ТАЯКЕ МЕНЕН ЖЭЭН АКЧА ҮЧҮН АДАМ ӨЛТҮРҮШКӨН

№583 3-январь-9-январь, 2014-ж


Айрым адамдар кылмыш кылууну кесип кылып, аны улам оор баскычка жогорулатып алышат бейм. Төмөндөгү окуяда мурда мал уурулук менен соттолгон эки адам эми үй тоноп, анысы аз келгенсип адам өлтүрүүгө барышкан.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨР МУРДА ДА СОТТОЛУШКАН»
2013-жылдын 25-ноябрь күнү Чүй облусуна караштуу Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө каракчылык болгону тууралуу маалымат түшкөн. Окуя боюнча Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын кызматкери АЙБЕК АРЗИМАТОВ буларды билдирди:
– Түнкү саат экилер чамасында бет капчан эки адам Сокулук айылындагы үйлөрдүн бирине кирип, 48 жаштагы Алтынбек аттуу үй ээсин темир менен башка чаап өлтүрүшкөн. Аялын муунтуп, эсинен тангыча ур-токмокко алышкан. Анан үйдөн 103 миң сом өлчөмүндөгү акчаны алып из жашырып кетишкен. Окуядан бир канча убакыт өткөндө үй ээсинин аялы эсине келип, кошуналарына жардам сурап кайрылганда алар милицияга кабар беришкен.
Окуя боюнча иликтөө тобу иш алып барып, бул кылмышка шектелип 2 адам колго түшүрүлүп, кылмыштарын моюндарына алышты. Алар 1967-жылы туулган М.Бактыбек жана анын жээни, 1991-жылы туулган К.Азат аттуу жарандар. Экөө тең мурда мал уурдаганы үчүн соттолушкан. Учурда кылмышка шектелип кармалгандардын үстүнөн КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

«КОРКУТУП КОЁЛУ ДЕП ЭЛЕ КИРГЕНБИЗ»
Оор кылмыштын уюштуруучусу катары шектелип жаткан М.БАКТЫБЕК кылган ишине өкүнүп, төмөндөгүдөй көрсөтмө берүүдө:
– Кылмышты мастык менен кылып алдык. Үй ээси Алтынбек менен мурда пикир келишпестиктер болуп, араздашып жүргөм. Ал күнү Алтынбектин үйүнө уурулук кылуу максатында эмес, коркутуп коёлу деп барганбыз. Андай окуя болуп кетерин билген жокмун.
Алтынбек биздин киргенибизди сезип калып каршылык көрсөттү. Колубузда арматура бар болчу. Эсин оодарып коёюн деп аны менен 3-4 жолу чапкам. Караңгыда кайсы жерине тийгенин деле билген эмесмин. Жээним берген көрсөтмө жөнүндө эч нерсе айта албайм. Биз эч кандай акча алган эмеспиз, мен акча көргөн эмесмин.


АЛДЫН АЛА ДАЯРДАНЫШКАНБЫ?
«Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» дегендей, Бактыбек алган акчасын моюнуна албай жаткан учуру. Ал эми ошол эле кылмышты бирге кылган деп шектелген жээни АЗАТ өз көрсөтмөсүндө акча алышканын билдирүүдө.
– Таякем жүрү дегенинен эле баргам. Караңгы үйгө кирдик, алгач таякем сырттагы электр эсептегичтен жарыкты өчүргөн. Ал үйдө бир эже менен бир киши бар экен. Караңгыда көрбөй колумдагы фонарикти күйгүзүп алган элем. Үй ээси жарыкты көрүп мени көздөй келе жатканда колумдагы чүпүрөк оролгон темир менен бир чаптым да, коркуп кетип сыртка чуркап чыктым. Таякем кыйкырып чакырганынан кайра кирсем, ал аялды муунтуп жатыптыр. Жерде жаткан үй ээсин кайра чап дегенде дагы 2-3 жолу чаап жибердим. Кайсы жерине урдум билбейм, себеби караңгы болчу, башка тийди окшойт. Анан акчаны алдык. Суммасы канча экенин билбейм, бирок Бактыбек таякем мага 37 миң сомун бөлүп берген. Темирлерди таякемден алгам, чүпүрөк байлап дайындап койгон экен.
Кылмышты бирге кылган таяке-жээндин көрсөтмөлөрү ушундай эки башка чыгууда. Бактыбек «акча алган эмеспиз» деп танса, ал эми жээни 37 миң сомду таякеси бөлүп бергенин айтып жатат. Ошондой эле темирлердин башына чүпүрөктөрдү байлап, үйгө светти өчүрүп киришкени алардын бул кылмышка алдын ала даярданышканын көрсөтүп тургандай.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Үй ээсин өлтүрүп, 103 миң сомун алып кетишкен

Автор: Динара Абдыкадырова
Оператор: Кайрат Сарыбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(36)
SUPER.KG видео
24.12.2013. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
козу жаман экен эргулдун.турмодо чиришсин
SUPER.KG видео
24.12.2013. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
турмодо го отурушат,адам олтурушту.олгон киши жон жатпайт буларга.менин милиция кызматкерлерине тандана бергеним эмнеге бул баладан угузган жок канча акча экенин жон гана алып чыкканын акчаны жана болуп берген суммасын гана айтты,ал эми 103мин деп айпаган го.так иштегилечи биздин кызматкерлер.Б.Букаевдин олуму болсо ошол боюнча ар кандай шылтоолорду айтып жатышты эле ошол менен дайыны жок.айтпай турган жерлери бар дешип.
SUPER.KG видео
25.12.2013. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адамдар не эле болуп баратат.бирооно жамандык кылгандан да жаман ойлогондон коркосун го. жакында эле куйоомдун дос баласын 300 рубль учун олтуруп коюшту. алар жазасын алганын деле кудай билет. жашоо не болуп баратат тушунбойсун :(
SUPER.KG видео
25.12.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
өлүм жазасы тууралу мыйзамды кабыл алыш к.к ушуга окшогондорго адамдын өмүрүн чымындын өмүрүндөй ойлогон акмактарга
SUPER.KG видео
25.12.2013. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
adilet85. брат озу саналуу еле болсок анысы жетпегенсип жарымынан копу чет олкодо журушсо юолум жазасы мыйзамга кирсе КЫРГЫЗ калбай калатго итак еле бирин бири олтурушуп атышат. ар бир адам озуно озу жооп бериш керек КР да алкагольдук ичимдиктерти кичине кысыш керек. олум жазасы кытайдале болсо керек алардын сааны канча мамлекет батыра албайт .анда даа ото оор кылмыш кылгандар гана олум жазасына тартылат аттак кытайда деле 1 адамды олтургон атам олум жазасына тартылбайт .
06.01.2014. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
милицияны алдаганы менен барибир 10 жылдык темир тор кутуп турат буларды!
06.01.2014. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Beka90,10жыл азго бул айбандарга,айбандга да тенегим келбейт бундайларды
09.01.2014. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага берсе колу буттарын кесип жатып өлтүрөт элем!!!
10.01.2014. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Boru87, анда сен деле мыкаачы экенсин да,мындайларды жазалоочу биз эмеспиз
06.01.2014. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай адамдарды атып салыш керек камабай еле.
06.01.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камакта чирип олосунор акмактар. 103мин сом учун адамдын омурун кыйган канкорлор ит эмгендер мындайларды камакта чиритиш керек.
06.01.2014. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мындай акмактарды камабайле сразу атыш керек булар 10 жыл отурса дагы мындан жаман нерселерди жасайт
06.01.2014. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
адамдын уже айбандан да айырмасы жок болуп баратат, даже айбандан да хуже
06.01.2014. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атып салуу керек. Айбан дагы булардын алдында жакшыраак.
06.01.2014. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Иий уяты жоктор ушинтип тапкан акча менен уй булосун багышат да э? Тешип чыгат арам акча.Кудай сактай кор эркек да ушундай болобу, алар деген айбандар тура, атып салса да аз аларга уятсыздар! Бири албадым десе бири уялбай болуп берди дептир
06.01.2014. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларды тируулой комуп салыш керек !!!
06.01.2014. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аял кишиге кол которуп койуптур ал жагынан вообще жарыбайт булар и кишини олтургон сон булардында омуру тордун артында отуш керек
06.01.2014. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаттан болсун!
Жузу жоктор,алты санын аманбы иште элге окшоп мээнет кылып!
06.01.2014. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул эки зоокурду ушул кундо жыланач кылып,элдин алдында денелерин лезвия менен тилип,тилинген жерине калемпирден суртуп,раса кыйнаш керек.Ошондо биронун ооруган жанын тушунот.Буларды камабай эле колу менен бутун кесип инвалид кылып салыш керек.Турмодон ашып барса 5 айда чыгып алып,дагы билген богун жешет.Менттерге акча берсен эле кутуласында азыркы заманда.
07.01.2014. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ех адамдар акча учун емнелерге гана барбай жатышат
07.01.2014. 05:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир адам кылган ишине куну келип созсуз жооп берет.
07.01.2014. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маркумдун келинчегинен эле сурай коюшпайбы.уйдо канча акча бар эле,канчасы жоголду же жоголгон жокпу деп.ошондо билинет да
07.01.2014. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урунун жолу куш .эми турмодо чиришсин акмактар
07.01.2014. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстандагы кее бир адамдар ,селсаяктар жатарга жери жок кылмыш кылып турмого тушушот.себеби турмодо тамак аш уч маал берилет .жанбакканга болот.мындай кылмыштарга атуу деген окум чыгарбаса адамдар бири бирин жей беришет.
07.01.2014. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алар просто тип
08.01.2014. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул зөөкурлөрду жанын козуно корсотуп инивалит кылып буту колун белин сындырып анан сызоого отургузуш керек мурдадагы мал урдашса буларга кесип болуп калыптырда адам олтуруп мал урдап жан баккан
09.01.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга Кытайдын системасын киргизсе болмок...ууурулук кылганда еле колдору кесилип балким бул кылмышты кылганга мумкунчулугу жетпей калат эле.....
Кудайым баарыбызга ыйман берсин да!
09.01.2014. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Капаталари Өөго а
10.01.2014. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mr.katagan, ))))))
10.01.2014. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уяты жоктор ! кебетесинен корунуп турат акмак экени ! силер озунорду Аллахтан улуу кордунорбу... пендеге жан киргизген Аллах гана пенденин жанын алат ! уятсыздар элден жерден эмес силерге омур берген Аллахтан уялгылачы! зоокур иттер!
10.01.2014. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уурунун жолу кууш деп ата бабабыз бекер айтпаса керек!
12.01.2014. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал уйдо акча бар экенин жана каерде турганын алар кайдан билди
12.01.2014. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атууга окум кылыш керек эле айбандарды
22.01.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдын ала даярданышканын тобооо
27.01.2014. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фонтомаз го тообо кылдым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: