ФЕДОСЕЕВДИ САБАП КЕТИШТИ

№566 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж


Кикбоксчу Алексей Федосеев 30-августта түнкү саат бирлер чамасында ооруканага түшкөн. Борбордогу ресторандардын биринде өтүп жаткан үлпөт тойдо ал бирөөлөрдүн токмогуна кабылып, жаак сөөгү сынган.

КҮЧ КОЛДОНУШКАН
Алексей Федосеев кикбокс боюнча 2 ирет Евразиянын чемпиону аталса, 1 ирет Дүйнө чемпиондугун уткан. Орусияда төрөлгөнүнө карабастан, өзү өскөн Кыргызстанды мекеним деп тутунган спортчу.
Алексей 27-сентябрда команда менен Бразилияга Дүйнө чемпиондугуна аттанмак. Барган жеринен медалсыз кайтпаган спортчубуз, тилекке каршы, бирөөлөрдүн токмогуна кабылып, ооруканага түштү. Ал түндүн «каармандары» окуя болгон жерден из суутушкан. Алексейдин машыктыруучусу Александр Воинов билдиргендей, спортчу өзүн сабаган балдардын айрымдарын тааныйт. Бирок алардын үй-бүлөсүнө жаны ачып, укук коргоо органдарына кайрылбасын билдирген. Сабагандардан спортчу болгону дарыланууга кетчү каражатты талап кылат.

«БИР АЙ СПОРТКО КЕЛЕ АЛБАЙТ»
Федосеев учурда Улуттук госпиталдын бет-жаак сөөк хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Аталган бөлүмдүн башчысы Алмазбек Кулназаров билдиргендей, спортчунун жаак сөөгү эки жеринен сынган. Бети-башы көк ала болуп, карттанганы менен, баскан-турганы тың.
Лёшанын «Гермес профи» клубундагы машыктыруучуларынын бири Жанбулат Амантаевге байланышып, анын Бразилияда өтүүчү кикбокс боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышпай калганын билдик. «Кем дегенде бир айдан кийин спортко кайтат. Бразилияга барбай калды»,- дейт ал. Спортчуга ден соолук тилеп, Алексей жаратчу ийгиликтер алдыда мол экенин айта кетели. Сабагандар сот жообуна тартылбаса да, абийир сотунан өтөт деген ишенич бар.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg



Алексей Федосеев өзүн сабагандарды кечирди

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
SUPER.KG видео
04.09.2013. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ай ай Алексей
SUPER.KG видео
04.09.2013. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
batyraak jakshy bolup Lesha!!!
SUPER.KG видео
05.09.2013. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Только период Леха! Таза кандуу кыргыздарга караганда коп пайдалуу жумуш жасадын. Кыргызстанды жакшы жагынан тааныткан эсептелуу азаматтардын бирисин !!!
SUPER.KG видео
05.09.2013. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец эрдик жасаптыр. Досуна да болушуп, сабаган балдарды да кечирип.
SUPER.KG видео
05.09.2013. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Байкуш орус болсо дагы кыргыздын калпагын кийип ,желегин желбиретип жургонуно ыраазы болушубуз керек.
SUPER.KG видео
06.09.2013. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы спортиктерге кенеш берет элем, кечиндеси кафелерде абайланыздар ал жерлерде озунон башка дагын спортиктер эз алышат.
SUPER.KG видео
06.09.2013. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калпак сонун жарашып калыптыр.
SUPER.KG видео
06.09.2013. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алексей все будет хорошо помни ты не один. Кыргыз элим бул эмне кылганыбыз озубуздун ушундай азамат эр жана эл жигитибизди сабап кеткен уят
10.09.2013. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ден-соолук тилейли, батыраак айыгып кайрадан спортко кайтып келсин..
SUPER.KG видео
13.09.2013. 04:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыкелер ушундай палванда молодецтер кыйраттынар
SUPER.KG видео
16.09.2013. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
алын жетсе озун мушта алын жетпесе башка жагыны кысып кала бербейсинби толпаны чакырып келбей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: