ТОП-ЛИГАНЫН БАШКЫ БОМБАРДИРИ АЛМАЗ МИРЗАЛИЕВ

№574 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж


27-октябрда КРнын ТОП-Лигасынын алкагында Ош шаарында «Алай» менен бишкектик «Дордой» беттешип, «Алай» 1:0 эсебинде жеңип алды. Бул жеңиш «Алайга» өз тарыхындагы биринчи чемпиондукту тартуулады. Ал эми Лиганын бомбардири бул эки клубдун оюнчулары эмес, канттык «Абдыш-Атанын» чабуулчусу Алмазбек Мирзалиев аталды. Алмаз сезонго көз чаптырып, өзү тууралуу айтып берди.

МИРЗАЛИЕВ АЛМАЗБЕК АЛИМЖАНОВИЧ
Туулган жери – Ош шаары
Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 10-июнь
Бою – 180 сантимтер
Салмагы – 75 килограмм
Карьерасын Ош шаарындагы «Авиатор» клубунда баштап, 2007-жылы канттык «Абдыш-Атанын» курамына кошулган. Канттык клуб үчүн жүздөн ашык гол киргизген.
Билими – ОшМУнун дене тарбия жана спорт факультетин аяктаган.
Бойдок. Учурда Кантта жашайт

«АЛАЙ» ЧЕМПИОНДУКТУ УТУП АЛДЫ
КРнын ТОП-Лигасында 20 турдан кийин Ош шаарынын «Алай» клубу чемпион болду. Эске салсак, чемпиондук үчүн 8 клуб беттешип, 1-айлампадан соң эки топко бөлүнгөн. Алдыңкы 4 орун үчүн «Алай», «Алга», «Абдыш-Ата» жана «Дордой» күрөшүп баштаса, калган 4 орунду талашчу топко «Нефтчи», «Манас», «Ысык-Көл» жана «Ала-Тоо» клубдары кирген. Мелдеш жадыбалы төмөнкүчө:

– "Алай" менен "Дордой" «Абдыш-Атадан» озуп, негизги атаандаштыкты түзүштү. Биз бул эки команда менен татыктуу ойногонубузга карабай, башка командалар менен болгон оюнда упай жоготуп коюп, чемпиондук жарыштан чыгып калдык. «Алайдын» утканы Кыргызстанда футболдун өнүгүшүнө алып келет деп ойлойм. Футбол Кантта же Бишкекте эле эмес, өлкөнүн бардык аймактарында күчтүү өнүгүшү керек. Мен Оштун кулуну катары "Алайдын" чемпиондугуна кубанам.

Бомбардирлер:
19 гол – Алмаз Мирзалиев («Абдыш-Ата»)
13 – Мирлан Мурзаев («Дордой»)
10 – Владимир Верёвкин («Алай»)
9 – Дэвид Тетте («Дордой»)

Чемпион аныкталганы менен, сезон бүтө элек. Бизде дагы оюндар бар. Бул оюндарда мүмкүн болушунча гол киргизем деген ниетим бар. Сезон бүткөн соң голдорумду санайм. Быйылкы жылды мен карьерамдагы ийгиликтүү сезондордун бири катары эсептейм. «Абдыш-Атага» келген биринчи сезондо мен 20дан ашык гол киргизип, КРнын көз карандысыздык Кубогун утканбыз.

– Көрсөткөн жыйынтыгың жакшы. Бирок эмнеге улуттук курама командага чакырылбай келесиң?
– Мен быйыл «Дордойдун» да, «Алганын» да дарбазасына гол киргиздим. Баарын эле «Манас» менен «Ысык-Көлдүн» дарбазасына киргизген жокмун да. Бирок менин улуттук курама командада ойнобогонум башкы машыктыруучуга байланыштуу болсо керек. Ар бир машыктыруучунун жеке пикири бар да.

– Футболго кандайча келип калгансың?
– 6 жашымда ойноп баштагам. Улуу агам профессионал футболчу болчу. Аны көрүп түздөнүп, ушул жолду тандагам. Кезинде «Авиатор» деген мектепте тарбиялангам. 2003-жылы 16 жашымда «Алайга» чакырылып, 4 жыл ойнодум. 2007-жылы «Абдыш-Ата» менен келишим түзүп, ойноп жатам. 2011-жылы агенттердин жардамы менен Таиланддын 1-лигасында ойноп келдим. Таиландда футбол деңгээли биздикинен өйдө экен. Өнүгүп жатыптыр. Футбол көргөнү 10 000-20 000дей киши келет. Тажрыйба арттырдым. Негизи, Европада татыктуу командаларда ойноп, Кыргызстанда футбол бар экенин көрсөтүүнү кыялданчумун. Эгерде кыргыз футболун дүйнөгө таанытууга биз тараптан умтулуу болсо, өнүгүү болот.

– Атактуу футболчуларга, клубдарга күйөрмандык кыласыңбы?
– Ооба. Каталондук «Барселонанын» күйөрманымын. Ошондой эле африкалык футболчу Дидье Дрогбаны кумир тутам. Ал кишинин футболго болгон көз карашы, айткандары көп таасирлендирет. Бирок Дрогбанын арты менен 11-номерде ойноп калган жерим жок. Быйыл клубда 11-номер бош болуп калганынан улам тандагам.

– Бул клуб менен келишим канчага чейин? Сыр болбосо канча айлык аласың?
– Клуб менен келишим быйыл жаңыланат. Биз азыр материалдык байлык үчүн эмес, футболго болгон сүйүүбүздүн арты менен ушундай шартка чыдап ойноп жүрөбүз. Клубда 300-400 доллар айлык алабыз. Бул жетиштүү сумма. Бирок үйлөнсөң ал акчага жашоо мүмкүн эмес. Ошол себептүү таланттуу футболчуларыбыз чет жердин жарандыгын алып ойноп жатышат да.

– Кандай үй-бүлөдө төрөлгөнсүң? Ата-энең сен тандаган жолду колдойбу?
– 4 бир туугандын кичүүсүмүн. Оштун Аэропорт аймагында төрөлүп, ошол жерде эртеден кечке топ кубалап чоңойгом. Балалык дегенде учуп, кайра конуп жаткан учактар эске келет. Актёр болом деген да балалык кыялдарым бар эле. Футболго болгон сүйүүмдүн артынан бул чөйрөгө келдим. Үйдөгүлөр мени дайыма колдоп, жардамын берип турушат. Атам менин фанатым, сынчым. Айтканын угам. Башта футболго аралаша баштаганда апам «окусаң жакшы болот эле» дечү. Мен футболду сүйөрүмдү айтчумун.

– Өзүң качан бүлө курасың? Кандай кыздар жагат?
– Так кесе айта албайм. Жакын арада үйлөнүү оюмда бар. Ичи менен сырткы келбети айкалышып турган сулуу кыздар жагат.

«Таиландда футболдон тышкары эс алганга да убакыт тапчубуз».

«Апам Үпөл жана атам Алимжан менин футболчу болгонума нааразы эмес».

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg



ТОП-Лиганын башкы бомбардири Алмазбек Мирзалиев (Жүктөлгөн: 01-11-2013)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
SUPER.KG видео
01.11.2013. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
300 400 доллар алабыз дейби айына бекен же кунуго бекен
SUPER.KG видео
01.11.2013. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ачык варотага киргизе албайт го
SUPER.KG видео
02.11.2013. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кичуу кезимде , чон агам-))) ушундайда кыргызча создор барбы?)
SUPER.KG видео
02.11.2013. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ийгилик сага Алмаз.
SUPER.KG видео
02.11.2013. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
tazaraak top jok beken
SUPER.KG видео
02.11.2013. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Стадионунда ит журот го:)
SUPER.KG видео
03.11.2013. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
апамдын абежесинин кызынын баласы го чоноюп калыпсын молодец кыргызча суйлоп калыпсын
Модератор admin_media түзөттү 04.11.2013 10:35
SUPER.KG видео
03.11.2013. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эки гол аткамын дейт го
SUPER.KG видео
04.11.2013. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллга жигит
04.11.2013. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик кыргызстанды да дуйнолук аренага алып чыгышына тилектешмин
04.11.2013. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик ишине
05.11.2013. 05:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озунчо эле Неймар болуп алган го. Ийгилик!!!
SUPER.KG видео
05.11.2013. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маладес
SUPER.KG видео
05.11.2013. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
футболду онуктурсо жакшы болмок! мыкты оюнчулар коп экен!
анан эн мыкты оюнчулар чет мамлекетке кетпейт эле!
05.11.2013. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик !!!
SUPER.KG видео
06.11.2013. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жон эле койбоду да
08.11.2013. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга кыргыз футболу! Алга кыргыз футболчулары! АЛГА КЫРГЫЗСТАН!
09.11.2013. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз футболчусу айына 300;400$алат ((( бул ото еле аз ,ошентиб турса анан кантиб футбол онуксун.
25.01.2014. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынын айтканда мен жайында Кыргызстан Кубогунун финалында Алай менен Дордойдун беттешин кордум,оюнчулардын физика техникасы ото томон,ар бир экинчи пастарынан катачылык кетип атты,финалда чемпиондор ушундай ойносо калган клубдар кандай ойнойт болду экен))))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: