БАЛДАРЫН ЖАНА ӨЗҮН КЕСКИЛЕГЕН ЭНЕ

№577 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж


Өткөн аптада өз балдарын жана өзүн кошо кескилеп салган эненин жоругу уккан адамдын үрөйүн учуруп, жакасын карматты. Окуянын чоо-жайын иликтеп көрдүк.

ҮРӨЙ УЧУРГАН ОКУЯ
12-ноябрдан 13-ноябрга караган түнү Бишкек шаардык Ленин РИИБине 23 жаштагы Бишкек шаарынын 12-кичи районунун тургуну Дильдора аттуу айым алкоголь ичимдигин ичип алып 3 жаштагы уулун, 1 жарым жаштагы кызын жана өзүн лезвие менен кескилеп салгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя борбор калаабыздын Жал кичи районунда болгон. Бул шумдуктуу окуяга күбө болгондор дароо эле жаракат алгандарды ооруканага жеткиришкен. Балдардын энеси Шаардык клиникалык ооруканага, уулу Улуттук госпиталга, ал эми кызы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жеткирилген.
Маалыматтарга караганда, Дильдора күйөөсү 23 жаштагы Шахрух менен урушуп кеткен. Күйөөсүнө өчөшкөн аялы жогорудагы кадамга барган. Окуя болгон маалда күйөөсү жумуштары менен башка жакта болгон. Лезвиени Дильдора жакын жердеги дүкөндөн сатып алган. Мындай мыкаачылыкка барган эне психикалык жактан оорулуу экендиги аныкталды.

«ЖОЛДО БАЛА КАНЖАЛАП ЖАТЫПТЫР»
Жогорудагы окуяга алгачкылардан болуп күбө болгон АНАРБЕК АЛИМАХУНОВ аттуу Бишкек шаарынын тургуну окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Ошол күнү машина менен үйгө бараткам. Болжол менен түнкү саат 12ден өтүп калган болчу. Ахунбаев-Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде жол жээкте бир бала канжалап жатканын, анын жанында бир келиндин колдору кан болуп башын мыкчып отурганын көрүп, дароо машинамдан түштүм. Карасам, арыраак жакта дагы бир бала ыйлап апасынан качып жүрүптүр. Аңгыча ары-бери өткөн эл да топтолуп калды. Качып жүргөн баланы ооруканага алып баралы деп кармайын десек, ал кайра ыйлап апасына качты. Жерде жаткан баланы көрүп эмне кыларыбызды билбей туруп калдык. Ордунан козгосок кан көп кетип калабы деп чочуладык. Баланын каны көп агып, асфальтка жайыла баштаган экен. Чакырган «Тез жардамыбыз» кечиккенинен жакыныраак деп Жал кичи районунда жайгашкан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан дарыгер чакырып келүүгө чуркап кеттик. Аңгыча эле артыбыздан башка кишилер 2 баланы тең машинага салып алып келип, дарыгерлер тарабынан балдарга алгачкы жардам көрсөтүлдү. Ал эми балдардын апасын окуя болгон жерге калтырып келе беришиптир.

«УЧУРДА БАЛДАРДЫН АБАЛЫ ТУРУКТУУ»
Жабыркаган балдардын улуусуна дарыгерлер узакка созулган оор операция жасашкан. И.Ахунбаев атындагы клиниканын Муун-манжа хирургиясы жана пластикалык микрохирургия бөлүмүнүн хирургу РУСТАМ СҮЙҮНБАЕВ буларга токтолду:
– 12-ноябрдан 13-ноябрга караган түнү саат 2де бизге 3 жаштагы колдору кескиленген баланы «Тез жардам» менен алып келишти. Жал кичи районунан 2 жигит көрүп калып алгач Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна алып барышкан экен. Ал жерден бул наристенин карындашын жандандыруу бөлүмүнө алып киришип, өзүн бизге жиберишиптир. Апасы кескилеп салганын угуп нес болдум, бизде мурда мындай окуя катталган эмес. Жаңы келгенде баланын абалы оор болчу. Кесилген билегинин эти шылынып, сөөгү көрүнүп калыптыр. Дароо операция жасадык. 13 тарамышы, 2 нерви, 2 кан тамыры кесилиптир. Мындайча айтканда, колу ишке жараксыз абалда болчу. Жаш бала болгондуктан, бардыгын тигип, ордуна келтирдик. Операция 5 сааттан ашык убакытка созулуп, эртең мененки саат 8де аяктады.
Эртеси апасын да «Тез жардам» менен бизге алып келишти. Анын эки билеги кесилиптир. Ага медициналык жардам көрсөткөнүбүздөн кийин психикалык борборго алып кетишти. Андан соң Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барып, кичүү кызын да көрдүм. Биз баргыча ал оорукананын дарыгерлери канын токтотуп, колунун терисин тигип коюшуптур. Анын да эки билеги кесилген, бирок абалы туруктуу болчу. Учурда бизде жаткан баланын колу жакшы болуп калды. Ишке жарактуу болуп, айыгып кетет деген ишенимибиз бар. Негизи, бизде операциядан соң 10 күн жатат. 1 айдан кийин жиптерин чечебиз, андан соң 1 жылга чейин ай сайын текшерип туруш керек. Бүгүн атасы келип «үйгө алып барып жуунтуп, кийимин которуп келем» деп суранып баланы алып кетти.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ АЯЛ ДАРЫЛАНУУДА»
Апасы жасаган кылмышы үчүн сот жообуна тартылабы? Бул суроолорубузга жооп алуу үчүн Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын тескөөчүсү ОЛЖОБАЙ КАЗАБАЕВГЕ кайрылдык:
– 13-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБине «апасы өзүнүн балдарын кескилеп, 3 жаран ооруканага жатышты» деген кабар келип түшкөн. Ленин РИИБинин кызматкерлери ал маалыматты текшерүү үчүн ооруканаларга барып териштирип, бул маалымат тастыкталган. Иликтөөдө кылмышка шектүү Дильдора аттуу жаран Жалал-Абад облусундагы психикалык ооруканалардын биринде каттоодо турары аныкталды. Сурак учурунда ал күйөөсү менен уруша кетип мындай кадамга баргандыгы тууралуу көрсөтмө берди. Бүгүнкү күндө анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 95-беренеси (акыл-эсинен ажыраган, психикасы бузулган деп таанылган адамдарга медициналык мүнөздөгү чараларды колдонуу) менен кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен мажбурлоо түрүндө Республикалык психикалык-ден соолук борборуна жаткырылып, дарыланууда.

«БЕЙТАП ЭЧ ЖАККА ЧЫГАРЫЛБАЙТ»
Республикалык психикалык-ден соолук борборунун жетекчисинин дарылоо боюнча орун басары КУБАНЫЧ ЭРМЕГАЛИЕВГЕ кайрылып, балдардын энеси тууралуу маалымат алдык:
– Бул айымды ооруканадан алгачкы жардамдар көрсөтүлгөн соң «Тез жардам» менен бизге алып келишти. Башында абалы оор болчу, азыр жакшы. Ооруканадан эч жакка чыгарбай дарылайбыз. Рентгенге же жогорудагы окуя боюнча тергөөгө байланыштуу эле биздин ооруканадан тышкары чыкпаса, башка эч жакка чыкпайт. Азырынча канча убакыт жатары белгисиз. Качан гана дарыланып, айыккан соң үйүнө чыгарылат. Анда да маал-маалы менен бизге келип, текшерүүдөн өтүп, дарыланып турушу зарыл.

Психикалык жактан оорулуу болгондугуна байланыштуу бул айым сот жообуна тартылбаары жана ата-энелик укуктан ажыратылбаары маалым болду. Ал айыгып чыккан күндө деле кайрадан мындай кандуу окуяларга кириптер болбойт деген кепилдик барбы?..

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Балдарын жана өзүн кескилеген эненин абалы жакшы

Автор: Динара Абдыкадырова
Оператор: Сергек Шатманов, Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(55)
SUPER.KG видео
26.11.2013. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kandai zaman bolup ketti,kanynan butkon balasyn keskilep.enelik ukugunan ajyratsa bolmok.Kepildik jok kiin myndai iwti kylbait degen.
26.11.2013. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eh baldardyn kuunosu jok bolso bul ayim tuura emes ish kyldy. Bul degen choon kunoo.. Kuioosu dagy kunoolu. Oshentse dagy baldaryna shypa bersin allahym!
26.11.2013. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кечиресинер,улутчул деп ойлобогула,бирок озбектер ушундай мыкаачы болушат. Куйоосу менен урушуп,озун- озу кескилеп,уксус ичкендерида толтура.
SUPER.KG видео
26.11.2013. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым өзүң сактай көр! Жүрөктү титиретет го.
26.11.2013. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
заман емес адамдар бузулду ех кудайым мындай окуядан озун сакта
SUPER.KG видео
26.11.2013. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
психикалык жактан жабыр тарткан неме турбайбы а то норм.адам мындай жолго барбайт да. детей жалко,бугун лезвия эртен кудай билет дагы эмне менен кескилээрин.
SUPER.KG видео
26.11.2013. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Психикалык оору менен ооруйт,дептир ошол кунго чейин балдарын,кантип багып чонойтту болду экен. Эгерде ал аял мурунтан ооруп жургондо,давноле олтуруп жок кылмакда. Бул ишти бир адамга очошуп жасаган,анан калпеле жинди болуп корунуп койгонда элдин козуно,,,,,.
26.11.2013. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо кудай балдарда эмне куноо, куйоосу эмнеге тыштап кетет балдарын?? Аялы мас болсо, дагы ал менен урушуп кетип калган кокмего. Бул балдарга кудай астында атасыда, энесида куноолу деп ойлойм
26.11.2013. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
очошсо куйоосун кескилебейби баладан айланган акмак
SUPER.KG видео
26.11.2013. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вообше карматпагыла,ооба бугун Лезвия болсо,эртен Бычак алат...кылган ишин дагы кылат да,ошол менен айыгып чыгып алып,башка кылбайм деп арданышы мумкун...
SUPER.KG видео
26.11.2013. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астагфируллох не деген шумдуктар болуп жатат.акыркы кундору!
27.11.2013. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо кудай не деген шумдук
кудай сактай кор байкуш бейкуноо наристелер
27.11.2013. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул нерсе кайталанбайт! деп канчалык денгээлде кепилдик бере алышат. Уройду учурат дейин десен, психикасы жабыркаган неме экен. Жолдошу жанынан жарым карыш чыгарбай козомолдош керек да эмичи.
27.11.2013. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ene degen naamga wek keltiriptirgo...
27.11.2013. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ кудай не деген заман болуп кетип атат
27.11.2013. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосу менен урушса байкуш балдарында эмне куноо.Кудай сактаптыр жакшы аман калышыптыр.
27.11.2013. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ИИИИЙ Кандай таш боор Эне!!! Кээ бироо балага жетпей зарлап журсо бул эненин кылганын кара заман не болуп баратат озу шумдугун кургур
28.11.2013. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э адамдар акыркы кундору кандай кана жагымсыз нерселерди баштан откоруп атабыз кунумдук жашоону эмес эртенки кабыр азабын тозок азабын ойлосок алла баарыбызга ыйманды насип эткен болсун.
28.11.2013. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде ушул айым сиздин жубайыныз болуп калса эмне кылмаксыз?
28.11.2013. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактааа аял затына ыйман берсин да
28.11.2013. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын мойнун узулгур ээри жакшы болсо аялы бармак эмес бул ишке убалы ээрине тийгир
28.11.2013. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак арак эмнелерди га кылбайт, мына ушул бизге сабак болгондур эх мусулман бир тугандарым ойлонбой эле жаза беребиз алардын баары масчылыктан чыгып жатпайбы болбосо ким баласын андай кылмак эле.
29.11.2013. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдуктуу...
30.11.2013. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kudaiym ozun ynsap bere gor musulmanbyz dep alyp kafyrdan jaman bolup badartabyz dostor myndai jshterge baarybyz kunolubuz Eger baarybyz din menen allaxym bergen kurandy yiyk tuutup jashasak eki duino beyish beyish beyish bolmok
01.12.2013. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ал аялдын эми мындан ары ушундай иш кылбашына кепилдик бере албайм, анткени оз баласын ушундай даражага алып барган эне башканын омурун жон эле кыйат...
SUPER.KG видео
06.12.2013. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бироого кор, бироого зар бала.
05.01.2014. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baary yimandyn joktugunan boltat jaman iwter.Nervten oopugany baldarga kandai taasir beret eken emi,adamdar kaiaka baratywat Allahym ke4ir kor pendeni
27.01.2014. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйман берсин
27.03.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Очошкондук жакшы нерсеге алып барбайт
04.12.2014. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Очошсо баласын колун кескени жаман экен бул кандай эне
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: