ЭКИ ИРЕТ КУЛ БОЛГОН МЕКЕНДЕШ

№570 04-октябрь-10-октябрь, 2013-ж


Чет өлкөлөргө барып иштеп акча табууну көздөгөн мекендештерибиздин агымы жыл санап өсүүдө. Тилекке каршы, көздөгөн максатына жетпей, тескерисинче, кор болуп, иштеген эмгек акысын ала албай калган кыргыз жарандары арбын.

«БЫЧАК МЕНЕН КОРКУТУП ҮЙҮНӨН КУБАЛАП ЧЫКТЫ»
Карындашына жардам берүү максатында Казакстанга иш издеп барган 28 жаштагы УРМАТБЕК АДИЕВ өз тагдырын төмөнкүчө баяндады:
– Бир тууган карындашым Казакстандын Алматы шаарындагы эл аралык колледжде келишимдик негизде жылына 230 миң теңге төлөп окуйт. 2012-жылдын жай мезгилинде анын окуусуна, тамак-ашына, жашаган батирине жардам берүү максатында Алматы шаарына баргам. Шаардын Думан кичи районундагы Алтын-Емел көчөсүндө №40-үйдө жашаган Мурат аттуу кишинин үйүндө иштедим. Ал киши менен оозеки келишим түзгөнбүз. Анын үйүндө бир топ курулуш иштерин жасап, андан соң Кеген деген жерге барып 20 күн картошка каздым.
Ошентип, жалпы 3 айга чукул иштедим. Ошол эмгегиме сүйлөшүлгөн боюнча Мурат мага 200 миң теңге төлөп бермек. Жумуштары аягына чыгайын деп калганда ал мени сөгүп, кээде мончосуна камап алып сабачу болду. Бир күнү мас болуп келип «Силер Кененсарынын башын чапкансыңар!» (ред. Кененсары казак ханы болгон. 1847-жылы кыргыздарга болгон жортуулунда колго түшүп, өлтүрүлгөн) деп мени сабап, бычак менен коркутуп үйүнөн кубалап чыкты. Мурда рэкет болуп жүргөндүктөн, андан баары коркушат экен. Укук коргоо органдарына арыз жазсам, алар да коркуп арызымды албай коюшту.

«ЭКИНЧИ ИРЕТ КОР БОЛДУМ»
– Анан Кыргызстанга келип кышкысын бул жакта болдум да, 2013-жылдын жазында кайра Муратка барып карызымды дооладым. Ал «ана берем, мына берем» деп алдап жолго салды. Ал ортодо дагы бир жумуш чыгып калганынан иштей берейин деп чечтим. 3 өзбек жигитке кошулуп Алматы шаарынын Каскелең деген кичи районунда мурда полициянын аймактык инспектору болуп иштеген Дияс аттуу кишинин үйүндө 3 ай пайдубал куюп, кыйшык жерлерин түздөдүк. Ал жерден 250 миң теңге алмакмын. Акчамды алайын деп барсам Дияс «Мен сени менен сүйлөшкөн эмесмин, акчаны өзбектерге берип койдум» деди. Өзбектердин бригадири Турсун Кыргызстандын жараны, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылында туулган. Турсунга барсам, аялы, намангандык Маргуба чыгып алып «Сен эмнеге бизден акча сурап жатасың? Акчаңды бербейбиз, силер, алайлыктар, Оштон канчалаган өзбектерди өлтүргөнсүңөр, силерди кошо өлтүрүш керек» деп кыйкырып, балдары менен жабылып мени челектеги сууга башымды тыгып тумчуктуруп, муунтуп, көк ала кылып тепкилеп салышты.
Бир тыйын ала албай, 2 жылдан бери суук жерде иштеп кургак учук, геморрой болуп ооруп калдым. Анан полицияга арыз жазсам, «карга карганын көзүн чукубайт» болуп Диястын тааныштары ишти жаап коюшту. Кайрадан Кыргызстанга келип милицияга арыз жазсам, «Казакстандагы ишти иликтей албайбыз, Тышкы иштер министрлигине кайрыл» дешти. Тышкы иштер министрлигине арыз жазсам, «эртең кел, бүрсүгүнү кел» деп 15 күн дегенде зорго кабыл алышты, бирок «тигиндей кылабыз, мындай кылабыз» деп эч нерсе айтышкан жок.
Өзүм Алайдан болом. Атам майып, апам аны карап үйдө. Азыр ден соолугумдан ажырап, дарыланганга акча жок, айла жок Беловодск айылындагы үйүмдү сатайын деп жатам. Ал эми Казакстанда иштеген акчаларымды кантип өндүрөрүмдү билбей ар кайсы эшикти каккылап жүрөм. Мага көңүл бурган эч ким жок.

«ДАЛИЛИ ЖОК, ЖАРДАМ БЕРЕ АЛБАЙБЫЗ»
Жогорудагы каарманыбыздын укугун кантип коргосо болот? Анын эмгек акысын кайтарып алууга мүмкүнбү? Ушул сыяктуу суроолорубузга Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Миграциялык саясат башкармалыгынын башкы адиси УЛУКБЕК БАКЕНОВ жооп берди:
– Кыргызстан менен Казакстан өлкөлөрүнүн ортосунда эмгек мигранттарынын социалдык укуктарын коргоо боюнча келишим бар. Тилекке каршы, көп эле биздин жарандар чет өлкөлөргө иштегени барганда эмгек келишимин түзбөй, оозеки эле сүйлөшүп иштешип, өздөрү мыйзам бузууга барышат. Эмгек келишими жок болгондон кийин жумуш берүүчү алгач 1-2 ай акчасын төлөмүш болуп алаксытат да, калган акчасын жумуш бүткөн соң бербей коёт. Анан албетте, алардын укугун коргоо биз үчүн оор, эч нерсе кыла албайбыз. Себеби биздин жарандар кайсы жерде канча убакыт иштегенин далилдей алышпайт да. Ушундай көрүнүштөр акыркы учурларда көп кездешип жаткандыктан, биз мигранттарга жардам болушу үчүн чет өлкөлөргө иштегени кетип жаткан мекендештерибизге кайсы өлкөгө баратса, 2 жума ошол өлкөнүн мыйзамы, маданияты, өздөрүнүн укуктары тууралуу маалымат берип, окутуп турууга аракет кылып жатабыз.
Жогорудагы каарманыбыздын эмгек келишими жок болгондугуна байланыштуу ал эмгек акысын алабы же жокпу, белгисиз. Аны биз айта албайбыз. Себеби бизде анын укугун жактаганга далилдер жок. Бирок ошентсе да анын арызын караганга аракет кылабыз. Ошондуктан чет өлкөгө иштегени кетип жаткан бардык жарандарга кайрыларым, эмгек келишимин түзүп, мыйзамдуу жол менен гана барыңыздар.

«Керкисинде да, кемигинде да бар» демекчи, мекендештерибиздин чет өлкөдө кор болуп жаткандыгына көбүнесе алардын укуктук жактан сабатсыздыгы себеп болуп калат. Карапайым калкка эшигин улам-улам каккылаткандан «рахат алган» тиешелүү кызматтагылардын да айыбы чоң. Ырас өлкөнү эмгек мигранттары багып жаткан соң мамлекеттик тиешелүү органдар чет өлкөгө иштөөгө бараткан калкты каттоонун, алардын укуктук сабатсыздыгын жоюунун, аларга укуктук жактан көмөк берүүнүн эффективдүү жолдорун табышы керек.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Эки ирет кул болгон мекендеш

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(57)
07.10.2013. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жогорудагылар кичине биримдиктуу болсок боло,Урмат Адиев Казакстанга жыргаганынан барбаптыр карындашына жардам бергени иштегени барыптыр.
Модератор admin_media түзөттү 08.10.2013 09:15
07.10.2013. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол казактарга дагы Кудай бар таразалайт .эми арыздансан дагы сени эч ким карабайт озуно озун ишенип ден соолугунду кара эч акчаны ондуро албайсын ошого кеткен нервинди ден соолугунду кара.. Ийгилик
Модератор admin_media түзөттү 10.10.2013 15:43
07.10.2013. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун эмгек акысын жеп эч качан жарыбастыр байкуш баланын кыйналганыа боорум ооруу.
08.10.2013. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буюрса, аласыз деп ишенем.
08.10.2013. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбектерден келтек жэгенин окунучтуу болуптур...аман болсон акча табылат кудайга тапшырып кой кудай озу жазасын берет Казакты....
Модератор admin_media түзөттү 10.10.2013 15:43
08.10.2013. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кааап..
08.10.2013. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негизи "казак"деген соз катуу угулат.эли да ошого жараша мээримсиз кыскасы оз кызыкчылыктарын ойлогон калк болот экен.
Эээй боордоштор,андай мындайсын дегендер.силер жашоодо сына элек экенсинер и сынбагыла бирок силердин да башынардан отот ошондо билесинер.азыр бул баланын абалын тушунсонор да тушунмоксон болуп атасынар.
Модератор admin_media түзөттү 08.10.2013 09:17
08.10.2013. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сарттарды урган учун групповой деп арыз жазып койбойт беле, Казакстанда эми кол жетпейт экен ал эми кантип Ошто болгон окуяга кол жетпей калсын, ошол замат чыкканда арыз жазбайбы, же эмне учун сарттын уйуно жалгыз барат, Кызыл-Кыштак сарттардын махалласи, 4-5 жоро-жолдоштору менен барбайт беле, жок дегенде жарымын ондуруп алмак, неужели Алайлыктар ушундай бош болуп калса.... бул бала адашып калган окшойт, же турмушу ото оор жогоруда жазылгандай....
09.10.2013. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aruuzat_19, ким айтты Ошто деп, ошол жактагы жашаган жерине барыптыр .
08.10.2013. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
08.10.2013. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыңарга эскертүү!
Кимдир-бирөөгө ат коюп, мазактоого тыюу салынат! Улутуна, динине карата бөлүп жарууга жол берилбейт!
Дагы кайталанса сайттан четтетүүгө аргасыз болобуз!
08.10.2013. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kadyrbeks80,
Жогоруда далил болуп видео турат!
Сын-пикирлериңиз болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге кат жазып жөнөтүңүз! 10 күн банга!
08.10.2013. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aruuzat_19 га мен кошулам Алайлыктар менен Кара-Кулжалыктар ачууга тийген адамдын отун алчу эле го... Негизи адам ишенчээк анан бош болсо эле сразу башына чыгат да ото эле жоош го
08.10.2013. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар казактардан коркушат
08.10.2013. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай окунучтуу окуя болгон.
08.10.2013. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ден соолугунду жакшылап кара.Акча табылат.
08.10.2013. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaman suylosom je tuura emes suylosom aldyn ala ke4irim suraym tuugandar....men kazaktar kyrgyzstanga kelip tayak jep ketiptir degendi kop dele ukpaym al emi kazakstanga bargan kyrgyzstandyktardyn ar biri ele armanyn aytyp kelet....Kazak kyinasa too kaytartat birok Kyrgyz kyinasa..........
08.10.2013. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу ошол Кененсары казак ханы биринчи Кыргыз элин тункусун бастырып келип Жаш бала аял картан чал кемпирине карабай кырышкан боюнда бар аялдардын ичин жарышып коп жамандыктарды кылган жаш кыздарды зордукташкан. Ошону озуно жараша кылышкан башын кескени. Ушундан баштап казактарды аябай жаман коруп калгам
08.10.2013. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул адамдын ички дуйносун аябай жаман тушуном албетте башыбыздан отпой эле койсун бирок коп адамдар башынан откондон сон тушунушот. Кудай озу сактасын мындайдан Кудай деп эле жашаш керек :'(
08.10.2013. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Позор. Сен озунду эркек деп айтпай эле кой. Сендей кор болгондорду туура эле кылышат. Ушундай болсон озуно эле жаман.
Эми эмне ыйлактап турасын? Эркек деп сени айтууга болбойт.
Модератор admin_media түзөттү 09.10.2013 09:29
08.10.2013. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jizbiz, Чет жерде калсаң сен мындан да жаман болушуң толук мүмкүн.Бул жигит өзүнүн ишенчээктигинен, өз укугун , маалыматты билбегендигинен ушундай шартка түшкөн.Кемсинткенди коюп, чет жерге кетебиз дегендерге так, туура маалымат кеңеш берелик.Бул жигит МОМ-международная организация труда, Рыскулов көчөсүндө, кайрылсын.Сөзсүз жардам алат.
08.10.2013. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kadam, озу куноолуу ошондой болсо да. Мен кемсинткен жокмун. Анын кандай экенин жаздым.
Ушундайлар озулору озулоруно эле проблема жаратат, башка оз туугандарын да кыйнайт.
Башка жакка барчу адам озу билиш керек баарын заранее, эч кимге ишенбей озуно ишениш керек, анан аягында
байкуштай отуруп калбай.
Модератор admin_media түзөттү 09.10.2013 09:27
09.10.2013. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jizbiz, анда не сени айтууга болобу "Эркек" деп озун жазагынды карасан ушакчы аялдарга окшоп жазыпсын!
сенин жан дуйнон арам экен! УРМАТБЕК АДИЕВ жакшы адамго дейм. баарын озундой коруп ишене берет экен!
09.10.2013. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
bakythka, Биринчиден мен ушундай болуп, алардан акча алалбасам, абдан чон проблема жаратмакмын аларга, олтуро албасам, хотябы орттоп салмакмын ал жерин. Эми бул жоош л.х учун, тигилер дагы бир байкушту таап, ошентип кордойт!
А менден кийин алардын бизнеси жок болмок просто.
"Око за око" деген соз Библияда да жон эле жазылган эмес. Бул туура соз,туура философия. Анткени кээ бир адамдар жакшы созду тушунбойт.
Аларды жазалаш керек сага жамандык кылса, кудайга же менттерге койбой.
09.10.2013. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен мындай адамдарды атып олтуруш керек кантип бирону иштетип бербей койот я айбандар аларга ото чон праблема жататыш керек
09.10.2013. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Багы жокко дагы жок!деген ушул туура.аларды Аллах озу азабына салсын.
09.10.2013. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыйын болуп жаза бербегилечи андай мындай деп башынарга тушсо коросунор.Урмат сен ар эшикти каккылап чондордон жардам сураба алардын колунан келбейт эч нерсе андан коро Кыргызстанда иштеп тиги акчаларынды башы козуно садага деп кой.А озбектер дагы копкон экен аларды дагы кырыш керек.
09.10.2013. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карындашы обу жок неме окшойт. Ата-энеси ооруса, аларды убара кылбай Кыргызстада эле окуса болмок. Агасы да кул болбой калмак.
09.10.2013. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
''ээ бул баланы тааныйым шоссеная-41 де жашап иштеген озундо бар калп корунгонго карыз качып жоголгон болчу,мага да карыз канча айтып алалбай койгом менин акчамды берип койчу

10.10.2013. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынын айтсам бул жигит коп жерде озу ката кетириптир. Казакстанда буга окшогон толтура окуяларды угуп туруп. 1-ден карындашын $1500 толоп КЗстанда окуткандан коро озубуздо эле жакшы билим аласын. 2-ден жумушка кирип жатканда кагаз жузундо келишим тузууу крк да, озундун айлында иштеп жатканда дагы. Заман ошодой болуп калды. 3-дон озбектерге кантип ишенип, ошол жумушка барды дейм да. Азыр маегин угуп отуруп орустар да бир соз бар го Л...Х деген кыргызчасы кандай болуп калат билбейм.
10.10.2013. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shekerbek,
Улутуна, динине карата бөлүп жарууга жол берилбейт!
30 күн банга!
11.10.2013. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн негизгиси акча табылат ден-соолукту сакташ керек бул дуйнодо акчадан бийик нерселер бар баарын жараткан озу таразага салат сиз ал жактан болобосо да башка жактан андан коп байлык табасыз.
SUPER.KG видео
02.01.2014. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбектин уйбулосун камап салыш керек болчу, элге жардам бергенге келсе эле коркушат бийликтегилер. Баарын иштен айдаш керек
SUPER.KG видео
02.01.2014. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо даже силерда акчасын алып бере аласынар, ойлонуп коргуло!
Медиа-портал
23.03.2015. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улукбек Бакенов иштебей эле койчу ал жакта жардам бералбасан. ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-03-24 10:09:44
Медиа-портал
24.03.2015. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bishkek90,
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт! Эскертүү!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: