«БАКЫТ БУКАЕВДИ ӨЛТҮРГӨН» ДЕП ШЕКТҮҮ АДАМ КАРМАЛДЫ, БИРОК ТАБЫШМАКТУУ ЖАГДАЙЛАР КӨП

№578 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж


Шоумен, тамада, журналист Бакыт Букаевди өзү жашаган батирде белгисиз адамдар катуу кыйнап өлтүрүшкөнү кыргыз коомчулугун селт эттирген эле. 24-ноябрь күнү анын өлүмүнө шектүү адам кармалды.

ЖАРДАМ БЕРИЛСЕ, БАЛКИМ, ТИРҮҮ КАЛМАК
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында өзү жашаган батирден киши колдуу болгон Бакыт Букаевдин денеси табылган. Соттук-медициналык экспертиза Бакыт Букаев кансырап каза болгонун аныктады. «Бычак өтө маанилүү органдарга тийбегендиктен, ага эртерээк жардам көрсөтүлсө, балким, тирүү калмак» деген божомолдор бар.
Бул факт боюнча Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Өтө оор кылмыштардын катарына киргендиктен, 16-ноябрда аталган кылмыш иши Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен оперативдүү тергөө тобу түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жаткан. Маркумдун буюмдары жоголгондуктан, алгач «кылмыш тоноодон улам болушу мүмкүн» деген, кийинчерээк «кылмышкер өзүнүн эле айланасындагылардан болушу ыктымал» деген версиялар айтылган.

«ЖҮЗҮМДҮ ТААНЫГАН ҮЧҮН ӨЛТҮРДҮМ»
24-ноябрь күнү Бакыт Букаевдин өлүмүнө шектелип Өзбекстандын Андижан облусундагы Жалал-Кудук районунда 1986-жылы туулган Уланбек Худайбердиев аттуу жаран кармалды. Анын берген көрсөтмөсүнө караганда, окуя төмөнкүчө болгон.
– Орусиядан депортация болуп Бишкекке келип, ар кайсы күнүмдүк жумуштарда иштеп, суткага берилүүчү мейманканаларда жашап жүргөм. Бир ирет эмгек биржасында кардар күтүп турсам, Мирлан деген киши келген. Ал койлорун бактырганга чабан издеп жүрүп, бир койчуну таап кетти. Ошол күнү кечинде Батыш автобекети тарапта Рустам деген бала экөөбүз арак ичип отуруп, ал жерден Мирланды көрүп калдык. Ал койчусун үйүнө салганы автобекетке келген экен. Бизди көрүп «Силер эмне кылып жүрөсүңөр?» деп сурап калды. Биз жатарга жерибиз жоктугун айттык. Мирлан бирөөгө телефон чалып, анан бизди бир үйдүн алдына алып барды. Бир убакта кара пальто, кара шляпа кийген киши келип, Мирлан менен учурашып калды, көрсө, ал Бакыт деген киши экен.
Кийин ал кишинин үйүнө дагы бардык. Шеригим сыртта калып, үйгө мен жалгыз кирдим. Ошол убак кечки саат 10дор чамасы эле. Бакыт экөөбүз тамак жеп, арак ичип отурганбыз, бир маалда уруша кеттик. Ашканага тамеки чеккени кирсем, ал жакта 2 бычак туруптур. Бирин алып ал кишинин көкүрөгүнө 2 ирет сайганда бычак сынып кетти. Жаагына чапсам жыгылып калды эле, муунтуп эсин оодардым. Курум менен бутун, чүпүрөк таап келип колун байладым. Анан кайрадан ашканага барып экинчи бычакты алып келдим да, моюн тарапка сайгыладым. Мен бычак менен сайгылап жатканда оозумда тамеки бар эле, ошонун чоктору төшүнө түшүп кеткен окшойт, күйүп калыптыр. Менин да колум кесилип кетип, кан токтобой агып жатты. Ваннага кирип жуунуп чыктым да, эшикти ачып сыртта калган шеригимди киргиздим.
Экөөбүз үйдү тинтип акча таппай койдук, болгону 400 сомго жетпеген акча бар экен. Ошол акчаны, андан сырткары кийимдерин, ноутбук, уюлдук телефон жана муздаткычта турган коньяк менен шарапты алып, өзүнүн ачкычы менен эле үйдүн эшигин бекитип чыгып кеттик. Ал жерден таксиге отуруп шаардын Чыгыш-5 кичи районуна барып түшүп калдык да, башка такси менен «Ош базарына» келдик...
Мен аны жүзүмдү тааныганы үчүн өлтүрдүм.

«КАРМАЛГАН АДАМ ЭЛГЕ ТААНЫМАЛ КӨПТӨГӨН АДАМДАР МЕНЕН ТААНЫШ БОЛГОН»
Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын жетекчиси БАКЫТ СЕЙИТОВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бакыт Букаевдин өтө мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча маркумдун жакындары, достору жана шоу-бизнестеги айрым адамдар да суралышты. Алардын ичинен эң жакшы жардам бергени ырчы Айчүрөк Иманалиева болду. Ал Бакыт Букаев тууралуу абдан көп маалыматтарды билет экен, ошолорду биз менен бөлүшүп, чоң жардам берди. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектүүлөр аныкталып, бүгүнкү күндө алардын бири – Уланбек Худайбердиев аттуу жаран кармалып, кылмышын толугу менен моюнуна алды.
Ал Өзбекстанда туулуп, 5 жашында үй-бүлөсү менен Ош шаарына көчүп келип жашап калышкан экен. 2009-жылы Орусияга иштегени кетип, ал жакта мекендештерибизди тоноп, ал кылмышы үчүн 1,5 жыл абакта отурган. Чыкканда эч кандай документи жок болгондуктан, депортацияга кабылган. Кыргызстанга келип, Бишкекте ар кандай күнүмдүк иштерди кылып, арзан жеке мейманканаларда жашап күн өткөрүп жүргөн.
Кылмышка шектүүнүн айтымында, окуя 12-ноябрда кечки саат 10 менен 11дин ортосунда болгон. Бул экспертизанын аныктамасына да дал келет. Кылмыш кылгандан кийин булар ар кайсы жерде жашырынып жүрүшкөн. Башка жакка качып кетүүгө акчасы, документтери болгон эмес. Уланбек Худайбердиевдин шеригинин да аты-жөнү аныкталган, учурда аны издөө иштери жүрүп жатат.
Бүгүнкү күндө Уланбек Худайбердиевдин көрсөтмөлөрү бир топ суроолорду жаратууда. Бул суроолордун үстүнөн тергөө тобу иштеп жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө маркумду тааныган көп адамдарды көрсөтмө берүү үчүн чакырганбыз. Тилекке каршы, айрымдары билген маалыматтарын жашырып коюшканы белгилүү боло баштады. Ал эми Уланбек Худайбердиев алардын көбү менен тааныш экен. Жакын арада алардын ким экендигин айтабыз, алар да элге таанымал адамдар.
Бирок дагы деле тактала турган жагдайлар көп. Мисалы, Мирлан деген ким, ал эмне үчүн көчөдө эле жүргөн адамды атактуу шоумен менен тааныштырган? Маркумдун тааныштары эмнени, эмне үчүн жашырышкан? Ушул жана башка көптөгөн суроолорго жооп табылганда бул темага дагы кайрылмакчыбыз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



Бакыт Букаевдин өлүмүнө шектүү адам кармалды

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(118)
03.12.2013. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул маалымат, бобок сенин жомогун.
03.12.2013. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин тан калганым айчурок иманалиеванын жардамы менен ушул кылмышкерди кармашыптыр достор айчурок каяктан таныйткен бул баланы тушунуксуз
03.12.2013. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эшектерго таза,мунун жомогун карап кой уруп атыпле мойнуна алдырышканы 100%
03.12.2013. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ishenbedim olturgonuno bul kishinin, kuday ozu bilet degilechi. no tochno bir nerselerdi ele suylop koydu, tameki chektim anan balkongo chiktim, bichakti alip keldim dep, al tigi telefon chalip alip kelgen balasi kayda kett kosho ele kelip oturgan ele. koygulachi aylanayin milisionerle antip jattatip koyboy jon ele bir adamga kichine senariydi okshoshturup koysonor bolmok. Murunku chigarilgan sanda koshunalari aytkan bolchu urush bolup jatkaninan batareykasin tikildatip koygonbuz dep,alkaydaketi
04.12.2013. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tochno bobok senin jomogun bolup ketti bizdin ichki ishter din ishtegen jumushu, koy aylanayin kulkum keldi bi je iylagimbi kuday ga toobooo
04.12.2013. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
экоо арак ичип анан бул душка тушуп чыгып кайра калган аракты ичип анан ошол байкуш кишини олтуруп туруп анан эште кутуп турган досун киргизиптир, ал досу ошончо убакыт эште кутуп тура бермек беле, бул толугу менен калп экени даана корунуп калыптыр. Тергоочулор эптеп ишти жабыш учун ушуну кылып атышат, анан кантип тергоочулорго ишенсе болот
04.12.2013. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул спектакилинер жарабайт,чыыыккк эшшшикккее!!!))))
Олуп эле калбайсынарбы,ушундан коро,элди алдаганданча!
04.12.2013. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото эле табышмактуу окуядай сезилип жатат бул кылмыштын артында кооп сырлар бардай туйулаткооо
05.12.2013. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
boston___, ошондойго. кандайдыр бир сыр бар.
04.12.2013. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башында эле айткам ушул адам олтургонду табышса экен же дагы сатылып кетишер бекен деп,мына ошондой эле болуптур.бул кылмыш кылса да аны кылган эмес,ур-токмоко алып эле мойнуна алып тур кичине дурболон басандаса койо беребиз дешкен да.зордоп мойунга алдырган менимче акмакчылык,олгон киши да нааразы болот билсенер биздин акылдуу кызматкерлер.
04.12.2013. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сказка для взрозлых дегендей го. Кичине окшоштурса болмок.
04.12.2013. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу Бакыт (Сейитов) мырза Сизделе айтсаныз ооба туура мунун баары жалган, мени да зордоп айттырышты ушул бала кармалды деп жалган деп айта берин коркпой, уятта
04.12.2013. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озунчо эле жомоко 1-класс учун
04.12.2013. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каяктагы жомоктор менен делону жабыш учун чындыкты чыркыратыптыр.тообооо....булар акмак!!!
04.12.2013. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба туугандар, бул чыныгы акмактык. кудай жазасын берсин.
05.12.2013. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менттердин ою ишке ашпай калып чыныгы акмак табылса экен!
06.12.2013. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ит Иттигин кылат!
06.12.2013. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шерменде!
06.12.2013. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
moinuna zordop ele aldyrgan osho balany chechinsin ele kandai moinuna algany korunot.baarybyz bul jashoodon ketebiz oshondo surakty unutpasak kabyr azabyn seze alganybyzda bul jashoodo akyikattyk bolot ele.Mirlan degeni chyksa koro jatarbyz kanchalyk chyndyk bar ekenin.
06.12.2013. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баарынан катуу ойлондурганы..эми бул байкушту куноосуз эле камап койушабы?
07.12.2013. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кинонун уландысы бар дейтко Бакыт Сейит продакшн дагы графикалык эффект жетишбейтат дегенго
07.12.2013. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул эмне элди шылдын кылганынарбы? Кантип эле ушундай кейпи келишкен бейтаныш адам ыраматылык атактуу Бакыт Букаев менен арак ичип калсын. Ушул ишинер менен Бакыт Букаевдин да аброюн тушуруп жатасынар. Мындай болушу мумкун эмес,окуп алып ишенмек тургай жаман болуп кеттим. Бул жерде катылган бир сыр бар. Эмнеси болсо да чыныгы кылмышкер табылып оз жазасын алса экен. Кайсы манкурт айбан акмак болду экен. Артында калган балдарына,апасына жалко байкуштар. Кудайым баарын коруп турат,муну жон калтыры
08.12.2013. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Мен бычак менен сайгылап жатканда оозумда тамеки бар эле, ошонун чоктору төшүнө түшүп кеткен окшойт, күйүп калыптыр"- дейт. Карагыла эми киши олтуруп жатканда адам тамеки чекмек беле. Оюна да келбейт ал нерсе. Калп карандай эле. Анын устуно Бакыт Букаев мындай адам менен уйуно киргизип алып арак ичпесе керек эле.
08.12.2013. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ким билет, уй ээси менен арак ичтим деп атат.Бакыт букаев, бул бала менен арак ичкенине ишенбейм,ал андай адам эмес.Мунун баары жалган кеп.Тушунбодум!
08.12.2013. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Создорду жаттап алган го
08.12.2013. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул байкушту укмуш дрессировать этишкен го, эч ким ишенбептир аларга кошлуп мен дагы.Тамекинин оозунан тушуп тошуно кантип токтоп калганына таным бар, башында айтып жатышпады беле оздорунун кругундагы эле адам олтургон деп, эми кайдагы бир байкушту кармашыптыр(ал да кылмышкер болушу мумкун)бирок Бакыт Мырза аны мн арак ичишмек беле.Микаэлди деле олтурушподу беле ушундай жол мн бул жерде бир кеп бааааар...
09.12.2013. 05:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хаахаа позор силерге апачык эле корунуп турбайбы бул бала олтургон эмес ай эхх кандай манкурт элбиз Кг эмне иш кылат бул менттер оз ишин билбеген кок меелер Кыргызстан эки дуйнодо да онолбойбуз Эхх бирин олур бирин кал Маркумдун жайы жанната болсун иншАллах . Аллах бул кылмышты кылгандарга Кудай албетте жазасын берет. Кыргыз козуну ач адам бол! Озуно кел тообо кыл. Кудайды тааны ыйманга кел. Арам менен Адалды жаман менен жакшыны бил козуну ач. Эххх Кыргызым чыныгы таза кыргыз мындай болбойт.
SUPER.KG видео
12.12.2013. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bilbegenden kiyin bul bul emes degen da tuura emes urmattu forumchular!mumkun ushul ele olturgon,mumkun bul emes,jon ele miliciyany da jamandai bergen bolboit!
SUPER.KG видео
03.01.2014. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сабап мойнуна койуптур ушул жигит менен олтурчу беле
20.05.2014. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыт мырзаны бычактап анан озу ваннага жуунуп чыккыча шериги эшикте эшек такалап турдубу?
11.11.2014. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журок ооруду. Ушундай мыкаачы айбандардан Кудай алыс кылсынчы!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: