
Үстүбүздө 21-кылым. Коом өсүп-өнүгүүнүн үстүндө. Бирок замандын шарына аралаша албай калган адамдар да жок эмес. Алардын бири 4 жылдан бери талаада казылган жер төлөдө жашап келген Клименколордун үй-бүлөсү.
Аталган үй-бүлө Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айыл округуна тиешелүү аймакта жер төлө казып алып баш калкалашат. Үстүнөн караганда аталган турак жай жер менен жер болуп билинбейт. Дөңсөөнү айланып өтүп, секиден ылдый түшкөндө гана жер төлөнүн алдыңкы бети көрүнөт. Узуну 4,5-5 ал эми туурасы 2 метрдей жер төлөдө үй ээси Александр Клименко, жубайы Марина, уулу Николай жана Маринанын курбусу Нурия баш калкалап келишет.
Николай учурда 6 жашта. Келечекте учкуч болууну самайт. Апасы менен анын курбусу Нурия Бишкек шаардык таштанды төгүүчү жайдан ар түрдүү акыр-чикирди терип келишет. Жарактуусун тиричиликте колдонуп, жарабаганын мешке жагышат.
Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып баруучу инспекция тиешелүү документтерди топтоп, Николайды реабилитациялык борборлордун бирине өткөрүштү. Николайдын ата-энеси аны дем алыш күндөрү үйүнө алып кетип турушат.
Талааны байырлаган үй-бүлө буга чейин Ленин айылында жашаган Маринанын бир тууган эжесинин үйүндө баш калкалашчу. «Саша бир аз сеп этип койчу. Ал 2-топтогу майып. Уулубуз Николай 2 жашка чыгып калганда жездем менен жолдошум батыша албай, чыгып кетүүгө аргасыз болдук. Ар кайсы булуң-бурчта күн кечирип жүрүп, ушул жерди көрдүк да, баш калкалоочу жай кылып алдык» дейт 41 жаштагы Марина.
Жергиликтүү бийлик буга чейин бул үй-бүлөгө көңүл бурганбы? Ушул суроо менен Ленин айыл округунун башчысынын орун басары Татьяна Владимировага кайрылдык:
– Мергенчилер жолбун иттерди жок кылуу үчүн талаа кыдырып жүрүшүп, ушул жер төлөнү көрүшкөн. Андан соң укук коргоо органдарына кабарлашыптыр. Булар тууралуу биринчи жолу билип жатабыз. Ичкен үй-бүлө болгондуктан, жашынып жүрүшсө керек да.
Ал эми Марина: «Бизди бүт айыл тааныйт. Ата-бабабыздын баары ушул эле айылда жашап келишкен»,- деди.
Гүлжан Асанкожоева
Байкуш балдарына кыйын болуптур. Окмот ошолордун орто билим алуусуна комоктошсун жок эле дегенде. Антпесе карангы болуп осуп калышат. Анан ууру-кески кайдан чыкты деп тан калабыз.
эптеп эжесиникинде турган жакшы болчу,чем ушинтип жашаганча анан жакшы жумуш таап иштеш керек болчу
А булардын ордуна кочодо кайыр сурап, устундо уйу, баш калкалаар жери жок, баласын которуп, ар жерде жатып, ачка калып кетип аткан кыргыздарды карашса жакшыраак болмок. Алты саны аман, 12мучосу соо адам боло туруп, иштебей ичкенге жардам берип не заарыл, кайра аларга кошулуп куноого батканча мечитке бер акчаны.