ЭТ ТУУРАГЫЧКА КИРИП КЕТКЕН БАЛАНЫН КОЛУН САКТАП КАЛЫШТЫ

№575 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж


Кырсык айттырып келбейт эмеспи. «Эки жарым жаштагы бала эт туурагычка колун чайнатып алыптыр» деген кеп өткөн аптада калк арасында уу-дуу болду. «Сактыкка кордук жок» дейт. Ар бирибиз абайласак, ар кандай кырсыктардын алдын алышыбыз мүмкүн. Андыктан алдыда сөз боло турган окуя ар бир ата-энеге сабак болор деген ойдобуз.

«ЖАНЫМА КЕЛГЕНИН БАЙКАБАЙ КАЛДЫМ»
Кырсык болгонуна көп өтпөй дарыгерлер наристенин эт туурагычка кырчылган колун сактап калышканы маалым болду. Баланын абалы менен жакындан таанышып келүү үчүн Бишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасына жөнөп калдык. Барсак, жабырлануучу Эмирханды чоң энеси ЖАЙНАРБҮБҮ МОМУНОВА карап жаткан экен. Ал окуя тууралуу буларды айтып берди:
– Эмирхан уулумдун экинчи наристеси. Ата-энеси биз менен Таш-Көмүр шаарында жашашчу. Мындан бир ай мурун эле жумуштарына байланыштуу борборго көчүп келишкен. Мен окуяны бир күн кеч уктум. Себеби уулум менен келиним «эмне болот, колун врачтар сактап калабы же жокпу? Эмнеси болсо да бир жыйынтык чыккан соң айталы» деп бизге айтышпаптыр. Эртеси гана кайнагам чалып кырсык болгонун айтты. Чоң атасы экөөбүз жүрөгүбүз оозубузга кептеле ошол замат жетип келдик. Келип, неберемдин өңү-түсү түзүк болуп калганын көрүп өзүмө келе түштүм. Ошондон бери бул жактамын.
Угушумча, келиним ошол күнү кышка даярданып салат жаап жаткан экен. Эмирхан жанында ойноп жүргөнүн көрүп жаңы эле эшикке чыгарыптыр. Анан иши бүткөн соң эшикте жамгыр жаап жатканынан балдарын алып кирет. Андан соң электр тогу менен иштеген эт туурагычтын ичин тазалап коёюн деп иштетип коюп, суу болгон кийимдерин которуп, эми эле өчүргөнү жатса, бул кайдан-жайдан эт туурагычтын жанына жетип бара калып «апа, өчтү» деп эт туурагычтын түтүгүнө сол колун салып жибериптир. Келиним ошол замат эт туурагычты өчүрүп калганга жетишиптир. Анан улуу баласы менен кичинекей баласын кошунасыныкына таштап коюп такси менен ооруканага келиним алып келиптир. Атасына телефон чалып койгон экен, ал бул жактан тосуп алыптыр.
«Жаныма келип калганын байкабай калыптырмын» деп ыйлап жатат апасы байкуш. Эне да, бул жакка келип эсин жоготкон экен. Эми өзүнө келди. Азыр Кудайга шүгүр, неберем жакшы болуп калды. Кээде эле «колум ооруп жатат» деп ыйлап калат. Неберемдин колун сактап калышкан дарыгерлерге ыраазычылык билдиргим келет. Эт туурагычты бир аз мурда эле айылдан өзүм салып жиберген элем...

«3 ЖЕ 4 МАНЖАСЫН КЕСЕБИЗ ДЕП ОЙЛОГОНБУЗ»
Ал эми жогорудагы окуя боюнча аталган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары АЛЫМ МУРЗАЕВГЕ кайрылдык:
– Бул ооруканада 1983-жылдан бери хирург болуп иштейм. 30 жылдан ашуун иш тажрыйбамда мындай окуя болгон эмес. Жабырлануучу бизге 28-октябрь күнү саат 12:50дө келип түштү. Бала жаңы келгенде дарыгерлер мени чакыртышкан экен. Жүгүрүп барсам, баланы колундагы эт туурагычы менен кошо көтөрүп келишиптир. Көрүп алып нес болдум. Ошол замат балага оору сездирбөөчү дары сайдык. Баланын атасы бир аз өзүн кармап турду, апасы болсо эси ооп кулап калып жатты. Ага да дары сайдык.
Баланын сол колу чыканагына чейин эт туурагычтын түтүгүнө кирип кетиптир. Ал эми эт майдаланып чыга турган жагынан үч манжасынын учу чыгып калыптыр. Баарыбыздын шаштыбыз кетти. Айлабыз куруганда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы куткаруу кызматына чалдык. Балким, аларда эт туурагыч аппаратты талкалай турган шаймандар бар болсо керек деп ойлогонбуз. Алар келип, бирок андай шаймандары жок болуп чыкты. Темир кескичтери бар экен. Аны менен кессек, баланын колун кошо кесип кетчүдөй.
Чогулган дарыгерлер дароо балага операция жасоо чечимин кабыл алдык да, жандандыруу бөлүмүнө алып келип, профессор Талант Өмүрбеков баш болгон дарыгерлер операция жасап баштадык. Алгач эт туурагычтын түтүгүн өзүбүздүн гипс кесе турган шаймандарыбыз менен абайлап отуруп 1 жарым саатта кестик. Андан соң эт майдалагычтын бурамаларын бошоткондо эле баланын колу чыкты. Биз анын колу билектен ылдый аябай эле бырчаланып калган болуш керек деп божомолдодук эле, бактыга жараша андай болбой, манжалары эзилип калыптыр. Анан манжаларын тигип, кесчү жерлерин кесип, операция жасадык.
Учурда Эмирхандын абалы бир топко жакшырып калды. Бир эле манжасы иштебей жатат. Биринчи күндөрү баланын үч же төрт манжасы кесилет болуш керек деп ойлогонбуз. Кудай жалгап Эмирхандын абалы жакшырып, ойноп-күлүп жүрөт. Бир да манжасын кеспей, айыктырып чыгарабыз деген үмүтүбүз бар. Өткөндө бул жерде турсам атасы көтөрүп келе жаткан экен, мени көрүп «жолдон кач!» деп коёт (күлүп).
Ата-энелерге айтарым, балдарына сак болушса. Мурда бизге уксус ичип алган балдар көп түшчү. Азыр болсо бардык нерсе электр тогу менен иштеп калгандыктан, жанагы идиш жуугучтарга, эт туурагычтарга, желдеткичтерге жаш балдар колун салып алышы мүмкүн. Ошондуктан аларды иштетип жаткан убакта балдарды жанына жакын жолотпогула деп ата-энелерден суранат элем.
Эртеден бери чоң энесинин колунда отурган Эмирхан бизди карап «Силей укол сайбайсыңайбы?» деп сурап, дарыгерлер кирсе ыйлап, жаман көзү менен карап жатты. Чоң энеси «балам врачтардан коркуп калыптыр» деп күлдү. Акыры биз коштошуп жатканда чоң энесинин суранычы менен быйтыйган алакандарын жаза оң колун булгалап «быйачтайга ыйахмат» деп сүйлөп берди.Чын эле ак халатчандар болбогондо мончоктой бала колунан айрылып калар беле, ким билет?..

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Эт туурагычка кирип кеткен баланын колу сакталып калды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(38)
SUPER.KG видео
09.11.2013. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ramat degen tilderinen senin)))batyrak sakaiyp ketsin InwAllah korbogondoi bolup ketesin
SUPER.KG видео
09.11.2013. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журогум титирет кетти ,аягына чейин коро албайдым,кудай сактаптыр,жаман болуп жатам элестеткен сайын,эч кимге каалабайт элем мындай нерсени.Алла таалам шыпасын берсин!
SUPER.KG видео
09.11.2013. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым шыпаасын берсин.тезирек айыгып кетсин.
SUPER.KG видео
09.11.2013. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахка мин мертебе шугур,рахмат!врачтарга рахматыбызды айтабыз .Эмирбеке омур кен келечек каалайбыз
SUPER.KG видео
09.11.2013. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым озу сахтасын баардык кичинекей наристелерибизди, коруп алып боорум эзилип кети, ушундай кичинекей менинда кызым бар Аллахым озун сакта ушундай балелерден! Эртеерек сакайып кетсин! Аминь!
SUPER.KG видео
09.11.2013. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактаптыр жаратканым жакшылыгын аябасын кичинекейден
SUPER.KG видео
09.11.2013. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да электромясорубкага кызыгып журдум эле,опасный турбайбы,албай эле коеюн,коркуп калдым,менин да кичуу балам экижарым жашта.
SUPER.KG видео
09.11.2013. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Allah ozu saktaptir tezirek aigip ketse eken vrachtarga Allahim irazi bolsun a bobogubuzdun den soolugu chin bolsun!!! bashka ech bir bala ech kachan oorubasin))
SUPER.KG видео
09.11.2013. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах адаштырса аны эч ким ондой албайт.аллахым туура жолго салса аны эчким буза албайт. Аллахдын суйгон момун инсандарынан экен.
11.11.2013. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаптыр.Жаш балдарды абайлайлы.
11.11.2013. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырсык каш кабактын ортосунда да.
Балдарыбызды жакшы карайлы, тв.инт. алаксып олтурбай туура тарбия берип,
элект.техн. жакын жалобо деп тушундуруп айтуу керек.
Албетте биздин чыныгы адистерге чон ыраазыбыз.
Энеси эмес менин журогум эзилип кетти
11.11.2013. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bagirra, толугу менен кошулам созуно.
11.11.2013. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бечара кичекей бала катип чадады экен? Элестетсем журогум сыгылып кетет! Жакшы сак аман калыптыр!
11.11.2013. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ий, окуп бүткүчө жаман болдум элестетип. Балдарды жакшылап карайлычы, ата-энелер.
11.11.2013. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчиден Аллахка экинчиден Врачтарга рахмат
11.11.2013. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаптыр. Аябай жаман болдум окуп алып
SUPER.KG видео
11.11.2013. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллах шыфаасын берип батыраак айыгып кетишин каалайбыз, врачтарга да рахмат!!!
11.11.2013. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум зырлдап кетти Кудайга рахмат аман калыптыр
11.11.2013. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uwundai okuyany jakyna youtubeden korup alyp abdan jaman boldum ele,emi mintip oz olkomon korup takyr iwene albai turam,exxx bala baikuwum ai janyn ayabai kyinalgandyr .Aman esen ayigyp ket altyn bobok moturaigan!
12.11.2013. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ий ай журогум ооруп кетти..
12.11.2013. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суротту коруп бардык жерим сыздап кетти,байкуш бала учун чыдадыда жакшы болуп кетсин
12.11.2013. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Exx okup butkucho jaman boldum.jurogum oorup.yiladym.balanyn kolun aman alyp kalgan doktorlorgo rahmat.
12.11.2013. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаптыр кичинекей баланын омуру узун ден соолугу чын болсун.Баардык кичинекей балдарды Кудайым боодо кырсыктан сактасын аман эсен чонойушсун жожолор
13.11.2013. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rahmat ak halatchandarga
16.11.2013. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх,бобоктайдын колун коруп,журогум ооруп кетти....АЛЛАХ шыфаа берсин бобоко жана жалпы эле ооруп жаткандарыбызга...!амиинь!
16.11.2013. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллага чексиз шугурлор аман калыптыр
SUPER.KG видео
17.11.2013. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
менин кошунам да
19.11.2013. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коркуп кеттим ай абайлагыла бала деген бала да сак бололу
20.11.2013. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да суротун коруп коркуп кеттим.жакшы колун сактап калыптыр...
SUPER.KG видео
30.11.2013. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ананайын татынакай бала экен. Айыгып кетсин, омуру узун болуп, мындан кийин боодо кырсыктан алыс болсун.
22.12.2013. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаптыр, ошондуктан этият бололу ата энелер жаш балдарыбызга. Келечекте эл башкарган журт башкара турган биздин муунду этиятап карайлы.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: