«СУПЕР КОНЦЕРТ-2013» ИЙГИЛИК КИМДЕРГЕ ЖЫЛМАЙДЫ?

№581 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж


«Супер-Инфо» гезити жыл сайын талыкпай иштеген өнөр адамдарына, кыргыз маданиятынын өсүүсүнө салым кошкон инсандарга сыйлык тапшырып келет. 13-14-декабрь күндөрү Улуттук филармонияда жылдын көптөн бери күттүргөн аземи – Супер концерт болуп өттү. Ал күтүлбөгөн сюрприздерге бай болуп, жогорку деңгээлде өттү.


«Жылдын супер ырчы айымы» Чолпонай & «Жылдын супер ырчы мырзасы» Нурлан Насип

«Чү» дегенде эле концертти көптөгөн эл аралык сыйлыктардын ээси «We'll be» бий тобу ачып беришти. Бий соңунда жаш ырчылар Дайыр Исмадияров, Малика Дина, Асел Кадырбекова, Аваз Акимов, Жоодарбешим, Нурмат Садыров, Даниель, Чолпонай кошулуп «Супер-Инфонун» гимни алдында бийлешти. Бийди көргөн да, көрбөгөн да арманда.

Жылдын эң абройлуу сыйлыгын тапшыруу аземинин тизгини бийчи Бакыт Байсариев, алпаруучу Нурзат Токтосунова жана «тамашоучу» Нурсултан Майназаровдо болду.

Кыргыз сахнасында өзгөчө үнү жана ой-жоруму бар, «быссымылда» деп чыккандан бери талыкпай эмгектенип, миңдеген адамдардын жүрөгүнөн орун алган ырларды жаратып келе жаткан ырчы Каныкейге «Заманыбыздын супер ырчысы» деген наам ыйгарылды.
Учурда Кыргызстандагы маданий иш-чараларды алпаруучу Нурзат Токтосуновасыз элестетүү кыйын. Бир нече жылдан бери тынымсыз изденүүнүн үстүндө келе жаткан, ошондой эле «Тамашоу» долбоору аркылуу жаштар арасында эне тилибиздин баа-баркын көтөрүүгө салым кошуп жаткан бул айымга «Заманыбыздын супер алпаруучусу» наамы ыйгарылды.
Алпаруучулук өнөрдү бир нече жылдан бери аркалап келе жаткан, өз эне тилин жакшы өздөштүрбөй калган кыргыздын улан-кыздарын «Тамашоу» долбоору аркылуу кыргызча түш жоруткан Эрмек Нурбаевге да «Заманыбыздын супер алпаруучусу» аттуу наам ыйгарылды.
Мекенди сүйүүгө багытталган жалындуу ырлары аркылуу кыргыздын жаштарын мекенчилдикке тарбиялоого салым кошуп келе жаткан Добр «Заманыбыздын супер рэп ырчысы» деп табылды.

«ЖЫЛДЫН ЖАҢЫРЫГЫ»
Алтынай Нарбаева:
– Мени конок катары чакырып, мындай сыйлык бергениңер жан дүйнөмдө чоң майрам жаратты. 8ден 80 жашка чейин силердин гезитиңерди сүйүп окушат. Силерге чоң рахмат!

«ЖЫЛДЫН СУПЕР ТАМАША ТОБУ»
«Aк-Өргө city» командасы:
– Мындай наамды биринчи жолу алып жатканыбызга кубанычтабыз. Командадагы кээ бир балдар азыр Сочиде жүрүшөт. Бирок бул баарыбыздын жеңишибиз. Биз иштей берсек, аны баалай тургандар ушинтип табыла берет.

«ЖЫЛДЫН ТВ ПЕРСОНАСЫ»
Элиза Кененбаева:
– Өзүм эл алдына көп эле чыгам, бирок силердин сыйлыктын сүрү башкача экен. Башында талапкерлер-
дин катарына киргенде өзүмө анча ишенбей жаткам, кийин добуш берүүдө алдыга озуп чыкканда катуу ишене баштадым.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР СПОРТЧУСУ»
Айсулуу Тыныбекова:
– Чынында, мен бул сыйлыкты күткөм. Анткени бул жыл мен үчүн түшүмдүү болду. Ар бир барган турнирде медаль менен кайтып жаттым. Спорт менен машыгып жүргөнүмө 4 жыл болду. Мени колдогон элиме ыраазымын!

«ЖЫЛДЫН СУПЕР ТАСМАСЫ» – «САЛАМ, НЬЮ-ЙОРК!»
Тасманын продюсери НУРБЕК АЙБАШОВ, режиссёру РУСЛАН АКУН:
– Өзүңүздөр билгендей, биздин тасма көп эл аралык сынактардан утуп келген. Негизи, фильмдин үстүнөн көп адам иштеди, демек, сыйлык да ошол адамдардыкы.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР АКТРИСАСЫ»
Аида Тулебаева: («Салам, Нью-Йорк!» тасмасындагы Эриканын ролунда)
– Мен үчүн абдан күтүүсүз болду. Өзүм профессионал актриса эмесмин. Дебюттук ролумду ушундай баалап жатышканына чексиз ыраазымын.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР АКТЁРУ»
Бектемир Мамаюсупов: («Салам, Нью-Йорк!» тасмасындагы Баатырдын ролунда)
– Наамды эл алдында алсам сонун болмок, бирок чет өлкөдө жүргөндүктөн концертке кечигип калдым. Алгачкылардан Аида Тулебаева чалып куттуктады.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР САУНДТРЕГИ»
«Садагам» («Салам, Нью-Йорк!»), КАНЫКЕЙ:
– Саундтректин ийгилиги Руслан Акундун тасмасында демекчимин. «Садагамды» бир жыл бою ар бир сөзүн талдап жазгам. Эмгектин артынан ийгилик келди.

«Два огня» («До+Фа»), ЧОЛПОНАЙ:
– Бул ырым атайын клубда бийлегенге ыңгайлашып жазылгандыктан, көп массага жетпей калды деп ойлойм. Бул наамга көп деле үмүт кылган эмесмин.

«Жашырасың» («Карт бойдок»), СЪЕЗДБЕК ИСКЕНАЛИЕВ:
– Мен Каныкей аларын билгем, андыктан капа болгон жокмун. «Садагам» татыктуу бул наамга. Буюрса, биз кийинки жылы да жакшы эмгектерди жаратып, ийгиликтерге жетели.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР ДЕБЮТУ»
Жоодарбешим:
– Ооруганыма карабай концертке кызуу даярданып жаттым. Мээнетимди баалаганыңыздарга чоң рахмат!

Асел Кадырбекова:
– Дебютту албай калдым деп капаланган жокмун. Мен үчүн талапкерлердин арасынан суурулуп үчилтикке киргеним эле чоң ийгилик болду.

Малика Дина:
– Быйыл көп иштегеним эле дебют болбосо, негизи мен 12 жылдан бери сахнада жүрөм, андыктан бул наамды албай калганыма капаланбайм.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЫ»
«Мен сенден кетейинчи», ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВ:
– Силерге рахмат, ушинтип эмгегибизди баалап жатканыңыздарга. Мындай сыйлыктар биз үчүн чоң стимул болот.

«Мен сүйгөн менен пайда жок», НУРМАТ САДЫРОВ:
– Бул ыр чынында эл арасында популярдуу болгон. Негизи, эл чечет эмеспи баарын. Маанайым бир аз түшүп калды, ошентсе да жакшы ырларды жарата бермекчимин.

«Менин да сүйүүм ушундай», НУРЛАН НАСИП:
– Мен чынында өзүмдөн да Нурматтын ырына «болеть» этип жаткам. Досумдун мындан ары да хит ырларды жаратышына ишенем.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР КЛИБИ»
«Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар», ИЛЬЯЗ АНДАШ:
– Ичимден «клибим супер аталууга татыктуу» деген ишеним бар болчу. Клиптин жаратуучуларына рахмат айтам.

«Ай-ай-ай», АВАЗ АКИМОВ:
– Клибим эл тарабынан жакшы кабыл алынып жатканы мен үчүн чоң жетишкендик. Мындан да сонун клиптерди тартканга аракет кылам.

«Айрылуу», ДАНИЕЛЬ:
– Менимче, калыстык болбой калды. Азырынча комментарий бербей эле турайын.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР РЕМЕЙКИ»
«Ойлорум сага», МАЛИКА ДИНА:
– Бул ыр апам экөөбүзгө тең ийгилик алып келген ак жолтой чыгарма болду. Жаздырып жатканда анча көңүл бурбаптырмын, бирок бир-эки ырдап көргөндөн кийин жакшы көрүп калдым.

«Кетпейм сага жолукмайынча», САГЫНЫЧ:
– Капачылык жок, буюрса, кийинки жылы мындан да мыкты иштегенге аракет кылам. Дагы 1-2 жыл иштесем, сыйлыкка жетишем. Жашасын «Супер-Инфо»!

«Атаман», Нурлан Насип, АВАЗ АКИМОВ:
– Нурлан экөөбүздүн дос болуп жүргөнүбүзгө 10 жыл болуп калды. Бекем достугубузду даңазалап «Атаман» деген ырды кайра жаңы вариантта ырдап чыкканбыз. Биздин жеңишибиз элге жеткиликтүү ырдап бере алганыбызда деп ойлойм.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ АЙЫМЫ»
Чолпонай:
– Абдан толкундануудамын, «Жылдын супер актрисасы» наамын алам го деп ойлогом. Буюрса, «Супер ырчы айым» деген наамды жеке концертимде далилдейм.

Айжамал Кабылова:
– Бүгүн мен үчүн күтүл­бө­гөн сюрприз болду. Кезинде Рыспай Абдыкадыровдун деле эмгеги бааланбай кеткен. Менин канчалык эмгегим бар экенин эл билет, элим аман болсун, эл үчүн чачыбыздын кылы жерге түшкөнчө иштөөгө даярбыз.

Айнура Салахидинова:
– Концертке келип катышканым эле чоң ийгилик. Концертке чейин төрөп коёмбу деп чочулап жаткам, Кудай жалгап тынч эле өттү.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ МЫРЗАСЫ»
Нурлан Насип:
– Менин эмгегимди баалаган «Супер-Инфо» гезитине, элиме, мени дүйнөгө жараткан ата-энеме ыраазычылык билдирем. Ар дайым ырларым сиздер үчүн гана жаңыра бермекчи.

Дайыр Исмадияров:
– Мен чечимге нааразы болгон жокмун. Нурландын утушун билгем жана ийгилик каалайм.

Гүлжигит Сатыбеков:
– Мен быйыл «Супер ырчы мырза» наамын алышым керек деп жаткам. Бул наамга жетиш үчүн дагы башка сыйлыктарга татыш керек окшойт да.

Бактияр Токторов өз репертуарында. Жадакалса алпаруучуларды да «буй-буйлатып» жиберди, чиркин!

Концерттин эң жооптуу милдетин алган калыстар тобунун төрайымы Айчүрөк Иманалиева Курал Чокоев менен дуэт аткарды.

Айжамал Кабылова «сиздердин таман алдыңыздарга гүл төшөп ыр сунам» деп чыгармасын тартуулады.

Супер концерттин сыйлуу конокторунун катарын Омар, Мирбек Атабеков, Сайкал, Кенже Дүйшеева менен «Жебе» жана «Кеңеш» тобу толукташты.

КАЛЫСТАР ТОБУ
Айчүрөк Иманалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, «Заманыбыздын супер ырчысы», калыстар тобунун төрайымы
Азамат Макешов, «Келдике» зергер компаниясынын башкы директору
Айзада Сабердинова, «Табылга» соода комплексинин администратору
Бакыт Дыйканов, ММКларды колдоо борборунун кардарлар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы
Бактияр Токторов, «Заманыбыздын супер тобу» болгон «Биз» тобунун жетекчиси, солисти
Динара Орозбаева, Борбор Азиядагы Америка университетинин коомчулук жана ММКлар менен байланыш боюнча директору
Самат Гуронов, «Билайн» компаниясынын Бишкек шаардык аймактык жетекчиси
Улан Барпиев, «Мегаком» компаниясынын атайын иш-чаралар боюнча башкы адиси
Эркин Назаров, «Аю» компаниясынын аткаруучу директору

Концерттин кульминациясы! «Супер-Инфо» көп жылдан бери жемиштүү кызматташып келе жаткан ырчы Каныкейге, рэпер Добрга, чечендикте алдына киши салбаган алпаруучу Нурзат Токтосуновага жана «Тамашоу» долбоорунун түзүүчүсү, алпаруучу Эрмек Нурбаевге гезиттин атынан кыштын ызгаардуу суугунда экзотикалык ысык өлкөлөрдүн биринде эс алууга жолдомо берди.

Концерттин жогорку деңгээлде өтүшүнө көмөктөшкөн алпаруучулар Нурзат Токтосунова, Бакыт Байсариев, Нурсултан Майназаровго, «Kultaev Production» студиясына жана «We'll be» бий тобуна ыраазычылык билдиребиз!

Гүлжамал Бөрүкулова,
Лунара Бекиева,
Адилет Бектуров,
Жазгүл Мажитова,
Замир Жумабаев
star@super.kg



«СУПЕР КОНЦЕРТ-2013» Ийгилик кимдерге жылмайды?

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(123)
23.12.2013. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен дагы Айжамал татыктуу деп ойлойм. Айжамалды эл татыктуу деп ойлоп жатышса, анда бул чон жетишкендик деп ойлойм.Копчулугу элдин суймончулугуно ээ боло бербейт
23.12.2013. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жакшы коргон тасма биринчиликти алыптыр, аябай кубандым
23.12.2013. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Priora1982 Ырыспай атабыздын да тируусундо эчким баалаган эмес Эл биз озубуз баалашыбыз керек таланттууларыбыздын козу барында антпесек болбойт чынеле адилеттуу чечим чыгарбаптыр калыстар тобу нааразыбыз Айжамал эженин талантын баарыбыз жакшы билебиз, ушунча элдин назарына калып ошол 6 7 журилер менен жылдын суперлерин аныктап жата бергиле Байкуштарга боорум ооруйн Айжамал алга
Модератор admin_media түзөттү 24.12.2013 10:11
24.12.2013. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
gulida96r,
Сын-пикирлер болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүш керек! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
23.12.2013. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрнст Абдыжапаровго деле сыйлык берип койгулачы жал сайын жаны актрисаны эл алдына алып чыгат Асема. Элина . Чолпонай эмкиси ким болот экен
SUPER.KG видео
23.12.2013. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ийи Айнура менен Айжамал суйлошуп жатышса менин ичим ачышып кетти го дагы кулуп жайнап журушот конулунорду чоктурбогулоооо ушул наам бир аз башкача берилип калыптыр чолпон же фари сага суроом озун да ынгайсыз болуп жатсан керек ээ айнура эже менен айжамал эже силер суперсинер!
24.12.2013. 07:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой баягы эле недовольный Даниел акамго...
24.12.2013. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Gulu-5kg, gulida96r,
Саламатсыздарбы! Сайтта жүргүзүлгөн сурамжылоодогу элдин добушу алдыңкы үчилтикке кирүүчүлөрдү тандап берди, анан концертте калыстар тобунун чечими менен мыктылар аныкталды.
24.12.2013. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сын-пикирлер болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүңүздөр.
SUPER.KG видео
24.12.2013. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
begusia, urmat_88-kg, АйАй, Baha909090,
Саламатсыздарбы! Сайтта жүргүзүлгөн сурамжылоодогу элдин добушу алдыңкы үчилтикке кирүүчүлөрдү тандап берди, анан концертте калыстар тобунун чечими менен мыктылар аныкталды.
Модератор admin_media түзөттү 24.12.2013 11:44
SUPER.KG видео
24.12.2013. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
bermet.kg11,
Сын-пикирлер болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
SUPER.KG видео
24.12.2013. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эл билет , эл тараза ,Чолпонай калыстар тобунда олтурган "калыс" саналуу адамдарга супер болсо, миндеген эл учун Айжамал супер !!!!!!!!!!!
24.12.2013. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сопсонун болуптурго..
SUPER.KG видео
24.12.2013. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
толугу менен каяктан корсо болот концертти
SUPER.KG видео
24.12.2013. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
толук версиясын качан жуктойсунор супер инфо?
24.12.2013. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
илгери гулнур сатылганова булуттар деп бакырып койсо машина уткан эми эрнис абжапаровпу жендирди кийин бул да элдин ырчасы болоор балким башындале 3илтик десенер болмок
25.12.2013. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айжамал мыкты ырчы,мен аны сыйлайм,ырларыда жагат бирок бул жерде жылдын супер ырчысыболуп жатат Айжамал бул жылы анча деле ыр жаратпады окшойт
25.12.2013. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура эле болгон Айжамал магада жагат сыйлайм бирок быйылкы жылда анча деле ыр жараткан жокта бул жерде жылдын супер ырчысы болуп жатпайбы
SUPER.KG видео
25.12.2013. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
woww super konsert boluptur. Toluk versiyasyn juktosonor plzzz
SUPER.KG видео
25.12.2013. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super info. Mezgilden artta kaltyrbait Kyrgyzstandy. Elibizdi, jalpy Kyrgyz jurtun. Sizderge teren yraazychylyk.
25.12.2013. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
талантка эмес таанышка, үнүнө эмес келбетине, эмгегине эмес кийимине карап баалап калдык го. Роза шакирова, Айжамал Кабылова денгээли менен башкалардын денгээлин салыштырып болбот да
25.12.2013. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер ырчы айым болсо эмне экен муйуз чыкпайт го эмне анча чычалайсынар
SUPER.KG видео
25.12.2013. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
4olponaidyn jarytkan bir da klipi a tugul yry jok anan kantip oshol super yr4y aiym bolup kaldy? tuk tushunsom oloiun. AIJAMAL KABYLOVA alysh kerek ele, kantse da elge emgegi singen! anan mende myndai oi paida boldu. ushul syilyktar dele ak4aga satylat okshoit, degenim super klipti dele bolbogon il9z andashtyn klibi jenip ketiptir. super yrdy nurmattyn yry alysh kerek ele. aita berse adiletsizdik!
SUPER.KG видео
25.12.2013. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurmat Sadyrov dun yry tatyktuu bolchu...(((..ewe Cholponai emes Aijamal bolchu..((( Kalystarga emne bolgon ozu? Saittagy suramjyloodo bawka yrchylar aldyda kele jatkan, a kalystar bolso syilykty bawka yrcylarga...andai bolso Super Info, saittagy suramjyloonu jon ele koiboisunarby...eldi ubara kylbai...
Eldin pikiri baarynan biyik turuwu kerek, a juride oturgan 10 adamdyn emes.
27.12.2013. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чолпонай кундон кунго эле чырайланып баратат го
28.12.2013. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу Каныкей татыктуу болчу бул наамга
28.12.2013. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ой чолпонай супер эле, айжамал чыкса ушул жылы кичине ыр ырдап, ыр чыгарса, иштесе супер болобу? айжамалдын эмнеси супер? всегда чыр чыгарып эле журот
28.12.2013. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары чолпонайга каршы го, мен да каршымын, ага ким добуш берди озу. Же озун озубу?
28.12.2013. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turatbek-92, Чолпонай порталдагы сурамжылоодон үчилтикке кирген. Концерттен калыстар тобу Чолпонайды жеңүүчү деп тапкан.
29.12.2013. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men Nurmat Sadyrovko dobuw bergem. Okunu4tuu... jeniwke jetpey kalgani. Menim4e jyldyn mykty klibi, yry je debutu uwul u4 naamdin birin Nurmatka yigarylyw kerek bol4u. Kelgile kimge Nurmat jaksa biz u4un al jenuu4u.
29.12.2013. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mdaaa uj
31.12.2013. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айжамал же Айнура алыш керек эле. Эми буйруганы да. Экоо эл учун супер ырчы айымдар! Нурмат Садыров да татыктуу болчу.
06.01.2014. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким нени алды мага баары бир, мага жакканы Салам Нью-йорк киносуна катышкан бала сыйлык алыптыр)). Ал озу да, кино да жакты соонун тартышыптыр...
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: