ТЕРЕЗЕДЕН МОР ЧЫГАРЫП, ТЕМИРДЕН МЕШ КОЛДОНГОН АК-ЖАР КОНУШУ

№588 07-февраль-13-февраль, 2014-ж


Барган сайын баш калаабыздын аянты кеңейип, айланасын каптаган жаңы конуштардын саны өсүп келет. Тургундар кандай шартта жашоодо? Электр энергиясы, ичүүчү суу менен жашоочулар кандай камсыз болуп жатат? Бул суроолорго жооп издеп Бишкек шаарынын түндүк тарабында жайгашкан Ак-Жар жаңы конушуна сапар тарттык.

КӨП ЖЫЛДАН БЕРИ МЫЙЗАМДАШТЫРЫЛБАГАН ЖЕРЛЕР
Ак-Жар жаңы конушуна 2005-жылдан баштап үйлөр курула баштаган. Март революциясынан кийин элдер ал жерлерди мыйзамсыз басып алышкан. Аталган жаңы конуш Бишкек шаарындагы «Дордой» базарына жакын жайгашып, анын жашоочулары 9 жыл өтсө дагы өздөрүнө тиешелүү жерлерин мыйзамдаштырыша элек. Ак-Жар конушу жайгашкан жерди Сейсмология институту 9 баллдык зилзалага туруктуу деген. Бул жердин топурагы борпоң болгондуктан, турак жай курууда пайдаланууга болбойт. Бирок жашоочулар үйлөрүн ошол эле топурактан куруп алышкан. «Мыйзам жок жерде көйгөй көп» дегендей, чынжырдай бирине бири уланган маселелерден баш адашып, айрымдарын тизмектегенге аракет кылдык.

«ӨЗ КИНДИГИН ӨЗҮ КЕСКЕН КОНУШ»
Ак-Жар конушу борбордук 1 көчө жана туурасынан жайгашкан 40 көчөдөн турат. Алар 5 кварталга бөлүнүп, аларга башчылар шайланган. Коммуналдык төлөмдөр, кварталдагы маселелер, айтор, бардык суроолор боюнча квартал башчылары маалымат топтоп, айыл өкмөткө кабарлап турат. 2 кварталга башчылык кылып иш алып барып жаткан РОЗА АЖЫГУЛОВАга жолугуп, кепке тарттык:
-Кыш чилдеде абалыбызды сурап, кабар алганы келгениңерге рахмат. Көрүп турасыздар, өз киндигибизди өзүбүз кесип эле жашап жатабыз. Мэриядан «жерди мыйзамсыз басып алгансыңар. Эми тилеген азабыңарды тартып жатасыңар» деп өгөйлөп коюшкан. Бул жерде жашаган эл деле жыргаганынан келип отурукташкан жок да. Көпчүлүгү бир кесим тилкеси, үй-жайы жок, айласыздан басып алчусун басып, сатып алчусун сатып алуу менен жер алып калгандар. Айылда атасы салган жалгыз там бардык баласына жетпейт да. Үй-бүлө куруп, тиричилик кылганы шаарга келгендер минтип жер алып калуу аракетинде.
Биздин конуш түзүлгөндө төрөлгөн балдар эми мектепте окуп калышты. Ошого карабастан бизде мектеп, бала бакча, ФАП жок. Ак-Жар конушу жайгашкан жер мурун Аламүдүн районуна карап, экс-депутат Арсланбек Малиевге 49 жылга ижарага берилген экен. Массалык басып алуулар болгон соң мыйзам боюнча жерди ижарага алган адам бир жылга чейин тиешелүү жактарга арызданышы керек эле. Бирок Малиев андай кадамдарга барган жок. Кезек мыйзамдаштырууга келгенде аймак Ленин районунун балансына өттү. Бирок Бишкек шаардык мэриясына кайрылып, шаардын карамагына кирүүгө уруксат ала алган жокпуз. Мэрияда жаңы конуш катары каттоодо турбагандан кийин «Бишкексууканал», «Түндүкэлектр» жана башка мамлекеттик ишканалар биздин муктаждыктарды аткарып беришпейт экен.

«СУУНУ САТЫП ИЧИП, ЧЫРАК МЕНЕН ОТУРЧУБУЗ»
-2011-жылы президенттик шайлоонун алдында Алмазбек Атамбаев экс-мэр Иса Өмүркулов менен келип, эл менен жолугушкан. Анда бизде суу да, жарык да жок болчу. Эл чырак менен түн кечирип, сууну болсо кыдырып саткан машиналардан сатып иччүбүз. Жолдор ошондо эле азыркыдай аң-чөнөк болчу. Маселебизди өз көзү менен көргөн ажо Өмүркуловго суроо салганда, ал конуш мыйзамсыз түзүлгөнүн билдирип, шаардык фонддон каражат бөлүнбөй турганын кабарлаган. Алмазбек Атамбаев айылыбызга жардам берерин айтып, кийин бюджеттен 36 миллион сом бөлдүрүп берди. Анын 16 миллион 600 миң сомуна зым карагай, электр чубалгыларды жана трансформаторлорду алдык. Алган зым карагайларыбыз 27 көчөгө чейин эле жетип, калгандарын эл өзү акча чогултуп койдурушту.
Электр энергиясын сатууга «Электросила» ЖЧКсы макул болду. Андан кийин 8 миллион сомго скважина каздырып, суу түтүктөрү алынды. Үчүнчү маселе жолго келип, бирок аныбыз оң тарапка чечилген жок. «Мостдорстрой» жеке ишканасы жол куруп берүүгө макулдугун берип, 5 миллион сомубузду алды да, 23-көчөгө чейин жука шагыл төгүп, бир ирет таптап коюп, «акчаңар жетпейт» деп кетип калды. Ошол боюнча жолубуз да калды, ички жолдордун абалын айтпай эле коёюн. Жазында келсеңер, ылайга белчеден батасыңар.

Ак-Жар конушу тууралуу жалпы маалымат алып, көчө кыдырып жөө жүрдүк. Байкашыбызча, айрым суу алуучу колонкалардын жанына басып барган из жок. Себебин тургундардан сурасак, иштен чыгып калганын айтышты.

«СУУ ТҮТҮКТӨРҮ ЖАРЫЛСА, ЭЧ КИМ ОҢДОО ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗБӨЙТ»
МЕДЕТ ОРОЗОБЕКОВ, Ак-Жар жаңы конушунун тургуну:
-Бул жактан жер сатып алганыбызга бир топ жыл болуп калды. Мен «Бишкексууканал» ишканасында иштейм. Бул жакка суунун келгенине 1 жарым жылдай болуп калды. Борбордук көчөгө коюлган колонкалардын айрымдары жарактан чыга баштады. Аны оңдоого «Бишкексууканал» ишканасы кызмат көрсөтпөйт. Себеби биздин аймак алардын балансында турбайт. Суу түтүктөрү жарылса да акчасы барлар эптеп чогултуп, жеке менчик ишканалардын жумушчуларын чакырып келип оңдотушат. Анан ар бир үй-бүлө шартына жараша суу тарттырып киргизип алышкан. Бири жоон, бири ичке суу түтүктөрүн сатып алып, каалаганындай киргизе бергендиктен, суунун басымы төмөн болуп, кээсине жетпей да калат. Ошондой эле электр энергиясын да бөлүштүрүү кызык маселе. Айрым үйлөрдө электр эсептегичи жок болгондуктан, кошунасы менен сүйлөшүп, анын зым карагайынын башына электр чубалгысын илип алып колдоно берет. Кийин жаккан энергиясынын эсеби чыгып келгенде дүмүрчөктөгү сумманы бөлүп төлөп коюшат.

Эшикте кыштын суугу бул. Ушундай шартта үйлөрүн кантип жылытышат болду экен деп сиз деле таң калып жатсаңыз керек, окурман. Биз дагы ушул суроо менен үйлөрдүн босогосун аттадык.

«МЕКТЕП АЛЫС, КЭЭДЕ БАРА АЛБАЙ КАЛАМ»
Кенебаевдердин үй-бүлөсүндө 5 бала бар. Атасы Ильяз «Дордой» базарында жүк ташуучу болуп иштейт. Апасы учурда бош. Ал эми бөбөктөрүн карап апасына жардам берген Жылдыз мектептин жоктугу кыйынчылык туудурарын айтат:
-Бизде мектеп жок. Окуучулар Келечек, Ак-Бата жаңы конуштарына барып окушат. Мен болсо Турбазадагы 46-мектепте 10-класста окуйм. Ал жак абдан алыс, кышкысын эртең менен караңгыда жөнөйм. Кээде алыстыгынан заарканып барбай да калам. Үйдүн бир эле бөлмөсүнө жылыткыч сайып, от жагып жашайбыз. Калганын жаап салабыз, анын баарын жылытканга көмүр жок да. Атам 2-3 күндө бир мүшөк көмүр алып келет.

«БИР МҮШӨК КӨМҮР ЭКИ КҮНГӨ ЖЕТЕТ»
Кийинки үй-бүлөнүн маселеси кокого жетип, башынан ашкан өңдүү. 74 жашка таяп калган СЫРГА МАКАМБАЕВА пенсиясы менен кызын жана
4 небересин багат:
-Кызымдын 19 жана 21 жаштагы эки баласы тең 1 жана 2-топтогу майып. Күйөө балам мындан 3 жыл мурун үй салганга акча таап келем деп Орусияга кеткен боюнча дайыны жок. Азыр балдардын атасынан кабар ала албай кызым да оорукчан балдары менен кыйналды. 6 кишиге жалгыз менин пенсиям кайдан жетсин же колдон-буттан алган эркек жок. Балдардын бирине 1500 сом жөлөкпул чыгат. Калгандарынын да документтерин тапшыралы десек, жашаган жерибиз мыйзамдаштырылбагандан кийин каттоого да тура албайт экенбиз. Ал эми каттоодо жок болсок, бизге ким документтерди тууралап бермек эле? Кудай балдардын ырыскысын берип, күнүмдүк тиричилигибиз өтүп жатат. 250-260 сомго бир мүшөк көмүр алабыз. Чындап жаксак аныбыз 2 күнгө араң жетет. Тирүүлүктө күн өтө берет тура. Дагы жакшы, кызыма башка балдарым жардам берип, ошолордун көмөгү менен күн өтүүдө.

Терезелерден мор чыгарып, темирден меш жасатып, дээрлик бардык үй от жагат. Ак-Жар конушун аттагандан тартып чыгып кеткиче тургундардын көйгөй артынан көйгөйлөрүн угуп кайттык.

Бир зым карагайга минтип 20дай үй-бүлө электр чубалгыларын илип алышкан.

Мештин айланасынан баарын тапса болот. Батек, бут кийим, суу куюлган идиштер жана казан-аяк.

Көмүрдү мүшөктөп алып келип коюп, ченеп жагышат.

Терезелерден мор чыгарып от жаккандыктан, түтүн туура эмес кетип, иске уулангандар да бар дешет.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Мыйзамсыз басып алынган Ак-Жар конушу

Автор: Динара Абдыкадырова
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(24)
SUPER.KG видео
08.02.2014. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстандын озундо турган жерди элге откоруп бере алышпайбы биздин чондор.анда баткенди соз кылбай койсок да болот экен.
SUPER.KG видео
08.02.2014. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шортуку ошо жерден мен жер сатып алган элем.
SUPER.KG видео
08.02.2014. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эх кыргызым баары жакшы болуп кетет КУДАКААЛАСА
SUPER.KG видео
08.02.2014. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
9 balldyk jer titiregenge 4ydasa anda byl jerge kabattuu uylordu kurush kerek, demek bul jer myizamdashtyrylyp berilbese kerek...

SUPER.KG видео
08.02.2014. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Союз маалында бул жер атайын экспертизадан үй куруп жашоого болбойт деп чыккан.Жердин оюгу бар,ага карабай басып алышып үй салышты,эми азабын өздөру тартып жатышат.
SUPER.KG видео
08.02.2014. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жерди мыйзамсыз басып алышканы аз келгенсип,дагы мамлекеттен умут этишип.
SUPER.KG видео
09.02.2014. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жашоочулар кечирип коюнуздар бирок озунор бышырган ашты озунор жеп жатыпсыздар. Мисалга алсак Россияда эле мумкун эмес деген жерге же опасная зона деп койсо жолошбойт биздикилер негедир мумкун эмес деген жерден жон албай басып алып анан мамлекет бербейт кылбайт дей беришет. Бишкек чоон айылга айланып калган кичине уй салаарда ойду келди ак чардак кылып бирин ошту бирин тошту каратып сала бербей архитекторлор менен макулдашып салсанар. Кечиргиле бирок бул ачуу чындык.
SUPER.KG видео
09.02.2014. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир жасаган жумушубуздун мыйзам чегинде болушу мыйзамдуу. Бирок мамлекет ушундай абалга жеткирбей, алдын алуу керек болчу. Менин эн тан калган нерсем, Ак жар конушун мыйзамдуу деп эсептей элек, ал жердеги жашоочулар Жогорку Кенешке жана Президенттик шайлоого катышты. Бул мыйзамдуубу же мыйзамсызбы? эгерде мамлекет ал жерди мыйзамдуу деп таанымайын, мыйзамдуу деп эсептелбейт. Ал жерди мен жакшы билем, тааныштарым жашайт. Ал жерге президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен акча болгон.
SUPER.KG видео
09.02.2014. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоонун алдында Ак жарда жашаган эл чогулуп кол топтоп президентке, мамлекеттик органдарга кайрылышкан, СДПК партиясына да барып шайлоодо биз баарыбыз СДПКны анан президенттикке талапкер Алмазбек Шаршеновичти колдоп берели, биздин кочолорго шагыл таштап, суу жана свет менен камсыз кылсын деп суранган, анан шайлоонун алдында свет менен кочолорго сууну тартырып берет. Ар бир уйго кирип эл каттоону баштап, шайлоого катыштырат. Блютен даярдалып баары СДПК жана Алмазбек Шаршеновичти шайланган деп..
SUPER.KG видео
09.02.2014. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага бироосу айтат, бизге ким бийликке келгени айырмасы деле жок, болгону бийликке келген тарап, биздин аракеттерибизди мыйзамдуу деп эсептеп, жердин ээси болууга шарт тузсо болду дейт. Ошол эле учурда мыйзамсыз жерге президент Алмазбек Шаршенович мамлекеттен кантип каражат болду? Бул аракети учун президент кийин кантип жооп берет? Ооба мен бул жерди мамлекеттин эсебине алып, элге беруусуно каршы эмесмин, бирок ал да мыйзамдуу проседуралардан отушу керек да! андан кийин каражат берсе болот.
10.02.2014. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
уйлору 2 кабатко ушуларда койгойбу алыскы тоолу айылдарга барып элдин койгойун укпайсынарбы сууну 5 6 чакырым алыстан ташып сиветтер жок айылдарды сурабайсынарбы
10.02.2014. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
басып алганды билгенден кийн ондошту да билиш керек го дейм да.....
10.02.2014. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх кыйынчылыктан кантип чыгабыз? Кыргызстан онугорууно эч ишенбейм.
11.02.2014. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээн баштыкты оздору баштаган мыйзамсыз басып алып. Дагы бийликтегилер унчукпай тим болушуптур. Мен баарын бульдозер менен сурдуруп салмакмын.
11.02.2014. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге шаарга жулунушат, ушундай шарт менен шаарда жашаганча айылда эле жашай беришпейби?...
11.02.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ханбийке, айылда жумуш жок да.
SUPER.KG видео
11.02.2014. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзамсыз басып алып курган уй жайын трактор менен суздуруп салыш керек! Мыйзамды Ажосунан бомжуна чейин эле кантип буза берсин! Мен негизи эле Бишкектин айланасындагы чабалекейдин уясындай ( кечирип койгула кимге катуу тийсе) кылып салынган жаны конуштарга каршымын! 20 жыл мурдагы Дубайды карагыла и азыркы корунушун карагыла ( аларда прогресс) и Бишкекти карагыла кандай кооз шаар эле эми кебетеси келишип калды ( бизде тескерисинче).
12.02.2014. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы мезгилде доо кылган эле адамдарды жолуктурасын. Анан эле бийлике капа, андан коро мыйзамдуу иш кылышса бир топ женил болмок. Албетте планда жок болгондон кийин бир топ кыйнчылык туулаары шекшиз.@@
14.02.2014. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга окшогон айылдар абдан коп Кыргызтанда ооо жогоруда отургандар барып кабар алышса болмок
14.02.2014. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми турмуш деген кыйын да . . . Мен мыйзамсыз дешкени м.н айласыздан болгон иш да . . .
14.02.2014. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй туугандар мыйзамдуу жерлерде баары ойдогудайбы.Кыргызстанда онугуп-оскон эч нерсе жок.Буга ким куноолуу-албетте бийлик.Инфраструктура 0,эч ким конул бурбайт.Булар айласыздыктан жерди басып алышкан.Мыйзамдуу айылдарда деле ушул койгойлор.
14.02.2014. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык.... комент жазгандар айдан тушкондой жазыпсынаргоо я.эми жаны конуш ушундай болотда.темболе баары дордойдо иштегендер болсо.жамбашты ороп ысык уйдо жазыш оной ...тобо кылгыла дагын ошо *айылда*жашап калбагыла.
15.02.2014. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Между гана прочим баардык айылдар ушинтип пайда болгон. Ак-жарга колумдан келсе жардам берет элем.. Ак-жар гана эмес буга окшогон толтура жаңы конуштар бар. Жер бош турганча адамдар пайдасына колдонгон жакшыго, жөн эле тургандан көрө
SUPER.KG видео
16.02.2014. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзамсыз басып алган жерге ким жардам бермек, бул кылмыш катары эсептелет. Мыйзамдуу жол менен турак жай салып, мамлекеттен талап кылсанар болмок, бизди карабай жатасынар деп. Баскынчылык менен мамлекеттин мыйзамдарына каршы чыгып жайгашып алгансынар, эми тыянакты озунор чыгаргыла...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: