«КЫЗДАРЫҢДЫ МУУЗДАП САЛАБЫЗ ДЕП КОРКУТУШТУ»

№590 21-февраль-27-февраль, 2014-ж


«Түнкү саат бирден өтүп калган. Эшик тыкылдап, сырттан бир нече адамдын дабышы угулду. Оюмда эч нерсе жок эле туруп барып эшикти ачсам, 3-4 киши кирип келип, мени эки-үч ирет бычак менен сайып жиберишти...» Учурда ооруканада дарыланып жаткан жабырлануучу окуяны ушинтип баяндап баштады.

ТОНООЧУЛАР ҮЙ ЭЭСИН ЖАКШЫ ТААНЫШКАН
30-январь түнү Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн айылында жайгашкан үйлөрдүн бирине кара моюн орогучтар менен жүзүн чүмбөттөгөн 5 адам бычак менен куралданып тоноого киришкен. Алар үй ээсине 5 жолу бычак сайып, акча талап кылышып, 8 жаштагы жана 1 жашар кичине кызын, үй ээсинин жубайын муунтуп кыйнашкан. Талап кылган сумма жок болгондуктан 5000 сомго жетпеген акча, уюлдук телефон, зер буюмдарды карматып кутулушкан.
Окуя тууралуу билели деп Чүй облустук бириктирилген ооруканасында бычактан алган жараатынан улам дарыланып жаткан Атабек Сабировго барып жолуктук. Тердеп-кургап окуяны кыйла оорчулук менен баяндап жаткан бейтаптын абалы учурунда оор болгону сезилип турду. Атабектин айтымында, уурулардын арасында аны тааныган жана акчасы бар экенин билген адамдар болгон.

«АКЧА СУРАП КЕЛГЕН БАЛДАРДАН ЭКЕН ДЕГЕМ»
«Окуя болгон күнү үйдүн биринчи кабатында мен, жубайым, эки кичине кызым, үстүнкү кабатта иним менен агам уктап жатышкан болчу» дейт АТАБЕК САБИРОВ.
– Аламүдүн районуна караштуу Эне-Сай конушунда эмерек жасоочу чакан цехим бар. Үйдүн алдыңкы бөлүгүндө цех жайгашкан. Ал эми үстүндө өзүбүз жашачубуз. 30-январь күнү түнкү саат бирден өтүп калганда эшик тыкылдап, «Атабек» деп кыйкырган кишилердин үнү угулду. Менин цехимде иштеген балдар маселе чыгып калганда кайсы убак болбосун аванс же карызга акча сурап келип калышчу. Зарыгып тургандарына акча берип калчумун. Ошондой балдардын бири болсо керек деп ойлодум.
Короонун жарыгын күйгүзсөм күйбөй койду. Көрсө, алдын ала лампочканы бурап коюшкан экен. Эшикти ачарым менен 3-4 бет капчан кишилер кирип келип, мени муштап калышты. Алгач сезген деле эмесмин. Бир маалда дем жетишпей калганынан карасам кан ага баштаптыр. Бычак менен сайганын ошондо билдим. Мени сүйрөп үйгө алып кирип, кире бериштеги диванга жаткырып коюшуп, акча талап кыла башташты. Үйдө акча кармачу эмесмин, алар талап кылган сумма да жок болчу. Аялымды, 1-класста окуган жана 1 жаштагы кичинекей кыздарымды алдыма алып келишти. Үйдү чарыктай чачып тинтип киришти. Денем муздап, алым кете баштады. Эси-дартымдын баары кыздарымда болуп, кантип куткарсам деп айла издеп жаттым. Аялымды, эки кызымды тең кекиртектен кармап так көтөрүшүп, бир нече убакыт муунтуп турушту. Кыздарымдын ыйлаганга алы жок, аялым болсо тилин тиштеп калды. «Акча бар, бирок аз эле, коё бергиле, үстүнкү кабаттан барып алып келсин» десем, аялымды коё беришти. 5 миң сомго жетпеген акча бар болчу. Чуркап барып аны алып келе калды. Аялым акчага чыкканда үстүнкү кабатта уктап жаткан агам менен иним да ойгонуп, ылдый түшүп келишти. Бирок аларды дагы тоноочулар «жакындасаңар кыздарыңарды мууздап салабыз» деп коркутушуп, жолотпой коюшту.
Өзүм алардан корккон жокмун. Алган жараатыма карабай кыздарымды куткарууга шаштым. Кыздарымды коё беришип, качып кетишти. Иним менен агам аркасынан чыгып, таппай калышыптыр. Мени ооруканага алып келишти. Каргашалуу түн андай болорун билсем, эшикти эч кимге ачпайт элем да.
Үйгө кирген уурулардын өз ара сүйлөшүүсүнөн улам менин кол алдымда эле иштеп жүргөн балдар экенин билдим. Алар «сенде азыр 200 миң сом акча бар. Эртең жумушчуларга айлык берчү күнүң го. Алып чык ошол акчаңды, болбосо кыздарыңды, аялыңды кошуп өлтүрүп салабыз» деп коркутушту. Мындан улам бул каракчылыкты менин кайсы маалда жумушчуларга канча айлык маяна береримди билген эле адам уюштурган деп ойлойм.

«БАЙКЕМ КАНГА ЧЫЛАНЫП ЖАТЫПТЫР»
Окуянын күбөсү, үй ээсинин иниси ЭЛЬДАР МАТАЕВ окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:
– Байкем экөөбүз үстүнкү кабатта уктап жатканбыз. Дабыштарды угуп төмөн түшөлү деп жатсак эле жеңем «Акча. Акчаны бергиле!» деп кыйкырып биз жаткан бөлмөгө кирип келди. Бир нерсе болгонун дароо түшүнүп, кийинип жатсак бетине моюн орогучтарды оронгон эки киши кирип келди. Колдорунда бычак бар экен. Дароо токтоп калдык. Жеңеме кошуп бизди дагы алдыларына салып алып түшүштү. Ылдыйкы кабатта байкем канга чыланып жатыптыр. Алчусун алып, бизди жакындатпай эле чыгып кетишти. Байкеме жардам көрсөткүчө уурулар качып кетишти, таппай калдык.

«БЕЙТАПКА ООР ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ»
Жабырлануучу АТАБЕК САБИРОВго операция жасаган Чүй облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн врач-хирургу Ярмухамед Абдулбакиев бейтап өтө оор операцияны көтөргөндүгүн айтат:
– Бейтап Атабек Сабиров бизге учтуу нерседен 5 жеринен жаракат алган абалда келди. Анын үчөө башына сайылып, баш терисин айрып, бирок сөөктөн өткөн эмес. Ал эми экөө сол капталынан сайылып, ал өпкөсүн жырып өтүп, ашказанын тешип кеткен. Натыйжада ашказанындагы жеген тамак-ашы өпкөсүндөгү жаракатка кирип, анын ичи булганган. Бул хирургиядагы өтө коркунучтуу абал. Биз дароо эле операцияга даярдап, өз ишибизди кыла баштадык. Анын ашказанын жууп, тигип, андан соң өпкөсүн да жууп-тазалап, тиктик. Буюрса, жакшы болуп калды. 3-4 күндүн ичинде үйүнө чыгарабыз.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨР КОЛГО ТҮШҮРҮЛДҮ»
Окуядан коркуп калган кичинекей кыздардын абалы сизди дагы кызыктырып жатса керек. Алар тууралуу сураганыбызда ооруканада дарыланып чыгышты деп маалымат беришти. Ал эми кожоюнунан акча уурдап алабыз дешкен шылуундар колго түшүрүлдү. Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын ага тергөөчүсү АЙБЕК АРЗИМАТОВ алардын өздүгү такталып, кайсы кылмыш козголгонун кабарлады:
– Кылмыш тууралуу бизге маалымат келип түшкөндө ыкчам иликтөө тобу окуя болгон аймактарды издөөгө алып, кылмышка шектүү 5 жаранды кармашты. Алар: Нурбек Наралиев, Асылбек уулу Эрмек, Дастан Камчыбеков, Казыбек Осмонов, Улан Өмүрбеков аттуу адамдар. Кылмышка шектелип кармалгандардын бири жабырлануучунун эмерек жасоочу цехинде иштечү экен. Окуя болгон күндүн эртеси айлык берилерин билишип, кылмышты уюштурушкан. Алар учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, алардын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Кызматкери кожоюнун бычактап кеткен

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(83)
25.02.2014. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астагфируллох буга окшогон иттер тушумода кирип чыкты Аллахым озун сакта
25.02.2014. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
200000 тапкычтар кылмыш кырк жылда билинет дейт го жазасын алыш керек созсуз каракчылар
25.02.2014. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш байкеге жаман болуптур тез сакайып кетсин,кыздарына боорум ооруп атат оздору кичинекей болсо.оногу туру суук шакалдарга Аллах озу жазасын берет убагында.Бироого жамандык кылсан, оз башына келет дегендей.
25.02.2014. 05:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Наралиев мн К,осмонов откондо эле бир кылмышка шектуу еп кармашты элего не бул балдар ИИМдин клиенттери?
25.02.2014. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул мыкаачылар кыздардын да психикасына доо кетиришти. Жашоодо мындан кийин эч жамандык корбогуло.
SUPER.KG видео
25.02.2014. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бул дагы мекенибизде жумушсуздуктан келип чыгып жатат да туурабы?Эгер мамлекетибизде баары жетиштуу болуп ал балдарга да жумуш орундары болсо менимче мындай уурулук каракчылык тоноо иштерине барышбаса кекек деп ойлойм...
25.02.2014. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аларды дарга азып олтуруш керек кыйнап оздору кыйнагандай кылып ушундай адамдарды кыйнап жок кылыш керек
25.02.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
legenda 23 азыр коррупция деген жакшы нерсе бар эмеспи.
01.04.2014. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saiychka, туура айтасыз.алыш бериш дегендей.биргелеп жан багышатда!
25.02.2014. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myndaylarga olum jazasyn berish kerek!
25.02.2014. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кишини кудай колдоптур жакшы болуп кетсин!!!Тиги акмактар турмодо чиришсин!!!
SUPER.KG видео
25.02.2014. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хххх экенго
Модератор admin_media түзөттү 26.02.2014 10:20
25.02.2014. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаптыр
25.02.2014. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай эне туудукен ушуга окшогондорду олугун талаада калгыр айбандар
26.02.2014. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта заман кайда баратат жаштар арам бекер тамак издебей иштешпейби ата эне мээнет кылып багатко уулум чонойсо багат мени деп ата эненин АК сутун актайлы
26.02.2014. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Закон иштебеген жерде кылмыш коп болот.Коркпойт да,эртен болбогон акчага сатылып,бул туру сууктарды бошотуп коёт
SUPER.KG видео
26.02.2014. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буларды актап чыгарып жибербесе болду эми
26.02.2014. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олум жазасын киргизиш керек. Колдоп койсонор.
27.02.2014. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кылмышкерлерди еле емес атка минер чиновниктердида камаш керек законду иштетиш керекда мондат талашкандан коро
27.02.2014. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы емес албетте негизгиси, кылган кылмышына карап жаза алышса тоок уурдап он жылга кесилип кеткендерда барго
27.02.2014. 05:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Katuu jasa berish kerek!
27.02.2014. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу калыс озу губоо Кудай берсин жазасын
28.02.2014. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suyunu4bekova,
Эскертүү!
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек.
28.02.2014. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактак кор
28.02.2014. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын ак эмгек менен акча таап оокот кылсанар болмок акмактар ,эми турмоодо чиригиле.
01.03.2014. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туру суук немелер эми турмодо чиришсин!
01.03.2014. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айбандар оной акча табабыз деп темир торго туштунорбу кудай озу сактасын баарыбызды ушундай жырткычтардан..
02.03.2014. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туру суук балдар экен оздору дагы темир тордун артында корушсун корбогон кыйындыкты
02.03.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атабек Сабиров ххх бул эмне эле ага болушасынар
Модератор admin_media түзөттү 03.03.2014 12:52
03.03.2014. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
joni8102,
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга, ушундай иш-аракеттерди жасоого тыюу салган талап бар. БАНга!
SUPER.KG видео
24.05.2014. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акмактар
SUPER.KG видео
25.05.2014. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай ыймансыз балдарды кудай таалам жазаласын.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: