МИГРАНТ,«КАРА ТИЗМЕДЕН» ӨЗҮҢДҮ ТЕКШЕРДИҢБИ?

№576 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж


Орусия эмгек мигранттарга «кара тизме» деген торун жайды. Бул тизмеге кирдиңизби, ал өлкөгө кадам таштаарыңыз менен депортация болосуз. «Кара тизмеде» барсызбы же жоксузбу, аны кайдан билүү керек?

«КАРА ТИЗМЕ» КАЙДАН ЧЫКТЫ?
2014-жылдагы Сочиде өтүүчү кышкы Олимпиада оюндарына карата Орусия коопсуздук чараларын азыртадан көрө баштады. Анын алкагында чет элдик эмгек мигранттарынан тазалануу планы да бар. Бул багытта РФнын Мамдумасы былтыр миграция боюнча мыйзам жазып, анын негизинде мыйзамсыз иштеген чет элдиктерди мамлекеттен чыгаруу аракети башталган.
Ошентип, мыйзамсыз жүргөн эмгек мигранттарды «кара тизмеге» киргизип, тизмеде барын депортациялоо иши үстүбүздөгү жылы күч алды. Өзүнүн «кара тизмеге» түшкөнүн билбеген көпчүлүк эмгек мигранттары Орусияга барып, бир айга жетпеген аралыкта депортация болуп артка келген учур көп кездешүүдө. Учурда мыйзам бузган (көпчүлүк учурда Орусияга киргенден кийин 90 күн аралыгында иштөөгө уруксат кагазын алышпай, каттоодон өтпөй, кайсы бир тартип бузуусу үчүн айып пул төлөбөгөн) мигранттар «кара тизмеге» киргизилүүдө. «Кара тизме» базасына Орусиянын федеративдик миграция кызматы, прокуратурасы, Ички иштер министрлиги мигранттардын тартип бузуусу боюнча акыркы маалыматтарын киргизип, толуктап турат. Ал базага Кыргызстандын «Манас» эл аралык аэропортунун 2-кабатында жайгашкан Бирдиктүү көчмө миграция борборунун кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Демек, сиз ошол борборго барып, тизмеде барсызбы, жоксузбу, тактап алууңуз мүмкүн.

Бирдиктүү көчмө миграция борборунун жетекчиси Тимур Алкожоев:«ТЕКШЕРИЛҮҮГӨ ПАСПОРТ МЕНЕН КЕЛҮҮ КЕРЕК»
– Орусияда бул база март айынан тарта түзүлө баштаган болчу. Биздин борбордун ачылганына 3 ай болуп калды. Башында жарандарыбыз биздин борбор жөнүндө билбей жатышкан, учурда күнүнө 50дөй киши келип, «кара тизмеден» өздөрүн текшерип кетишет. Текшерилүү бекер. Болгону жарандар паспорту менен келишсе, айрым учурда көчүрмөсүн көтөрүп келишет же жакындарын жиберишет. Андай болбойт, сөзсүз түрдө паспорттун ээси өзү келиши керек. Ал эми база улам жаңыланып тургандыктан, биздеги маалыматты ишенимдүү жана акыркы деп айта албайбыз. Мүмкүн болушунча билет алганга чейин келип текшерилишсе, жарандарыбызга да пайдалуу болот деп айта алам.
Аталган борборго келип, өзүн тизмеден текшертип жаткан жаранды кепке тарттык. «Кара тизмеден» чыкпаган Бакытбек уулу Каниметтин айтымында, ал Орусиядан бир ай мурда келген. «Тиешелүү документтердин баары бар болчу. Иштөөгө уруксат кагазымдын убактысы бүтө элек, тартип бузган эмесмин. Сактык үчүн келип текшерилип коёюн дедим. Тизмеде жок экенмин, эми билет ала берсем болот»,- дейт Канимет.

Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин миграция саясаты боюнча башкармалыгынын башчысы жана статс-катчынын милдетин аткаруучу Доскул Бекмурзаев:«БИЗ ОРУСИЯГА ЭМЕС, АЛАР КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫНА МУКТАЖ»
– «Кара тизме» деген биздин мигранттардын жоопкерчилиги. Биздин жарандар Орусиянын аймагына киргенден кийин мыйзам чегинде иш алпарышы керек. Алар кыска мөөнөт ичинде каттоого туруп же патент алышы кажет. Болбосо, административдик тартипти бузуучу катары «кара тизмеге» түшүп, ал жаран 3 жылдан 10 жылга чейинки убакытта ал өлкөгө кирүү укугунан ажырайт. Тизмеде 264 миң кыргыз жараны болушу ыктымал деп жатышат. Бул так көрсөткүч эмес, анткени «кара тизме» мүнөт сайын өзгөрүп турат.
Бүгүнкү күндө массалык депортация жүрүп жатканынан улам Орусиядан келген жарандарыбызга жумуш орундарын даярдап жатабыз. Негизи, миграция башкармалыгы биздин министрликке быйыл кошулду. Элчиликтер бизге карабайт, Тышкы иштер министрлигинин карамагында. 2014-жылдан тартып биздин министрликке ошол сырттагы өкүлчүлүктөр баш ийип калса, анда мигранттар менен түздөн-түз, тыгыз иш алып барып калабыз. Негизи, биз орусияга эмес, алар кыргыз мигранттарына муктаж.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2012-жылы Орусиядагы эмгек мигранттары Кыргызстанга болжол менен 1,7 миллиард доллар которушкан.

Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg



Мигрант, "кара тизмеден" өзүӊдү текшердиӊби?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(73)
19.11.2013. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Россиялап журуп орусча суйло деп жекирген создорду коп уктук, биз Кыргызстандагы башка улут окулдорун койо туруп озубуздун акмак "киргиздерибизди" жекиреличи, улутун кыргыз болсо, Кыргызстанда болмон орусчага балээ барбы тантырап, эмнеге КМШнын Россиядан башка олколорунун биринде да орус тили расмий тил эмес да бир бизде бар?!!!
19.11.2013. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздын тилин, салтын баалабагандарды ушундай жогорку кызматтарга кою туурабы? Эмнеге бизде (айрыкча Бишкекте) кыргыздар кыргызча билбесе арданбайт да орусча билбесе арданышат!!! Орусча билбегендер мамлекеттик болобу, жеке сектордобу айтор жакшы карьера жасай албай кыйналышат, эмнеге Кыргызстандын административдик органдары жана ЖК 10-20 жылдан бери иш-кагаздарын толук бойдон кыргыз тилине откоро албай келет? Казак, озбек, тажик, туркмондор оз олкуосунун патриоттору да, биз кимбиз?!!!
23.11.2013. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
migrant-moskva, Биз эптеп жургон бир байкушпуз да!Ошол учун кыргыздар онолбой жатабыз да!
19.11.2013. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирдиктүү көчмө миграция борбору бир сайт ачып ошол сайттагы тизмени бир кундо 2-3 жолу жанылап кою кымбатка тушуп жатабы, Россиядагылардын ар биринин ФМСте таанышы жок да, же алардын Кыргызстандагы тааныш-туугандарына маалымат бербесенер!!!

Россияда коррупция бизден да ашып тушот, полициялары документин баары жайында болсо да эптеп шылтоо таап акча алыш керек, укугунду талашып айтыша кетсен документинди айрып салат да эми тастыктап кор дейт... Менчилеп айыпс
19.11.2013. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россияда акыркы жылы улутчулдук коз караш кучоп, аны бийлик курал катары колдонууда, бирок алардын бул саясаты акыры оз башын жээрин байкашпады корунот. Анткени орустар башка олколордон келген биз сымал мигранттарды гана эмес Россиянын оз жараандары кавказдыктар баш болуп бардык славян эместерди жек коруп жеришуудо.
19.11.2013. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абал ушул бойдон калса бир канча жылдан кийин Кавказ мамлекеттери согушуп болсо да Россиядан болунуп чыгышат, алар болунсо артынан башкалары кетет, татарлар, башкырлар, якут, тува, бурят, карелиялыктар ж.б. толгон токой Россиялык славян эмес улуттар Россиянын сосиавынан болунун коз карандысыз мамлекетуулугун жарыялашат.
19.11.2013. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер андай болгон кундо Россия бугунку аймагынын 20дан бир болугуно чейин кичирейип калкы 2-3 эсеге азаят. Россияны бугунку кундо багып жаткан нефть, газ ж.б. кен байлык, жаратылыш ресурстарынан кол жууп токой менен саз калат, чыныгы кризиз ошондо башталат. Чын-чынында бугунку кундо Россиядан башка колониялык империялар басып алган бут жерлеринен баш тарткан, кезек Россияга келди окшойт.
19.11.2013. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Убагында орус бийлиги Энесайдагы кыргыздарды чаап, улам которулушко чыгып эркиндикти самаганы учун болуп чачып туш тарапка бириндетип таратып жиберген, чынчынында Энесайдагы кенири аймактар бизге, Кыргыздарга тиешелуу аймактар!!!
19.11.2013. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен элди Россияга каршы угуттогум келбейт, болгону орус бийлигинин улут аралык болуп жаруу саясатынын акыбети кандай болооруна жана Энесайда Кыргыз мамлекетинин унутта калып бара жаткан ири аймактык ээлиги, аз санда, улам суюлуп бараткан тупкулуктуу энесайлык кыргыздар бар экенине токтолуп откум келди.....
19.11.2013. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен деле Москвада иштеп жургонумо 6 жыл болуп калды Аллаага шугур баары жакшы бир жолу разрешение на работу жасаттым,Аллах Таалама мин мертебе ыраазымын баары жакшы иштеп да жатабыз кези келсе ойноп дегендей,ошондой эле Мечитке барып Садака берип келебиз Аллахты унутпасак Аллах бизди да унутпайт.....Мигрант Кыргыз элим дайым аман болунуздар ишиниздер онудан келип эсен аман Кыргыз жерибизге жетип алыныздар ушул россиЯ Элине да ыйман ынсап берип жакшы мамиледе болуша берсин Амин!!! 79260707827
20.11.2013. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bekbolot-NOOKAT, эмнеге номеринизди жазып койдунуз???
SUPER.KG видео
19.11.2013. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээх, Россия....... бугунда эки досум депортация болуп кетти Кыргызстанга (((
SUPER.KG видео
20.11.2013. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошто жоок болсо керек менимче
SUPER.KG видео
20.11.2013. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
супер инфонун кабарчылары ушул сурону билип бербейсинерби ош облусунда ушул нерсе ачылыппы
SUPER.KG видео
20.11.2013. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстан качан экономика которулот Арам акча жеген айбандар жок болгондо биз деле оз олкобуздо оз элибизде кенири иштеп журмокпуз мин тип санаага батпай арамдан жеген акмактар бир аз элди ойлогулачы
SUPER.KG видео
20.11.2013. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат супер инфо, учуржун актуалдуу нерсеси екен. Ушул кара тмзмеден текшеруу мумкунчулгун Ош шаарындажа болсо абдан жакшы болмок. Себеп, азыркы учурда мигрантардын басымдуу болугу туштук жергесинен келип жатат.
SUPER.KG видео
20.11.2013. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ow aerportunda bar bolso jakwy bolmok.
SUPER.KG видео
20.11.2013. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россиядан кантип билсе болот экен?Супер инфо ушул тууралуу да жаза кетсениздер.
SUPER.KG видео
20.11.2013. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы! Азырынча Ош шаарында ачыла элек.
SUPER.KG видео
20.11.2013. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
билип бергениниз учун чоон рахмат супер инфоун кабарчылары
SUPER.KG видео
20.11.2013. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвада туруп да билсек болобу.Кабарынар болсо айтып койгулачы
21.11.2013. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
“Манас” аэропортунда “Добрососедство” фонду түзгөн тизме туура эмес болуп жатат. Бул жактан карап кетип, Орусияга барганда эле Чек ара кызматынан тизмесинен чыгып калып жатат дейт Азаттыкта
Модератор admin_media түзөттү 21.11.2013 12:13
24.11.2013. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oksana.abdilmanapova, мына сага
SUPER.KG видео
21.11.2013. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эхх... Тажадым ушул Москвадан айла жок да айла жок.....
11.12.2013. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар уже сайт ачылдыго,озунор билип алсанар болот.
22.12.2013. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атайы кара тизмени текшеруу учун сайт ачылган ошондон текшерсенер болот, ошондой еле ар бир авиакассалар азыр текшерип билет сатып жтышат, билет алсан бекер жон еле билгин келсе жуз сом турат екен мен жакында келдим оштон, www, fms, gyf,ru озунор текшерсенер болот,
07.01.2014. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
totu75, кенениреек жазчы сураныч кантип текшерсе болот экен
25.12.2013. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип текшерсе болот экен
25.12.2013. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Документи таза адамды деле депортация кылып атпайбы
SUPER.KG видео
12.01.2014. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынарга жардам берейин... Буну озунор эле билип алсанар боллот уюнордон чыкпай... бул сайтка кирип..
http://services.fms.gov.ru/info-service.htm?sid=3000
бут толторчу жерин толтуруп билип алгыла.. эгер кимде ким кылалбай атсанар бул жерге жазып койгула, мен жардам берем..
19.01.2014. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайты бар ошол жерден еле текшерип алсанарда болот екен www.fms.gov.ru
23.01.2014. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин бир штрафым бар жакында келгем кайра киргизеби
19.07.2014. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгер черный списокто болуп туруп кетпей журо берсен не болот айтайын дегеним границага чыгайын деп кара тизмени текшерсем бар экенмин да анан границага чыккан жокмун кийин биротоло эле кетейин деп бирок коркуп атам да
23.07.2015. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Fms.gov.ru бул сайтта туура чыкпай жатат дагын каерден текшертсем болот жооп жазып койгулачы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: