ЖОГОЛГОН БАЛДАРДЫН СӨӨГҮ СУУДАН ТАБЫЛДЫ

№576 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж


Үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрь күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылында 12 жаштагы Ырыскелди Шаботоев жана 6 жаштагы Нурсултан Медербеков ойноп келебиз деп үйдөн чыгып кетип, кайра кайтышкан эмес.

«1 СААТТА КЕЛЕБИЗ ДЕШКЕН»
Окуянын чоо-жайын жоголгон балдардын чоң энеси СҮЙҮНБҮБҮ ЖАКЫПОВАдан уктук:
– 10 неберем бар эле. Минтип башыбызга кайгы салып, экөөсү жоголуп кетти. Ырыскелди кызымдын, Нурсултан болсо уулумдун баласы. Кызым да ушул айылда турат. Жоголгондон бир күн мурун жээн неберем Ырыскелди 3 күнгө биздин үйгө конокко келген. Ошол каргашалуу күнү саат 10:15 чамасында экөө кийинип алып мага келип, «апа, биз мектепке барып турникке тартынып, ойноп келеличи, бир саатта келебиз» деп суранып калышты. Ырыскелди спортко кызыгып, дайыма машыгып жүрчү, өзү ошол мектепте окучу, анын үстүнө биздин үйгө жакын эле жерде. Биздикине келген сайын Нурсултан экөө мектеп жакка барып турникке тартынып, футбол ойноп келишчү. Оюмда жаман эч нерсе жок, уруксат берсем, экөө ээрчишкен боюнча кетишти.
Арадан 2 сааттай убакыт өтүп, тигилер үйгө келбей жатышкандарынан жүрөгүм түпөйүл тарта баштады. Ырыскелди айткан убактысынан эч качан кечикчү эмес. Чыдамым кетип мектеп тарапка барсам, спорт аянтчасында эч ким көрүнбөйт. Мектептин айланасын, суунун жээктерин карап чыгып, кайра үйгө келдим. Келсем балдарым келип калышкан экен. Аларга «балдарга бир нерсе болгон окшойт, мындай кечигишчү эмес эле, жүрөгүм да лакылдап согуп жатат» дедим. Анан эле бир нерседен шекшип, туш-туштан издей баштадык. Милиция кызматкерлерине кайрылып, алар менен кошулуп айлана-тегеректин баарынан издедик. Тууган-тааныштардын баарына чалып чыктык. Ошондон бери милиция кызматкерлери, куткаруучулар, айыл тургундары болуп издөөдөбүз. 9-ноябрда чоң неберемдин сөөгү табылды. Кичүүсү дале изделүүдө. Анын өлүү-тирүүсүн билбей атасынын да чачы агарып кетти.

«БАЛАМ ТИРҮҮ ЭЛЕ БОЛУШ КЕРЕК...»
Нурсултандын атасы САМАТ МЕДЕРБЕКОВ сөзгө кошулду:
– 3 балам бар. Нурсултан экинчи уулум. Ал күнү жумушта элем, жоголуп кетишкенин мага телефон чалып билдиришти. Балдарды издебеген, барбаган жерибиз калган жок. Айлабыз түгөнгөндө төлгөчүлөргө чейин кайрылдык. Колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз. Ар түрдүү версиялар, ушак-айыңдар айтылууда. «Бирөө жетелеп бараткан» деп да чыгышты. Изилдеп көрсөк андай деле эмес экен. Аягында эч кимисине деле ишенбей калдык.
Куткаруу кызматындагылар, милициялар дайыма биз менен чогуу күнү-түнү уктабай издеп жатышат. Ырыскелдинин сөөгү табылган суудан да издедик. Эгер уулум чогуу акса, анда табылат эле. Ошондуктан ал тирүү эле болуш керек деген үмүтүбүз бар. Балким, Ырыскелди сууга кулап кеткенде Нурсултан жээкте калып, коркконунан окуя болгон жерден качып кеткен чыгар деп божомолдоп жатам. Баламды бирөө барымтага алып кеткидей менин анчалык деле өчөшкөн душмандарым, аласа-бересем жок болчу. Бирөө таап алып, бизге жеткирип берүүдөн коркуп жатышы да мүмкүн. Эгер андай болсо, ал адамдардан баланы милиция кызматкерлерине же биз таба ала турган жерге таштап кетишин суранам. Уулумду аман-эсен алып келип берсе, артынан түшүп кылмыш ишин ачтырбайм, дароо арызымды алам деп ата катары убадамды берем.
Эгерде көргөн-билгендер болсо, милицияга, бизге кабарлап коюусун көптөн-көп суранам. Биздин акыркы үмүт ММКларда калды. Балким, бирөө-жарым баламды сүрөтүнөн таанып, бизге алып келип берет деген ишеничибиз чоң. Апам байкуш да өзүн күнөөлүү сезип, жаман болуп жатат...

«КИШИ КОЛДУУ БОЛГОН ЭМЕС»
Бул окуя боюнча кандай иш-чаралар жүрүп жатканын билүү үчүн Чүй ОИИББинин басма сөз кызматкери АЙБЕК АРЗИМАТОВго кайрылдык:
– Жогорудагы балдарды издөө иштерине Ысык-Ата РИИБинин өздүк курамы, Аламүдүн РИИБинин, Чүй ОИИББинин кызматкерлери кошулуп, издөө иш-аракеттерин жүргүзүшүүдө. Жоголгон балдар тууралуу маалыматтар, сүрөттөрү ИИМдин бардык бөлүмдөрүнө, Чек ара кызматына, Куткаруу кызматына, ММКларга жана Казакстандын полиция кызматкерлерине да жиберилген.
9-ноябрда 12 жаштагы Ырыскелди Шаботоевдин сөөгү Энергетиктер шаарчасы кичи району менен Новопокровка айылынын ортосунан агып өткөн Чоң Чүй каналынан табылды. Анын денесин текшергенде эч кандай киши колдуу болуп өлбөгөнү аныкталды. Ошондон улам «бала сууга чөгүп кеткен» деген версиялар чындыкка жакын. Анын үстүнө балдар жашаган тараптагы имараттын видеобайкоочу камерасына Ырыскелди менен Нурсултандын Чоң Чүй каналы тарапка жанында эч ким жок, экөө эле баратканы тартылып калган. Ал эми Нурсултанды издөө иштери дале уланууда.

P.S: Гезит басууга даярдалып жатканда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы 13-ноябрь күнү саат 9:10 чамасында Нурсултандын жансыз денеси суудан табылганын маалымдады. Ал да Ырыскелдинин денеси табылган жерде, суу алдында камышка оролуп калган экен. Денесин текшергенде эч кандай киши колдуу болуп өлгөн белгилер байкалган эмес.
Алдыда эмне күтүп жатканын адам баласы билбейт эмеспи. Ар бир ата-энеге айтарыбыз, жаш балдарды көзөмөлдөгөндү көңүлүңөрдөн чыгарбасаңар. Жогорудагы окуя ар бирибизге сабак болушу керек.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Жоголгон балдардын сөөгү суудан табылды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(27)
SUPER.KG видео
16.11.2013. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тообо кылдым кудай озу сактасын! Байкуш балдардын жаткан жерлери жайлуу болсун(((
SUPER.KG видео
16.11.2013. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдардын cөөктөрү биз жактан табылыптыр. Балдардын жаткан жери жайлуу болсун.
SUPER.KG видео
16.11.2013. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуштар оздору эле ойноп жатып чогуп кетишкен окшойт ээ...ата энесине Аллах Таала сабр берсин!
SUPER.KG видео
16.11.2013. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерлери жайлуу болсун))наверно случайно эле тушуп кетишкен окшойт ее)))
SUPER.KG видео
17.11.2013. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх ата- энесине эн эле кыйын болуптур,балдардын жаткан жери жайлуу болсун.
SUPER.KG видео
18.11.2013. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-эне учун эн чон жоготуу!!!
18.11.2013. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым жайларын жаннатан кылсын!Сабыр кылыныздар.
18.11.2013. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайлары жаннаттан болсун эхх…журогум да ооруп кетти…
18.11.2013. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуп алып коркуп кеттим эч качан жаш балдарыбызды кароосуз калтырбайлычы ал эми мотурайган бобоктордун жайлары жаннатта болсун
18.11.2013. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай да сактансан сактайм дейт.Отконго окунуп,баш мыкчып калбаш учун,баардык нерсенин алдын алганыбыз жакшы.
18.11.2013. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайлары жаннатта болсун.... :'(
SUPER.KG видео
18.11.2013. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх,журокту оорутту го((
18.11.2013. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш балдар... кандай окунучтуу!Турмуштун таш боордугун карачы...
18.11.2013. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерлери жайлуу болсун
18.11.2013. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырыскелдинин жаткан жай жаннатта болсун! А Нурсултан Аллахтын амири менен тируу табылып калса жакшы болмок.
19.11.2013. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр кылыныздар жайлары жаннаттан болсун.
20.11.2013. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым 2 наристеге жаннатты насип кылсын ааминь!
20.11.2013. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге Нурсултандын соогу табыла элек эле аны олдуго чыгарып койдунар?кара сызык менен да белигилеп коюпсунарго суротто...
21.11.2013. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mila9, эн астындагы жерди окусан кийин табылыптыр жансыз денеси
20.11.2013. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акырында жазылып турат го Нурсултандын да соогу табылды деп
21.11.2013. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ымыркайлардын жайлары жайлуу болсун.Ата-энесине сабыр берсин
22.11.2013. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото эле жаш экен жайлары жанатта болсун АЛЛАХ СИЛЕРГЕ САБЫРДУУЛУК БЕРСИН
23.11.2013. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу окуя
24.11.2013. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alla sabyr bersin jakshylyktan umutunuzdor uzulbosun!
24.11.2013. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаны жанната болсун
10.02.2014. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым озу сактасын, жайлары жаната болсун
SUPER.KG видео
15.02.2014. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноосу жок наристелер жаткан жери жайлуу болсун жашоо мынча сынаба адамды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: