Боом окуясы:МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИН ӨЛТҮРГӨНДӨРДҮ ТИРҮҮ КАРМАЙ АЛЫШПАДЫ

№589 14-февраль-20-февраль, 2014-ж


Балыкчы шаарына жакын жерде кылмышкерлер милиция кызматкерлерин атканы коомго дүң дей түшкөн окуя болду. Мындай окуяны кинодон гана көрүп жүрсөк, тилекке каршы, жашообузда да жолуга калып жүрөт. Ок жеген милиция кызматкерлеринин бири оор жаракат алса, экинчиси өмүрү менен коштошту. Көп өтпөй кылмышка шектелгендерди колго түшүргөнгө аракет көрүлдү. Бирок алар каршылык көрсөткөнү үчүн атышуу учурунда жок кылынды.

УНААДАН ТҮШӨ КАЛЫП ОК ЧЫГАРЫШКАН
ИИМдин берген маалыматына ылайык, окуя төмөнкүдөй болгон. Үстүбүздөгү жылдын 9-февраль күнү болжол менен саат 16:00 чамасында кызмат өтөп жаткан Балыкчы ШИИБинин 3 кызматкери катуу ылдамдыкта келе жаткан В87-87W номерлүү БМВ автоунаасын токтотууга аракет кылышкан. Бирок аталган унаанын айдоочусу милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей, Боом капчыгайы тарапка жүрүшүн улантат. Артынан түшкөн милиция кызматкерлери унааны кууп жетип, жол жээгине кысып токтотушкан. Ичинен 2 адам чыгып, бирөөсү күтүлбөгөн жерден тапанча менен милиция кызматкерлерин көздөй ок чыгарган. Андан соң 2 кылмышкер жолго чуркап чыгып, келе жаткан Ауди-А6 үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Айдоочусун жана жүргүнчүлөрдү тапанча менен коркутуп автоунаадан түшүрүп салып, ошол машина менен из жашырып кетишкен. Октон жараат алган 2 милиция кызматкери Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилип, бирок алардын бири Бакыт Абдраев эсине келбей каза тапкан.
Бул факт боюнча Балыкчы шаардык ИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 340-беренеси (укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу) жана 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш ишин козгогон.
Белгисиз кылмышкерлер таштап кеткен автоунааны текшерүү учурунда салондон бет кап, парик, бычак табылган.

ХИДЖАБ КИЙИП ЖАШЫРЫНУУНУ ОЙЛОШКОН
Кылмышка шектелгендердин өздүгү аныкталып, аларга издөө жарыяланган. Токтогул шаарчасынан милиция кызматкерлери алар башкарып бара жаткан автоунааны тоскондо кылмышкерлер дагы качып жөнөшөт. Көк-Бел ашуусуна жеткенде кылмышка шектүүлөр куугундан кутула албашын байкап, машинаны таштап, тоого жөө чыга качып кутулушат
Кылмышкерлердин биринин тууганы аларга аялдардын хиджаб кийимдерин бермекчи болуп Токтогулга барат. Алар хиджабдарды кийип качып кетүүнү пландашкан экен. «Бабур» кафесинен жолугушмакчы болуп, кылмышка шектүүлөр отурган автоунаанын айдоочусу кийимдерди алыш үчүн кафеге кирген учурда аларды кармоо операциясы башталат. Багынып берүү талабына ок атып каршылык көрсөтүшкөн кылмышкерлер атып өлтүрүлгөн.

КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨР КИМ БОЛГОН?
Кылмышкерлердин бири Заур Магомедов 1986-жылы Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында туулган. Улуту – лезгин. Мурун киши өлтүрүү жана каракчылык беренелери боюнча бир нече кылмыштарга шектелген. 2004-жылы да бир таксистти тоноп, өлтүрүп, Казакстанга качып кеткен. Ал эми туугандары анын изин жашыруу максатында «дайынсыз жоголду» деп издөөгө берип коюшкан. Заур Магомедов 2006-жылы Магамед Гаджиев деген ат менен Казакстандан жасалма паспорт сатып алган. Казакстанда жүрүп канча кылмыш кылганы белгисиз, бирок ал каракчылык боюнча 2 факты менен айыпталып, колго түшүрүлгөн. Казакстандын соттук-психиатриялык экспертизасы аны психикалык жактан жабыркаган деп таап, Талгар шаарындагы психиатриялык ооруканага мажбурлоо түрүндө дарыланууга жөнөткөн.
2012-жылы Кыргызстанга экстрадицияланып, бирок Кыргызстанда аны тергөө органдар кайрадан соттук-психиатриялык экспертизадан өткөрүшпөй, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар шаарчасындагы психиатриялык ооруканага жөнөтүшкөн. Мажбурлоо менен дарыланганы түшкөн Магомедов Талгардагы да, Кызыл-Жардагы да ооруканада ээн-эркин жүргөн. Ал тургай Кызыл-Жардагы ооруканадан каалаган убакта чыгып да кете алган. 2013-жылдын 31-декабрында да ал Бердимурат Арчаев, Рустам Бурканов менен Бишкек шаарында каракчылык кылышкан. Бизнесменди тоношкон эргулдар 50 миң доллар «пайда табышып», БМВ үлгүсүндөгү автоунааны сатып алышкан. Рустам Бурканов Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан мурун эле кармалып, ал эми анын шериктери качып жүрүшкөн. Бурканов кармалган учурда жанынан газ тапанчасы, скотч, бет каптар табылган. Үйүн тинткен учурда октору менен мылтык, Казакстан жана Кыргызстандын жарандарынын көптөгөн паспорттору, гашиш, чаптап коюучу сакал чыккан. Маалыматка караганда, Заур Магомедов жана Бердимурат Арчаев кезектеги кылмыш жасоо үчүн Каракол шаарына барышкан. Бирок Каракол шаарында 2 күн туруп, белгисиз себептерден улам бул кылмыш ишке ашпай, Бишкек шаарына кайтып келе жатышканда аларды милиция кызматкерлери тосушкан.
Дагы бир шектүү Бердимурат Арчаевдин биографиясындагы маалымат Заурдукуна караганда алда канча кыска. Ал 1971-жылы Аксы районунда туулган. Улуту – уйгур. Азырынча ал тууралуу башка маалымат жок.
Ал эми кылмышкерлер атылган автоунаанын ээси да кылмыштуу ишке жардамдашкан деп шектелип колго түшүрүлгөн. 1988-жылы туулган Токтогул районунун бул тургуну да алар менен кошо каракчылык кылмыштарына барып жүргөн деп шектелүүдө.

ТАБЫШМАКТУУ ЖАГДАЙЛАР
Эмне үчүн Заур Магомедовду Кыргызстанда кайрадан соттук-психиатриялык экспертизадан өткөрүшкөн эмес жана эмне үчүн ал ээн-эркин жүргөн, муну тергөө аныктамакчы. Бул боюнча Кызыл-Жардагы оорукананын кызматкерлерине карата Таш-Көмүр шаарынын прокуратурасы шалаакылык беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Прокуратуранын маалыматына караганда, Заур Магомедов 2014-жылдын 5-февралында ооруканадан качып кетсе, оорукананын жетекчилиги 7-февралда укук коргоо органдарына кайрылган. Ошондой эле Заур Магомедов 2013-жылдын 24-декабрынан 2014-жылдын 2-январына чейин да ооруканада жок болгон жана оорукананын жетекчилиги бул тууралуу укук коргоо органдарына билдиришкен эмес.
Рустам Бурканов да мурун оор кылмыштары үчүн 7 ирет соттолуп, Заур Магомедов менен чогуу Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканада мажбурлоо менен дарыланышы керек экен. Бирок белгисиз себептерден улам ал да эркиндикте жүрүп, кылмыштарга катышып отурат.
Кылмышка шектүүлөрдү тоскон учурда курман болгон жана жаракат алган милиция кызматкерлеринин жанында дагы бир милиция кызматкери болгон. Балыкчы ШИИБинин мыйзамсыз баңгизаттардын айланышына каршы күрөшүү бөлүмүнүн Нурбек Абдыкеримов аттуу кызматкери кесиптештерин атып жаткан учурда кайда болгону, эмне кылганы белгисиз. Бул боюнча кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат.

Каршылык көрсөткөн кылмышкерлер минтип ажал табышты.
bar>

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



Милиция кызматкерине ок чыгарган кылмышка шектүүлөр жок кылынды

Автор: Динара Абдыкадырова
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(81)
17.02.2014. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мумкун Боомдогу кылмышкерлер булар эместир? Кантип далилдешти экен ушул кылмышкерлер экенин?
17.02.2014. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иттерге-ит олуму болуптур. Эн туура.
17.02.2014. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы заманда акчан болсо дангал шорбо базарда дегендей акча чечет психиатрической больницада каалагандай жургону врачтарды акчага тойгузган олгону жакшы болуптур болбосо акчанын кучу менен абактан чыгып дагы коооп кылмыш кылып зыяны тиймек
17.02.2014. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Олгон кишилердин суротун эмнеге киргиздинер. Уялсанар боло.
17.02.2014. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Итке итей олум. Колу менен кылганды башы менен жоп беришти.кылмышкерлерди ушинтип ит аткандай атыш керек а то азыр каждый второй типа опг.
17.02.2014. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишенген жокмун, саясий оюн экенинде шегим жок! Видеосун коруп да эч эле чындыкка окшоштуралбай койдум!
17.02.2014. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
багынбаса багынан корушсун да
18.02.2014. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бизде закон жакшы болсо врачтарды жоопко тартыш керек качып кеткенин айтпаганы учун эгерде жоопко тартылбаса анда биздин бийликтегилер да ошолорго окшогон больной психология жактан акча деп.
18.02.2014. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми жанында болбогондон кийин ар кимин ар нерсени айта бербегиле
18.02.2014. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туугандар булар каршылык корсотуп жатышканда суротко тартып алыш кайдан болсун олтуруп туруп анан тартышкан атышуу болуп жатса бул жакта эн окунучтуусу Милиция кызматкеринин бул дуйнодон кош айтышып кете бергени болуптур аялы балдары
18.02.2014. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш куч орган дары, кыйратып айлык алышпайт анан минтип.... Жаткан жерлери жайлуу болсун
18.02.2014. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмышкерлерди өлтүрсө да балээ, тирүү калтырса да балээ болду го. Өлтүрсө буларды жөн өлтүргөн жок, бир нерсени жашырыш үчүн өлтүрдү дешет. Тирүү кармаса, булар өлтүрбөй мына тирүү кармап алып эми достошот дешет. Деги кызык эле адамдар бар арабызда.
18.02.2014. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
еч нерсе айталбайм
18.02.2014. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чындыгында окшошпоптур,видеосун деле кордум.Кандары деле акпайле го,краскадай болуп эле.Бирок эми коз менен корбогондон кийин...
18.02.2014. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо Кыргыз элим озунун мекенинде ээн эркин жашай албайбы. Не деген шумдук бул. Тем более милиция кызматкери чет элдик улуттардын колунан каза таап жатат. Кайда биздин "Манастын рухтары"
18.02.2014. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондо Токтогу шаарчадан кармалыштыбы? Суперинфо
18.02.2014. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
врачтар куноолу да,эркине коюп
18.02.2014. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaira ele sotko akcha beret da chygyp ketet kylmywkerler
19.02.2014. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
каза болгон милиция кызматкеринин жайы жаннатта болсун, калган омурун балдары жана аялы жашасын.... окунучтуу... бул акмактарды ликвидациялаганы эн жакшы болуптур. Бардык оор кылмышкерлерди сразу ушунтиш керек. Антпесе мына ушундай жапжаш эч куноосу жок инсандар ошол акмактардын колунан каза таап жатышат..... (((( Кудай оз жазасын берсин аларга ошол дуйнодо!
19.02.2014. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
милициялар оздорунун коопсуздугуна шек келип атканда катуу иштешет да!!!жонокой пример тируу да коюшпайт надо будет!!! кимиси ак болсо жаткан жерлери жайлуу топурагы торко болсун
21.02.2014. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул озу болгон окуя. айдоочунун эч кандай тиешеси жок бул жерде,хиджап жондо бул жалган. и анан кылмышкерлер эс алып жаткан жеринен машинанын артынан да алдынан да bmw улгусундого эки капля келип калашниктер менен аткылашкан бул чындык!!!
21.02.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаманго журогум тушуп калды ... ушул болгон Кылмышкерлердин баарын жок кылыш керек ... бироу алардын жоголуп кетиши кыйынго не кереги бар дейм да адам баласына ушунун баары .. жаткан жерлери жайлуу болсун!
SUPER.KG видео
21.02.2014. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алар кимдер неге тируу кармаган жок жондон жон эле атып суулу керек экенда аа
21.02.2014. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bular kancha kiwinin omuruno kol saldy kim bilet.kudai bularga uwundai jazany berdi da.allahym ozu kalystyk kyldy da....uwundai kylbasa baary ten koop ketiwti...
22.02.2014. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
olgon adamdardy karwylyk korsootkon jok dep jatasynar..karwylyk korsotso bawkacha olot bele!????
22.02.2014. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каршылык корсотуп, атышып олгондой турлору жок. Же ошончолук жайбаракат, салкын кандуу, токтоо кылмышкерлер окшобойбу.
23.02.2014. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милиция кызматкерлери оздорунун ишине тын болушса бирде болбосо биринде ушундай бандиттер атып кетет колунан келет алардын ошого алдын ала оздоруно бекем болушса
23.02.2014. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рас болуптур атып салышканы. Алардын кимге кереги бар. Жырткыч айбандар.
24.02.2014. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alai1987,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
11.03.2014. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул бечараларды псих больницада жаткан жеринен алып чыгып олтуруп койушкак окшойт? делону жабыш учун...
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: