«КАРЫГАНДА ЭКИ УУЛУМДАН АЖЫРАДЫМ»

№583 3-январь-9-январь, 2014-ж


«Ушундай тагдырга туш болом деп эч ойлогон эмес элем, балам» деп бет маңдайымда отурган Зиягүл апа (аты өзгөртүлдү) көзүнүн жашын аарчып, башынан өткөн-кеткенин баяндап отурду. Бул окуяда ким күнөөлүү, ким күнөөсүз экенин өзүңүз талдап аларсыз.

«МЕНИ БААРЫ ЖИНДИ ДЕП ЭСЕПТЕШЕТ»
– Мен 1938-жылы Ысык-Көл облусунда туулгам. Жашым 76га келди, учурда кароосуз калып, жалгыз жашайм. Бутум сынып 3 жолу операция жасаткам, бир көзүм да жакшы көрбөйт. Өзүм мектепте 40 жылдан ашуун мугалим болуп иштегем.
Картайсаң деле бирөө менен сүйлөшүп, бир жакка баскың келет. Тилекке каршы, андай болбой, бир туугандарым, кызым, куда-сөөк, тааныштарым мени «ал жинди болуп, акылынан айнып калыптыр» деп басып да келишпейт. Телефон чалсам албай, өчүрүп салышат.
Кичинекей кезибизде атабыз каза таап, 7 бир тууган жетим калдык. Инилеримди, сиңдилеримди кичинесинен багып чоңойтком. Эки иним бул жарыкчылыктан өтүп кетишти. Бир иним оорукчан болуп үйүнөн чыга албайт. Ал ден соолугу жакшы кезинде келип, ал-жай сурап, мага каралашып турчу. Дагы бир иним бар, ал шаарда, мага жакын жашаса да басып келбейт. Сиңдилерим турмушка чыгып, өздөрү менен өздөрү.
Кыз-келиндер институтунун тарых жана филология факультетин аяктагам. 5-курста окуп жатканда турмушка чыгып, уулдуу болдум. Уулумду эмчектеги кезинде эле өзүмдүн апам багып алды. Андан кийин бир уул, бир кыз төрөдүм. Таенесинин колунда чоңойгон уулум таенеси каза болгондон кийин бизге келди. Ошондо экинчи уулум «бир тууган агам бар турбайбы» деп кудуңдап көпкө кубанып жүрдү.
Балдар жаш кезинде эле жолдошумдан ажырадым. Кийин тун уулум Англиядан 5 жыл иштеп келип, жүрөк оорудан каза болуп калды. Анан ага аш берем деп даярданып жатканда кичүү уулум каза болду. Ошентип катарынан эки уулумдан ажырадым.
Кичүүсүнөн эки небере калды. Келинимди ата-энеси уулумдун ашына жеткирбей алып кетишкен. Неберелеримди мага көрсөтпөй, менден алыстатышууда. Куса болуп, неберелеримди көргүм келет. Уулум айылда турчу эле, үй-жайы кароосуз, кулпу салынган боюнча калды. Мал-жаны бар эле, ашына соёлу десек эч нерсе бербей койду. Келинимди бир да жолу урушуп, жаман көз менен караган жок элем, анын кетиши мен үчүн уулумду экинчи жолу өлтүргөндөй болду.
Кызым болсо карабайт, мени менен иши деле жок. Кээде ооруп калсам же жөн гана сүйлөшкүм келгенде чалсам «Эмне мени аңдып жатасың?! Чалбачы!» деп кагып-силкип трубканы коюп салат. Кээде келип «Тийбе үйдөгү нерселерге, өзүм сатам!» деп чатак чыгарып, ого бетер мени капа кылып кетет. Ал менин эртерээк өлүшүмдү күтүп жүргөнсүйт. Ооруганда «Тез жардамга» чалам, алар келип ооруканага алып барышат. 70тен ашкандан кийин врачтар деле карабай калат экен, кайра үйгө чыгарып коюшат. Жаныңа бир киши керек экен, жалгыздыктан кыйналдым.
Бир нерсе десең эле «Сенден жаман жашагандар бар. Сага эмне жетишпейт? Үстүңдө заңгыраган үйүң бар» дешет. Пенсиям, тамак-ашым, үстүмдө үйүм болгону менен, жападан жалгыз жатсаң жинди болуп кетейин дейт экенсиң. Көрөр күнүм деле аз калды. Мени карыганда кароосуз таштап кеткен бир туугандарымдын, кызымдын өлсөм калп ыйлаганынын кереги жок... Азыр чай даярдап, эрмектешип турганга деп үйгө бир студент кызды киргизип алгам. Кызым, неберелерим менен бапырап Жаңы жылды тосуунун ордуна ал күнү экөөбүз эле болдук.

«АПАМ ТААРЫНЫЧТАН УЛАМ УШУГА БАРЫП ЖАТАТ»
Каарманыбыздын кызы НАЗГҮЛ (аты өзгөртүлдү) менен байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди:
– Апам эки бир тууганым каза болгондон бери борбор калаабыздагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 3 бөлмөлүү батирде жашайт. Мен өзүмчө турам, бирок апама дайыма материалдык жактан жардам берип, бат-баттан жолугуп турам. Туугандарбыз да бат-баттан апамдын үйүнө келишип, аны зериктирбей конок болуп кетишет. Өткөндө айылга барып, келинибиз менен урушуп кетиптир. Сиздерге ошол келинине болгон таарынычынан улам кайрылса керек.
Биз эки тараптын тең оюн уктук. Ооба, ар кимдин өз чындыгы бар деңизчи, бирок «атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар» деген сөздүн чындыгы бар бейм. Балким, материалдык жактан баары жетиштүү болсо да, жан дүйнөсү жалгыздыктан тажап, жакындарынын колунан ысык чай ичкиси келип жаткан эненин арманын туугандары түшүнбөй жаткан чыгар...

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



"Эки уулумдан тең ажырап калдым"

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(53)
06.01.2014. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызына уй жайын калтырбай, завещаниени башка бироого жазып калтырып койсо, ошондо кызы ойлонуп калат.
06.01.2014. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sekretka Туура айтасын
06.01.2014. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызына айтаар элем:"Бироого зар,бироого кор "дегендей,Ыраматылык Апам курактуу аял экен... Тушумдо корсом ошол кун мен учун башкача отот.Бир кунунду текке кетирбей ,кеч боло электе сыйлап,сырдашып кал,уулу да кызы да жолдошу да сенсин!!!кийинки армандын пайдасы жок.
06.01.2014. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызына кенеш бере алам азыр да кеч эмес апанды оз колуна ал козу отсо сага ал таарынычты эч ким айтпайт болгон кучкун менен азыр бак кеч боло электе ыраазычылыгын ал дуйно оокат ьабылат эне эч качан табылбайт азыр жоно колундан келсе
07.01.2014. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай кыздын барынан жогу жакшы.Оз энесин кантип таштап койду жалгыз?Байкуш эне аны 9 ай ичинде которуп,кыйналып тороп,багып остурду да.А кызы чонойуп алгандан кийин эле энесинин кереги жок болуп калыптырбы?!Апасы торобой эле,капустада жаралгансып.Уялбай дагы келинине таарынып ушинтип атат деп койгонучу.Сага эмес эле келининеби деген киши жок.Байкуш апага кудайым ден соолук,узун омур берсин!Мамам экообуз окуп жаман боорубуз ооруду.Мамам кантип тапсак болот бул апаны,колдон келген жардамды бери
07.01.2014. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
колдон келген жардамды берип турганга деп сурады эле менден.Супер Инфо,апа менен кантип байланышсак болот?Рахмат!
07.01.2014. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Queen_KD, ал кишиге жолуккандан кийин кабарынды билдирип койсон. Мумкун биздин да жардам керектир.
07.01.2014. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Умуттунузду узбой ыймандуу студенткалардан дагы 2 киргизип алыныз,кызыныздан корбогон жакшылыкты балким ошолордон короттурсуз
07.01.2014. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркылар орустардан уйронуп жатышат
08.01.2014. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мугалим картайса акылы кирди-чыкты болуп калат дейт эле,балким кемпирде да айып бардыр.Биздин да энебиз бар 1936-жылкы,эмне десе чыдап атабыз.Аз эле омуру калганда кызы чыдап эле карап,багып жанында эле болсо болмок. Жаш кыздар ойлонгула,ажырашып кеткендер "Экинчи эрге тийбейм" дейсинер.Ушундайда айтасынар "Он балам болгончо осурак чалым болгондооо" деп.
Модератор admin_superstan түзөттү 08.01.2014 10:51
08.01.2014. 05:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kushbak79, причем тут осуурак чал?
08.01.2014. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kushbak79 - эскертүү!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
08.01.2014. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыз бала ата-энеге куйумдуу болот элего,кызынын боору таштан бейм!
08.01.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызы озу деле "эне" экен,баланын кандай кыйынчылык менен чоноюшун билет.Кичинекей кезинде эне тун уйкудан калып бакты да,эртен кызы да карыйт.
08.01.2014. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baldarynan ajyrap jalgyz kalyptyr anyn orduna uwul kyzy olso bolmok eken.
08.01.2014. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
apany tuwunup turam eki baladan ajyrap kandai akybalda kalgany, kantse da ene baldarynyn kuiutun tartyp,akyly kirdi 4ykty bolup kalgandyr. seravno vozrast neberelerin korgusu,koluna algysy kelet.biroonun jakwy sozuno maegine muktaj bolot. kyzy bar eken owogo ta9nyp jawagysy, tuugandary menen baarlawyp az da bolso jenildegisi kelgendir. birok apa dagy da bolso kairattuu eken. kyzy okup kalgan bolso apasyn ozuno alywyn suramakmyn. baardygybyzga kudai baktyluu karylykty nasip kylsa eken.
08.01.2014. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Уулду торойт, уятын кошо торобойт, кызды торойт, кыялын кошо торобойт..." Эненин кадырын билбеген кызы - келме кезек бар экенин оюна да албагандай...
SUPER.KG видео
08.01.2014. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
eh jawoo jalka baikuw apa
SUPER.KG видео
08.01.2014. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
биронун жашосун обсуждение кылыш оной чогуу жашабасан билбейсин ким кандай экенин бирок кызы жаман болсо туугандарынан бироо жакшы болсо керек можеть эненин озундодур куноо
SUPER.KG видео
08.01.2014. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Адам каарыганда эс акылы жаш кездегидей болбой калат да,кичинее нерсеге деле таарынат, каарыларды туура тушунушубуз керек.кайтар дүйнө дейт.
SUPER.KG видео
09.01.2014. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо кылдым мындайды кудай башка салбасын бирок бир туугандарым деле сааны бар сапаты жок дейт кызында келининда жамандады кимге ишеништи да билбей калдым.
SUPER.KG видео
09.01.2014. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Baaribir Apada kandai bolbosun kozu barda Syilash kerek!anan kalpele kech bolgondo okunup kalbai!
SUPER.KG видео
09.01.2014. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызы каралашып турат экен го.саны бар сапаты жок бир туугандарына тан калдым!
SUPER.KG видео
09.01.2014. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге менден корсотпой жатат
SUPER.KG видео
09.01.2014. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менден корунбой атат
10.01.2014. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыреетте жакшылык короорсуз балким,бул жашоодо жакшылык корбосонуз дагы эне?Уйунузду жетим балдар уйуно откозуп коюнуз ошондо сизге жакшы болоор кызынызга калгандан коро.
15.01.2014. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Энесине кандай мамиле кылса балдарынан корот кайра ошону
16.01.2014. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
samagan, энесин нараазы кылган адам бейишке кирбейт!
SUPER.KG видео
26.01.2014. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Byl apanun ozyndo go kynnoo.
28.01.2014. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааиий,кантип журогу чыдайт кызынын,кандай болсо да апасы го
09.02.2014. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайтаар дунуйо кудайым ошол кызына корсотот ата-энеге кандай мамиле кылса баласынан корот ата-энени тируу кезинде сыйлайлы козу откондон кийин кеч болот окунуп калбайлы туугандар.
17.02.2014. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кечиресинго Назгул(кызы) бирок апанды кагып силкип урушканын туура эмес!!!эмнеси болсода ал сенин апан!!!энененин таманында Бейиш бар дейт!!!
05.03.2014. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата-энеге кылган мамилени балдардан коросун. Дешетко кимиси чын кимиси калп билбедим. Бирок бул дуйно кайтаар дуйно ошону эске алса жакшы болот деп ойлойм.
07.03.2014. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир инсанга кудайым нысап берсин,ыйман берсин.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: