок алар бурмаланып кеткен.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg



"Токол алуу үчүн байбичеден уруксат суроо шарт эмес"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(120)
10.09.2013. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чындыкты айтайын кыздар силерге жакшылык жарашпайт! Бир жактуу гана ойлойсунар! Орустун, корейдин, азердин, узбектин, тажиктин ойношу болгондон коро кыргызга онунчу болуп тийгенинер жакшы!Неужели дуйнодогу аялзатынан кыргыз айымдары бир ступенка жогору тураарынарды билбейсинер?! Эрди-эр кылган да, кара жер кылган да силерсинер го! Озунор жакшы болмоюн куйоонордон жакшылык кутпой эле койгула-бул чындык!!!
10.09.2013. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коммент жазгандар баары эле кыздар го)))) Канчанар "куйоого чыгыш керек эле"-деп журдунор экен?
11.09.2013. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayaza, сен эрге 2 же 3-болуп тийгин келсе тийе бер барыбир эчким албайт андай болбойт дагы неге дегенде шпалдасы,тарпы чыккан кызды ким алгысы келет айтчы.)
10.09.2013. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кой десе болбой байкуш аялынды ботодой боздотуп, экинчи аял алдын. Кийин кызындын куйоосу да сенчилеп "чыныгы эркек" болуп алса, кызындын жашын колдотуп карап тура алат белен...
11.09.2013. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lana_g, Кызга диний тарбия берсе, эрдин ыраазычылыгы учун макул болот, антпесе эр ыраазы болбосо аялдар бейиштин жытын жыттабайт.
11.09.2013. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Европада аялы менен ажерашса омур бою толоп отот. Бизге дагы ошол законду киргизишсе 2 аял Эмес , Аял дегенден коркуп отушмок. Аялдардын укугун коргогон уюмдарды кобуроок ачуу керек. Антпесе биздин эркектер копту. Чала була динди уйронушуп, башка жакшы жактарын албай , ошол коп аял алуу деген Эле кызыктырып калды. Же андан башкага мээлери жетпей калган го. Аял алуудан башка проблема калбай калгансып
11.09.2013. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колунан келсе он катын ал эгер ыраазычылыгын ала алсан и бага алсан...колунан келбейби кысчуу жэрини кыс дэшетко...бир катын алып суйуп омур бойу бактылуу жашаганга не жэтсин...
11.09.2013. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне эле чала молдо деп гелжирейсинер?! Алар болгону динде айтылган нерсени айтып жатат. Эмне аларды оюнан чыгарып айтып жатат деп ойлоп жатасынарбы?! Аларда бар илимдин ''И''си да жок силерде! Алардын даражасына жети уктап турсанар да жете албайсынар! Озунчо олтуруп кыйын болосун баарын! Кайсы бирин алар кылган ишти кыла алдынар?! Кыла да албайсынар!
11.09.2013. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
enn07, Ошол илимпоздорун эмнени кылып кыйратты?
11.09.2013. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
enn07, Мен да сага 100 пайыз кошулам.
11.09.2013. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Курулай чычалай бергенди койсонор!!!Бир нерсени аягына чейин иликтебей туруп бирөөнүн күнөөсүн алып эмне Кудайдын азабы???"Все бегут и бегу" болуп коммент жаза бербей!!!
11.09.2013. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол ''акылы жок сорой ажылар'' дегендерге, Алладан суранат элем озулоруно акыл бер деп?
11.09.2013. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эми кыздардын 99% буга каршы эмнеге дегенде алар жаман корушот.Бирок эркек баарын тушунуп туруп аял алса неге болбосун эгер бага алса. кыздар коп торолот. ошондуктан тийип жаткандыр мен деле балалуу болгум келет деп.
11.09.2013. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asha302,Жаш туруп токолдукту аябай жан дуйнон менен колдойт экенсин,сени токол кылып алайын дегендер бар го,сен да маакулсун го,мейли бактылуу бол,Бирок экинчи аял алган эркек даагы жашын,учунчусун алгысы келет,Сен да карыйсын да.
11.09.2013. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Андай болсо куйоого такыр эле тийбей койгула
11.09.2013. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayaza, сен эрге 2 же 3-болуп тийгин келсе тийе бер барыбир эчким албайт андай болбойт дагы неге дегенде шпалдасы,тарпы чыккан кызды ким алгысы келет айтчы.)
11.09.2013. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asha302,Меники баара жакшы,кудайга абдан раазымын.Тамашага аябай чычалапсын,эркек менен аял чоогу,ынтымакта жашап,небере,чоборолорун чоогу эркелетип,бактылуу карылыкты сургон эле жакшы болуш керек.Ошондой уй булоолор кобойсун.
11.09.2013. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayaza, мен эркекмин
11.09.2013. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дагы бир суроого жооп таба албайм.18жаштагы кызды 55жаштагы Абышка алганга динде уруксат бар бекен?Азыр ошондойлор дагы кобойуп кетти го?
11.09.2013. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
allan, Албетте кыз раазы болсо, анан абышканын кубаты жетсе уруксат да. А так 15 жаштагы кыздар деле кочого чыгып жашына карабай чонтогуно карап пенсиясын алып барган 75 теги чалдардын койнун жылытып журушпойбу?
13.09.2013. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
abaychik, emne oshondoi kysdardy karmap aldynby??? JAsat dese ele oosundan ak it kara itti churutup jasa beresinbi?
15.09.2013. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baichechekei2011, сен эмне эми угуп жатасынбы, бул жанылык эмес го, канча жылдан берки проблема.
11.09.2013. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит,
Саламатсызбы! Сиздин билдирүүңүз өчүрүлгөн эмес, жакшы сактабай койгон окшойсуз.
11.09.2013. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
He-he, Life videodo jurot go. En birinchi kadrda.
SUPER.KG видео
11.09.2013. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул ажыны корсом эле токол же ушул темада суйлоп атканын кором!бул ажынын токолдон башка проблемасы жокко!
12.09.2013. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээй не смешите мои тапочки))))биринчи бир айалды багып алгыла анан экинчи аялды ойлонгула)Кыргызстан 100 жылга арта калып жатат по сравнению в других стран)озунорчо эле джентльмен болуп кетинерго ххехе аж смешно)ошон учун Кыргызстанга баргым келбейт
13.09.2013. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
crystaleyes, oshonu aitsan! Bir ajaldy kyiratyp osun baldaryn koshup bagyp alyshsyn! 1 ajalga aldary jetpei jatyp 2-ajaldyn baleketin alasynary?! Arab bolom desener arab madanijaty bar mamleketter toltura kocho bergile oshol jakka! Silerdi Kyrgyzstanda ech kim karmagan jok!
12.09.2013. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар ажыларбы же сексологдорбу?Чубак ажы эмнеге ушундай суроолорго эле жооп бере берет.Арстан Мыктыбек качантан бери ажы болуп журот...
13.09.2013. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркек озуно керектуусун гана угат да.чубак байке эркектерди бузбай жон журунузчу.саргарып жургон келиндерди аяп атасызбы же кызыгып жетпей аялыныз уруксат бербей ушуну ойлоп таптынызбы
13.09.2013. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
газетага интервью бериптир саргарып жургон келиндерди корсом аяп кетем деп
13.09.2013. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazis, ozu jaw ayalga jetpei sargaryp jurso kerek da bul kiwi
13.09.2013. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
просто кошмар!!!!!! мен КАРШЫМЫН!!! оз жолдошумду келечекте менден башкасы менен жашашын ойлоп калсам олгум келет катуу кызганам.....
SUPER.KG видео
13.09.2013. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн тууру жооп айтышты! Азыр жесир калган аялдар экиден учтон топтошуп алып кафелерде сайрандап арака тойуп кочодо кулап калып журушбойбу. Же болбосо бомждардын арасында коросун. Эркеги жок ал аялдар никесиз бироолор менен жашыруун жыныстык мамиледе да болушат. Иши кылып толгон куноолорго батып журушот. Эгер бироого токол болуп нике менен жашашса баардык жаман сапаттар жоголмок!
SUPER.KG видео
14.09.2013. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура прогрес деп ойлойм. бирок биз Кыргыздар диний демократияга кирип кеткенибиз туура эмес. андай маданиятту тушунукту биздин айымдарга тушундуру учун даагы кеминде 15 жыл убакыт керек.
14.09.2013. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Багуу көп аял алуунун себептеринин бири гана. Биринчи аялы төрөбөй калса же оорулуу болуп калса, же балдары көп болуп жүдөп, күйөөсүнө тийиштүү деңгээлде кызмат көрсөтө албай калса, экинчи аял алуусу мүмкүн. deit soo adamdy alyp al ooruluu bolgondon kyiyn any karabai kalat eken da, je kop balaluu bolup judop deit kop bala eshektin balasyby anan? kyskasy ozun ele oilogon adam. U
14.09.2013. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ushundai naadandar din dep dindi oz kyzykchylygyna jarasha burmalap korsontkondor.
14.09.2013. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок саргарып жургон кыз келиндерди коргондо боорум ачыйт! Дегендин Ордуна айдаралы жорголок келин кызды коргондо киргим келет жорголоп деп ачык эле айтып койбоптур даа....
15.09.2013. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздар, аялдар силер биринчи сурап коргуло эркектерден озу уйлонгунор келеби деп анан экинчиси жонундо талкуулайсынар.
15.09.2013. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozbek ajynyn eki aialy bar dep ukam,daje peredacha bolgon bul tuuraluu.Birok menin agam dele moldo kishi al aitat 1-si yraazy bolboso 2-sin alganga bolboit dep.Ozbek ajy tuura emes aityp jatat dei albaim,birok erkekterdin oiun buzbai ele koibopsuz
SUPER.KG видео
18.09.2013. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизгиси туура маалымат беришиптир, эркек эки аял алса болот эгерде матералдык, маралдык и физичиский алы жетсе. Бирок бирок эркектердин 99%ти эки аял эмес бир аялды карай албай жатышат. А алат десе эле эркектер оздорунун жеке эркектик маселесин ойлоп ала беришет аларды жазалаш керек!
SUPER.KG видео
08.12.2013. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chubak Ajy bar bolunuz siz Altynsyz duinodo en kymbat
Медиа-портал
02.07.2015. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир аялды багып кыйратып бага алышпайт анан.экинчисин учунчусун алам дешет.эгер эки аялга же уч аялга уйлонсо аларды бакпайт тескерисинче ошо аялдар багат.исламда айтылат эгер 2 аял алсан бирине бир жолук алып берсе экинчине дагы окшош жолук алып бериш керек.бирок азыркы учурда бир аялды багалбай атат.аялдар базарда эркектер уйдо.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: