КАРА-БАЛТАДА 9 ЖАШАР КЫЗ ЗӨӨКҮРЛҮК МЕНЕН ӨЛТҮРҮЛДҮ

№594 21-март-27-март, 2014-ж


10-марттан тарта Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймактарында удаасынан жаш кыздардын киши колдуу болуп каза болушу катталып, алардын зөөкүрлөрдүн кыйноосу менен каза тапканы коомчулуктун үрөйүн учурду. Киши колдуу болуп каза тапкан кыздардын эң кичинеси 9 жашта. Бул кылмыш Кара-Балта шаарында катталган.

«КЫЗЫНЫН ӨЛҮМҮН АПАСЫНА УГУЗУШ КЫЙЫН БОЛДУ»
Үстүбүздөгү жылдын 15-мартында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарынан өспүрүм кыздын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. «Биз барганда кыздын денеси али муздай элек экен. Чамасы, жаны чыкканына бир саат боло элек окшойт. Кыздын ким экендигин тактоого аракет жасай баштадык» деген Жайыл РИИБинин ыкчам иликтөө тобунун кызматкери БЕКСУЛТАН МОМУНКУЛОВ окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Окуя болгон жерде кыз көмкөрөсүнөн жана шымы ылдый шыпырылып, бир буту жылаңач, экинчи бутунда шымдын бир багелеги кийгизилген абалда жатыптыр. Ошондой эле кан болгон таш жана эркектин күрмөсү өлүктүн жанынан табылды. Сураштырсак, каза болгон кыз жакын эле жерде жайгашкан барак тибинде салынган үйдүн тургуну экен.
Жаш өспүрүм кыз Кара-Балта шаарындагы №1-мектептин 3-классында окуган 2005-жылы туулган Гүлира Турдукалиева экендиги аныкталды. Үйүнө кирсек, анын апасы эч нерседен капарсыз отуруптур, кош бойлуу да экен. Кызынын өлгөнүн угузуш кыйынга турду. Анын кайда экенин сурасак, «таежемдин баласы Амантур менен кетти эле. Бир аз эле болду, эжекесинин үйүнө «ходунок» жеткизип кетишкен» деди. Андан соң медицина кызматкерлеринен жана психиатрия бөлүмүнөн кишилерди чакырып, кош бойлуу апасына окуя тууралуу угуздук. «Эсин жоготуп койду» дешти. Кылмышка шектүүнүн сары изине чөп салып, издөө иштерин жүргүзө баштадык. Гүлира менен кеткен Амантур Тургунбек уулу Совет көчөсүндөгү 136 номерлүү үйдө жашаары аныкталды. Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда кан болгон бут кийим жана ылай болгон Амантурга тиешелүү шым табылды.
Алгач "каза болгон кызды зордуктап, андан соң таш менен башын жарып өлтүрүп качып кетиши мүмкүн" деген божомолдор бар болчу. Бирок кыздын денесин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүп, алгачкы жыйынтыктарында кызга жыныстык зомбулук көрсөтүлбөгөнү аныкталды. Мындан улам "кылмышка шектүү өспүрүм кызды зордуктоого аракет жасап, бирок ал өлүп калган соң коркконунан из жашырып кеткен" деген божомолго келдик. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кыздын кыйкырган үнүн уккандар болгонун аныктадык. Алар бул аймакта кыйкырык салып жаш балдар көп ойногондугунан улам маани бербегендиктерин айтышты.
Биздин бөлүмгө болжол менен 15:45те маалымат келип түшкөн. Сыягы, кылмыш түшкү саат 3кө чукул болгон окшойт. Эртеси, тактап айтканда, 16-март күнү Амантур Тургунбек уулу Жайыл районунун Орто-Суу айылына жакын жердеги бир кашарда жашынып жаткан жеринен колго түшүрүлүп, биринчи суракта эле кылмышын мойнуна алды.

«МАСТЫКТЫН АЙЫНАН ӨЛТҮРҮП АЛДЫМ»
Жайыл РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта жаткан кылмышка шектүү АМАНТУР ТУРГУНБЕК УУЛУ бөлөсүнүн кызын өлтүрүүгө эмне себеп болгонун айтып берди:
– Теңтуш балам 14-мартта үйлөнүп, ошондон бери ичип жүргөм. 15-мартта түшкө маал башым ооруп үйдө жатсам улуу эжем Залина эжемдикине (бөлөсү) «баланын «ходуногун» алып келип берчи» деп жумшап калды. Садовое көчөсүндө жашаган Залина эжемдикине барып «башым ооруп жатат» десем 2 жарым литрлик баклажкадагы сырадан бирди сатып берди. Мен аны ошол жерде отуруп эле өзүм жалгыз түгөтүп койдум.
Кызуу болуп калгандыктан Залина эжем «ходунокту» колума берип, кызы Гүлираны мени жолго жатып калбасын, жеткирип койсун деп кошуп берди. Үйдөн чыгып 100 метрдей баскандан кийин эле кичине кызга кызыгып кеттим. Көзүмө ээн жер урунуп, гараждардын артына Гүлираны алдап алып бардым. «Ходунокту» бери жакка коюп, кууш жердин туюк болуп бүтүп калган түбүнө чейин бардык. Алгач таш менен эки ирет башка урганымды билем, андан аркы окуя эсимде жок. Бир маалда эсиме келсем Гүлира жерде жатыптыр. Жер кан экен. Коркуп кетип түз эле үйгө барып, кийимдеримди алмаштырып, качып кеттим. Мастыктын айынан болуп кетти. Өлтүрөйүн деген оюм жок болчу, кылган ишиме аябай өкүнүп жатам.

«ЭКСПЕРТИЗА ӨСПҮРҮМ КЫЗДЫН ЗОРДУКТАЛБАГАНЫН АНЫКТАДЫ»
Аталган кылмыш иши жана кылмышка шектүү катары колго түшүрүлгөн Амантур Тургунбек уулу тууралуу Жайыл РИИБинин башчысы РААД МЫРЗАКАНОВ төмөндөгүдөй маалымат берди:
– Бул факт боюнча Жайыл РИИБинин тер­гөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү Амантур Тургунбек уулу бейбаш болгон. 18ге толгонуна аз эле болуптур. Базарда жем сатып иштеп жүргөн ата-энесине жардам берчү экен. Ал эми Гүлира Турдукалиеванын зордукталбагандыгын аныкташты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Каза болгон Гүлира Турдукалиевдердин тун кызы болгон. Үй-бүлө төртүнчү баласын күтүп жатышат. Гүлиранын кош бойлуу апасы каргашалуу кабар уккан соң оор абалда ооруканага түшүп, учурда дарыланып жаткандыгынан кабардар болдук.
Тилекке каршы, коомубузда буга окшогон окуялар көп болууда. Жаш өспүрүмдөрдү, айрыкча кыз балдарды катуу көзөмөлдөп, кооптуу жана чоочун жайларга чала тааныш адамдар менен жиберүүдө сак болгулачы, ата-энелер!

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



9 жашар кызды таш менен уруп өлтүргөн

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(86)
25.03.2014. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуном деп койот акмак. Алла жазанды берсин ит
25.03.2014. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
адамдар бара бара айбан еле болуп кала турган болдук. Куноосу жок жаш кыз ушундай .......... бундай адамдарды эмне деп аташты да билбейм. олтуруп салсан да аздык кылат
26.03.2014. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай окуяларды окусам журогум ооруп ооруп кетет.
26.03.2014. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен аны озун зоордуктамакмын ит десе..........:(
26.03.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээх Гулирага бооруп жатат. Жаткан жерин жайлууу болсун!!! Кудайым алам дегенин алат экен берем дегенин берет экен окунучтуу!!
26.03.2014. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Araktyn kesepeti da
26.03.2014. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaw kyzda emne aiyp eken a..
26.03.2014. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх кыз өтө эле жаш экен да. 9 жашта кичинекей кыз да. Жаман болуптур. Жаткан жери жайлуу болсун. Прямой путевка менен бейишке барат. Апасына жалько
26.03.2014. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээээх эмнелер болуп жатат эээ
27.03.2014. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакын арада соту болбой туруп чыгып кетпешин тилесенер... Атып эле салыш керек айбанды!
27.03.2014. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озум жазасы да аздык кылат,энени баладан ажыраткан акмак
27.03.2014. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай нерселерге закон жазыш керек! Борбордук стадиондо кесип салыш керек эн жакшы жазасы ушул
27.03.2014. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динсиздиктин кесепети!
28.03.2014. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айбан, тарбиясыз. Чирип олсун. Зордукталбаганы менен, зордуктоого аракет кылгандыгын унутпоо керек. Окум чыгараарда кокустуктан киши олтурду болуп чыга келбесин. Адам кайтыш болду, болгондо да жаш бала. Жесткий приговор нужен от суда. И никаких нареканий на размягчение
28.03.2014. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ары Жака бара турган болсо, ОЗУ жашнакай кыздын кейпин кийет.
28.03.2014. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Askarali,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 10 күн БАНга!
28.03.2014. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атып салыш керек мындай айбанды
28.03.2014. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун,зокурдун жазасын аллах берсин.
28.03.2014. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таш баран кылыш керек ал да аз буга
29.03.2014. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр го аны по любому камашат,бизде олум жазасы деген жок.Баарынан да коркунучтуусу эртен он жыл болобу,он беш жыл болобу ал турмодон убактысы бутуп чыгат.Ал чыккандан кийин адам боло беле?!Дагы бироонун бактысына балта чабат.Ошолордун баарын эске алып,аны омур бою турмодо отура турган чечим чыгарыш керек.
29.03.2014. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таш баран дегенге кошулам акыркы убактарда мындай
29.03.2014. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таш баран дегенге кошулам акыркы убактарда мындай кылмыштуулуктун саны кобойуп келет.
29.03.2014. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ywyny kilgandan koro olyp ele albaiby
29.03.2014. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келгиле туугандар ушул аракты ичпейличииии сураныч!!!
29.03.2014. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
И кыздар озунорду айагылачы
30.03.2014. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш бала татынакай жигит экен точнее жигит эмес малыш экен жапжаш туруп ушундай арам арак менен арам зордуктоого кантип дити барды.... Уят эле уул баланын курагында биз ойноп жургонбуз арак эмес коланы да билбеген экенбиз .... Кокустук болуп кеткен да кыздын жаткан жери жайлуу болсун. Жакындарына сабырдуулук илейм. Ал эми Залина эжекеси башы ооруса пиво эмес дары бергенге башы жетпептир да ....
31.03.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meerim94,
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат!
SUPER.KG видео
01.04.2014. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бычып салындар бул аканы
SUPER.KG видео
04.04.2014. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжекеси дагы акмак да,кантип уялбай башын жазып берет ичпе дегендин ордуна. Жапжаш туруп ушинтип журсо,ал тургай ташка дагы пайдасы жок! Кудай озу жазаласын!!!!
24.04.2014. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбанго, ушундай эле болбой жатса саунага барбайбы дебил! Мастыка шылтоолоп коюу - бул жон гана 6 жашар жаш баланы алдоо деп эсептейт элем. Мас болсо да баарын билет, жон гана "нагло " алдайт адамды!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: