Авазбек Аманбеков:«КИЧИНЕКЕЙ БОЛУП ТУРУП ЧЕМПИОНСУҢБУ ДЕП ТАҢ КАЛЫШАТ»

№583 3-январь-9-январь, 2014-ж


Жакында Анталияда өткөн кикбокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда мушкерлерибизге ийгилик жылмайып, биз сөз кылчу каарманыбыз алтын медаль тагынды. «Башында апам «балам, бул спортту таштап эле койбойсуңбу» дечү, бирок кийин көнүп калды» деген кикбоксчу Авазбек Аманбеков бизди кызыктырган суроолорго жооп берди.

АМАНБЕКОВ АВАЗБЕК АМАНБЕКОВИЧ

Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 16-апрель
Туулган жери – Ош шаары
Бою, салмагы – 170 сантиметр, 57 килограмм
Билими – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын 5-курсунун студенти
Жетишкендиктери – 2008, 2009, 2010, 2012-жылдары кикбокс боюнча Кыргызстандын чемпиону
2013-жылы ушу-санда боюнча жана кармашып күрөшүү боюнча Кыргызстандын чемпиону
2011-жылы Москвада өткөн кикбокс боюнча Дүйнө кубогунда 2-орун
2013-жылы Анталияда өткөн кикбокс боюнча дүйнө чемпиондугунда 1-орун

– Авазбек, маекти кикбокско кантип келип калганыңдан баштасак, спорттун бул түрүн эмне үчүн тандадың эле?
-3-класста окуп жүргөндө таэквондо менен машыгып баштап, ал спорт боюнча көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Көп нерсени үйрөндүм, кара курдун ээси болдум. Кийинчерээк кикбокско кызыгуум артып, 10-класста окуп калганда кикбокско өтүп кеттим. Барганда эле машыктыруучу Маралбек Давлеткуловдун колуна барып, ал мени ошондон бери машыктырып келет. Ал киши мага көп нерселерди үйрөттү. Таэквондо деле жекеме-жеке уруш спорту болгондуктан, кикбокс экөөнүн окшоштуктары көп. Ошондуктан кыйналган деле жокмун. Кикбокс менен машыгып баштагандан 3-4 ай өткөн соң Кыргызстандын чемпиондугуна катышып, 1-орунду ээлегем.

– Анталияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда эмнелер эсиңде сакталып калды?
-Мен үчүн финал өтө оор болду. Башкаларын жеңип келип, максатыма жетишиме 1 эле кадам калган. Атаандашымдын бою менден узун жана жергиликтүү болчу. Эл аралык мелдештерде жергиликтүүлөр менен болгон беттеш башкаларга салыштырмалуу кыйыныраак. Биринчиден, ар жердин климаты ар башка, экинчиден, залдагы көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү жергиликтүү болуп, өздөрүнө күйөрмандык кылат эмеспи. Башында жакшы эле бараткам, бирок 3-раундда мен чарчап калып, атаандашым активдүүлүгүн көрсөтө баштады. Аны көргөн залдагылар көтөрүлө эле түштү. Жүздөгөн көрүүчүлөр мекендешине тартып «Түркия», «Түркия» деп кыйкырып киришти. Жакын жерде турган машыктыруучумдун кыйкырыгын угуп «мага деле күйөрмандык кылгандар бар турбайбы» деп шердене түшүп, күчүмдү топтоп араң жеңдим. Негизи күйөрмандар атыңды же «Кыргызстан» деп кыйкырып сүрөп турса, дух көтөрүлөт, ишеним пайда болот.

– Үй-бүлөң тууралуу айтып берсең, арасында спортко жакындары барбы?
-Атамдын кесиби токойчу, апамдыкы мугалим, бирок учурда жеке ишкерлик менен алектенишет. 4 бир тууганбыз, агам, эжем жана карындашым бар. Үйдөн мен гана спортко жакынмын.

– Кичинекей эле баладай көрүнөт экенсиң. Көчөдө жүргөндө тааныбай тийишип алгандарга кандай жооп бересиң?
-Андай учур деле болгон эмес, бирок спортчу экенимди жаңы билгендер таң калган учурлар көп болот. Бир ирет үйгө келген коноктор дубалда илинип турган медалдарымды көрүп, «спортчуну көрө кетели» деп күтүп отурушуптур. Ойлошсо керек, «чоң бирөө келет» деп, үйгө кирсем «Ой, балаңар ушубу, кипкичинекей эле экен го, кантип чемпион болуп жүрөт?» деп аябай таң калышкан.

– Негизи эле рингден сырткары көчөдө да мушташасыңбы?
-Көчөдө мушташкандын пайдасы жок, мушташпаганга аракет кылам.

– Спортчулар «разборкаларга» катышып калышат. Токмок жеп калган досторуңа болушкан учурлар болду беле?
-Анча-мынча болот, бирок мушташпай, сөз менен түшүндүрүп чечкенге аракет кылам.

– Мелдештерге ар ким өз чөнтөгүнөн барат дешет...
-Кикбокс олимпиадалык спорттун катарына кирбегендиктен, ага мамлекеттен акча бөлүнбөйт. Чет өлкөлөргө чыкканда виза ачтыруудан баштап, жол кире, ал жактагы жашоо сыяктуу бардык каражаттарыбызды өзүбүз көтөрөбүз. Менин бардык чыгымдарымды ата-энем төлөп берет. Мындан сырткары туугандар да жардам беришет.

– Чет өлкөлөрдөн сунуш түштү беле, түшсө эмне кыласың?
-Жок, андай чакыруу түшкөн эмес. Ойлонуп деле көрбөпмүн, «сунуш болсо эмне кылам?» деп. Өзүмдүн Казакстан же Орусия сыяктуу башка өлкөнүн желегин көтөрүп жатканымды деле элестете албайм.

– Бош убактыңды кантип өткөрөсүң?
-Бош убакыт болуп калса уктайм, музыка угам, кээде анча-мынча китеп окуп коём. Негедир көчөлөп жүргөндү же түнкү клубдарга барганды жактырбайм.

– Эмне үчүн юрист кесибин тандап калдың эле?
-Мектепте окуп жүргөндө экономист болгум келчү, бирок 2-курс болуп калганымда бул кесип мен үчүн эмес экенин түшүндүм. Ата-энем, досторум менен кеңешип, өзүм да көпкө ойлонуп юрист болууну чечип, которулуп кеттим. Келечекте кылмыштуулукка каршы күрөшсөм деген ойлорум бар.

– Иштериңе ийгилик! Өлкөбүздүн желегин желбиретип жүрө бер!

«Машыктыруучум Маралбек Давлеткулов мага көп нерселерди үйрөттү».

Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg



Авазбек Аманбеков: "Чемпионсуңбу деп таң калышат"

Автор: Динара Абдыкадырова
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(38)
SUPER.KG видео
04.01.2014. 05:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец класташ Сен менен сыймыктанабыз биз
SUPER.KG видео
04.01.2014. 05:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эч качан артка кайтпа алга. Дайым алдыдагы орундардын алдысы болуп жур ыйманына бекем бол
SUPER.KG видео
04.01.2014. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
красава
SUPER.KG видео
04.01.2014. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай мелдештерди видеолорун теледен көрсөтүп, оргиналын интернет сайттарга жүктөсөго баарына белгилүү болуп, Чемпиондорду тааный жүрөбүз. А бизде теледен кечке саясат, интернетте телефон менен тартылган видеолор. Канчалаган Дүйнө Чемпиондору эл ичинде аты таанылбай жүрөт!
SUPER.KG видео
05.01.2014. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Molochik!Udachi tebe!
SUPER.KG видео
05.01.2014. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
образованный, далеко пайдёшь, удачи
SUPER.KG видео
05.01.2014. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын сендей инилер коп болсун дагы коп коп ийгиликтерди жарата бер азаматсын
06.01.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын! Келечегин алдыда, дагыда коптогон ийгиликтердин ээси бол!
06.01.2014. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар бол тууган Сен багынтычуу ийгилик али алдыда
06.01.2014. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын кыргызстандын желегин желбирете бер ар качан ийгилик!
06.01.2014. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iygilik. Azamatsyn! Kyrgyzybyzda sendei jawtar kop bolsun.
06.01.2014. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы коп коп ийгиликтерге жетиш азамат
06.01.2014. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
браво азаматсын елл намысын коргогон жигие
06.01.2014. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мыкты жигиттерденго азаматсын дагы коп ийгилик жаратасын буйруса кыргызстандын сыймыгына жарап журо бер Оштун алдынкы жигиттеринен бол.
06.01.2014. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын! Кыргыз элинин намыской жигиттеринен бол, ийгилик сага жаш чемпион!
06.01.2014. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маладец сени алдыда ММА кутуп турат
06.01.2014. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Кыргызстанда сиздей жаштар кобойо берсин, эл учун бар болунуз!
07.01.2014. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat dosum
07.01.2014. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тренери красавчик экен
07.01.2014. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
WAKOдан сырткары K-1 версиясы жана башка чон уюмдардын чемпиону болушунду каалайм!!!
07.01.2014. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын ийгиликтерге жетишип кыргызстандын желеген желбирет. Куудул борончу байкеге аябай окшош экенсин куудулдук жагын жокпу кошуна эмессинби?
07.01.2014. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Авазбек
SUPER.KG видео
08.01.2014. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсын Авазбек ийгилик сага
09.01.2014. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын коп коп жетишкендике жетише бер.
10.01.2014. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат мыкты жигит
10.01.2014. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!!!аябай жакшы бала,5 маал намаз да окуйт,убагында чогуу иштешип калганбыз.сени коруп сыймыктанып жатам,ар дайым Кыргызстандын желегин желбиретип журо бер!
12.01.2014. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын
12.01.2014. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат ар дайым ийгилик коштосун.
SUPER.KG видео
22.01.2014. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аваз желаю по больше побед твоей жизни.
Медиа-портал
14.04.2015. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alga inim, Alga!!!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: